Анжелика:«АЖЫРАШУУ ҮЧҮН АРЫЗ БЕРГЕНИМЕ 1 АЙ БОЛДУ. Жарашабызбы же жокпу, ал Урматтан көз каранды»

Интернеттеги билдирүүлөргө таянып тыянак чыгарууга болбосун ар бир окурманыбыз жакшы түшүнөрү анык. Ырчы айым бул талкуулар тууралуу эмне дейт, өз оозунан угалы.

«ЖОМОКЧУЛАР ЖОМОГУН АЙТА БЕРИШСИН»
-Бул бирөөнүн буюртмасы экени даана көрүнүп турат. Мындан 5 жыл мурун «Кыргызпатентте» гонорар тапшыруу учурунда, расмий иш-чарада тартылган сүрөттү пайдаланып жатышат. Менден башка толтура ырчыларда да дал ушундай сүрөттөр бар. Жомокчулар жомогун айта беришсин. Мен башкаларды бактылуу кылууга аракет көрүп жүрөм. Дубайга «Бактылуу айым» долбоору боюнча барабыз» деп ноябрда пландап билет, жолдомо алынган. Дубайга жолдошум келген жок, кыздарым Айыма, Элиманын, апамдын, инилеримдин чыгымын өзүм каржыладым. Өнөктөш демөөрчүлөр кимдер экенин биздин жамаат билет. Бул иштерге Марат Назарбековдун тиешеси жок. Маратты Урмат экөөбүз тең көп жылдан бери тааныйбыз. Мага жеткен маалымат боюнча, ал жубайы менен бир нече жыл мурун ажырашыптыр. Буга чейин Айжан Мараттын үй-бүлөсүнө да ызы-чуу салып мүлк талашканын айтышты. Марат үй-бүлөсүнүн ызы-чуусунан тажап чет жакта жашап жүргөн дешет. Кийин кайра чогуу жашап, бир жыл мурун Айжан Мараттын ата-энесинин үйүн алам деп чыкканда ага өзү каалаган үйүн алып берип өз эркине коюшкан экен.

«МАРАТ АЛЫП БЕРГЕН ЭМЕС, ИЖАРАГА АЛГАН ҮЙДӨ ЖАШАЙМ»
-«Vefa» соода борбору менен кызматташууну баштаарда Мараттын кабинетине Урмат менен киргем. Сүйлөшүп, андан тышкары концерт иш-чараларын уюштуруп, жардамдашканбыз.
Баян Максат кызынын Бишкекке келишин, китебинин бет ачарын өткөрүүдө анын жол кире жана башка чыгымдарын жабыш үчүн мен «Vefa» соода борборуна кызматташууну сунуштагам. Бишкекте конокту алып жүрүү үчүн жакшы коштоочу унаалар керек болгондуктан, аталган соода түйүндүн башкаруучу директору Эмил аттуу мырза менен сүйлөшкөм. Алар менин коногумдун келгендеги чыгымын көтөрүштү. Мен аларга бекер концерт уюштуруп, Инстаграмдан жарнама кылып бергем.
Балиде эс алганым тууралуу айтсам, Айжан менин Балиге кайсы убакта барганымды билет бекен? Ал анын мени айыптап эл алдына акмак кылам деген коркутуу сөздөрүн текшерүү максатында жасалган иш болчу.
Урмат экөөбүздү "Марат сатып берген үйдө жашайт" дептир. Биздин үй сатыкка бир жыл мурун коюлган. Анткени өзүбүз үй куруп жатканбыз. Ал үйүбүз толук курулуп бүтө электе жашап жаткан үйүбүз сатылып кеткендиктен жакшы райондон чоң, кымбат батирди жарым жылга ижарага алып жашап жатабыз. Документтери бар. Бул анын жомогу. Айжан мага «Сен жөнүндө ушактар толтура, эл мага ишенет. Аялы катары мен сени «бомбалайм». Андан көрө менин каалап жатканымды андан алып бер, иш ошону менен бүтөт» деген сыяктуу кептерди жазды. Бир сөз айткан жокмун. Анткени аны менен жазышсам көчүрүп алып, бурмалап кайра интернетке чыгармак.
Ал аял учурдагы ызы-чууну пландап жасаган. Мына, азыр ошол аккаунтту таап көргүлө, Айжандын баракчасы жоголуп кетти. Канакей кечээки айыптоолор? «Күйөөм менен жүрөт, антет, минтет» деген сөздөр кана? Ал өзүнө керектүүнү мени пайдалануу менен алды да, жоголуп кетти окшойт.

«УРМАТ ӨЗҮНҮН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫ МЕНЕН ЖАШАП КАЛДЫ»
-Ажырашууга арыз жазганым боюнча айтсам, июнда мени Мухтар Өмүракуновго жабыштырып жазылган макала, сүрөттөр чыкканда Урмат чындыкты билип туруп, сиздерге интервью бербей койгон. Менде кандай гана сыноолор болду?.. «Мен ырчы Айармын, апам экөөбүз жол кырсыгына кабылдык. Апам жандандыруу бөлүмүндө жатат» деп бирөө чалып калды. Мен бардык нерсени унутуп, ооруканага чуркап, жардам бермекчи болдум. Алар мени шылдыңдап, ар кайсы жакка чуркатышты. «Эмне эле кылып жатасыңар?» десем, «бардыгын буйрук менен кылдык. «Анжеликаны алаксыткыла, көргүлө кандай адам экенин» дешкен. Биз сизди көрдүк. Чын дилиңиз менен жардам бердиңиз, жакшы адам экенсиз. Биз сизге Мухтар байкенин сүрөттөрүн кайсы сайттарга алып барып бергенибизди айталы дегенбиз. Сайттарга, социалдык тармактарга фейк аккаунттарды ачып, кагазга жазылган тексттерди да жазабыз» деп айтышкан. Менде алар менен болгон сүйлөшүүнүн аудиосу бар. Буйрук берүүчү катары бир айымдын аты аталган. Мен ага ишенгим келген жок. «Кудай өзүмдү, үй-бүлөмдү сактасын» деп жөн койгом. Бирок Урматка «милиция кызматкерлерине кайрылалы, балдарды кармасын» деп канча сурансам дагы унчукпай койду. Ошондон менин таарынып жүргөнүм бар.
Бул жашоодо өзүм жалгыз калгансып жаман болдум. Чындыгында, бирөөнүн колдоосу керек да. Ажырашууга арызды бир ай мурун бергем. Ажырашып деле кете элекпиз. Өтө чоң таарыныч менен, үй-бүлөлүк дагы маселелер бар, аны жакындарыбыз, атам деле, Урмат өзү да билет, ошонун негизинде арыз жазгам. Урмат өзүнүн кызыкчылыгы менен күнү-түнү оюн-зооктон чыкпай жашап калган. Акыркы 2-3 жылда болгон жүк жалгыз менин башыма түшүп калды. Өз-өзүбүзчө жашап, үч кызыбызды багып, бутуна тургузалы деген үй-бүлөлүк чечим болгон. Мен жолдошумду жамандап жар салгым келбейт. Чындыгында, бардык колдоону жолдошум көрсөттү. Элдин баары «күйөөң бай, күйөөңдүн байлыгына көөп жүрөсүң» дешет. Бирок андай эмес, күнү-түнү чогуу аракет кылып иштедик.
Өзүңөр байкасаңар керек, 12-июнда өткөргөн туулган күнүмдө жакшынакай сүрөткө түшүп, силерге интервью берели десем, Урмат көңүлдөнбөй, туулган күнүмдү өткөрүүгө да аракет кылбай койду. Туулган күнүмдү жалгыз уюштуруп, дасторконумду жайып, конокторумду чакырып, эч нерсени билгизген жокмун. Кайын журтум да келди. Бардык жакка тегиз карап келем. Беш жыл олку-солку болуп ортодогу кыздар үчүн жашап келдик. Урмат чындыкты билип турса дагы мени каралагандарга барып, «кой, антпегиле, бул менин келинчегим» деп мага коргоочу боло алган жок.

«СОТТО ИШИМ ЖАТКАНЫН БИЛИП, МЕНИ КОЛДОНУП КЕТИШТИ»
-Жашырганда эмне? Мен 17 жашымда, эрте турмушка чыккандыгымдын себеби, Айчүрөк эже Мухтар байке менен тааныштырып, машинага жалгыз отургузуп коюп, өзү сыртта турган учурлар болгон. Урмат менен апам чуркап чыгып, «Айчүрөк, бул кылганың эмне?» деп эженин кылгандарын көрүшкөнү да бар. Апам «өз кызыма өзүм ээ боло албай кала элегимде, абийири бар таза кезинде күйөөгө берейин» деп мени турмушка узаткан. Бала төрөп, үч жыл эч жакка чыкпай, үйдө 5-6 кайним бар эле, аларга тамак жасап, аялга тиешелүү иштерди кылып отурдум. Нанга деп 20-50 сом таштап кеткен күндөрү болду. Ошондо иштешим керек экенин түшүндүм. Түндөп иштеген күндөрүм болду. Тиккен көйнөктөрүмдүн үстүнөн шуру бастырып, эртең менен таңкы бештерде турмушка чыгып жаткан кыздарга макияж, маникюр, чач жасалгасын жасайм. Бүгүнкү күнгө чейин кандай машина албайын «күйөөм алып берди» деп келем. Чынында, билбей калдым эмне кылышты. Мен чарчадым. Мени каралаган Айжан күйөөсүнөн алчу нерсесин алды окшойт. Аккаунту өчтү, мага да жазбай калды. Менин сотто ишим жатканын билип туруп колдонуп кетти.

«МЕНИН ЖҮЗҮМ ЖОЛДОШУМДУН АЛДЫНДА АЧЫК»
-Үй-бүлөдө таарыныч болот. Жолдошума таарынып, анын өзгөрүшүнө убакыт бергем. Жыйынтык чыкпаган соң арыз менен кайрылгам. Аны эбак күйөөсү менен ажырашкан Айжан билип, мени атайылап күйөөсүнө жабыштырып, өз кызыкчылыгына колдонуп, түрдүү аккаунттар менен каралады. Аны текшерүү максатында Балиде эс алган сүрөт киргизсем, «күйөөм менен эс алып жүрөт» деп чыкты.
Балдар үчүн жашаш керек, үй-бүлөнү сакташ керек, муну билем, муну түшүнөм. Менин жүзүм жолдошумдун алдында ачык. Жаман жолго барган эмесмин, аны ал билет. Бардыгы Урматтан көз каранды. Күйөөм менен жарашып жашаймынбы же жокпу, ал Урматтын кадамына жараша болот. Жадакалса чет жакта эс алууга жолдошум экөөбүзгө жолдомолорду алчумун. Айтор, мамилебиздин оңдолушуна аракетим көп болду.


Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (108)
Nora
2018-01-17 08:15:22
azyrky aiyaldar chydamy jok, men taptym koidum dep ele kuiooloru menen ajyrashyp atyshat, Aiperi Kubik kyzy dagy ushintip men taap kuioom tappait dep ajyrashty ele, uyat ellee .
+1
Azamatxxxttt
2018-01-17 11:54:27
Анжелика сага чын эле тан калдым. Кантип эле Урматтын бирда салымы жок, ушул даражага жетишине?! Куйоонду анчалык жамандаба, урмат бай болгон учун турмушка чыккансын да. Анан да ушул убакка чейин бактылуумун деп айтып келген создорундун баарын озун эле жалганга чыгарып алыпсын. Деги эле бардык аял заты бактылуу болсун!
+10
barakcha
2018-01-17 14:26:56
Мен Анжеликага тан калып бутпой атам.Мынчалык ХХХХХХХХХХХХ керек.Урматты киши катарына корбой калыптырсынар энен экоонор...Эх Урмат,сага боорум ооруп кетти.Башынды жерге салып калыптырсын.
+3
tynchtyk93
2018-01-17 14:45:39
Кайсы Айжан ким билет мага тушундурсонор жакшы болмок эле
+1
ilgizk
2018-01-17 15:07:43
tynchtyk93,Айжан Мараттын аялы, а Марат Анжеликанын ойношу деп жазган
Түшүнгөнский окумаган....
+5
prenses
2018-01-18 00:49:48
Саламатсынбы!!
+1
airus879015
2018-01-18 02:55:54
Урматын интервьюсунда Анжеликаны аябай мактап жазылган, бир жаман соз айтпаптыр. Анжелика сен ушинтип куйондун жаман иш кылганын айтпай эле койсон болмок.
+4
Lion.
2018-01-18 17:23:16
Баягы Анжеликанын киносундагыдай болуптурда
0
LadyD
2018-01-18 18:29:42
Билбейм сындагым келбейт Анжеликаны, бирок ажырашат десе буларды тааныбасан да иий кап деп ичин куйот экен. Анжелика сага куоонун кереги жок болсо кыздарына ата керек. Урматтын оюн зооктон чыкпай калганына озун эле куноолусун да, досторундун баардыгы жаш бойдоктор болсо, кундоп-тундоп шаан-шоокотто журсон куйооно внимание жок болсо, анан ар кандай ушактардан да тажап Урмат оюнга кирип кетти да. Озун айткандай 17 жашында Урмат байкени "спасательный круг" кылып куйоого тийип алсан,
+4
LadyD
2018-01-18 18:35:03
LadyD, эми минтип жолдошуна жардам керек болгондо, сен ажырашам дегенин туура эмес да. Эми баардыгы Урматтан коз каранды дебей, аны ошол оюн-зооктон алып чыгуу сенден коз карандыго дейм. Он жыл чогуу жашадынар, супсулуу уч кызынар бар, кучтуу айымсын, керек болсо канча айымды бактылуу кылып журосун, озундун уй-булоонду сактап калууга кудуретин жетет деп тилектешмин.
+4
mela
2018-01-21 21:57:24
LadyD,айтымына караганда куйоосу бай деле эмес окшойт.ХХХХХХХХ ХХХХХХХХ
0
Nora
2018-01-23 07:20:55
LadyD,

tuura aitypsyn dosum aiyabai kulup aldym "Spasatelnyi krug" degenine, xa xa xaaaaa
0
aza.janym
2018-01-18 23:03:44
сага газета га чыга бергендин эмнеси кызык тынч жашоо жакпайбы биз учун убара болбо беш минутта окуйбуз оз ишибиз менен кетебиз еринен кечиним сурап жараш аймончоктой кыздарынды айып кылба сени ордуна озуму коюп елестетим мен тууралу ушундай еркекмен журот деген соз тараса ерим Ошерде сабап кууп чыгып атаенем намысынан сендей кызыбыз жок жогол десе керек еле
+1
Nora
2018-01-23 07:26:49
aza.janym,

tuura aitypsyn, birok Anjelikja myndai keb sozdorgo uironup kalgan da,chyr chatak bolup turushu kerek okshoit dep oilop kaldym, typ tynch bolso jegen ichkeni ash bolboi kalat goo, maga ajyrashsa i ajyrashpasa baary bir, yssygy suuugu jok.
0
aza.janym
2018-01-18 23:07:53
Баян га акча коротуп китебин чыгарып сейилдкенче куйооно конул болбойсунбу Баян биз ге улгу болгудай деле аял эмес эмне еле анын жагалданып атасын
-1
MurAi
2018-01-19 14:23:59
Чындыгында буларга тушунбойсун.Кимиси чын кимиси жалган айтып атканын.Бирок эмнеси болсо да,кудайым ар бир адамдын озуно ынсап берсин!
+2
larin
2018-01-19 19:01:42
Ажырашпай бактылуу жашасын. Мен анжеликаны сыйлайм
0
mikana
2018-01-19 20:48:04
Анжелика азаматсын алга. Ит уро берет кербен журо берет. Сен адамдарга кызыктуу болгонун учун сен жонундо окушуп ар пикирди жазып жатышат. Кызыгын жок болсо окушмак да эмес. Болгону уй булоонду сакта. Суранам сенден. Алахтын уруксат бергенинен эн эле жаман коргону ТАЛАК.
0
Nora
2018-01-23 07:29:43
mikana,
ushul makaldy tuuu tutushat kopchuluk jyldyzdar! oshon uchun ushundai kep sozdorgo kalyp uyat bolup jurushot , birok bular ХХХХХХХХХХ
0
mikana
2018-01-19 20:49:46
Пендебиз да бироонун жашоосун билбей эле болжолдоп суйлоп койобуз.
+1
saltu25
2018-01-23 22:47:09
Анжелика турмушка жаны чыкканда эле укканбыз куйосу бай экенин
0
№ 793, 12-18-январь, 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан