Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Анжелика:«АЖЫРАШУУ ҮЧҮН АРЫЗ БЕРГЕНИМЕ 1 АЙ БОЛДУ. Жарашабызбы же жокпу, ал Урматтан көз каранды»

№793 12-18-январь


Интернеттеги билдирүүлөргө таянып тыянак чыгарууга болбосун ар бир окурманыбыз жакшы түшүнөрү анык. Ырчы айым бул талкуулар тууралуу эмне дейт, өз оозунан угалы.

«ЖОМОКЧУЛАР ЖОМОГУН АЙТА БЕРИШСИН»
-Бул бирөөнүн буюртмасы экени даана көрүнүп турат. Мындан 5 жыл мурун «Кыргызпатентте» гонорар тапшыруу учурунда, расмий иш-чарада тартылган сүрөттү пайдаланып жатышат. Менден башка толтура ырчыларда да дал ушундай сүрөттөр бар. Жомокчулар жомогун айта беришсин. Мен башкаларды бактылуу кылууга аракет көрүп жүрөм. Дубайга «Бактылуу айым» долбоору боюнча барабыз» деп ноябрда пландап билет, жолдомо алынган. Дубайга жолдошум келген жок, кыздарым Айыма, Элиманын, апамдын, инилеримдин чыгымын өзүм каржыладым. Өнөктөш демөөрчүлөр кимдер экенин биздин жамаат билет. Бул иштерге Марат Назарбековдун тиешеси жок. Маратты Урмат экөөбүз тең көп жылдан бери тааныйбыз. Мага жеткен маалымат боюнча, ал жубайы менен бир нече жыл мурун ажырашыптыр. Буга чейин Айжан Мараттын үй-бүлөсүнө да ызы-чуу салып мүлк талашканын айтышты. Марат үй-бүлөсүнүн ызы-чуусунан тажап чет жакта жашап жүргөн дешет. Кийин кайра чогуу жашап, бир жыл мурун Айжан Мараттын ата-энесинин үйүн алам деп чыкканда ага өзү каалаган үйүн алып берип өз эркине коюшкан экен.

«МАРАТ АЛЫП БЕРГЕН ЭМЕС, ИЖАРАГА АЛГАН ҮЙДӨ ЖАШАЙМ»
-«Vefa» соода борбору менен кызматташууну баштаарда Мараттын кабинетине Урмат менен киргем. Сүйлөшүп, андан тышкары концерт иш-чараларын уюштуруп, жардамдашканбыз.
Баян Максат кызынын Бишкекке келишин, китебинин бет ачарын өткөрүүдө анын жол кире жана башка чыгымдарын жабыш үчүн мен «Vefa» соода борборуна кызматташууну сунуштагам. Бишкекте конокту алып жүрүү үчүн жакшы коштоочу унаалар керек болгондуктан, аталган соода түйүндүн башкаруучу директору Эмил аттуу мырза менен сүйлөшкөм. Алар менин коногумдун келгендеги чыгымын көтөрүштү. Мен аларга бекер концерт уюштуруп, Инстаграмдан жарнама кылып бергем.
Балиде эс алганым тууралуу айтсам, Айжан менин Балиге кайсы убакта барганымды билет бекен? Ал анын мени айыптап эл алдына акмак кылам деген коркутуу сөздөрүн текшерүү максатында жасалган иш болчу.
Урмат экөөбүздү "Марат сатып берген үйдө жашайт" дептир. Биздин үй сатыкка бир жыл мурун коюлган. Анткени өзүбүз үй куруп жатканбыз. Ал үйүбүз толук курулуп бүтө электе жашап жаткан үйүбүз сатылып кеткендиктен жакшы райондон чоң, кымбат батирди жарым жылга ижарага алып жашап жатабыз. Документтери бар. Бул анын жомогу. Айжан мага «Сен жөнүндө ушактар толтура, эл мага ишенет. Аялы катары мен сени «бомбалайм». Андан көрө менин каалап жатканымды андан алып бер, иш ошону менен бүтөт» деген сыяктуу кептерди жазды. Бир сөз айткан жокмун. Анткени аны менен жазышсам көчүрүп алып, бурмалап кайра интернетке чыгармак.
Ал аял учурдагы ызы-чууну пландап жасаган. Мына, азыр ошол аккаунтту таап көргүлө, Айжандын баракчасы жоголуп кетти. Канакей кечээки айыптоолор? «Күйөөм менен жүрөт, антет, минтет» деген сөздөр кана? Ал өзүнө керектүүнү мени пайдалануу менен алды да, жоголуп кетти окшойт.

«УРМАТ ӨЗҮНҮН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫ МЕНЕН ЖАШАП КАЛДЫ»
-Ажырашууга арыз жазганым боюнча айтсам, июнда мени Мухтар Өмүракуновго жабыштырып жазылган макала, сүрөттөр чыкканда Урмат чындыкты билип туруп, сиздерге интервью бербей койгон. Менде кандай гана сыноолор болду?.. «Мен ырчы Айармын, апам экөөбүз жол кырсыгына кабылдык. Апам жандандыруу бөлүмүндө жатат» деп бирөө чалып калды. Мен бардык нерсени унутуп, ооруканага чуркап, жардам бермекчи болдум. Алар мени шылдыңдап, ар кайсы жакка чуркатышты. «Эмне эле кылып жатасыңар?» десем, «бардыгын буйрук менен кылдык. «Анжеликаны алаксыткыла, көргүлө кандай адам экенин» дешкен. Биз сизди көрдүк. Чын дилиңиз менен жардам бердиңиз, жакшы адам экенсиз. Биз сизге Мухтар байкенин сүрөттөрүн кайсы сайттарга алып барып бергенибизди айталы дегенбиз. Сайттарга, социалдык тармактарга фейк аккаунттарды ачып, кагазга жазылган тексттерди да жазабыз» деп айтышкан. Менде алар менен болгон сүйлөшүүнүн аудиосу бар. Буйрук берүүчү катары бир айымдын аты аталган. Мен ага ишенгим келген жок. «Кудай өзүмдү, үй-бүлөмдү сактасын» деп жөн койгом. Бирок Урматка «милиция кызматкерлерине кайрылалы, балдарды кармасын» деп канча сурансам дагы унчукпай койду. Ошондон менин таарынып жүргөнүм бар.
Бул жашоодо өзүм жалгыз калгансып жаман болдум. Чындыгында, бирөөнүн колдоосу керек да. Ажырашууга арызды бир ай мурун бергем. Ажырашып деле кете элекпиз. Өтө чоң таарыныч менен, үй-бүлөлүк дагы маселелер бар, аны жакындарыбыз, атам деле, Урмат өзү да билет, ошонун негизинде арыз жазгам. Урмат өзүнүн кызыкчылыгы менен күнү-түнү оюн-зооктон чыкпай жашап калган. Акыркы 2-3 жылда болгон жүк жалгыз менин башыма түшүп калды. Өз-өзүбүзчө жашап, үч кызыбызды багып, бутуна тургузалы деген үй-бүлөлүк чечим болгон. Мен жолдошумду жамандап жар салгым келбейт. Чындыгында, бардык колдоону жолдошум көрсөттү. Элдин баары «күйөөң бай, күйөөңдүн байлыгына көөп жүрөсүң» дешет. Бирок андай эмес, күнү-түнү чогуу аракет кылып иштедик.
Өзүңөр байкасаңар керек, 12-июнда өткөргөн туулган күнүмдө жакшынакай сүрөткө түшүп, силерге интервью берели десем, Урмат көңүлдөнбөй, туулган күнүмдү өткөрүүгө да аракет кылбай койду. Туулган күнүмдү жалгыз уюштуруп, дасторконумду жайып, конокторумду чакырып, эч нерсени билгизген жокмун. Кайын журтум да келди. Бардык жакка тегиз карап келем. Беш жыл олку-солку болуп ортодогу кыздар үчүн жашап келдик. Урмат чындыкты билип турса дагы мени каралагандарга барып, «кой, антпегиле, бул менин келинчегим» деп мага коргоочу боло алган жок.

«СОТТО ИШИМ ЖАТКАНЫН БИЛИП, МЕНИ КОЛДОНУП КЕТИШТИ»
-Жашырганда эмне? Мен 17 жашымда, эрте турмушка чыккандыгымдын себеби, Айчүрөк эже Мухтар байке менен тааныштырып, машинага жалгыз отургузуп коюп, өзү сыртта турган учурлар болгон. Урмат менен апам чуркап чыгып, «Айчүрөк, бул кылганың эмне?» деп эженин кылгандарын көрүшкөнү да бар. Апам «өз кызыма өзүм ээ боло албай кала элегимде, абийири бар таза кезинде күйөөгө берейин» деп мени турмушка узаткан. Бала төрөп, үч жыл эч жакка чыкпай, үйдө 5-6 кайним бар эле, аларга тамак жасап, аялга тиешелүү иштерди кылып отурдум. Нанга деп 20-50 сом таштап кеткен күндөрү болду. Ошондо иштешим керек экенин түшүндүм. Түндөп иштеген күндөрүм болду. Тиккен көйнөктөрүмдүн үстүнөн шуру бастырып, эртең менен таңкы бештерде турмушка чыгып жаткан кыздарга макияж, маникюр, чач жасалгасын жасайм. Бүгүнкү күнгө чейин кандай машина албайын «күйөөм алып берди» деп келем. Чынында, билбей калдым эмне кылышты. Мен чарчадым. Мени каралаган Айжан күйөөсүнөн алчу нерсесин алды окшойт. Аккаунту өчтү, мага да жазбай калды. Менин сотто ишим жатканын билип туруп колдонуп кетти.

«МЕНИН ЖҮЗҮМ ЖОЛДОШУМДУН АЛДЫНДА АЧЫК»
-Үй-бүлөдө таарыныч болот. Жолдошума таарынып, анын өзгөрүшүнө убакыт бергем. Жыйынтык чыкпаган соң арыз менен кайрылгам. Аны эбак күйөөсү менен ажырашкан Айжан билип, мени атайылап күйөөсүнө жабыштырып, өз кызыкчылыгына колдонуп, түрдүү аккаунттар менен каралады. Аны текшерүү максатында Балиде эс алган сүрөт киргизсем, «күйөөм менен эс алып жүрөт» деп чыкты.
Балдар үчүн жашаш керек, үй-бүлөнү сакташ керек, муну билем, муну түшүнөм. Менин жүзүм жолдошумдун алдында ачык. Жаман жолго барган эмесмин, аны ал билет. Бардыгы Урматтан көз каранды. Күйөөм менен жарашып жашаймынбы же жокпу, ал Урматтын кадамына жараша болот. Жадакалса чет жакта эс алууга жолдошум экөөбүзгө жолдомолорду алчумун. Айтор, мамилебиздин оңдолушуна аракетим көп болду.


Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(108)
16.01.2018. 09:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
327
Катталган:
29-06-2016
Соӊку аракети:
20-09-2018 22:27
Жынысы:
Белгисиз
0
Ит уро берет,кербен журо берет дегендей озунор Кудай алдында ак болсонор эмне эл астында актанасынар тушунбойм. Баары Жараткандын козомолундо ар бир кирпиктин ирмелгени да,ошондуктан силер элден же кимдир бироодон коркпой АЛЛАДАН коркуп жашагыла. Уй булоонор бекем болуп туболуктуу бактылуу болгула! Кимдин ким экенин убакыт корсотот. Бироого ор кассан терен каспа озун тушуп каласын деген накыл кеп бар. Анжелика Урмат экоон озунорду эмес кыздарынарды ойлогула,душманынарды ойлогула табалатпай.
Nurkyz1977 түзөттү 2018-01-16 09:35:57
16.01.2018. 09:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
64
Катталган:
02-06-2015
Соӊку аракети:
20-09-2018 21:53
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу эле болгулачы!
16.01.2018. 09:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
12-03-2017
Соӊку аракети:
09-08-2018 15:08
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ишендик деп коелучу
16.01.2018. 09:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
347
Катталган:
14-02-2016
Соӊку аракети:
19-09-2018 23:40
Жынысы:
Белгисиз
+4
Анжелика же бизнес менен кетбеди же ырчылык менен ар жакта эле Анжелика анан ушундай уруш жанжал болот да
16.01.2018. 10:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
07-12-2015
Соӊку аракети:
16-01-2018 16:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Анжелика, эн башкысы озун бактылуу болушун керек.Ал адам сени аял катары коргоп, сыйлап, бакбаса омурунду коротуштун эмне кереги бар. Кыргыздын эркектери моралдык жактан, финансы жактан алсыз болуп турган убактары, баары эмес дечи. Коркутканды да жакшы билишет. Короче алсыз да. Сен иштеп атасын, онугуп атасын. Эки адам бирдей кадам ташташ керек. Бироо калып калса онукбой проблемалар, тушунбостуктор башталат. Ажырашсан ажыраш дагы жыргап жаша да.Ты никому не должна...
16.01.2018. 10:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
161
Катталган:
13-05-2016
Соӊку аракети:
19-09-2018 16:55
Жынысы:
Белгисиз
+12
Намаз оку баары кыйынчылыктарды женилдетесин
16.01.2018. 10:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
89
Катталган:
09-04-2014
Соӊку аракети:
21-09-2018 09:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жолдошумдун айылы.
+4
Анжелика оюн топтой албай эптеп интервью бериптир.
Бирок ушак жон жерден чыкпайт!
Канчалык бир денгээлде чындык бар!
Актана берет экенсинда кайра кайра эле,Урматка кыйын болду.
Кыздары учун баарына коз жумат экенда
16.01.2018. 10:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
24-06-2011
Соӊку аракети:
01-02-2018 13:32
Жынысы:
Белгисиз
-3
madina.87, Мен да ушундай ойдомун, тю так эмес, чындык жоктой...
16.01.2018. 10:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
07-12-2015
Соӊку аракети:
16-01-2018 16:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бирок аял жанталышып иштеген сайын эркек алсыз боло баштайт. Ушуну унутба. Акырын акырын кыймылдыш керек да. ага баарын алып, билетинен бери алсан эркек конечно бутун асып отуруп калды да. ЭРКЕКТЕР КУЧТУУ БОЛГУЛАЧЫ. Уруп согуп эмес коп окуп коп иштеп Онугуп... Психолгия отношений дегенди окуп...
16.01.2018. 13:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
17-07-2012
Соӊку аракети:
06-09-2018 21:02
Жынысы:
Белгисиз
-2
Eje,Бирок аял жанталышып иштеген сайын эркек алсыз боло баштайт. Бир аллах тааланын буйруг менен. Аллахсыз сен эч кми эмесин.
16.01.2018. 13:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
80
Катталган:
05-05-2014
Соӊку аракети:
21-09-2018 04:28
Жынысы:
Белгисиз
0
Eje,Урмат кудайга шугур жан талашып иштеген эле жигит. Москвага биринчилерден болуп бизнес ачкан уч кыргыз азаматынын бири. Алар: Бактыяр Жээнбеков Жусуп Жээнбековдун баласы, Тазабек Икрамов жана Урмат. Москвада контейнеринин бирин бошотуп берген намазкана кылып
16.01.2018. 10:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
14-02-2016
Соӊку аракети:
12-09-2018 15:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыялдарда
+1
Айжандыкы туура,жон жерден антип куноолобойт да.Жаны кашайганынан айтып чыкты чындыкты
16.01.2018. 10:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
99
Катталган:
11-08-2017
Соӊку аракети:
20-09-2018 22:30
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эл козунон алыс болуп, тыныгууга чыгып эс алчы,
16.01.2018. 10:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
57
Катталган:
09-02-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 11:23
Жынысы:
Белгисиз
0
Uibulon menen le baktyluu bolchu, uibulonu oilosh kerek.yzy chuudan chykpai kaldyn go.kechke le super.kgge chyga berbei achsan ele anjelika,bashka kabar jokpu.ushunchalyk tajattyn go eldi, aman le bolchu.
16.01.2018. 10:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
24-06-2011
Соӊку аракети:
01-02-2018 13:32
Жынысы:
Белгисиз
+12
Урматты ХХХХХХХХХХХХХ кылып коюптур, Урматта акча жок болсо ага тиймек эмессин,сенин бизнесиңди түптөгөнүн унуттуңбу?
Модератор admin_media түзөттү 2018-01-16 11:17:47
16.01.2018. 12:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
10-02-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 12:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Pozitiff, Мен да ошентип ойлоп калдым. Айчурокту пайдаланып,ал пайдаланаарда турмушка чыгып кетти. Эми бутуна туруп алып,жолдошунун да кереги жок болуп калган го. Но чужая семья тёмный лес!
17.01.2018. 02:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
23-12-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 03:08
Жынысы:
Белгисиз
+1
Pozitiff,туура айтасыз негизи адам эч качан суу ичкен булагына тукурбошу к.к Анжелика сени ото сыйлачулем Мухтар Омуракунов м.н болгон чырда го жаш элен азырчы чоон эле аялсынго антип куйооно куноону койгонун туура эмес болуп калыптыр сени которгон Урматчалык болотда эми ал кыйналган кезде эми минтип таштаганын туура эмеес
16.01.2018. 10:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
20-06-2017
Соӊку аракети:
13-09-2018 00:01
Жынысы:
Белгисиз
+5
Куйоосу ХХХХХХХХ экен.башка созум жок
Модератор admin_media түзөттү 2018-01-16 11:18:42
16.01.2018. 10:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
127
Катталган:
03-11-2013
Соӊку аракети:
21-09-2018 03:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
0
Бактылуу болгула
16.01.2018. 11:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
04-02-2017
Соӊку аракети:
02-09-2018 07:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
+10
Выыый неге Урматты мынтип жазган түшүнбөдүм.Башка эркек болгондо, жайдагы ушактан кийин эле өзү ажырашып кетмек.
Ушундай сага ишенген эриң бар экен сүйүнүп жашай бербейсиңбиииии? -дегии келди..
16.01.2018. 11:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
17-05-2012
Соӊку аракети:
07-08-2018 11:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
каракоо
+20
Иши кылып Урматты каалагандай тегеретип,озунун куноолоруно урматты куноолуу кылып эркектик канаттарын кыркып, болушунча тебелеп жашайт экен. Менимче, кийим тайым, шаан шокоттун устундо жургону, озунун мамасына белек бечкек , ушунун баары Урматты банкротко алып келген го..башка байлардын аялдары уйдо отурушат, мен урматтын акчасын кобойтуп атам дегени Жон эле окшойт.куйоо деге эн жакын адамын.башына кыйынчылык келсе тебелеп, сенин колундан эмне келет дегендик бул акмактын иши,
16.01.2018. 11:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
319
Катталган:
12-11-2016
Соӊку аракети:
18-09-2018 19:31
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ишине ийгилик эч талыкпа коро албагандар дей берет маани бербе
16.01.2018. 11:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
30-12-2016
Соӊку аракети:
20-09-2018 22:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
жалал абад
+3
аял киши иштеп тапса эркек эркелеп кетет балким сенда табып атам деп милдет кылгансын ошону учун
16.01.2018. 11:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
14-02-2014
Соӊку аракети:
06-08-2018 09:28
Жынысы:
Белгисиз
-2
Азыркы заманда шамал болбосо деле теректин башын ушакчылар кыймылдатып коет. Куру дооматтан, боодо кырсыктан сактасын кудай баарыбызды.
16.01.2018. 11:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
17-05-2012
Соӊку аракети:
07-08-2018 11:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
каракоо
+4
Урматтын интервьюсу болсо, Ал, ажырашуу арызы жонундо кабары жок окшойт, .кыскасы анжеликадай аял алсанар эркектер, шорунар! Тебелеп,эркинди сындырып, шылдын кылып жок кылат,ХХХХХХХ Кайран гана урмат, ..негизи мындай аялдар тарыхта болгон, бирок жыргап карышпайт мындайлар. ХХХХХХХХХХХ суйгон адам озгорбойт, кайра эле ошол ХХХХХХХ бара берет...башка соз жок..
Модератор admin_media түзөттү 2018-01-16 11:25:18
16.01.2018. 11:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
718
Катталган:
17-04-2013
Соӊку аракети:
21-09-2018 08:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
+22
Анжелика өзүң жакшы аялсын. Менин оюмча күйөөңө баш ийбей койгонуң жакшы эмес. Туулган күн өткөрөлү десем көңүлдөнбөй койду өзүм айтпай эле өткөрдүм деп жатасын. Кайсыл үйдө аялдын үнү эркектикинен бийик чыкса ошол үйдө бактылуулуктун эшиги жабылат. Күйөөңдөй сабырдуу оор эркек аз. Бактылуулук акчада эмес ошол күйөөңдүн бар тапканына шүгүр кылып отурууда болот. Бул көз деген дүйнөнүн бар байлыгын берсең да тойбойт.
16.01.2018. 11:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
23-01-2013
Соӊку аракети:
27-02-2018 23:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
OSH
+3
Аял жакшы эр жакшы...
16.01.2018. 11:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
200
Катталган:
19-04-2011
Соӊку аракети:
21-09-2018 08:46
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эгер чын болсо,жалко...Же бул эжекеге тшенич жок.Уялбай эле суйлой берет экен.
16.01.2018. 12:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
05-07-2017
Соӊку аракети:
20-09-2018 22:09
Жынысы:
Белгисиз
-6
Anjelika sen oto kuchtuu adam ekensin,kunu tunu oinogon erkek uibulosuno konul burbagan bul tuura emes,sen dagy ushuncha chydap ubakyt beripsin,Sen baltyluu boluwundu kaalaim,sen duinodogu en suluu,en meerimduu enesin,ui bulonor saktalyp kalywyn kaalaim,,Urmat sen Anjelikadai adamdy echkachan tappaisyn....
16.01.2018. 12:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
23-01-2013
Соӊку аракети:
27-02-2018 23:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
OSH
+17
Тообо "Айжан алчуусун куйосунон алып..тынчып калды" дептирго.. Айжандын айтканы каралоо болсо эмнеге аны сотко бере албайсын.. Адамдык абройуна шек келтирдиго... Бербейсинби сотко... Айжан аябай озуно ишенимдуу жазып жаткан.. Марат менен тынчыттынар аны бир болсо.. Анан Анжелика куйоосун коркутуп жашайт деген да чын белем... Куйондун берген интервьюсу тан калаарлык.. Эмнеси болсо да ынсап берсинчи сага...
16.01.2018. 12:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
30-03-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 20:48
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+12
Анжелика, сенин жомогунан да тажадык! Жаш баладай болуп берген интервьюн кантет? Окшош погон жомок сеники дагы
16.01.2018. 12:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
05-11-2014
Соӊку аракети:
29-08-2018 14:23
Жынысы:
Белгисиз
+5
Анделика бактылуу бол бактылуу бол жана бактылуу бол. Чымчыктын да уясы бузулбасын аял катары аябай тушунуп турам жаныны жай алдыр интирига ушак баары отот кетет уй булонду сакта
16.01.2018. 12:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
01-11-2017
Соӊку аракети:
20-09-2018 15:58
Жынысы:
Белгисиз
+6
Марат менен Айжандын уйундо болуп жаткан иштерди аябай жакшы билет экенсин.Ар бир берген жообун тастыктап турат ХХХХХХХХХХ ким экенин. Бироого шылтап койгонду качан коёсун. Калпты жакшы айтат экенсин.
Модератор admin_media түзөттү 2018-01-16 13:00:10
16.01.2018. 13:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
17-05-2012
Соӊку аракети:
07-08-2018 11:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
каракоо
+4
nureles70,чын эле по мараттын уйундогу окуяларды кайдан билет, сырдашчу экени чын да мараты менен..аял озунун куйоосунон акча сурайт да туурабы,анжеликтин эмне Иши бар дейм да,.
16.01.2018. 12:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
10-02-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 12:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Жолдошун аябай жамандап койуптур. 50 сом нанга деп таштаган адам бир жылда салон ачып бере албаса керек эле дейм да.
16.01.2018. 12:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
09-08-2017
Соӊку аракети:
11-09-2018 22:58
Жынысы:
Белгисиз
0
Үйүндө чоогу жашап аткандай жазасынарда, бирөөнүн үйүндө эмне болуп жатканын кайдан билесиңер. Колдоо жок, оюн зоок деп жатпайбы. Анжелика молодец, только вперёд, эч нерсеге карабай. Ажырашкандар сен эле эмессин
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: