(Башы өткөн сандарда)
ххх
ххх
– Айка, чай коюп турчу, биз Айбектер болуп баратабыз,- Назик келе жатып Айсулууга чалды.
– Мейли.
Аз өтпөй Назик, Айбек, Азамат кирип келди.
– Кандай, Айка? Бүгүн могу курбуң “торт жегим келип жатат” деп кайра-кайра айтып жанды койбоду. Атайын алып келдим,- Айбек бут кийимин чечип жатып сүйлөдү.
– Ашканага дароо эле, торт менен чай ичебиз,- Назик буйрук бергендей сүйлөдү.
Баары жайланышып отуруп тамактанып жатканда Назик сырдуу жылмайып алып Азаматка сүйлөдү.
– Бербейсиңби жанагыны.
Азамат уялыңкы жылмайып койду.
– Бер да, атайын алып келгенден кийин,- Айбек да сөзгө аралашты. Айсулуу ыңгайсыз болуп кетти. Азамат унчукпай эле күлүп отурат.
– Эк, жоошсуң да такыр эле. Кыскасы, Айка, Азаматтын курткасынын чөнтөгүн барып карасаң.
– Эмнеге мен мунун чөнтөгүн карайм?!- Айсулуу жинденип кетти.
– Уф, эми карап койсоң барып. Азамат каршы эмес. Чыртылдап эле турасың тим эле,- Назик нааразы боло сүйлөдү. Айсулуу да кекеткенсип туруп барды да, Азаматтын чөнтөгүнөн алып чыкты. Күлгүн түстөгү төрт бурчтуу катуу кагаздагы бир нерсе...
– Бул эмне?- Айсулуу кызыга карады, анан көкүрөгү бошоп кетти. Кагаз кутуда назик күлгүн түстөгү быйтыйган, көпөлөк сымал байланган сызмасы бар бут кийим турган. Жаңы төрөлгөн ымыркайга чак келчүдөй кичинекей неме Айсулуунун көзүнө бир башкача көрүндү. Көзүнө чыга түшкөн жашты жашырмакчы болуп калп күлдү.
– Сонун го бул. Рахмат, Аза,- деди сыр бербей.
– Эч нерсе эмес.
– Э-эй, бул даана экен да,- Айбек каткырып сөздү улап кетти.
– Көчөдө баратсак эле токтоп калбадыбы. “Не болду?” десем, “тээтигини карачы” дейт. Мен орус кызды көрсөтүп жатабы деп коём. Тигини дейт. Көрсө, айнектен дүкөндүн ичиндеги алдагы кичинекей баланын бут кийимин көрүп калыптыр да. Оңбогондой акчага алып албадыбы, эмне кыласың десем, жымыйып эле күлөт...
– Менимче, жигит деген ушундай болушу керек. Азаматсың, Азамат!- Назик атайылап сүйлөдү. Мындан кийин алар бир топко чейин аркы-беркини сүйлөшүп отурушту. Акыры жигиттер кетер маал келди.
– Эртең келип, тамак жеп кеткиле! Аш басып коём,- эшиктен узап бараткан Азаматтын артынан сүйлөдү Айсулуу. Эмнегедир көңүлү көтөрүңкү боло түштү.
ххх
Кечээки маанайы бүгүн да кете электей. Ойлоп көрсө, көптөн бери суз жүрүптүр. Азыр болсо мурдунун учунан кыңылдап ырдап, ашканада жүрөт. Эшиктин коңгуроосу басылды...
Азамат экен.
– А тигилер кайда?
– Сен кире бер, азыр чыгабыз дешти. Короодо отурушат.
– Аа, кир анда.
Айсулуу Айбек менен Назик атайын кирбегенин дароо түшүндү. Бирок бул ирет ачууланган жок.
– Тигилер келгенче күтөлүбү же жей берелиби?- кыз ашканада өзүн ыңгайсыз сезип отуруп калган Азаматка кайрылды.
– Билбейм.
– Сен өзүң эле ушундай тартынчааксыңбы же мени көргөндө ушинте бересиңби?
– ...
– Назик мени сага эле тийип ал дейт. Сага тийсем өзүм менен өзүм эле сүйлөшүп калчудай окшойм.
– Жок эгер тийсең каалашыңча сүйлөп бермекмин. Мен көп эле сүйлөйм.
– Азамат, мен башкадан төрөйм да...
– Бирок ал менин балам болмок. Эгер тийсең?..- жигит үмүттүү көздөрү менен карап алыптыр. Айсулуу ойлонуп калды. Азаматтан мындай жооп күткөн эмес.
– Баары бир эл сөз кылат. Намысыңа тийишет...
– А биз эч кимге айтмак эмеспиз. Чын, Айсулуу, мен сени жакшы көрөм. Мен жакшы ата болгонго аракет кылмакмын. Балдарды да жакшы көрөм. Эжемдин кичүү уулун мен эле багып чоңойтком. Сени шаштырбайм. Бирок кайсы учур болбосун сага үйлөнгөнгө даярмын.
Кыз бир топко үндөбөй турду. Жакында төрөйт. Азаматка ишенсе болот.
– Сен менин атам менен сүйлөшүүң керек? Ал аябай катуу киши...- деди көздөрүн ала качкан Айсулуу. Жигиттин көздөрү жайнай түштү. Жүрөгү дүкүлдөйт.
– Ооба, сүйлөшөм,- деди ал элеп-желеп болуп.
ххх
Айтканындай эле Азамат Айсулуунун атасы менен сүйлөштү. Андан бир топко кечирим сурап, сөккөнүн да укту. Адегенде албууттанып, жинденген кыздын атасы дээрлик бир жумача Москвага барам, сазайыңды берем деп жатып, акыры араң жумшарды. Качан гана Айсулуунун атасы жоошугандан кийин апасына байланышып, үйлөнөрүн, жакында неберелүү болорун айтып кубантты.
ххх
– Азамат, сен биздикинде жашап турат окшойсуң. Айка бүгүн-эртең көз жарчудай...- Назик телефондон Азаматка кайрылды. Ал Айсулууга үйлөндү деген эле аты болбосо, Айбек экөө мурункудай эле башка жашап жатышкан. “Кош бойлуу кезинде кайра кыжалат кылбайын” деп ойлогон Азамат.
– Мейли, кечинде барам.
Бирок Азамат кечинде барганча эле Айсулууну "Тез жардам" менен алып кетишиптир. Ал келип эле шашкалактап кайра ооруканага жөнөдү. Назик айткан дарек менен эптеп таап барды.
Узун коридордо Назик ары-бери максатсыз басып жүрүптүр.
– Биз байкабай эле жүрө бериптирбиз. Толгоосу бышып калган экен да,- деди ал Азаматка актангандай. Дал ушул учурда санитар аял чыгып:
– Болотованын жакындарысыңарбы?- деп кыйкырды аларга.
– Ооба.
– Баланын атасы ким?
– Мен,- деди жигит кыргыз тилинде эле. “Жүрү, кир, сени чакырып жатат” деп санитар аял Азамат кирер-киргенче акушерге, санитарга акча бериш керек экенин саймедиреп барды. Жигит унчукпай гана алар сураган акчаны карматты.
– Эми кире бер,- деди кызылынан келген орус аял акчаны алып жатып.
Ымыркай апасынын көкүрөгүндө жатыптыр. Азамат кереметтүү бир нерсени көрчүдөй демин чыгарбай аларга жакындап барды. Көмкөрөсүнөн жаткан кызыл эт болгон чүрпө бетинин жарымын бырыштырып алып, апасынын төшүндө көздөрүн болор-болбос ачып бет маңдайын тиктеп жаткан экен. Аны көрөрү менен Азаматтын ичине жагымдуу жылуулук толуп чыкты. Жүрөгү жай согуп калгандай, дүк-дүк эткени угулуп жаткандай болду. Ал мындай сулуулукту эзели көрбөптүр. Көздөрүн тостойтуп алып, таң калгандай карап жатты. Ичке манжалар, манжалардагы күлгүн түстөгү назик тырмактар, быйтыйган мурун, үлпүлдөгөн чач, бейкапардык, күнөөсүздүк, алсыздык жуурулушуп келип бир кереметтүү кичине кыздын кипкичине турпатын көрккө бөлөп салыптыр. Бул чынында керемет болчу.
– Бул...- Азаматтын үнү каргылданып, көзүнө жаш толо түштү
– Бул ушунчалык сулуу экен. Мен кантип ушуну жакшы көрбөй коёюн?
Андан ары сөз таба албай эзилип ымыркайды карап турду. Колуна алгысы келди. Бирок азыр өзүнүн орой, кара жумуштан туурулуп калган колдорун тийгизип жиберип, өзү көрүп суктанып бүтө албай жаткан кереметти бузуп аламбы деп коркуп кетти...
(Уландысы кийинки санда)