Малика Дина, ырчы: «МЕН ЖӨН ГАНА ЭС АЛДЫМ, ЖАШЫНЫП АЛЫП ЖАМАНДЫК КЫЛГАН ЖОКМУН»


Өткөн жумада Ош шаарында өткөн Максат Довранов менен Сайкал Садыбакасованын үйлөнүү тоюнан кийин ырчы Маликанын бир жигит менен бийлеп жаткан видеосу интернетке тарап, катуу талкууга алынууда. Жуманын «темасына» айланган бул видео тууралуу ырчы өз пикирин айтты.

– Малика, коомчулукта талкууланып жаткан видео тууралуу оюңду билдирип кетпесең болбос...
– Видео тууралуу айтсам, менин эжем, кесиптешим, курбум Сайкал турмушка чыкты. Мындай той дайым эле боло бербейт. Курбумдун тоюнда бийлеп, көңүл ачтым, анын эмнеси бар? Көпчүлүк бул бийди «тойдо бийлептир» деп ойлоп алышыптыр. Жалаң жаштар Максат байке менен Сайкалдын тоюндагы сейилдөөсүндө болгонбуз. Жаныбызда шоу-бизнестеги тар чөйрө, ишенимдүү адамдар болчу. Той дегенди баары эле билишет. Эс алып, ойноп-жыргайсың. Мен жашынып алып жамандык кылган жокмун. Мен кандай болсом ошондоймун, эс алганды кааладымбы, эс алдым. Мени колдогондор да бар, «эл алдында жүргөн адамдын мындай кылыгын кандай түшүнсө болот?» деп сындагандар да бар. Ырчылардын жашоосу оор. Жаман ою жок эле жүрөсүң, аягында ушундай абалга туш келип каласың.

– Тар чөйрөдө бийлесеңер, бул видеону интернетке өзүңөрдүн эле адамдар таратты да?
– Албетте, көрө албастар бар, алар жок болуп кетпейт. Жарыялагандар мени атайын элге жаман көрсөткүсү келгендир же өзүм билбей бирөөнү таарынтып алгандырмын, ошолор интернетке жүктөгөндүр. Бирок ал жерде мен эл кеп кылгандай килтейген улуу киши менен эмес, кичинекей кезден чогуу өскөн досум, классташым менен бийлегем. Биз баарыбыз жашпыз. Бул бий баттл болчу, эки жак эрегишип бийлешет. Негизи бизден башка деле көпчүлүк бийлеген болчу, алардыкы мынча чуу жараткан жок.

– «Кыз-Бурак» тобунун мурунку ырчысы Азалия Дүйшөналиева менен тойдо уруша кетишиптир деген кептер да болду. Анын канчалык чындыгы бар?
– Бирөө бирөөгө айтса эки сөз кошуп, экинчиси үчүнчүсүнө төрт сөз кошуп салышты. Чынында андай нерсе болгон эмес.

Тойдо Малика Шакиранын "Objection" ырына танго бийлеп, бий эрөөлүнө түшкөн.


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Малика Дина талкуу жараткан бийи тууралуу комментарий берди
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (32)
TAN889117
2017-11-28 16:23:08
Тойдо бийлеш керек ырдаш керек бирок баары чеги менен дегендей
+5
MUHLISA
2017-11-28 17:24:28
Уят!
+3
nucu
2017-11-28 17:51:10
Жамбашта жамбаш экен бирок
+5
love.me.again
2017-11-28 18:00:42
Элдер сакунун тойунжа айжамал не иш кылды. Сайкал экоо урушуп кетиптир деп атышат го? Не скбкптен болду айтуылачф
+3
Jigit86
2017-11-29 12:32:09
love.me.again,Экообуз окшош окшойбуз
+2
Same
2017-11-28 18:40:36
Тойго бийлегени барат да. Тем более койгон музыкасына жараша бийи. Маликанын фигурасына мындай бий аябай жарашыптыр. Ал эми "уят" Маликага эмес жанагы пысмыйып четте туруп алып видеого тарткандарга.
+6
Arlenchik
2017-11-28 20:34:07
Баттл болчу деп койот баттл болсо башкача бийлеп таймашып бийлей бер, ошончо адамдын козунчо эркекке кочугунду такап андан да тонкоюп койгонун кантесин))) албетте андай жерде бийлеп шандуу жургон жакшы бирок антип бийлегенин отоле ашыкча, андай кылбай жур, бирок жамбашына соз жок мощный экен)))
+4
Elnura08
2017-11-28 21:25:59
Тойдо ар Ким ОЗУ каалагандай бийлейт болуш керек,менин оюмча,мындай конкурстар коп болот но тойдо,бийден жарыштырып,утуп алайын деп аракет калган го Малика,если что мындан хуже бийлеп видеого тартылгандар баары,бунун эч кандай жамандыгы жок болуш кк деп ойлойм.
+2
ALMAAAN
2017-11-29 03:26:27
Фигура Гитара экенго чиркин))
+2
portugalia
2017-11-29 09:14:07
Бийлесе бийлептир да анын эмнеси бар экен.
+1
meer1990
2017-11-29 10:09:11
малика жолдошу менен жашайбы?
0
alina2604
2017-11-29 11:02:23
Копчулуктун астында озун серезный кармаса болмок, бийлегендин да чеги болот. УЯТ!!!
0
Solnyshkin
2017-11-30 14:40:11
any syndagycha ozunordu karap algylachy. Ushul jerde oturgan kyz erkektin baary ele toido oshentip andan ashyp biyleshet. Syndatyp ele koiso
+2
Gulnur1980
2017-12-01 11:38:05
Малика ырда,бийле,кул,али жашсын! Эл суйлоп суйлоп кала берет
+2
Nazaraliva9595
2017-12-02 18:38:25
Видеону интернеттен алып кайним көргөздү эле, уялып көрө албадым. Бийлеш керек чеги менен! Маликаны сыйлаймын, жакшы ырдайт и жакшы кыз. Ушунча сөздөрдөн кийин өзү деле уялып калса керек.
0
naida81
2017-12-04 15:36:24
а тиги кочугун чайкаган эркекти эмне айтпайсынар, Малика бери жакта эле калыптыр го, аял киши бийлесе эле эмне экен, эркек да эркектей болбойбу
+1
jojotai
2017-12-04 22:54:00
naida81,туура айтасын аял кишиге жарашат жамбашты чайкап бийлеген. Эркеке баоаа барбы эркектей болбойбу
+1
№ 786, 24-30-ноябрь, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан