Мамлекеттик каттоо кызматы өткөн жылы өлкөбүздө 12 жаран паспорттогу жынысына тиешелүү маалыматтарды өзгөрткөндүгү тууралуу маалымат таратты. Коомчулукта бул кабар кызуу талкууга алынып жаткан кез.
“КАЙРЫЛГАНДАРДЫН КӨПЧҮЛҮГҮ БИШКЕК ШААРЫНЫН ТУРГУНДАРЫ”
Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов жынысын алмаштырган жарандар тууралуу төмөнкүдөй маалымат берди.
– Жынысын өзгөрткөн жарандар тууралуу анализди 2017-жылы биринчи жолу жасадык. Анын негизинде 12 жарандын паспорттогу “жынысы” деген пункту алмаштырылып, аты-жөнүнө өзгөртүү киргизилгени такталды. Бирок бул жарандардын персоналдык номери өзгөрүүсүз калат. Жаңыртылган паспортко тиркеме катары жарандын аты-жөнү жана жынысы алмаштырылганы тууралуу күбөлүк берилет. Ал күбөлүк жарандын өзүнө тиешелүү башка документтерин алмаштырууга мүмкүнчүлүк берет.
"Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актылары жөнүндө" мыйзамынын 72-беренесине ылайык, жаран жынысын өзгөрткөндүгү тууралуу медициналык маалымкат алып келсе паспорттогу маалыматтарды алмаштырып беребиз. Былтыр кайрылгандардын көпчүлүгү Бишкек шаарынын тургундары. Алардын канчасы эркектен аялга же аялдан эркекке айланганы тууралуу маалымат таратууга биздин укугубуз жок.
Өзүн транссексуал деп тааныштырган каарманыбыз Манзура 36 жашта. Аялдарга эмес, эркектерге кызыгарын айткан ал өзүн кадимки аялзаты катары сезет. Кыз кишидей эле чач, тырмак өстүрүп, көйнөк кийген замандашыбыз 20 жылдан бери сексуалдык кызмат көрсөтүү менен каражат табарын билдирди.
“БИРИНЧИ СҮЙҮҮМ СЕЗИМИМДИ КАБЫЛ АЛБАЙ КОЙГОН”
– Менин балалыгым Жалал-Абадда өткөн. Жүрүм-турумум, сырткы келбетим кызга окшош болгондуктан, айланамдагылар мени “кызтеке” дешчү. Жеткинчек кезимде “аа, мен кызтеке турбаймынбы” деп элге көп аралашпай, басынып жүрө берчүмүн. 13 жашымда кошуна жигитти жактырып калдым. Ошондо жүрөгүмдө биринчи жолу эркек затына болгон сезим пайда болду. Кадимкидей сагынып, көрсөм көксөөм канып калчу. Бирок сезимимди ага көпкө чейин айта албай жүрүп бир күнү чыгынып айтсам ал мени урушуп салган.
Бир жолу айылга бирөөлөр концерт коюп келип калышты. Ошолордун ичинен бир кыз мени карап “сен кыздын эле өзү турбайсыңбы, сени транссексуал дейт. Сага окшогондор Бишкекте көп” деп айтып кетти. Аны угуп оюмдун баары борборго эптеп жетүү болуп үйдөн качып чыктым. Ал кезде 16 жашта болчумун. Бул жакка келерин келип алып бир топ кыйынчылыктарды көрдүм. Жумуш издеп бир үй-бүлөгө бала багуучу болуп кирип алгам. Мени кыз деп ойлогон алар менин эркек экенимди билип калышып айлыгымды да бербей үйдөн кууп чыккан. Айтор, ушуга окшогон маселелер жаралып жаш болсом да жашоонун соккусуна бир топ ирет урундум. Ошентип жашоомдо бир аял пайда болуп ал менин кумса эмес, транссексуал экенимди түшүндүрдү. Жаш кезимде боюм узун, сулуу элем. Кыскасы, тиги аял мени сойку кылды. Ал сутенёр аялдын кол алдында жүрүп, көп деле акча кармаган жокмун. “Иш” бергенине, курсагым тойгонуна ыраазы болуп жүрө бердим. Бирок борборго келип ушул дүйнөгө аралашып, өзүмө окшошторду көрүп жалгыз эмес экениме сүйүндүм. Бишкекте транссексуал, кумса, лесбиянкалардын клубдарына барып мендей адамдардын бар экенин билип, жашоомдо жаңы үмүт пайда болуп кадимкидей гүлдөп чыктым.
“ЖИГИТИМ ЭКӨӨБҮЗ 8 ЖЫЛ ЧОГУУ ЖАШАДЫК”
– Бир жолу дискотекада бир кумса менен бийлеп, ал бооруна кыса кучактаса биринчи жолу эркектен мээрим сездим. Тааныштык, табыштык, сүйүштүк. Экөөбүз чогуу 8 жыл жашадык. Бирок, тилекке каршы, эки башка жолго түштүк. Азыр экинчи эркек (ред.: каарманым аны жолдошум деп атайт) менен жашасам да биринчи жолдошума деген сезимим өчө элек. Аны менен эки башка жолго түшкөндөн бери өзүмдү таштап койдум. Башында ошол жигитти бактылуу кылуу үчүн жыныс мүчөмдү алмаштыргым келчү. Бир жылдары урологдордон кеңеш сурап ден соолукту текшерүүдөн өткөрүп анан операция жасаларын, жыныс алмаштыруунун баасы кымбат болорун билгем. Бирок ал убакта менде андай акча жок болчу. Эми жылдан жылга жашым өтүп баратат, мурдагыдай жаш болбогондон кийин 36 жашта андай оор операция жасатсам кыйналып каламбы деп ойлойм. Укканыма караганда, операция жасаткандан кийин адамда сезимталдык төмөндөйт экен. Ошентсе да жыныс алмаштырып бир жаңсыл болуп, өзүмдү толук кандуу аял катары сезгим келет. Сойкулукту таштап тынч жашоону самайм, бирок бизди башка жумушка албагандыктан ушул жол менен оокат кылууга туура келет. Көкүрөгүмдүн өлчөмү кадимки кыздардыкындай болгону менен, мен да башка транссексуалдарга окшоп силикон салдыргым келчү.
Паспортум эркектики болгондуктан аэропорттордон маселе жаралып калат. Чындап эле мен экениме ишенишпей, ичкери киргизип алып чечиндирип көрүп анан ишенишет. Эгер чыгынып операция жасатып, документ алып алсам чет өлкөгө кетет окшойм. Бирок кайсы мамлекетке барсам да жүрөгүм мекенге тарта берерин билем.
“ТОНОО, САБОО, ЗОРДУКТОО”
– Бул жолду тандаганым менен, ушул жашка келгени эч кимге жамандык кылган эмесмин. Ачык мүнөзмүн, баарына бирдей жакшы мамиле кылганга аракет кылам. Бирок коомчулуктун, өзгөчө эркектердин бизге карата ою, мамилесине капамын. Аларга зыян келтирбесең да кармап алып шылдыңдашат, кордошот. Сабап-урганды жөн коёюн, эркектер тобу менен зордуктап кеткен учурлар болгон. 10-15 күн мурда эле кардар катары батирге келген эки жигит курбум экөөбүздү тоноп кетишти. Үйдөгү 28 миң сом акча, кымбат баалуу телефондорду жана зер буюмдарыбызды көз көрүнөө эле жулуп кетишти.
“АЯЛДЫН ЖЫНЫС КЫНЫ ИЧЕГИ- КАРЫНДАН ЖАСАЛАТ”
Бишкек шаарында жайгашкан республикалык урология борборунун башчысы, уролог-хирург Акылбек Усупбаев Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу жыныстык мүчө алмаштыруу боюнча операция жасаган. Анын айтымында, жынысымды алмаштырам деп кайрылгандардын басымдуу бөлүгү эркектен аялга айлангысы келгендер.
– Мурда биздин коомдо мындай көрүнүш жок болчу. 2006-2007-жылдары биринчи жолу жыныс алмаштыруу боюнча ийгиликтүү операция жасалды. Бул маселе боюнча кайрылгандар гермафродиттер жана транссексуалдар болуп экиге бөлүнөт. Гермафродиттер – табияттын катасы, алар аялдын да, эркектин да жыныстык мүчөсү менен төрөлүшөт. Ал эми транссексуалдар бардык органдары, гормондору ашык-кеми жок нормалдуу эле төрөлүп, эс тартканда психологиялык жактан өздөрүн башка жыныстагы адам катары кабыл алып алгандар. Жыныс алмаштыруу боюнча гермафродиттердин 15-20 жашында кайрылганы кеч болуп калат. Аларды туулганда эле генетикалык жактан текшерип, кайсы жыныска көбүрөөк жакын экенин билип, коррекция кылып койгон туура. Ал эми өзүн транссексуал деп эсептеп, өзү каалаган жыныска ээ болгусу келгендердин басымдуу бөлүгү эркектен аялга айланууну каалагандар. Мындай бейтаптын эркектик жыныс мүчөсү алынып, ордуна ичеги-карындан жасалган аялдын жыныстык кыны салынат. Бирок жатын салынбагандыктан ал адам төрөй албайт. Операция жасалган жаранга жынысын алмаштыргандыгы тууралуу маалымкат берилет.
Операциянын мындай түрү чанда кездешкендиктен Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан баа чегерилген эмес. Ошондуктан коммерциялык негизде жасалып келет. Эгер бейтап керектүү материалдарды алып берсе операциянын баасы болжол менен 1000-2000 АКШ долларын түзөт. Чет өлкөдө ушундай эле хирургиялык иштер 40-50 миң доллар тургандыктан, бизге башка өлкөлөрдүн жарандары да кайрылган учурлар болгон. Жеке практикамда он чакты гермафродит, 3 транссексуал бейтапка жыныстык операция жасагам.
Алтынай Тынышова
koom@super.kg