"МЕН АЯЛМЫН!"


– Мен аялмын. Эркек эмнеден жасалганын билбейм, бирок мен жумшак нерседен жасалганыма көзүм жетет. Эркекке күч, бийлик канчалык керек болсо, мага жумшактык, камкордук, аяр мамиле кылуу ошончолук керек болчу. Менин улуу вазийпам да, бул дүйнөдөгү миссиям да бала төрөө, тукум улоо, күчтүү эркектин аркасында туруп анын очогун сактоо эле. Бирок силер мага ошол гана милдетти коюп койбодуңар. Көп нерсени жүктөдүңөр.
Ар дайым аскердей катарда даяр турдум. Эсимде, атам менен апам урушуп жатканда агам менен иним жашынып калып, апамды коргоо үчүн мен турчумун. Анан да райондун борборунан майда-чүйдө алып кетип терезеге коюп сатканды мен баштагам.
Ата-энемдинби, бир туугандарымдынбы, жашоомдогу эркектинби баарынын жүгүн алдым. Бул жамандыгымбы же жакшылыгымбы, билбейм. Бирок болгон жүктү менин ийиниме артып койгондон эч кимиң уялбадың. «Ал кыйын, колунан келет» дедиңер. Мен силерди уятка калтырбайын дедим. Жылдар өттү.
Солкулдаган жаш кезим көз ачып-жумганча өтүп кетти. Атам өттү, апам аркасынан кетти, бир туугандарым чоңоюп, ар бири өз ордун тапты. Азыр кылчайсам, мен гана ордумду таппай калган сыяктуумун. Мен гана ошол үй-бүлөнүн сасыткы жумурткасындаймын. Анткени турмушум болбоду. Биринчи, экинчи, андан кийинки эркектер да мага эч нерсе бере алышпады.
38 жашымда төрөп алдым. Өзүм үчүн төрөдүм. Мында эмне күнөө? Менин аркамдан шыбырашып сөөмөйү менен мени жана кызымды көрсөткөндөй, кылмыш кылдыкпы? Кызым азыр 1 жашка чыкты, коом алдында да, эл алдында да күнөөм бар кишидей корунам. Эмне үчүн? Мен аялдык, энелик милдетимди аткаргым келди. Жалгыз карып төшөктөн тура албай калганда эмне болом деп корктум. Чын эле корктум.
Агам, иним, сиңдим келип эки барактан турган уяткаруу докладын окуп кетишти. Тилимди тишиме катып үн катпадым. Үн ката албадым. Анткени аларда жок болсо да, менде уят бар экен. Өлөр алдында апамдын «бир туугандарыңды сага тапшырдым, көз бол, кыялдары корс, баарын сен жайгарып акылың менен туура жолго сал» деген сөзүн эстеп туруп үн катпадым. Менин аялзаты экенимди алар унутуп койсо да мен унутпадым. Мага мээрим, кимдир бирөөнүн камкордугу керек экенин, күчтүү болсом да аял экенимди алар унутуп коюшту. Өх, мен чарчадым... Жашоомдогу болгон төңкөрүштөрдөн, өзгөрүштөрдөн, өзүмдүн амбициямдан, эркектер менен тең тайлаша күч сынашкандан, башкалардын жүгүн моюнума алгандан чарчадым.
Бүгүн мен чарчадым. Чыдамымды кетирген акыркы тамчы – менин күнөөсүз наристемдин жүзүнө тиктеп шыбырашкан аялдар эле. Атасы экенин билсе да кызына фамилиясын бере албаган коркок эркектин коңулга жашынганы жанымды кейитти. Өзүм чоңойткон бир туугандарымдын мага жашоону үйрөткөнү жаныма батты.
Чарчадым мен...
3 күн, жок дегенде 1 күн ийинимдеги жүктү бирөөгө бере туруп дем ала алсам... Бүгүн мен «муну да көтөрөм, мен муну да чечем» дегим келбейт. Мейли, мен үчүн бирөө чечсин. Менин жашоом үчүн да бирөө кабатырлансын. Сенин жолуң бул жакта, аял, сен башка жол менен баспа деп бири мага жол көрсөтсүн. Мен анын аркасынан кеткенге даярмын. Мейли, жолу тикен болсун, кум-таштуу болсун аркасынан басканга даярмын. Анткени мен жооптуу болгондон чарчадым. Андан көрө мен жылуу пледге оронуп терезени тиктейин. Эртең эмне болорун ойлобой жаккан көйнөгүмдү алып киейин, башыма келген бардык акылсыздыктарды жасайын. Эч бир маселени ойлонбой, эртең эмне болору менен ишим жок, бейкапар тынч уктайын.
Чарчадым мен... Күчтүү аял да кайсы бир учурда чарчаарын эч ким билбесе керек. Бүгүнкү маанайым ушундай, акырында сүйүктүү каарманым Скарлетт О`Хара сымал «Мен аны эртең ойлоном, ал маселени эртең чечем» дейин да, уктайын.


Жанара

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
Sarywka2017
2017-11-28 18:36:22
Жашоодо баары болот. Бирок ... Чеги менен. Биз айымдар баардык туйшуктуу озубузго алып алабыз анан кейий беребиз. Мен мисалы куйоого тийгенде проблеманы мен эмес куйоом чечсе экен деп кудайдан тилейм
+2
agarai
2017-11-28 21:38:09
азыркы мезгилде эркектердин копчулугу чечкинсиз, баласынын да аялынын да жоопкерчилигин моюнуна алып которгусу келбейт, тескерисинче өздөрүн бироо көтөрсө дешет экен,4 5 баласы менен аялын таштап бай аялдын уйуно кирип жатып ичер болгондон намыстанышпай калышкан копчулугу
+2
adaimaidai
2017-11-29 00:26:11
Бир аял чындыкты жазып чыкса баары бир ооздон куноо сенде дешет,эркек жазса Аллах сана сабыр берсин,кейибе дешет. Аялзат,Кудайдын жараткан назик жаны,бир уй булоонун очогу,башынды жолой турган ийин,женилини жерден,оорунду колдон алган жан барбы деп сураганга эч кимдин кучу жетпейт а бирок жасаган иштерин тергоочу сымал сураштырганга баарынын кучу жетет. Ар бир инсанды автор(Жанара) сыяктуу бир аялзаты дуйного кетирген,чекебизден сылап эркелеткен. Сынап,куноологондон мурун ойлонгулачы сураныч.
+3
Albinoc.piratium
2019-01-13 19:14:34
adaimaidai,
Туура айттыныз. Азыр баардык аялдар кучтуу, баарын аялдар чечип калган. Автор эркектерге кайрылганы корунуп турбайбы, баардык нерсени аялдарга жуктобогуло деп. Биринчи атасы, анан агасы, иниси би туугандары баарына жакшы болсун деп, озу турмуштан кеч калганын айтып жатат. Азыркы аялдарга тан калам, ушунчалык кыйын экенбиз, баарына коз жумуп, кучтонуп чымырканып жашап келебиз. Кучтуу эркек барбы? Болсода аз кездешет.
0
dobrajelatel
2017-11-29 12:53:26
"Айымдар илгери апасындай уй жумушу менен алектенсе, азыр атасындай болуп уй-булосун багат"- деп инстаграммдан окуп калдым эле.
+3
Zamirbek_77
2017-11-30 04:06:21
Саламатсыздарбы,супер инфого суроо: бул ошондо чыгармабы же баштан өткөн окуябы эгер башынан өткөрүп жаткан болсо, Жанарага айтат элем, сабыр түбү сары алтын деп, сабыр кылыңыз "Баары жакшы болот, бүгүн эместир,балким эртеңда эместир, бирок сөзсүз бир күн баары жакшы болот"деп.
0
sompow
2017-11-30 05:12:48
Жанара озунуз учун тороп алганынызга абдан суйунуп атам. Кийин ушул кызыныз эле сизди багат. Ал эми бир туугандарынызга озунун Уй булоосунон болок эч ким кызык эмес. Эгер апаныздын козу тируу болгондо ошол адам чын журогунон сиз учун суйунмок.
0
nurhan2702
2017-11-30 10:06:51
Пледди оронуп тынч уктайын десе коркуп кетипмин оз жанын кыйып аткан го деп. Сиз туура эле кылгансыз, кейибениз. Чындап карыганда жалгыз калганда ошо сизди жектеген туугандарыныз басып келип да коюшпайт.Тескерисинче "ой бул туубас болчу" - деп анда да соз кылышат
0
SweetLady
2017-11-30 12:21:24
Кичинесинен эле ата-энеси уй-булодо тирикарагы сенсин деп бардык жукту мойнуна асып койгон турбайбы. Ошентип озун бардык нерсеге жооптуу сезип калган да анан бир туугандарын уйлоп жайлоодо да озуно жоопкерчиликти алган. негизи эле турмушта ар ким оз арабасын озу суйрош керек. Ата-эне да балдарына ошондой тарбия бериш керек. Кучтуурогуно жукту уйуп коюп баарын ошонун мойнуна арта бербей. Тем более кыз бала болгондон кийин аны кыздай кылып тарбиялаш керек. Ошондо чонойгондо оз ордун таап кетет.
0
SweetLady
2017-11-30 12:24:18
Негизи автор туура эле кылган чонойгондо ошол кызы багат. Тиги куйуп бышкан бир туугандары акыл айтып, уяткаруу докладын окуп кеткенден башкага жарабаса керек.
+1
Nazaraliva9595
2017-12-02 18:32:35
Тийген биринчи, экинчи күйөөлөрүнөн төрөсө болбойт беле
0
Nurbek.kyzy
2017-12-04 19:31:48
Баары жакшы болот кудайым буйруса Эже. Эч кейибениз откон отту , кызыныздын келечегин ойлонуз. Сизди жаман коргон адамдардан ойунузда дубал куруп алыныз. Аллахым жакшыы жашоону Насип этсин баарыныздарга, бактылуу болунуздар!
0
alibekovna
2018-02-20 21:51:17
авторду мен ото сонун тушундум себеби мен андан озуму кордум. Мен да дал ошол эжедеймин бирок турмушка чыга элекмин. 24 жаштамын. Акам биринчи уйлонсун деп аками уйлодук эми синдилерим окуусун бутуп алсын наны бутун болсун аз да болсо жардам берейин деп иштеп журом. Жакшылыкты билип кийин рахмат десе суйуносун билбесе Кудайга койдум Кудай коруп турат дегенден башка арга таппай быз муну билип эле турам
0
MIRBOLOT
2018-08-13 23:05:24
"Чыйрактын шыйрагы калат" деген сөз бар. Сиз ошондой абалда экенсиз. Никелешип, анан төрөсөңүз болмок. Эркек бир туугандарыңыз сизди турмуш жолуна узатышы керек эле...
0
aliya-leyla
2019-01-16 14:37:51
Мен муну мурун да окуганмын. Бирок суперденби же башка жерденби эсимде жок
0
Mavlyuda
2019-01-20 09:56:01
Чыгармабы же болгон окуябы иши кылып аял кишинин ички көйгөйүн жазыптыр да. Бул ачуу чындык бар азыркы биздин коомубузда. Дин менен жашасак гана ушундай аял кишилер кыйынчылыкка кабылбайт.
Өзүн өзү багат деп өксүтөт экен жакшыны
Жалгыз өлүп калат деп, жаманга берет бактыны.
0
№ 786, 24-30-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан