Расул Маматкулов, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «АЙГЕРИМ КЫСКАРААК КИЙИП КОЙСО БААРЫ КӨРӨТ. БАШКАЛАРЫ ЖЫЛАҢАЧ ЧЫКСА ДА КӨРҮШПӨЙТ»

SUPER.KG порталынын кезектеги түз эфири адаттагыдан башкача өттү. Анткени студиянын коногу болгон эстрада ырчысы Расул Маматкулов эфирди маркум Гүлбү Ороскул кызын эскерүү менен баштады. Аз, бирок саз сүйлөгөн мырза кыргызча макалдарды орус тилине которуп кызыктуу оюн да уюштурду.

– Расул байке, саламатсызбы? Чыгармачылыгыңызды сыйлайм. Бир мезгилде уулуңуз Руслан ырдап чыкты эле. Азыр эмне менен алектенет?
– Руслан азыр деле ырдайт. Бирок убактылуу Орусияда өзүнүн бир долбоорун жасап жүрөт.

– Кичинекей кызыңыз Аяна менен дуэт ырдап чыктыңыз. Азыр ырчы болууга эрте эмеспи?
– Бала кыялга салып, эркелеп «ата, ырдайынчы» дегенинен макул болгом. Негизи ал дуэтти Руслан экөөбүз жаздырганбыз. Уулум чоңоюп калгандан кийин кызым экөөбүз иштеп чыктык. Ырчы болом деген дымагы күч. Айгерим менен Руслан ырчы болом дегенде каршылык көрсөтө алган эмесмин. Аянага деле жок дей албайм. Бирок башка кесиптин ээси болуусун каалайт элем.

– Чач жасалгаңызды өзгөртөйүн деген оюңуз барбы? Же «кыргыздын Жимиси» деген каймана атыңыздан улам өзгөрткүңүз келбейби?
– Бул чач жасалгам өзүмө, келинчегиме, кесиптештериме жагат. Өзүмдү башкача чач жасалгада элестете албайм. Көнүп да алгам.

– Чыгармачылыктан тышкары кошумча кандай ишкерлик кыласыз? Кийим тиккен цех, ашканаңыз бар дешет.
– Жеке ишкерлигим тууралуу айтпай эле коёюн. Айтып алып мактангандай болбоюн.

– Күз келип, сиз дагы тойлордон бошобой жатсаңыз керек?
– Тойлорго чыкпай коёюн десем, замандаштарым, жолдошторум кыз берип, уул үйлөп чакырып жатышат. Жакшы көрүп чакыргандан кийин барбай койгонго да болбойт.

– Эмнеге опера ырчысы катары сабак алып, анан эле эстрадага өтүп кеттиңиз?
– 3-курста окуп жүргөндө опера, эстрада деп бөлүп окутчу. Ошондо кайсы багытта кетсем ыңгайлуу болот деп операны тандагам. Ал кезде белгилүү ыр тобунун солисти бол деген сунуш түшкөн. Бирок мен макул болгон жокмун. Өзүм ыр жазып, жеке ырчы катары эстрада жаатына ооп кеткем. Азыр курсташтарым менен катташып турабыз.

– Ысык-Көлдө Жанна деген кызыңыз бар дешет, катташып турасызбы?
– Ооба, катташып турам, ага арнап атайын чыгарма да жазгам. "Жанна, Жанна, жанарым" деген ыр ошол кызыма арналган.

– Клиптериңиздин жарымы эле үйүңүздө тартылган. Дайыма эле үйүңүздөн тарта бересизби?
– Клибимдин жарымы эмес, эки клибимди эле үйдөн тарткам. «Дүйнө мага сенсиз караңгы» жана Аяна менен дуэтиме эле тартканбыз.

– Ушул жашка келип эмне таптыңыз, эмне жоготтуңуз?
– Үй-бүлөмдү, досторду жана мен тааныбаган, бирок мени таанып «сиз менен учурашып коёлу дегенбиз» деген күйөрмандардын сыйын таптым. Ал эми жоготконум ата-энем болду.

– Айгеримди турмушка узатып жатканда «Ай кызым» деген ырды аткарып жатып, акыркы саптарын «андай эмес, андай эмес» деп ырдагансыз. Ырдын сөзүн унутуп калдыңыз беле? Ошол окуя тууралуу айтып берсеңиз.
– Айгеримди турмушка узатып «Ай кызымды» ырдайын дегем. Эл алдына чыгарда «ушунча элдин алдына чыгып ыйлаган уят эмеспи, ыйлабайм» деп чыккам. Акыркы сабын ырдап жатсам кызым тизелеп отуруп, колумду өөп жаткан экен. Көзүмдүн жашын жашыра албай ыйлап жибердим. Анан «Ай кызым» дегендин ордуна «андай эмес» деп алдым. Мен эле ыйлаптырмын десем, стадиондогу элдин баары ыйлап алышыптыр.

– Тажикстан, Өзбекстан сыяктуу чет өлкөлөргө тойлорго барсаңыз ставкаңыз канча?
– Коңшу мамлекеттердеги тойлорго 2000 доллардан көп суммага барам.

– Уулуңузду качан үйлөп, келиндин колунан качан чай ичейин деп жатасыз?
"Убагы келгенде өзүм айтам" деген. Балким, сүйүктүүсүн таба электир же сүйө электир. Эгер үйлөнөм десе эртең деле той кыла беребиз. Үй кызматкерибиз бар, андыктан келинди кызмат кылсын деп албайбыз.

– Азыркы ырчылардын ырларына канааттанасызбы?
– Ар мезгилдин өзүнүн инсандары болот. Бүгүнкү күндүн жакшы ырчылары бар. Техниканын өнүккөнүнө байланыштуу баары оңой. Мурда биздин ар бир ырыбыз комиссиядан өтчү. Анан радио, телевидениеден жүгүртүүгө уруксат берилчү. Биздин замандаштардын арасында деле болгон ырдай албагандар. Бирок азыркыга салыштырмалуу аз, санасаң манжаң жетчү.

– «Сүйүү жашка карабайт» дешет. Ушул жашка келип бирөөнү сүйүп калсаңыз эмне болот эле?
– Биздин сүйүү балдар менен неберелерибизге короду. Башка бирөөнү сүйүп калуу мүмкүн эмес.

– Айгеримге бактылуу жашоо кааласаңыз, кыска кийинүүсүнө тыюу салбайсызбы?
– Менин кызым кичине кыскараак кийип койсо баары көрөт. Башкалары кийими жок чыкса да көрүшпөйт. Кудайга шүгүр, кызым тарбия жагынан, бардык жагынан төп келишет.

– Кызыңыз Айгерим тууралуу негативдүү сындар көп айтылат. Атасы катары андай сындарга кейийсизби?
– Интернеттен маалымат кенен жайылат эмеспи. Бирок андай айтылган, жазылган кептерди кабыл албайм. Айгеримди мен чоңойтком, менин тарбиямды алган кыз бардык жагынан төп келет. Балдарым болсо апасындай, болбой калды дегенде мендей болсо да жаман адам болбойт.

– Кайрымдуулук кылып турасыздарбы?
– Балдар үйүнө жардам берип турабыз. Бирок коомчулукка жайылтпайбыз.

– «Дүйнө мага сенсиз караңгы» деген ырыңыз турмушуңуздан алындыбы?
– Бул чыгарманы жазууга мажбур кылган жубайым болгон. Тааныштар арасында «Үй-бүлөдө баарыңыздар ырдайсыздар, жеңем да ырдайбы?» деп сураса, жубайым «жок, мен ырдатам» деп калат.

"Жубайым бизге продюсер гана эмес, костюмер, гримёр, уюштуруучу."


Бактыгүл Момбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Расул Маматкулов: “Кызым Жанна менен катташып турам”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (38)
cfif03748
2017-11-15 01:19:40
Супер инфо."Кенеш" тобунан да интервью алгылачы?менин суйуп уккан ырчыларыман.
0
Kleopatra_91
2017-11-15 03:24:12
Причёска сонун , мага жагат )))
+3
Aisanur_89kg
2017-11-15 10:04:35
Админ сураныч айтып койунчу,а эмнеге менде ар саны 3-куну чыгат,баарында ошондойго деп кирсем элдин баары окуп комментарий жазып чыккан болушат,алдын 1-кун эле чыкчу.
0
admin_media
2017-11-15 10:42:05
Aisanur_89kg,
Саламатсызбы! Гезиттин жаңы саны жуманын шейшемби күндөрү порталга жарыяланат.
0
bond02
2017-11-15 10:15:12
Бул суротто канча аял канча эркек отурат?
-4
Tyty1990
2017-11-15 10:32:30
Айгеримди турмушка чыкканда ачык кийингенин токтототко десем тескери болду. Расул байке айткан жыналач чыккандар боло элек.
-2
munduz2016
2017-11-15 14:08:51
Урматтуу администрация дейин,Динара Жусаева деген ырчы,алып баруучу эжебиз бар эле,ошондон да кабар алгылачы,сураныч
+4
Daiis
2017-11-15 22:56:30
Азаматсыз,ата деген балдарын ошентип қорғайтын.
+2
cholpon119966
2017-11-16 15:24:46
Мактанбай жакшы майек бериптир. Болбосо канча мактанса болот эле :)
+3
qwert
2017-11-16 21:33:16
Айгерим куйоого тийгени кыска кийип эле журот, бул нерсе туура эмес кайната кайнене деген бар уят Тошун ачып кыска кийгени эне деле болуп калды ойлонбойбу.
-1
mela
2017-11-16 21:40:37
Мен чонойттум дейт го....
+1
anonimka_03
2017-11-17 14:35:09
Расул байке Айгеримге абдан сонун тарбия берген.Жонокой,адамгерчиликтуу кыз.
0
ZHaziko
2017-11-17 23:54:34
Шугур жакшы кишиден корунот
0
ZHaziko
2017-11-17 23:55:28
Кыска кийим арык буту булчундуу кара Тору кыздарга жарашат, териси ак сканы жоондого жарашпайт
0
Birimdik5555
2017-11-20 00:48:16
Момолуу даракка адамдар таш ыргытат дейт,момо албаган теректерге анча асылышпайт да,ошону сынарындай кызыныз Айгерим да момолуу дарак сыяктуу,бар жогунан топ келишкен кыз. Уй-булонор менен бар болгула!
0
fanatka19
2017-11-20 17:28:15
Гулбу эжени жакындары эч качан унутата албайт,ал ар бирибиздин журогубуздо жашайт.
-1
№ 784, 10-16-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан