Асел Касымова, ырчы: «СҮЙҮҮДӨ АЛСЫЗ ЭКЕНМИН, ЖҮРӨГҮМӨ БАШ ИЙДИМ»

Эркелеп, эркелеп назик ырдаган Асел Касымова жашоодо такыр башкача ой калтырды. Жакпаган нерсесин бетке айткан, бирөөнүн оюна муктаж болбогон, өзүнүн жашоосун өзү бийлеген кыз. «Учурда бактылуумун» деген Асел жеке жашоосундагы жаңы бурулуштары менен бөлүштү.

– Асел, кандайсың? 2012-жылы «Эркелеп» деген ырың хит болуп, «Супер-Инфо» гезитинин тандоосу менен «Супер дебют» наамын алган элең. Андан кийин да бир топ чыгармаларды жараттың, бирок эл оозуна көп алына албагандайсың?
– Жакшымын, рахмат. Ал нерсе Кудайдан экен деп койдум. Анткени ошол ырымды чыгарганда популярдуу болот деп ойлогон эмесмин. Радиолорго берип койдум, артынан түшүп деле жүргөн эмесмин. Кийин эле хитке айланып кетти. Балким, чын жүрөктөн жаралганы үчүн элге жакшы алынгандыр.

– Учурда эмне менен алексиң? Мурункудай эл алдына көп чыкпай калдың?
– Чыгармачылык менен эле жүрөм. Ошто тойго чакыргандар көп болгондуктан, азыр ошол жактамын.

– Той демекчи, Ошто ырчылар арасында тойдо ырдаган боюнча атаандашуу күч деп угам. Буга сенин көз карашың кандай?
– Туура, андай атаандаштык бар. Чыгармачылыкта атаандашуу болгон жакшы. Адам өсөт, өнүгөт дегендей. Ал нерсе ар кимдин деңгээлине жараша деле болот. Ичи тарлар деле бар, бирок аларга көңүл бурбайм, мага баары бир. Кандай болгон күндө деле баарыбызга той жетиштүү, чакыруулар жакшы эле болуп жатат.

– Атаң милиция кызматкери экен, сенин окуучу кезден «Кыз-Бурак» тобуна киришиңе каршы болгон эмеспи?
– Атам жаштайыбыздан «ичпегиле, чекпегиле, жаман жолдо жүрбөгүлө, мени уят кылбагыла» деген талап койчу. «Эгер бирин аткарбасаңар катуу жазалап коём» дейт эле. 1-класста «2» алсаңар башка бөлмөгө камап коём, нан менен суу гана жейсиңер» деп коркутчу. Ошол нерсе бизге өлүм менен барабар эле. Атам көп нерселерди айтып майдалана бербейт. Бирок бир жини келсе жаман. Ошондуктан ашыкча сөз сүйлөбөгөнгө аракет кылабыз.
Атам Гүлшайыр эженин тартипти катуу кармашын билчү, ошон үчүн унчукпагандыр. Апам мурун «Кыз-Буракта» ырдачу экен, турмушка чыкканда атам уруксат бербей чыгып кетиптир. Эже топтун юбилейлик концертинде апамдан «Кызың барбы? Алып кел, ырдатып көрөлү?» дегенинен мени алпарса жактырып, топко алып калган. Ошентип 7-классымда топко кирип, бир жума репетиция кылып, дароо эле гастролго кеткенбиз. Гастролдор аябай көп болчу, 3 ай бою жүрө берчүбүз. 2 жыл топтун курамында болдум. Мугалимдер башында туура эле түшүнүп жатышкан, кийинчерээк «сабагыңды же топту танда» дешкенде окууну тандагам.

– Сени «Элегия» тобунан да көрүп калдык. Ибрагим Жунусов менен кандайча иштешип калдың эле?
– Мектепти аяктап ОшМУнун искусство факультетинин музыкалык бөлүмүнө тапшырдым. 2-курска келгенде ал кездеги деканыбыз Ибрагим Жунусов топ ачып жатканын айтты. Ал киши менин «Кыз-Бурак» тобунда ырдаганымды билет экен. Ошон үчүн чакырса керек. Ошентип «Элегия» тобу болуп ырдап чыктык. Бирок топтун солисти Айчүрөк Убайдуллаева менен табитибиз такыр туура келбей койду. Агай да «Экөөң эки башка адамсыңар, кантип дос болуп жүрөсүңөр?» деп айтып калчу. Ошого уруш-талашы жок бөлүнүп кеткенбиз.

– Инстаграмдан «Бактылуумун, болгону эч кимге жарыялабайм» деген билдирүүңдү окудум. Жүрөгүңдүн ээсин таптыңбы?
– Ооба, мен сүйгөн адам бар, ал тууралуу ал билет, мен билем, ошол жетиштүү. Жеке жашоо тууралуу көп жарыя кылгым келбейт. Сахна адамы болгондон кийин чыгармачылыкка тиешелүү гана нерселерди чыгарам. Негизи, көп нерсени мен акыл менен башкарган адаммын. Бирок сүйүүдө алсыз экенмин, жүрөгүмө баш ийип келем.

– Жигит тандоодо да кандайдыр бир талаптар бар беле?
– Талап деген башка, жүрөк башка экен. «Идеалдуу мындай болушу керек» дей беребиз го, бирок жүрөк жактырып калса анын баары бекер тура. Сүйгөн адамың кандай болсо да, ошол мүнөзү менен кабыл алып, чыдайсың. Бирок буга чейин жетпей калган, келечеги жок сүйүүлөрдөн улам мен баарына даяр болгонду үйрөнгөм.

– «Акыл үйрөткөндөрдү жактырбайм» деп жазыптырсың. Насаат айтып тажаткандар көппү?
– Акыл үйрөткөндөрдү чын эле жактырбайм. Акылды өздөрү акылга муктаж болгондор айтат. Ошондуктан аларга көңүл деле бөлбөйм, кулак сыртынан өткөрүп коём. Жакындардан деле тажаткан нерселерди айта берсе «ии» деп коём да, аткарбайм, баары бир өзүмдүкүн кылам. Анткени бул менин жумушум, менин жашоом. Бул жашоодо өзүмө жаккан гана нерсени жасайм. Бирок чындап акылдуулардын же жакшы көргөн, мага күйүп айткан адамдардын оюн кабыл алам.

– Кел, эми сенин кызыгууңа өтөлү. Айымдар сериал көргөндү жактырышат эмеспи. Сен да көпчүлүктүн катарындасыңбы?
– Мага аягы бактылуу болуп бүткөн кинолор жагат. Көптөн бери сериал көрбөй турган болдум. Анткени түркиялык «Сүйүү жана жаза» сериалын баштап алып, 3 күн эртеден кечке көрөм деп көзүм ооруп чыккан. Мен кино көрсөм жүрөккө жакын кабыл алып, берилип кетем да. Каармандарга сарсанаа болуп, тагдырын ойлоп, бушайман болом. Ошондуктан өзүмдү аяп, көрбөй эле койгонум жакшы экен деп калдым.

– Жылдыздар сулуулук салондордун кызматына көп кайрылышат. Сен да алардын катарындасыңбы?
– Маникюр жасатканы эле, болбосо сулуулук салондоруна дээрлик барбайм. Макияж, чач жасалганы өзүм жасайм. Мен дээримден перфекционист (идеалдуулукка умтулган киши), «капризнаямын». Бирөөгө ал мүнөзүмдү көрсөтпөйм, бирок өзүмө көп талап коём. Салондордо жасаткан макияж жакпай калышы мүмкүн. Ошондуктан мага өзүм жасаган ыңгайлуу.

– Маегиңе рахмат. Ийгилик болсун!

"Көптөн бери АКШга бара албай жүрөм. Ата-энем 3 жыл дегенде араң виза ачтырып, АКШга сиңдимдин жанына барып келишти".
"Бактылуумун, бирок аны элге жар салгым келбейт".


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Асел Касымова жүрөгүнүн ээсин тапты
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (36)
jika1984
2017-11-14 19:07:57
Бул инстаграмда озун бир белгилуу жылдыз сезет.кичине асмандан тушсон давно ХХХХ
+5
kanu
2017-11-14 19:18:54
синдиси да супсуулу кыз экен
0
NURTILEK_KG
2017-11-14 21:54:59
Аябай эле маанисиз суйлоптур.
+5
Bilal2014
2017-11-14 23:18:00
Озунчоле го хм
+5
Dinakg
2017-11-14 23:32:59
Инстаграмда бир суротуно комментарий жазсам дароо очуруп койгон.Туура кенешти жакшы кабыл албаган кыз экен деп калгамын.
+4
Kleopatra_91
2017-11-15 03:22:06
Бул кыздын атасы депутат беле мурун ?
-2
bond02
2017-11-15 10:13:06
Кызык э артисттер баардык эле адам журогуно баш ийет да мен жамбашына баш ийген адамды коро элекмин.
+2
xnurgul_gul
2017-11-15 16:39:49
Бул кайсы ырчы тааныбайт экем?????
+3
Meerimka1
2017-11-15 20:41:19
Мага ырлары жагат ийгилик
-2
Gulnaz.GS
2017-11-15 21:22:17
менда нурландын асели деп ойлопмун.муну таныбайм.и ырын да укпагам.сулуу кыз экен
0
Tima07
2017-11-15 22:41:12
сулуу жакшынакай кыз бирок мага жагат
0
Rozali966
2017-11-16 01:40:53
Мага окшошко ообаа деп койуп өзүнүкүн кыла берген
-1
DAKS
2017-11-16 06:03:04
Ырчыларды санасан манжан жетпей калатко, бул дагы кайсы ырчы экенин эч эле элестете албадым
+1
ady-88
2017-11-16 11:00:03
Бул кыз кайсы ырчы эч Эсте жок. Азыр таш ыргытсан ырчынын башына тийе турган заман болдуго. Акыр замандын бир белгилери ырчы чоорчулар кобойгону
-1
lilya8
2017-11-17 15:14:09
Озунукун гана тууралай бергендердин катарында экен
+2
№ 784, 10-16-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан