МАКСАТ ДОВРАНОВ МЕНЕН САЙКАЛ САДЫБАКАСОВАНЫН ҮЙЛӨНҮҮ ТОЮ 700 АДАМДЫН КОШТООСУНДА ӨТТҮ

14-ноябрь күнү эстрада жылдыздарынын жоон тобун Ош шаарына чогулткан Максат менен Сайкалдын үйлөнүү тоюна баргандар ойноп-күлүп эс алышса, барбагандар арманда калышты. Адатта тойлордо ырлардын фонограммасын коюп бийлейт эмеспизби. Мында болсо коноктор ошол ырларды ырчылардын аткаруусунда "живой" угуп, чогуу бийлегенге мүмкүнчүлүк алышты. 200 долларга бааланган торт, Сайкалдын көз жашы жана башка тойдогу кызыктуу учурлар менен бөлүшөбүз.

Той башталары менен эки жаштын видеокайрылуусу чоң экрандан көрүндү. Кол кармашкан Максат менен Сайкал энелерине ыраазычылыгын айтышып, бирде каткырып күлүп, бирде толкунданып жатып сүйүү баянын айтып беришти. Сайкал "Мен азыр залга киргенде ыйлашым мүмкүн" деп эскертип өттү эле, айткандай эле, апасын көрөрү менен ыйлап кирди. Максат Сайкал экөө тең атасыз өсүшкөнүн айтып, аларды тарбиялаган апаларына ыраазычылыгын билдирип, эки кудагыйга гүлдестелерин тапшырышты.


Эки жашты ырчы Самара Каримова «Жар-жар» айтып киргизди. Жаштарга өкүл ата-өкүл эне болуп шайланган Асан Мансуров, Самара Каримова: – Сайкал менен Максат биздин 16-өкүл балдарыбыз. Аларга белек катары салтка айланган нике шакегин алдык. Андан сырткары жаштар менен кеңешип конверт бермей болдук. Кыргыз элинин таланттуу балдарына өкүл ата, өкүл эне болгонубузга кубанычтабыз.


Жаштардын бактысына күбө болгону кыргыз эстрадасынын аксакалдары Расул Маматкулов, Кубик Калыков, Гүлнара Тойгонбаева, Токтобүбү Черикчиева, Динара Акулова, Алтынай Нарбаева, Салима Балтаева, жаштардан Гүлжигит Калыков, Бактыгүл Бадыева, Аваз Акимов, Данияр Эрматов, Анжелика, Асел Касымова, "Кыз-Бурак" тобунун эски, жаңы курамдары жана башкалар келишти.


Түгөйлөргө арналган 7 кабаттуу тортту Максаттын бажасы, тагыраагы, "Кыз-Бурак" тобунун мурунку солисти Аида Макамбаеванын жолдошу Алмаз Окоев 200 долларга сатып алды.



Тойдун "фишкасы" бийчи айымдар болду окшойт. Сайкалдын аяш апалары аяш кызына сюрприз кылып өзгөчө бий тартуулашты.



Максат Гүлшайыр Садыбакасованын 301-күйөө баласы. Неге дейсизби? Анткени ырчы айым Сайкалга чейин "Кыз-Бурактын" 300 кызын уядан учурган.



Тойдун 2-бөлүгү түгөйлөрдүн бийи менен ачылды. Бири-бирине жарашып кыналыша бийлеген эки жашты коноктор кызуу колдоп турушту.



НУРЛАН НАСИП:
– Күйөө жолдошто жоопкерчилик чоң экен, биринчи жолу бул кызматты аркалап жатам. Максат да, Сайкал да менин жакын досторум болот. Ушундай дүркүрөгөн чоң той болуп жаткандан кийин эки жаш ата-энелерин уят кылбай түбөлүккө түтүн булатышса дейм. Ушунча адамдын батасы кабыл болсун.



Масуда Чурнаева, Максаттын апасы:
– Менин үч баламдын ортончусу Максат. Келиним ырдайм десе тоскоол болбойбуз. Эң негизгиси, мага балдардын бактысы. Максат менен Сайкал бактылуу болушсун.

Гүлшайыр Садыбакасова: – Кызым барган жерине таштай катып, суудай сиңип бактылуу жашашын тилейм. Максат экөө бала-чакалуу болуп, кыргыз элинин мыкты инсандарынын катарын толуктасын. Сайкалга буга чейин сөз айтып жүргөндөр көп болчу. Максатка чыгып кеткенге чейин 4-5 жерден колун сурап келишкен. Мына, башка жүгүргөндөрдүн баары калып, Максат алып кетти.



Блиц-маек

Максат Довранов: «САЙКАЛДАЙ КЫЗ КЫРГЫЗСТАНДА ЖАЛГЫЗ»

– Максат, Сайкал, той кут болсун! Мындай маанилүү күнгө көпкө даярдансаңар керек? Жакшылыгыңарга ортоктош болгондор да көп экен?..
– Рахмат. Сайкалдын жообун алгандан бери даярдык көрүп баштаганбыз. Билинбей эле 3 ай өтүп кетти. 600 конок чакырганбыз, бирок келгендердин саны 700гө чукул болду окшойт.

– Максат, Гүлшайыр эже айтып кетти, сага чейин бир да жигит Сайкалдын жүрөгүн багынта алган эмес деп. Сен көпчүлүктөн кантип өзгөчөлөнүп, көңүлүн таптым деп ойлойсуң?
– Жөнөкөйлүгүм, Сайкалды колдогонум үчүн сүйүүсүнө жеттим окшойт.

– Сайкал, бакытка балкып жаткан учуруң болсо керек. Той кандай болуп жатат?
– Албетте, ар бир кыз кичине кезинен эле ак көйнөк кийип турмушка узасам деп кыялданат эмеспи. Буюрса, тилегим орундалып, бактылуу болуп отурам.

– Максат, Сайкалдын жүрөгүн багындыруу оңойго турбаса керек?
– Албетте, оңойго турган жок. Анткени Сайкалдай кыз Кыргызстанда жалгыз.

– Дагы бир жолу куттуктайм! Бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктагыла.


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Максат менен Сайкалдын үйлөнүү тоюнан эксклюзивдүү видеорепортаж
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (71)
Bishkek
2017-11-22 02:16:13
Бактылуу болгула
+1
Ailino
2017-11-22 04:56:26
Сайкал жагат да, сонун кыз. Бактылуу болгонго татыктуу
+1
aliya2011
2017-11-22 09:14:27
бактылуу болгула
+1
kakukani
2017-11-22 13:01:36
Бактылуу болгула
+1
Zina95kg
2017-11-23 01:29:36
Бактылуу болгула кармашкан колуңар үзүлбөсүн!
+1
Jigit86
2017-11-23 12:21:19
Бакыт!Сайкал Максаттын суйуусун баалай бил демекмин!
+2
Duke9
2017-11-23 16:18:35
Бактылуу болгула
+2
ayka8902
2017-11-23 20:35:56
Кармашкан колдору үзүлбөсүн ,бактылуу болушсун .Оомин
+3
Eli75
2017-11-24 13:53:08
Максат, Сайкал бактылуу болгула. Апаңарды сыйласаңар силерди Кудай сыйласын, тоюңарды видеодон көрүп, суктандым. Эң соонун уюштурулуптур, эмики жылы бешик тоюңарды көрөлү, кармашкан колуңар бекем болуп, кошо карыгыла!
+2
Aziko0696
2017-11-25 18:29:36
Бакыт каалайм сүйүүнор бекем болсун.
+1
airada
2017-11-26 15:07:13
Бактылуу болгула.
Ынтымактуу, бири биринерди сыйлаган жубайлардан болгула. Эн негизгиси ажырашпагыла, ансыз дагы ажырашкандар коп.
+1
Janka.25
2017-11-27 01:15:31
Бактылуу болгула!
0
Aznazalai
2017-11-27 11:10:04
Кармашкан колдору Эч Качан узулбосун
0
Baktagul
2017-11-27 19:42:57
кармашкан колуунар эч качан узулбосун бактылуу бол.
0
Baktagul
2017-11-27 19:43:52
коз тийбесин
0
№ 785, 17-23-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан