МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал)

– Эмне жыргайсың?- даараткана тараптан күлмүңдөп чыга калган Айсулууну көрүп Тимур суроолуу карады. А кыз болсо табышмактуу гана жылмайып колун аркасына алып бир нерсени сүйүнчүлөчүдөй турду.
– Муну көрдүңбү?- деди анан Тимурдун жанына жакын келип, колундагы ичке кагазды көрсөтүп.
– Бул эмне?
– Тест.
– Эмне тест?
– Боюнда бар же жогун билүүчү тест.
– Анан?
– Анан 2 сызык...
– Түшүнбөдүм
– Менин боюмда бар, сүйүнчү!
– Эмне?- Тимур чочуп кетти.
– Сүйүнчү, биз балалуу болобуз!- Айсулуу күлүмсүрөдү. Тимур болсо дивандан тура калып ары-бери максатсыз баса баштады. Эч эле кубангандай түрү жок.
– Алдыр!- деди бир маалда тык токтоп.
– Ыя?!
– Боюңдан алдыр дейм.
– Эмнеге?- жаңы эле кубанычы коюнуна батпай турган Айсулуу көздөрүн алайтып, Тимурдан уккан сөздөргө ишенбей дапдаарып туруп калды.
– Эмнеге дейсиң да, экөөбүз Москвада батирде жашайбыз. Анын үстүнө эрди-катын да эмеспиз.
– Үйлөнөбүз да...- Айсулуу башка сөз таба албай калды.
– Үйлөнөбүз. Үйлөнгөнчө курсагың чандайып чыгып калса, шерменде болбойбузбу.
– Койчу, Тимур. Көбү эле Москвадан үйлөнүп жашап жатышпайбы. Нике кыйдырып, үйдөгүлөргө кабарлап койсок болот го.
– Жок, баланы алдырып сал! Биз аны бага албайбыз.
– Ар бир бала өз ырыскысы менен төрөлөт.
– Төрөбөйсүң, алдырып сал!
– Алдырбайм!- кыздын үнү чечкиндүү чыкты.
– Деги бала чын эле меникиби?
– Эмне?- кыз калтырап кетти.
– Ким билет? Мен түндө иштейм. Сен бул бөлмөдө жалгыз каласың.
– Анан?
– Анан ким билет? Коңшу бөлмөдө да жигиттер жашайт.
– Эш-шек,- кыз шарт бурулуп бөлмөнүн эшигин тарс эттире жаап чыгып кетти. Ызасына муунуп, көзүнөн жаш кетти.
– Ким эшек?- жинденип чыккан Тимур артынан сая түшүп эле Айсулууну билегинен тартты.
– Сен эшек, кайсы бетиң менен айтып жатасың?! Бул сенин балаң.
– Э-нең,- кызды жаак талаштыра чаап жиберди. «Көрсөтөм мен сага эшекти» деп катуу соккудан бетин басып отуруп калган кызды кайра бөлмөгө сүйрөп кирди.
– Тилиңден көрөсүң сен дайыма. Эш-шек дейт... Эшек менен эмне жашайсың?- жулкунтуп келип диванга түртүп жиберди.
– Жогол, акмак,- ары-бери жулкулдатканга чачтары саксая түшкөн кыз тура калып кыйкырды.
– Вай, энең. Жогол деп калыптырсың да, ээ? Жогол дечи,- жинденген бойдон барып Тимур шкафтагы кийимдерин алып кара сумкасына тыгып сала баштады.
– Тууй бер каалашыңча,- эшикти тарс жаап чыгып кетти. Кыз болсо ыйлап кала берди. Мындай уруштар алардын арасында маал-маалы менен болуп турат. Ооба, кээде жигит кызга кол көтөрүп да жиберет. Бирок Тимур кетчү эмес. Бул жолу чыгып кетти. Келер бекен? «Жалдырап келет, курсактагы баласы үчүн келет» деп жоруду. "Келбей койсочу, баланы алдырыш керекпи?" деген күмөндүү ойлорун алыс кубалады.
Арадан бир жума заматта өттү. Айсулуу жумушуна барат, келет. Тимурдан кабар жок. Күн сайын бир нече жолу кыз жигитинин номурун телефондон терип чалмакчы болуп барып, кийин намысы жол бербей токтоп калат.
«Чапкан өзү, келип кечирим сурасын. Эмнеге мен биринчи чалышым керек? Негизи өзүм жаман көндүрдүм. Дайыма бир нерсе болсо өзүм баштап кечирим сурай берем. Ал да күнөөсүн сезсин. Баланы болсо алдырбайм. Эртеби-кечпи Тимур баары бир балага келет» деп ал өзүн жооткотот.
Бирок Тимурдан дале кабар жок болчу. Айсулуу эптеп он күндөй чыдады. Акыры чалууга аргасыз болду. Сагынып кетти. Анын үстүнө чындап тынчсыздана баштады. "Чын эле келбей койсо эмне кылам? Москвадан эрсиз төрөп алыптыр дегенди укса атам тирүүлөй өрттөп жиберет. Уф, Тимур чалып кечирим сурап койсоң эмне болот элең?"- көңүлсүз Тимурдун номурун терди. Жигитинин ордуна «Мындай номур жок» деген орус кыздын үнүн угуп селдейе түштү. Жигиттин Эрлан деген жакын досу бар. Ошого чалуусу керек. Кудай жалгап, ага чалуу кетти. Кыз аз да болсо жеңилдей түштү.
– Алло, Эрлан, кандайсың?
Сен Тимур кайда билбейсиңби?
– Сочиге иштегени кетти го...
– Эмне, мага телефон номурун бер!
– Мен да байланыша албай жатам, өчүрүлүү.
– Ал анан качан келет?
– Негизи "жумуш жакшы болсо жарым жылдай иштеп, анан Кыргызстанга кетем" деген болчу.
– Мага анын номурун таап бер!
– Ал мага сен жөнүндө"баары бүттү" деп айткан.
– Башымды оорутпасын. Мен анын баласын көтөрүп жүрөм.
– Чын эле Тимурдун баласыбы?
– Эмне?
– Болгону Тимур башкача айтты эле...
– Акмак,- кыз ыйлап жиберди. Телефонун коюп салды. Анын үмүт шамдары бүлбүлдөп өчүп бара жатты. Кайдан да ушул жигитке ашык болду эле? Ооба, Айсулуу Тимурду бир көрүп эле жактырып калган. Кыргыздар дайыма барчу кафеге ал курбулары менен барган күнү азыр эле сүйлөшкөн Эрлан, Тимур дагы бир топ достору болуп келишкен экен. Кыздарга коңшу столдо отуруп калышкан. Ал сылаң короздонгон, чачын жалтырата тараган, жүзү сүйкүмдүү, шуулдак жигит менен көпкө чейин алыстан тиктешип отурушту. Кийин бий аянтчада таанышты. Андан кийин көп болсо 5-6 жолу жолугушуп, кийин чогуу жашай башташкан. Акылсыздык кылыптыр. Бирок Тимур адамды ишендирип сүйлөй алчу. «Үйлөнөбүз, көп балалуу болобуз» дей берчү. Айткан сөзүнүн бири жок. Биринчи сыноодо эле изин суутуп жок болду.


ххх


– Эмне, сенин боюңда барбы?!- Айсулуунун чогуу иштеген курбусу Назик көздөрүн чакчайтты.
– Ооба...
– Канча ай?
– 2 айдан өттү.
– Тимурбу?
– Анан ким болмок эле?
– Ал билеби?
– Билет, билип качып кетти.
Экөө тең бир саамга унчукпай туруп калды.
– Анан эмне кылайын деп жатасың?
– Билбейм.
– Алдырыш керек го? Бирок өзүң билесиң да...
– Назик, баланы алдыртып таштасам, Тимур анда биротоло келбей коёт го?
– Эмне? Айка, ал эми сага келбейт.
– Баласы үчүн келеби деп жатам да.
– Жо-ок, Айка. Ал деген Тимур. Келбейт андай неме.
– Келет. Мен алдырбайм. Алдырсам Тимурдан биротоло ажырайм. Мен аны сүйөм, түшүнсөң?
– Кайдагы сүйүү? Мээң ордундабы? Догурунуп эптеп тийип алсам болду деп ойлонуп жатасыңбы? Жок болуп жатпайбы аның.
– Келет...
– Жок дегенде телефон менен сүйлөштүңбү?
– ...
– Келбейт аның. Алдырып сал!
– Келет!
Айсулууну үмүт жетелей берди.


ххх


Бирок арадан дагы 3 ай өтүп кетти. Арыкчырай кыздын курсагы дөмпөйүп даана билинип калды. Тимур болсо таптакыр дайынсыз.
– Айка,- деди Назик терезени үнсүз тиктеп турган, көздөрүнүн нуру өчкөн курбусун карап "Айка, болду, бүттү, келбейт. Дайынсыз жок. Достору айтпай жатышат. Алдырып сал!" деди.
– Эми алдырганга кеч, Назик,- Айсулуу үшкүрүнүп алды.
– Айка анда Кыргызстанга кетүүң керек го. Үйдөгүлөр түшүнөттүр...
– Барбай эле кой десе болбой келгем ушул жакка. Эми минтип барсам мени үйгө киргизишпейт...
– Айка,- бир нерсени ойлоп тапкандай ордунан тура калды.Бир аз толмочунан келген, бул кара тору кыз чочуганда же бир жаңылык айтарда ушинтип үнүн бийик чыгарып жиберчү.
– Өх, эмне? Чочутуп жибердиң.
– Азаматка тийип ал да.
– Эмне?!
– Билесиң, ал сени жакшы көрөт. Элейип эле сени карап катып кала берет. Жоош дагы. Сен тием десең эле алып кете турган.
– Мээң ордундабы, Назик?!
– Айка, бойдон алдырууга кеч. Түшүнүп жатам алдыргың да келбей жатат. Үйдөгүлөр абалыңды билсе башыңды жулушат. Атаң өлтүрөт. Тимуруң болсо келбейт. Азаматка тийип алсаң абийириң менен каласың.
– Сен тамашалап жатасыңбы?
– Кайдагы тамаша?
– Жанагы зөөкүр чалыш немеге тий деген турасыңбы?
– Эмнеге зөөкүр чалыш? Ал болгону аз сүйлөйт, аз күлөт. Көз карашы бир аз олуттуу. Ошон үчүн эле зөөкүр дей беришет. Чынында андай эмес, жоош жакшы бала. Кебетеси деле жакшынакай. Ал сен тууралуу менин Айбегимден көп сурайт экен. Айбек экөөлөп аны жөн эле көндүрөт элек. Чын, эрсиз төрөптүр дегенден көрө...
– Анан өмүр бою ошол зөөкүр менен жашаймбы?
– Таптакыр жакпаса төрөп алгандан кийин ажырашып кет!

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
tular
2018-01-16 09:37:50
Мен биринчи!
-1
Aitun
2018-01-16 10:04:48
Мммм... Дагы байкуш Москвада жургон кыздарды каралаган сериял экенда. Темселеп жургону аз келгенсип жоопкерчиликсиз чыныгы зоокур бироого алданат экен.....
+6
k.anara
2018-01-16 10:21:59
Ото деле кызыктуу эместей же коктейлге конуп алгангабы же ушуга окшогон окуяларды коп уккангабы...
+4
KOCMOC
2018-01-16 10:35:26
Кыз-жигит болуп жургондун кесепети...
+1
Supsuluu
2018-01-16 11:06:06
Тообо Тимурлардн баары сылан короз болобу же ошол мен тааныган Тимур жөнүндө сөз болуп жатабы. Аябай окшоштуруп сүрөттөптүр.. хе.хе хее
+7
alisha00
2018-01-17 15:14:19
Supsuluu,
Мен тааныган Тммурларда сылан короз хехеее
+1
Asyl.jazi
2018-01-20 14:32:34
alisha00,Мен тааныган Тимурлар дагы сылан короз
0
omke.85
2018-01-16 11:45:44
Тажик озбектерден торогону канча
+2
Sumaya0692
2018-01-16 16:03:46
Биздин кыргыз кыздары чын эле ушинтип ойлоп калган турмушту оюнчук сезишет торогондон кийин ажырашып кет деп коёт нике ыйык бир кун жашасанда ошол адамга байланып каласын
+2
nurhan2702
2018-01-16 16:19:35
Жакшы чыгарма экен. Жашоодо чындыгында ушундайлар толтура
+1
jama9210
2018-01-16 23:24:15
Коктейль2 деп чыгарбайсынарбы
0
vendetta
2018-01-19 19:23:56
ээ жеңил ойлуулук мунун баары бир кана кыздардын эмес жигиттердин дагы жоопкерсиздигинен намысы жоктугунан.
0
Asyl.jazi
2018-01-20 14:34:11
Негизи аял заты ширин создорго бат алданабыз. Анан аябай эле ишенчээк келебиз. Бул кыз дагы ишенчээгинин курманы болду окшойт
0
№ 793, 12-18-январь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан