ӨЛКӨДӨ 2 АПТАГА ГАНА ЖЕТЕРЛИК БЕНЗИН КАЛДЫБЫ?

Кыргыз өлкөсү менен Казакстан ортосундагы саясий кризистин айынан өлкөдө күйүүчү май тартыштыгы жаралышы мүмкүн экени айтылып жаткан. 9-ноябрда Жогорку Кеңештин «Бир бол» фракциясынан депутат Исхак Пирматов Кыргыз жеринде 2 аптага гана жетерлик күйүүчү май калганын, муну Кыргызстан мунай ташуучулар ассоциациясы айтпай жашырып жатканын билдирди. «Кыргыз мамлекети ЕАЭБге киргенден бери өлкөгө күйүүчү май пошлинасыз ташылууда. 12-октябрдан бери өлкөгө бир дагы вагон киргизилбей, бир дагы вагон чыгарылбай жатат. Бизде бензиндин 2 аптага гана жетерлик запасы калды, өкмөт жана мунай ташуучулар биримдиги маалыматты айтпай жатат. Пошлина киргизилсе, бензин кымбаттайт, муну элге ачык айтышыбыз керек»,- дейт Пирматов.
Буга аталган ассоциациянын мурунку президенти Жумакадыр Акенеев: «Исхак Пирматов депутат жана «Кыргыз Мунай» компаниясынын кожоюну. Менин оюмча, анын сөзүнүн 20 пайызы чындык болсо, калганы саясат. Ал биринчи кезекте бизнесмен, андан кийин саясатчы»,- деп билдирген.
Ал эми өлкөдөгү «Газпром» компаниясынын басма сөз кызматы «Супер-Инфо» гезитине «күйүүчү майдын запасы бизде жетишерлик» деп билдирди.
Нурбек Абдыкадыров
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 784, 10-16-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан