Жанара, Дайыр Исмадияровдун мурунку жубайы: «УУЛУМ ЧОҢОЙГОНДО АТАСЫ МЕНЕН КАТТАШАБЫ, КАТТАШПАЙБЫ ӨЗҮ ЧЕЧЕТ»

Чакан мамлекеттин урашы кандай оор. Оор деген сөздүн ичине ыза, таарыныч, өксүк, көз жаш, стресс камтылганы талашсыз. Турмуштун ушундай оор сыноосун башынан өткөрүп жаткан Дайыр Исмадияровдун мурунку жубайы Жанара айым бүлөсүнүн кантип урап калганын, тандап алган түгөйү менен мындан ары чогуу жашоо мүмкүн болбой калганын баяндайт.

–Жанара, саламатсыңбы? Ден соолугуң жакшыбы? Эне болгонуңа эки ай болду, тыңып мурунку калыбыңа келип калдыңбы?
– Жакшы, рахмат. Кечээ эле көз жаргандай болдум эле, бирок арадан 2 ай бат эле өтүп кетти. Буюрса, калыбыма келип калдым.

– Уулуң Дастан кандай, кимге окшош?
– Уулум күн сайын көзгө көрүнүп, мени сүйүнтүп жатат. Бала чоңойгончо көп жолу өзгөрөт деп коюшат го. Анын сыңары уулумдун кийин кимге окшош болорун билбейм. Бирок жаңы төрөлгөндө кайненеме окшоштургам. Азыр атасына окшошуп баратат окшойт. Көргөндөрдүн баары «Дайырга окшош экен» деп жатышат.

– Дайыр экөөң турмуш курганыңарда «бири-бирине жарашкан сонун түгөйлөр» деп көпчүлүк суктанды эле. Үй-бүлө очогу эмнеге тутанбай калды?
– Биз кыз-жигит катары эки ай сүйлөштүк. Бири-бирин таанууга чын эле бул убакыт аздык кылат экен. Анын үстүнө биз жолугушпай эле көбүнчөсү телефондон сүйлөшчү элек. Баш кошордо «мен сени бактылуу кылам. Кайда болбоюн жанымда болосуң» деген сөздөрдү айткан. Мындай сөздөрдү ар бир эле кыз уккусу келсе керек. Ата-энем «шашылба, жакшылап ойлонуп көр. Сени жакшы көрөбү?» деп жакшы эле сурап жатышты. Мен «ооба, жакшы көрөт, турмушка чыгам» деп туруп алдым. Ошентип, 2016-жылы 25-сентябрда баш коштук. Биринчи байкаганым бул болду, сахнада күлүп-жайнап абдан шайыр жүргөн Дайыр үйдө таптакыр башка адам экен. Ачуусунун чукулдугу мага оор тийди. Жакшы көргөн адамымдан мындай мамиле күткөн эмес элем. Балким, арадан 5-10 жыл өтүп, бир нече баланын ата-энеси болуп калсак, балдардын түйшүгү менен жүрүп Дайырдын кагып-силккенине маани бергенге убактым деле болбой калмак. Жаңы турмушка чыккан кыз күйөөсүнөн жакшы мамиле күтөт турбайбы. Байкасам, үйдө бир гана мага эмес, жакындарына да ошондой мамиле кылат экен. «Өзгөрүп калат чыгар» деп көз жумуп коюп жүрдүм. Анын мага койгон талаптарына, тыюуларына деле мейли дедим.

– Дайыр «Жанара мени чыгармачылыкта чогуу жүргөн айымдардан кызганат» деди эле, таарынычтарга ушул да себеп болгон жокпу?
– Турмушка чыгарда ким менен кол кармашып жатканымды билгем, түшүнгөм. Биздин үй-бүлөнүн урашына кызганыч, чыгармачылыгын түшүнбөө деген нерселер себеп болгон жок. Назира Жетигенова, Гүлжайна Атаканова эжелер менен гастролго чыкканда мен төркүнүмө эчак кетип калган элем.
Концертке же ыр жаздырууга кеткенде кайсы убакта келбесин телефон чалбай күтүп отурчумун. Анткени телефон чалып «каяктасың, качан келесиң?» дегенимди жактырчу эмес. Тынчын албайын деп иштешине шарт түзүп бергеним – чыгармачылыгын түшүнгөнүм болсо керек.

– Ажырашканга жеткирбей мамилеңерди жакшыртууга аракет кылдыңарбы?
– Кайненем кышында биз менен жашады. Ал деле байкады. Мага «бул эркек да, аял чыдамкай болушу керек. Ыйлай бербе» деп акыл-насаатын айтып турчу. Аял баарына чыдашы керек деп ага да көндүм, бирок каяктагы бирөөлөрдүн туулган күнүнө белек көтөрүп кетет. Мага андай мамиле жок. Ал гастролго кетип, мен үйдө жалгыз калганымда «эмне кылып жатасың, корккон жоксуңбу?» деп сурап да койчу эмес. Үйлөнгөнүнө ишене албай жүрдүбү, бир адам менен чогуу жашоого көнө алган жокпу, түшүнгөн жокмун. «Мен сага көнө албай жатам, жалгыз телевизор көрөт элем» дей берчү. Аял алгандан кийин аялымды карашым керек, багышым керек деген нерсени түшүнө албады.

– Турмушка чыккандан кийин иштедиңби?
– Башында «иштебей эле кой» дегенинен макул болгом. Кийин кайра иштемей болдум. Жалал-Абадда сулуулук салонунда визажист болуп иштечүмүн, турмушка чыккандан кийин Бишкекте жашап, жаңы салонго кирип, кайра башынан кардар топтоо керек болду. Бир ай иштеп көрдүм, кардар жок кыйраткан деле акча тапкан жокмун. Ошентип бир айдан кийин жумуштан чыгып отуруп калдым.

– Кош бойлуу экениңди укканда кандай сезим болду?
– Ал жаңылыкты укканда аябай сүйүнгөнбүз. Кош бойлуу болгону Дайырды эч жакка чыгаргым келбей калды, ошол эле маалда анын катуу мамилесин таптакыр көтөрө албай да калдым. Бул кош бойлуулуктун "каприздери" экенин Дайыр түшүнгөн жок. Ошентип ичимден быша бердим. Кыйналып жүргөнүмдү башында төркүнүмө айткан жокмун. Бир нече жолу үйгө келбей да калды. Ыр жаздырганы же гастролго кетсе айтып кетчү да.
Кош бойлуу экениме бир жарым ай болгондо ушинтип кыйналып жашагандан көрө кетип калайынчы деп чечим чыгардым. Кайын журтум «кетпе, балалуу болгондон кийин өзгөрөт» дешти, бирок менин күткөнгө чыдамым калбай калган эле.

– Ошол боюнча жарашууга аракеттер болгон жокпу?
– Кээде «сени жакшы көрөм, сени эч кимге бербейм» деген СМС-билдирүүлөр келчү. Бирок ошону менен кайра уланчу эмес. Анда-санда WhatsApp`тан жазышып турчубуз.

– Эне болгон күнүң жашооңдогу эң бактылуу күн болдубу?
– Айтпаңыз, уулумду колума алганда ага чейинки санаа, көз жаш баары бир заматта жок болду. Менин ошондогу көз жашым – бактылуулуктун көз жашы эле. Өзүмдү мурункудан да жашоого жоопкерчилик менен караган, күчтүү аялзаты катары сездим. Толгоо башталганда апам «атасына айтып кой» дегенинен СМС жазып койгом. Толгоом өтө катуу болду, кыйналып жатканда жинимди Дайырдан чыгардым окшойт. Кайра-кайра «мен кыйналып жатам, сиз жүрөсүз жыргап» деп жаза бердим. Наристемди колума алганда кайрадан бириксек экен, үй-бүлөбүздүн очогу өчпөсө экен деп Дайырга өзүм сүйүнчүлөдүм.
Мени достору менен төрөт үйүнөн ата-энемдикине чыгарып келди. 3-4 күндө бир «балам кандай?» деп кабарлашып сурап турду, бирок кайрадан чогуу жашайлы же алып кетем деген сөз болгон жок. "Үй-бүлөмдү сактап калууга аракет кылдым" деп интервью бериптир. Төрөт үйүнөн чыгарып кеткенин аракет кылдым деп түшүндү окшойт.

– Дайыр «Кош бол, сүйгөнүм» деген жаңы ыр жаздырып жатыптыр, ыр сага арналды окшойт?
– Мени сүйдү деп айта албайм, болгону жакшы көрдү. Ал ырдын мага тиешеси жок деп ойлойм.
Ата-баланы катташтырып, көрүштүрүп турууга азырынча каршымын. Анткени баламдын атасынан көңүлүм калган. Уулум чоңойгондо атасы менен катташабы, катташпайбы өзү билет.

– Дастандын атасы турат, сен барсың, уулуңарды эч нерседен өксүтпөйсүңөр деп ойлойм. Бул күндөр да артта калат. Бактылуу аялзаты болушуңа тилектешмин.


Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (83)
Mers124
2017-11-23 00:10:43
Эки кишиде тен күнөө.Токмок жеп деле жашап жүргөндөрдү көрүп атпайбызбы. Колун сураганда ойлонбой туруп, шанс деп тийип кеттинби? Чыдаш керек да.
-5
mp3kg
2017-11-23 09:10:53
Негизи бир да жылдыздардын жашоосун мынтип кирип окучуу эмесмин. Бирок ХХХХХ жонундо болуп жатканын дагы эмне деген шумдук корсотту экен деп кирип калдым. Жанара айымга мен 5 кеттим. Анткени ото тушунуктуу аял экен, чыгармачылыгына оорчулук тийгизбейин деп колунан келишинче эле аракет кылыптыр. Балли, бул деп адамдык касиетке кирет. Мына уй булолук жашоого салым кошуп жатканы. А Дайыр кандай болсо, ошол бойдон калыптыр. Азыр торот уйундо келинчегин коз жарып жатканда,
+1
mp3kg
2017-11-23 09:15:33
атасын да киргизет турбайбы? Ошол кездеги бакытты ар бир эле атага насип эткен болсун. Оозуна соз келбей, кубанычын койнуна батпайт экен. Бул жашоодо баладан откон дагы бакыт барбы? Ырас ушунчалык эле чыгармачыл адам болсо, бир аз мындай адам уга турган ыр жаратпайбы. Кайсы кылган эмгеги учун МАДАНИЯТТЫН МЫКТЫ КЫЗМАТКЕРИ наамын алды эч тушуно албайм. Кандай адамдар суйуп угат экен билбейм да бул ХХХХ. ХХХХХХХХХХ
+1
mp3kg
2017-11-23 09:19:14
болгону Дайырды башкача кылып жазмак элем. Бирок маданияттын мыкты кызматкерине ушунтип кайрылууну туура кордум. Просто обидно да, айдай кызды убал кылып. Эгер башка аял болгондо "отур мыноо жакка, темселеп эле журосун да, ХХХХХХХХХХ деген барбы? Уйлондун, токтонуу деген болуш керек, сен журосун ХХХХХХХХХХХ" - деп тизгинин тартып койоор эле. Жанара айымга боорум ооруду. Дайыр ХХХХХХ, эгер окуп жаткан болсон, ойлон!!! ОЙЛОООН!!! Баланын тырнагына зар болуп жургондор канча,
0
admin_media
2017-11-23 10:27:52
mp3kg,
Эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого тыюу салынган! Порталдын эрежелерин сактаңыз!
0
mp3kg
2017-11-23 09:27:15
кудайга шугур кыл. Анчалык деле бээчара болбосон керек? Акчага зар болгудай? Ырчы болбой эле бир жерден орун алып, соода сатууга кир! Бизнес жаса. Жашоодо адамда бир максат деген болуш керек.
0
mykysh
2017-11-23 13:09:33
Дайыр ХХХХХХХХХХХ оз баланды каййяктагы гостралуна алмашкан ХХХХХХХ
0
admin_media
2017-11-23 14:35:04
mykysh, этика нормаларын сактаңыз! Эскретүү!
0
NYC
2017-11-23 14:45:36
Бирде Дайыр эки адам бири бирин таануга 5 ай жептпейт деген болчу а бул болсо 2 ай кыз жигит болуп журдук деп атат кимге ишинеиш керек?
0
Aruwka.89
2017-11-23 15:52:48
Каантип Египетте журосун Балам менсиз кантип чоноет эмне ичип эмне жеп атат деп ойлонбой
Пиар учун еле уйлонгонго
+5
Aruwka.89
2017-11-23 15:54:16
Жанара деле характери начардай корунот бирок Дайырдай ой жугуртуусу кыска эмес болсо керек
Дайыр озун Али табалек корунот
Убагы келгенде козун ачылганда кеч болотко
-1
altyngul.ailin0104
2017-11-23 23:28:53
Биздин эркектер ХХХХХХХ калышканбы каякты караба балдарын таштаган аталар кобойуп баратат.
+2
Snejana
2017-11-24 00:27:05
«Мен сага көнө албай жатам, жалгыз телевизор көрөт элем» дейт. Эмне деген жорук. Ушундай эркектерден кудай сактасын. Менин балам ЭРКЕК деген атка татыктуу болсо экен" деп Кудайдан тилейм.
+5
Gulnaz.GS
2017-11-24 13:18:13
дайырга Караганда аялы толковый суйлойткен.Дайырдын бардык нерсеси.суйлогону даже жасалма
+1
toktogul0322
2017-11-26 14:10:01
Бир кудай билет,кимден кетти куноо, бир алакандан ун чыкпайт, эки алакандан ун чыгат менин оюум боюунча.
-1
Talantbek
2017-11-27 10:35:13
чындап эле кандай ыры бар эле андай деле популярный эмеско, Мирбек Атабеков Дайырдан мин эсе популярный болсо да семьясын кандай алып журот, чыгармасында ошондой алып журот, жакында Омар уйлонуп жатат бул да семьясын жакшы алып кетет коросун, Дайыр болсо корбогондун коргону курусун деп ар кимди угуп башы айланып озун типа ХХХХХХ журсо керек да,
0
Baatirbek81
2017-11-28 06:45:32
Бул Дайыр деген мал экенго
0
№ 785, 17-23-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан