28-ноябрь күнү мурунку муфтий Чубак Жалиловдун экинчи аял алгандыгы тууралуу айтканы интернетке тарады. Ал видеодо диний ишмер эркектерге экинчи аял алуу боюнча чакырык жасаган. "Кылым шамы" укук коргоо уюму Бишкек шаардык прокуратурасына Жалиловдун бул видеотасмадагы сөздөрүнө укуктук баа берүү боюнча кайрылуу жолдоду.
«МЕН БАШТАБАСАМ, КИМ БАШТАП БЕРЕТ?»
Чубак Жалиловдун насааттарынын биринде ага «экинчи аял алды деп уктум, ушул чынбы?» деген суроо келген. Ага экс-муфтий төмөндөгүчө жооп кайтарган:
– Мен дагы үйлөндүм. Бирок байбичем менен ажырашкан жокмун. Ал бир аз капа болуп жатат, капа болгону менен, бардыгы ордуна келет деп ойлойм. Анын капа болгонго акысы, кызганганга укугу бар. Мен Түркияда бала багып иштеп жүргөн, күйөөсү өтүп кетип, жесир калган 30дан өткөн келинге үйлөндүм.
Кытайга, Түркияга, Орусияга кыздарды жибербей, аларды карап, баккыла деп осуят айтат элем. Үйлөнгөнгө ниетим жок эле. Бирок элге өзүм үлгү болуп берейин дедим. Мен баштабасам ким баштап берет? Бардыгы сөз боюнча калбасын, жок эле дегенде мен да кыргыздын бир кызын карап, багып, курсагын тойгузуп, элге үлгү болоюн деп үйлөндүм. Элдин баарына ачык айтып жатам. Колунан келген эркектерди үйлөнсүн деп жатам, бирок бул бардык эркектерге милдеттүү эмес. Кимде-ким бир адамды бага ала турган болсо үйлөнсүн. Кээ бир аялдар «мени бага албай жатасың» деп капа болушат. Бирок бир адамдын ырыскысы эки адамга жетет. Биздин кыздарыбыз талаалап жүрөт. Кыздарыбыз кор болбогон жер калган жок. Ошондуктан эгерде күйөөңөр экинчи аял алганга жарай турган болсо, кызгангыла, ыйлагыла, бирок көчөгө чыгып жиндилик кылбагыла. Бул маселе элибиздин салтында жана динибизде бар маселе. Үйлөнгөнүм туура, менимче, силер да туура түшүнөсүңөр деп ойлойм. Кадимкидей ата-энесинен колун сурап алып кеттик. Үйлөнгөнүмдү эч кимден жашырган жокмун. Жашыруун үйлөнгөндөрдү жаман көрөм.
«ЭКИНЧИ АЯЛ ЭМЕС, ЧАКЫРЫК ҮЧҮН АРЫЗ ЖАЗДЫМ»
Мындай видеотасма коомчулукка тарагандан кийин «Кылым шамы» адам укугун коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова бул иш боюнча прокуратурага арыз менен кайрылганын айтты.
– Менин пикиримди эки аялдуулукка каршы ой катары кабыл алган туура эмес. Мен Чубак ажынын эки аялдуулукка элди үндөгөнүнө каршы болуп жатам. Чубак Жалилов Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесин бузганын коомчулук алдында моюнга алып, ал тургай элге «коркпогула, үйлөнгүлө, күйөөңөргө башка аялдарга үйлөнгөнгө мүмкүнчүлүк бергиле» деген чакырык таштады. Мына ушул эки маселе боюнча Бишкек шаардык прокуратурасына укуктук баа берүү боюнча кайрылуу жөнөттүк. Биздин пикирде, бул өлкөбүздүн конституциялык түзүлүшүнө коркунуч келтире турган чакырык болуп жатат. Эгер биз экиден, үчтөн аял ала бере турган болсок, анда биз светтик өлкө эмеспиз, андай болсо Конституцияга өзгөртүү киргизиш керек болот. Жалилов мыйзамда экинчи аялга тыюу салынганын жакшы билет. Анын жазасы кандай экенин да билип туруп, "эмне кыла аласыңар?" дегендей мамиле кылып, элге ачык жарыялап, чакырык таштап жатат. Бул чакырык жеке инсанга эмес, жалпы коомго коркунуч келтирет.
«АРЫЗДЫ РАСМИЙ АЯЛЫ ГАНА ЖАЗГАНГА УКУКТУУ»
Бир эле убакта эки адам менен никелешип, бир чарба жүргүзүп жашоо мыйзамга каршы келет. Бул мыйзам күчүндө болгону менен, аталган берене боюнча өлкөбүздүн тарыхында эч ким арыз менен укук коргоо органдарына кайрылган эмес, соттолгон да эмес. Юрист Нурбек Абдалиев мындай дейт:
– Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесинде «Эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аял менен чогуу жашаганда эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат» деп көрсөтүлгөн. Бул берене боюнча арызды жабырлануучу тарап, башкача айтканда, эркек менен расмий каттоого турган байбиче гана жазганга укуктуу. Ал эми жөнөкөй жарандын элге чакырык таштоосу же элди дүрбөтүү сыяктуу аракетине укук коргоо органдары оозеки гана эскертүү бере алат. Абдирасулованын арызы боюнча кылмыш иши козголбойт деп ойлойм.
КОШ НИКЕЛҮҮЛҮК КЫЗДАРДЫ ТҮЙШҮКТӨН КУТКАРАБЫ?
Өлкөбүздө күйөөсү эки же андан ашык аял алганы үчүн анын расмий каттоодогу жубайы арыз жазган учур катталбаганына караганда, бул маселе жубайлардын ортосунда гана талкууга түшүп, үй-бүлө ичинде талаш-тартыш жаратса да, мыйзам чегинде укугунун корголушуна ишеним жок көрүнөт. Эгер биринчи никедеги аял бул көрүнүшкө нааразы болсо, ал каалаган күнү ажырашууга арызын жаза алат. Мамлекет жубайлардын балдарын жана мүлкүн мыйзамдын негизинде бөлүп бериши шарт.
Экинчи аялды алуунун башкы себеби катары молдокелер аялдардын жесир калганын, мурда турмуш көрүп, андан улам турмушка чыга албай жүргөнүн, ошондой эле жакыр жашоосун шылтоолоп жатышат. Ооба, өлкөбүздө 25 жылдан бери аялдар эркектер менен катар түйшүк тартып келатканы чындык. Миңдеген аялдардын үй-бүлөнү багуу түйшүгүн моюнга алып, ал тургай эркектер менен бир катарда өлкөнүн экономикалык абалына түздөн-түз таасир берип келе жаткандыгы кадимки көрүнүшкө айланды. 18ге чыгып-чыга элек кыздарыбыз көр оокаттын айынан талаалап, кара жумуш кылып, өз үйүнөн, мекенинен алыста көп кордук көрүп, ден соолугунан, өмүрүнөн ажырап жатканы да ачуу чындык. Экс-муфтий кош никелүүлүктү мына ушундай маселелерди чечүүнүн жолу катары көрсөтүүдө. Мындай социалдык маселелерди чечиш үчүн сөзсүз эле аялдыкка алуу кажетпи, жөн гана бир үй-бүлөнү камкордукка алып, балдардын билим алуусуна, үй-бүлөнүн тиричилигине жардам көрсөтүүгө болбойбу?
«КЫЗДАРДЫН САБАТЫН ЖОГОРУЛАТУУ КЕРЕК»
Жарандык активист, коомдук ишмер Азамат Аттокуров «кыз киши өз алдынча акча тапканды билсе, финансылык жактан көз карандысыз болсо, экинчи же үчүнчү аял болбойт» деген пикирде:
– Чубак ажынын экинчи аял алганын туура эмес деп эсептейм. Анткени бул кылмыш. Көп аялдуулукту туура көргөн эркектер сооп иш кылуу үчүн жесир же ажырашкан балалуу келиндерге үйлөнөт деп жатышпайбы. Менимче, бул жөн гана шылтоо. Эгер адам кимдир бирөөгө чындап көмөктөшүүнү кааласа, ал муктаждарга акчалай жардамды никелешпей деле бере алат.
Болгону экинчи аял алгандар өздөрүнүн сексуалдык жактан ар тараптуулугу үчүн ушундай кадамга барышат.
Анткени алган экинчи аялдарын карасаң, байбичеге салыштырмалуу жаш.
Кыздар "экинчи аял болсом эле ошол күйөө багып, жашоодогу көйгөйлөрдүн баары чечилет" деп ойлобошу керек. Кыздарга ата-энелер туура тарбия, тиешелүү билим бериши зарыл. Ал эми кыздар финансылык жактан көз карандысыз болуу үчүн өз алдынча акча табууга үйрөнгөнү жакшы. Анткени турмушта ар кандай кырдаалдар жаралышы мүмкүн. Эркек киши кайсы бир күнү аялын таштап кетпейт же дайыма камсыздайт деген кепилдик жок. Кыздар экинчи аял темасында убактылуу ойго алданбашы керек. Анткени бүгүн экинчи аял алып жаткан эркек эртең үчүнчүсүн алам деп чыгышы толук мүмкүн.
ЭЛ ӨКҮЛДӨРҮ КАРШЫ
«Ата Мекен» фракциясынан депутат Аида Салянова социалдык тармактагы өздүк баракчасына: «Мамлекеттин мыйзамдарына баш ийишибиз керек деп насаат айткан Чубак Жалилов «мен биринчи үлгү болуп берейин» деп мусулмандарды мыйзам бузууга чакырды. Буга көңүл бурбасак, эртең башка мыйзамдар боюнча чакырыктар болбойт деп ким кепилдик берет? Эки жана андан көп аял алуу – бул кылмыш. Мындай ойду колдогондор эч качан абийир тапкан эмес»,- деген оюн билдирди.
30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында көп никелүүлүк маселеси көтөрүлдү. Анда КСДП фракциясынан депутат Аида Касымалиева Чубак Жалиловдун биринчи аялы менен ажырашпай туруп, экинчи аял алгандыгын жар салганы тууралуу билдирүүсүнө мыйзамдуулукту камсыз кылган мекемелер унчукпай жатканын сындады. «Нике муктаждык үчүн эмес, эки адамдын бири-бирине болгон сүйүүсү, сыйы сыяктуу руханий байлыктардан куралат. Парламент эмнеге бул маселе боюнча унчукпайт?»- дейт Касымалиева. Бул пикирге Эльвира Сурабалдиева да кошулат. "Жылына 5 миңден ашык аял алимент сурап арыз жазышат. Анын 60 пайызы төлөнбөйт. Мындай абалда көп аялдуулук боюнча сөз болбошу керек",- деди депутат Эльвира Сурабалдиева Жогорку Кеңештин жыйынында.
«ӨЗҮН ТӨМӨН БААЛАГАН АЯЛДАР МАКУЛ БОЛУШУ МҮМКҮН»
Бул маселеде психологиялык сокку ортодогу балдарга жана байбичеге тиери талашсыз. Бала финансылык эле эмес, руханий да колдоого муктаж экени белгилүү. Психолог Перизат Асылбаева кош никелүүлүктү үй-бүлө мүчөлөрү психологиялык жактан кандай кабыл алары тууралуу буларды айтат:
– Алгач кош никелүүлүктүн түпкү мааниси менен максатын билишибиз керек. Анткени бул көрүнүш бир канча кылым мурда оор кырдаалдар жаралганда же согуш учурунда жайылган көрүнүш болгон. Аялдар өздөрү жесир, балдары ата тарбиясы жок калбасын деп, экинчи, үчүнчү же төртүнчү аял болуп турмуш курууга макул болушкан. Бул маселе ал учурда кайрымдуулук катары болгон. Бүгүн заман башка. Бүгүнкү күнү кандай кырдаал болбосун, кош никелүүлүктү тандаган адам «кандай максатта ушул кадамга баратам?» деп ойлонушу керек.
Кош никелүүлүктүн биринчи курмандыгы – байбичелер. Кайсы эле аял күйөөсүн башка бирөө менен бөлүшкүсү келсин? Балким, «шарт ушундай» деп өзүн алдайттыр, бирок баары бир ал аял начар абалда калып, ичине таарыныч, нааразычылык топтолуп, акыры жубайлар ортосунда түшүнбөстүккө жана чыр-чатакка алып келиши мүмкүн.
Эркектер экинчи, балким, үчүнчү аял алганы жатканда "эки же үч аял менен статусум жогору болот" деп ойлойт да. Накта реалдуу жашоо башталганда эки үйүндө ар кандай чыр-чатактар чыгып, өздөрү деле өкүнүп калбагандай болушу керек. Анткени өздөрүнүн балдарынан тышкары, экинчи никесинде деле балдары төрөлөт. Байбичеде элдин арасында басынуу сезими пайда болот. Эркек «сени чанбайм» деп айткан күндө деле, байбиче өзүн кем сезип, чанылгандай сезим пайда болот. Ичинде «күйөөмө менин кайсы сапаттарым жакпайт, чанбаса, анда эмнеге дагы башка адамды тандап жатат?» деген суроолор жаралат. Өзүнүн жолдошун эки күндүн биринде башка үйгө жиберүү да оңой эмес. Бул көрүнүшкө өзүн баалоосу төмөн аялдар макул болушу мүмкүн.
Ал эми күйөөлөр бул кадамга баруунун алдында башка аялга, анын балдарына тиешелүү мээрим бере алабы, алардын жакшылык, жамандыгын көтөрө алабы, ар бирине тегиз мамиле кылып, сабырдуу мамиле жасай алабы, ушул суроолорго жооп берип, анан кадам таштоосу керек. Анткени балдар өз атасынын башка балдарды да бала кылып алганын чыккынчылык катары кабыл алып, кызганыч сезими пайда болот. Ошол эле балдардын теңтуштарынын арасында «сенин атаң башканын да атасы болду, дагы бир аял алган турбайбы» деген өңүттөгү сөздөр чыгат. Аны бала аябай оор кабыл алып, чүнчүп, уялып, өзүн ушул маселеде күнөөлүү сезет. Мындай ызасынан улам үй-бүлөдө чыр-чатак чыгып, үй-бүлө мүчөлөрүнүн психикасына доо кетет.
ДЕМОКРАТИЯ БААРЫНА БИРДЕЙ ИШТЕБЕЙБИ?
Бейөкмөт уюмдарынын бул окуядагы чуу салуусу коомчулукта терс пикирлерди да жаратууда. "Бир кыргыздын жесир келини күйөөлүү болуптур, ошол үчүн ажыны соттош керекпи? Эгер азыр эркек менен эркек үйлөнөм деп чыкса да мыйзамда жок деп прокуратурага кайрылат белеңер? Жок, андай учурда силер Ак үйдүн алдына аларды коргоп митингге чыкмаксыңар да. Эгер кумсалардын мамилеси эркиндик деп саналса, Чубак ажыга өз каалоосу менен токол болуп турмушка чыккан аялдын тандоосу эркиндик эмеспи? Бул бейөкмөт уюмдардын кош стандарттуу аракети" деген өңдүү пикирлер да интернетте, соцтармактарда жазылууда.
Үй-бүлө маселеси дегеле кылдат мамилени талап кылган нерсе. Бир ата, бир эне менен жашап деле балдар үйдөгү түшүнбөстүктөрдүн, ата-энесинин ортосундагы чыр-чатактардын айынан психикалык травмаларга кабылышы мүмкүн. Ата-эненин балдар үчүн гана бир үйдө өздөрүн кыйнап жашоосу балдарга, тескерисинче, бир өмүр терс таасир калтырышы мүмкүн.
Өлкөбүздөгү элдин жашоосунда диний ишенимдер менен мыйзамдардын тирешип калган учурлары акыркы жылдары көп талкуу жаратууда. Дүйнө элдери цивилизациянын агымында өнүгүү жолун тандап, алдыга карай багыт алып жатса, биздин коомдо кош никелүүлүккө жол берелиби, жокпу деген маселенин улам көтөрүлүп, талкууга түшүп жатканы кейиштүү. Социалдык көйгөйлөр өкмөт тарабынан чечилип, элдин турмушу мамлекеттин камкордугунда, ылайыктуу мыйзамдардын негизинде жакшыртылышы шарт. Болбосо буга окшогон иштерди диний аалымдар өңдүү ар кайсы топтор кайсы бир кызыкчылыктар үчүн пайдалануучу куралга айлантышары бышык.
Чубак Жалиловдун чакырыгы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу 30-ноябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алтынай Тынышова
koom@super.kg