МИРБЕК ИМАНБЕКОВДУ ГИТАРА МЕНЕН БАШКА ЧАПКАН КИМ?

Жакында эле эстрада ырчысы Мирбек Иманбековду жанында отурган бир жигит гитара менен башка чапкан видео интернет айдыңында жайылып, тез эле «популярдуу» видеого айланды. Видеодон Мирбек Иманбеков теңтуштары менен отуруп, «Балалык» аттуу чыгарманы гитара менен аткарып жатып жанында отурган баланы жаңсап «бул музыканы түшүнмөк беле?» деп айтканын угууга болот. Ырчынын сөзүнө ызаланган жанындагы шериги Мирбектин колундагы гитараны алып аны башка чаап, гитара талкаланып кеткен. Жыйынтыгында, оюндан от чыгып мырзалардын тамашасы мушташ менен аяктаган. Талкуу жараткан видео боюнча ырчы Мирбек Иманбеков комментарий бере албай турганын билдирди. Ал эми гитара менен башка чапкан шериги ырчынын Дүйшөнбек аттуу классташы экени белгилүү болду. Ага байланышканыбызда: «Балдар менен чогулуп отурганбыз. Кызуулукка алдырып койдук окшойт. Мирбек экөөбүздүн айтышуубуз мушташ менен аяктады. Ал эми видеого арабыздагы кайсы бала, кандай максатта тартып алганын билбейм»,- деген жообун айтты.
Белгилей кетсек, ырчы 2 жылга чукул убакыттан бери өзү туулуп-өскөн Кара-Буура айылында үй-бүлөсү менен жашап келет.

Интернетке тараган видеодон кадр.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
NuradilKazybek
2017-12-12 12:42:16
Байкуш Мирбек кыйналып ырдап гитаранын куусу да туура келбейт. Гитара менен тиги жигит чаппай эле жараткан Алла чапкандай болуптур "эсине кел"-деп
+11
stervella415
2017-12-12 14:18:30
Кайдан корсо болот видеону??
+9
gulzat85
2017-12-12 14:42:59
Мирбекти аябай сыйлачумун.ичимдик ичкени мени жийирткентти
+3
Gulnyr19
2017-12-13 01:04:32
gulzat85,менда өтө сыйлап ырларын укчумун видеосун көрүп чындап эле көңүл калды,жогоруда айткандай кашыктап жыйганын чөмүчтөп чачыптыр
+1
Nanei
2017-12-12 14:54:31
Эми озун звезда сезип алган да Мирбегинер. Айылдын балдарынан озун ойдо сезип,музыканы тушунгон киши боло бербесинчи. Уят,чон эле кишилер ушинтип абиййринерди айрандай токконунор.
-5
fantastic_baby
2018-01-18 18:26:59
Nanei, Башкалар чындап эле музыканы тушунбой жургондо бул звезда болгон)) конечно озун мыкты сезет, биз Мирбектин ырлары менен чонойгонбуз. Мирбек , Ильяз , Султан буларга жетиш кыйын )
0
DAKS
2017-12-12 19:35:51
Азыркы кундо сол козун он козуно душман дегендей,
бугун бир ботолкону болушуп ичкен досун эртен кол салып коюшу мункун.
Арак бар жерде чыр да бар, арак жакшылыка алып келбейт!!!
Айылда кылаарга иш жок кочолоп журуп кечинде келип аялынан кучун чыгарып тепкилеп жатып калышатко, кыйратып коюшкансып.
Эркектер качан онолосунар?!
+7
anandi
2017-12-12 19:55:08
Эх бирде жигит жоо журот,бирде жигит тоо минет дейт.А так Мирбек байкени сыйлайм ырлары,ямочкасы жагат да жагат
+5
bond02
2017-12-12 20:30:08
Башка чапкан эмес, ушундай абийринди ачып элге (видео) жарыялаган достордон кудай сактасын.
+13
Arlenchik
2017-12-13 19:50:40
Азыркы заманда чыныгы дос жокта, досбуз деп коюп ичинин баары арам, мушташып атса ажыратып койбой каткырып отурушат, бироосу тартып алып мынтип коомчулукка жарыялап ийиптир, ушундай достордон алыс кылсын.
+8
Snejana
2017-12-14 01:04:22
Мирбектин тоо минбей, жоо жургон убагы келген экен. Ушундай достордон кудай сактасын. Негизи айланандагы досторун кандай болсо, сен дагы ошондойсун.
+2
Aisanur_89kg
2017-12-14 08:20:28
Мурунку интервюсунда уйдун кичигимин ата энеме кызмат кылып жанындамын дегенин окуп ыраазы болгон элем,айылдын бекерчилиги ичимдик,мушташка алып келет,элге жузу таанымал адам мындай иштерден алыс болсо жакшы болмок
+3
BekAmir
2017-12-15 00:32:04
Мындай нерсе болуп турат эркекчиликте. Видеого тартпай койсонор болмок
+6
Ularbek.Nargiza
2017-12-15 01:44:27
Мирбекти мен азыркы статусу кандай денгээлде экенине карабай сыйлайм. Себеби Мирбектин таластык кыз,жаным деген ырларын укканымда студенттик кундорумду сагынуу менен эстейм.
+2
Akimaly92
2017-12-16 11:59:59
Жанагы видеого тарткан бала эгер ушуну окуп калсан шым эмес юпка эле кийип журчу
0
Gulnaz.GS
2017-12-17 03:34:36
Мирбек сени коро алышпайт да.кошулба мындай лохторго.алар сенин жанында эч кимэмес.сени сыйлайм.ырларын да озун да сонунсун
+1
gulperi.kg
2017-12-19 08:50:47
Айылда чонойгон сон айылда бирге окууган достор алар жакшыбы жаманбы катташканга туура келет.Видеого чыгарган бала юпка эле кийип албаптыр .Мындай достон кудай сактасын.
+1
№ 788, 8-14-декабрь, 2017-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан