«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Керем буларды айтып сыртка чыгып кетти. Бирок ал дагы, аялы дагы бул кеп ушул боюнча жабылып калбайт экенин түшүнүп турушту. Үйдү айлана баскан Керем үшкүрүп отура калды. Көз алдында Жамиля. Анын айткандары кулагында. “Чын айтат. Мен анын кыялын талкаладым. Ахмеддин аялы болуу эч бир кыздын кыялы болбосо керек эле. Ойлон, Керем. Кантип сен Жамиляны Ахмеддин никесинен куткара аласың? Макул, Ахмеддин никесинен бир жолун таап чыгардым, ал ошол замат кетет эмеспи. Алды-артына карабай качат. Эмрени ала кетет. Баланы энесинен ажыратканга колум барбайт. Анда эмне кылышым керек? Шерифе да шектенип калды, бул да жөн койбойт бул ишти”. Айтор, ар тарабы жар. Өзү койгон тузакка өзү түшөт деген ушул. Күндөр өтүп жатты. Шерифе Жамиляга жакындап, аны сөзгө тартып калчу болду. Бардыгы тамактанып отурган учурда ал акырын сөз баштады.
– Жамиля, силердин жерде эттен башка дагы эмне жешет?
Баары үн ката албай калышты. Жамиля анын мындай басмырлаганына көнүп бүткөн эле, кулагынын сыртынан кетирди. Ага да болбоду.
– Сен өз мекениңди сагынган жоксуңбу? Адам бир сагынар. Балким, ал жакка барып келерсиң. Ата-энең, сиңдиң бар деп уктум эле, алар деле Эмрени көргүсү келишер.
– Шерифе!- деди Керем тизгиниңди тарт дегенсип.
– Эмне болду, жаным? Сен анын мекенине кетишине каршысыңбы?
– Бул жерде кеп кыла турган сөз эмес. Кичине бала отурат арабызда.
Шерифе токтоп калды. Бирок кандай ыңгайлуу учур болсо эле Жамилянын мекенине кайтуусу тууралуу сөз баштачу болду. Андан да жаманы, көзү Керем менен Жамиляда.


ххх


Бульвар бойлоп кетип бара жаткан Алибек аркасынан кар дүп эте түшкөнүн байкады. Артына кылчайса жылуу шарф, мээлей кийип, кар уучтап турган Диана турган экен. Күлүмсүрөп койгону жагымдуу сезилди.
– Салам.
– Салам, журналист, сага минтип таанышкандан башка айлам калбады. Эң күлкүлүү ыкма, бирок жарады.
– Биз тааныш эмеспизби?
– Таанышпыз. Мен жакындан таанышкым келди.
– Мындай сулуу, спортчу, ийгиликтүү кыз мени менен таанышуунун ыкмасын өзү издеп жатса, демек...- деди Алибек тамашалап. Диана үн катпады. Бет маңдайында турган сымбаттуу жигиттин көздөрүнө тиктеп турду. Ошол замат бул жан өзүн эмнеси менен кызыктырганын түшүндү. Түз, чынчыл, курч тиктеген көздөр анын кандай адам экенинен кабар бергендей. Бир саамга тиктешип турушту. Кыз карегин биринчи тартып алды. Болбосо өрттөнүп кетчүдөй. Үн катпай ээрчишип басышты. Ошол убактан баштап Диана менен Алибек тез-тез жолугуп турушчу болду. Бул мамиленин аты деле жок эле. Алибектин оюнда достук гана бар. Бул кыздын кыйындыгын, сулуулугун, аялдык назын таптакыр кабыл албагандай. Диана ансайын жанын коёрго жер таппайт.
– Ой, Аполлон болуп кетсе да мынча эмне кыйналдың? Кашыңды кагып койсоң учуп келчүлөр бар го...- дейт курбусу мындай абалын биринчи көрүп жатканына таң калып.
– Мага кашымдын кагылышы менен учуп келгендердин кереги жок болуп жатсачы.
– Эмне кылмаксың эми? Бардык аракетиң бошко кеткенин өзүң айтып жатасың.
– Аны менен баары башкача. Дүйнө башкача көрүнөт. Токтоолугу менен, күчтүүлүгү менен жер анын алаканында айланып тургансыйт.
– Ой, ой, ой, анчалык эместир.
– Аны менен баарын сүйлөшсө болот. Ишенесиңби, саясат, спорт, сулуулук, ал тургай малга кышында айылда кантип камылга кылышты да кооз айтып берет, тим эле шилекейиң агат.
– Анын кесиби журналист, жаным, андан башкача болмок беле?
– Уф, эми эмне кылам, ыя? Өзүмө келишим керек. Болду, Диана, болду!- деди өзүн чекеге ургулаган кыз. Өзүн башка уруп эсине келтиргенге аракет кылганы менен, Алибек көзүнүн алдында турганы турган. Эчен чөйрөнүн калкын көргөн, эчендерди ээрчиткен мындай абалына таң. Андан да тигинин таптакыр тоготпогонуна таң. Сыр бир күнү өзү ачылды. Экөө адатынча кафеде жолугушуп, Алибек колун жуумакка чыгып кеткен. Столго коюп койгон телефону чырылдап жатты. Диана телефонду алып, анын бетине коюлган Алибек менен моюндаша кучакташып түшкөн кыздын сүрөтүн көрдү. Кыз сулуу экен. Өтө эле сулуу экен. Көз карашында сөз менен айтып бере алгыс сулуулук бар эле. Кызганыч дүрт этти. Колунан телефон ыргып кетти. Эч нерсеге карабай сыртка чуркап чыкты.


ххх

– Эмнеге кетип калдың?- деди монитордогу жазуу эч нерсе болбогондой.
– Ичим ооруп...- деп жооп берди тишин кашкайта күлгөн быйтыкча жиберип.
– Аа, мен башка нерсе болдубу деп. Мейли, бейпил түн.
Адатынча токтоо, бир калыптагы жооп кыздын кыжырын келтирип жиберди. “Көрсөтөм сага бейпил түндү”. Ошол замат кийинип алып машинасын айдап түз эле Алибектикине жөнөдү. Бир жолу Алибектин машинасы жок болгондуктан жеткирип койгон эле. Ошондон улам үйүнүн дарегин билет. Машинанын сигналын кулак тундура берип-берип алды. Ага да ыраазы болбой, түшө калып дарбазаны колу менен каккылап жиберди. Чыга калган Алибек таң кала сурады.
– Сенби, сага эмне болду?
– Эч нерсе,- деди кыз жаш аралаш күлүмсүрөй.
– Кандайча?
– Машинам бузулуп калды, сага эптеп жеттим. Жардамдашып коёрсуң,- деди ал күнөөлүүдөй. Үйүнөн бери алып учуруп келе жаткан жини, кызганычы, баары бирөө үйлөп учургандай жоошуду.
– Ошончо жерден ушу жаңы конушка чейин машинаңды мага каратыш үчүн келдиңби?
– Ооба, эмне болбойбу?
– Саат түнкү бирдеби?
Кыз отура калды. Жердеги карды алып ысып-күйүп турган бетине басты. Бети муздаса да чабалактап жаткан жүрөгү муздачудай эмес. Уучтап алып карды курткасын чечип жүрөгүнө басты.
– Э-эй, сага эмне болду?
Үйрүлө берген Алибек эми гана кыздын көзүнөн жаш агып турганын сезди. Жамилядан бери эч үн катпаган жүрөгү онтоп алды.


ххх


Ахмед ооруп калды. Үй толо дарыгерлер, энеси жанынан чыкпай, азан-казан түшүп калышты. Биринчи жолу Керем Ахмед өлүп калат экен деп коркту. Өмүр бою жек көргөн, булардын даңазалуу династиясындагы кара так болгон иниси ага ушунча керек экенин билди. Жамиля менен Эмрени бул өлкөдө кармап туруунун бирден-бир жолу Ахмеддин өмүрү эле. Кайдан-жайдан болсо да дарыгерлерди таптырып келип чуркап жүргөн уулуна Эсма биринчи жолу ыраазы болду.
– Рахмат, уулум, иниң үчүн камкордугуңа,- деди ал.
– Эне, мунун баарын Ахмед үчүн кылбаганымды беш колуңдай билесиң.
– Хм, мейли ошондой болсо да. Сен өзгөрдүң, балам. Ким, кандай жагдай таасир берди билбейм, бирок сен өзгөрдүң,- деди Эсма ханым жай гана.
– Баарын билесиң, эне. Сен билбеген эч нерсе жок. Болгону атам экөөң мени өз колуңар менен ушундай адам кылганыңарды билбейсиңер. Өмүр бою Ахмед дедиңер. Эсимде, бир жолу тажрыйбасыз ашпоздун айынан экөөбүз тең ууланып ооруп калдык.Ооруканага түшүп калганда бир палатада жаткан экөөбүзгө атам экөөң тең кирип келдиңер. Анан экөөң тең Ахмеддин үстүнө үйрүлүп түштүңөр. Менин колум кучактаганга ыңгайланып созулуп калганын кийин өзүм байкадым. Бирок мени эч ким кучактап башыман сылаган жок. Эмнеге? Анткени Ахмед оорукчан, кем акыл төрөлдү...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
aizada.ka97
2017-11-28 10:09:12
аябай аз го
+1
Kuba-savai87
2017-11-28 10:16:06
Мен биринчи
0
nurhan2702
2017-11-28 10:43:11
уже Алибектин да журогу башкага байланганы калды.Жамиля кайтып келээр бекен Мекенине
+2
PeRa
2017-11-28 11:47:18
Башында кызыгып окуп жаттым эле, бара бара кызыгы кетип калды. Зордуктап койсо деле, жинди инисине алып берип койсо деле олтура береби.Посольствого барып жардам сураса да мекенине кетет эле кааласа, акчага кызыгып калды десе кызыктуу болмок.
+1
love_you
2017-11-28 13:43:56
Алибек мн Жамиляны чонуу кылнылачы. антпесе Алибекти башкага ыраа корбой атам. диана деле шаарлык кыз турбайбы
+1
asylbekova
2017-11-28 15:09:49
Алибекти кызганып атам.))) Жамилядан башкасын суйбосунчу.
+2
jamakeev2015
2017-11-28 17:11:32
asylbekova,ооло кулкуну келтирдин го
0
AKCAHAT
2017-11-28 15:18:27
Керемдин таш боорлугу озумчулдугу ата энесинин кайдыгерлигинен улам турбайбы
0
Nagii
2017-11-28 16:12:51
Деги аягына жетпей койдук, дагы бир жума кутуу
0
zheenbaev95
2017-11-28 18:38:30
Уфффф эмкиде аягын эле жазып койгулачы админ, калганып озубуз деле анализ чыгарып тушунуп алабыз ээ достор
+1
originalkgz96
2017-11-28 19:05:49
Ммм
0
Adybai
2017-11-29 09:50:19
Керем акем Шерифени машинага отургузуп жур айланып келелик деп. Анан бир КамАЗдын аркасына пассажирский жагы менен каттуу сузуп несчастный случай деп кутулуп кетсе болмок
0
Zumrud
2017-11-30 09:26:36
Adybai,аааий жаман опасный адамсынарго,кийин аялынар жакпай калса кудай сакта силерден экенда
+2
love.me.again
2017-11-30 15:40:35
Керем Бегимайды денизге апрып таштап салса болмок экен. Ал да жалгыз калсын Арсенди кандай сыздатты шумшук. Керек Бегимайды денизге таштап сал. Шерифени кошуп алып
0
BakuNur91
2017-12-01 18:51:55
кайсы Бегимай?
-1
Guli_0698
2017-12-03 10:30:06
BakuNur91, жаны чыгарма жазганы жатса керек да, " менин кыялым 2" деп )))
0
№ 786, 24-30-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан