Тауекел Мусилим, Азамат Уланов: «ЭКӨӨБҮЗ АГА-ИНИДЕЙ БОЛУП КАЛДЫК»

Бул ирет SUPER. KG порталынын түз эфири адаттагыдан өзгөчө өттү. Сырттагы суукка, жолдун узактыгына карабай казак өлкөсүнүн атактуу мырзасы, актёр жана телеалпаруучу Тауекел Мусилим жана тапан тилдүү кыргыз актёру Азамат Уланов келишти. Тасма талаасы тааныштырган, табыштырган актёрлор ага-инидей экенин эфирден көрүп ичибиз жылып отурдук. «Апамды издеп» тасмасы менен океандын ары жагына чейин таанылган таланттардын маегинен урунттуу учурларын сунуштайбыз.

– Кош келипсиңер. Кандай жетип алдыңар Кыргыз жергесине?
Тауекел:
– Рахмат. Аман-эсен жетип алдык. Бирок 1 саатка кечигип калдык, кечирим сурайбыз.

– Экөөңөр ээрчишип жүрсөңөр бир туугандай болуп калат экенсиңер, мамилеңер түбөлүктүү болсун. Силер байма-бай жолугушуп турасыңарбы?
Т.:
– Ооба, Азамат Алматыга, мен Бишкекке келип экөөбүз бат-бат жолугушуп турабыз. Минтип сиздер түз эфирге чакырып жатасыздар, буюрса, бул жактан чыгып алып Караколго эс алууга барабыз.
Азамат: – Негизи Алматыга көп каттайм. Тауекел мага өзүмдүн бир тууган агамдай эле болуп калды.

– Байкеңиз кандай тарбия берип жатат?
А.:
– Тарбиялабайт деле (тамашалап). Албетте, тарбиялайт, ата-эненин таалиминдей эмес, аганын таалимин берет. "Бул жакка барбай эле кой, аны кылбай эле кой" деп түз жолду көрсөтүп турат.

– Силер роль жараткан «Апамды издеп» фильми америкалык көрөрмандарды кыргыз, казак көрөрмандарын ыйлаткандай ыйлата алдыбы?
А.:
– Ыйлатты го дейм. АКШда жашаган кыргыздар чындыгында эле ыйлашты. Башка улуттагыларды билбейм.
Т.: – Бул тасманы көргөн адам көзүнө жаш албай коюусу мүмкүн эмес. Ата-энесинин тарбиясын көргөн адам сөзсүз ыйлайт. «Апамды издеп» тасмасы социалдык тармактардын бирине жүктөлүп көрөрмандардын жогорку кароосуна ээ болду. Тасманы көргөндөр «көрүп алып ыйладым, апамды эстеп алдым» деген комментарийлерин калтырышат. Демек, ыйлата алды деп ойлойм. Жүрөгү бар адам ыйлайт.

– Кайсы сапатыңар апаңардыкына окшош?
Т.:
– Мен Азаматтын апасын билем, аябай күчтүү аял. Ал киши менен жай мезгилинде Ысык-Көлгө барганда таанышып калгам. Тамак жасап берип, мээримин төккөн. Ата-энесине карап Азаматтын кандай экенин билсе болот. Ал эми менин ата-энем кичине кезимде эле ажырашып кетишкен. Бизди апам тарбиялап, чоңойтту. Биз үчүн 24 саат иштеп, бар күчүн жумшады. Көп сапаттарым окшош.
А.: – Мен эмне деп айтмак элем? Апам сулуу, аны сүйөм. Апама менин басканым эле окшош. Калганы атамдын эле көчүрмөсү.

– Алдыда силерди дагы бир долбоордон, кинолордон көрө алабызбы? Пландарыңар тууралуу айтып берсеңер?
А.:
– Менин азырынча тасмага тартылуу тууралуу оюм жок. Режиссёр Руслан Акун жаңы долбоордун, «Көк бөрү» тасмасын тартуунун үстүндө иштеп жатыптыр. Балким, Тауекел экөөбүз ошол тасмада роль жаратып калышыбыз мүмкүн. Азырынча ал маселе чечиле элек.
Т.: – Жакында эле бир фильмге тартылдым, азыр бошмун. Бош убакытты эс алууга, саякатка жумшап жатам. Менде деле башка ойлор жок.

– Тауекел мырза, АКШга кетейин деген ниетиңиз бардыгын казак ММКларына берген маегиңизде айткансыз. Сунуштар түштү беле? Ал жактан кино тармагында карьера жасайын дейсизби? Чет элдик компаниялардын жүзү болууга аракет кылып жатасызбы?
Т.:
- Ооба, ниетим бар. АКШга барып актёрдук чеберчилик боюнча сабак алсамбы деп жатам. Ал эми тасмага тартыламбы, жокпу аны убакыт көрсөтөт. Албетте, ошол жакта карьера жасоо тууралуу оюм бар.

– Азамат, мектепти аяктагандан кийин кайсы кесипти аркалайын деп турасың?
А.: – Мектепти аяктасам актёрдук кесип боюнча билим албайм. Мага кереги деле жок деп ойлойм, талант бар да. Буюрса, бизнести башкаруу адистиги боюнча сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, бизнес кылайын деп турам же режиссура боюнча билим алам, мунун үстүндө ойлонуп жатам.

– Менин суроом Тауекел мырзага, сиздин атактуулугуңуз, сулуулугуңуз үй-бүлө курууга жолтоо болуп жатабы?
Т.:
– Жок, таасирин тийгизбейт. Болгону өзүм үй-бүлө кургум келбейт. Анткени бош убактым болуп калса эле эл аралап, жер кыдыргым келет. Ал эми үй-бүлөнү бирөөгө ашык болгондо курам.

– Эч кимге ашык боло элексизби? Жүрөгүңүз бошпу?
Т.:
– Жок, ашык боло элекмин. Азырынча жүрөк бош.

– Азаматтын жүрөгү бош бекен?
А.:
– Меники бош, ар дайым бош.

– Азамат, сени менен биринчи жолу таанышкан адам сенден тамашаларды күтөбү?
А.:
– Мен адамдар менен таанышканда башкачамын. Ачылып сүйлөй албайм, тамаша да айтпайм. Бир гана досторумдун арасында шайырмын.

– Тасма талаасындагы таанышууңар эсиңердеби?
А.:
– Такеш (ред.: Тауекел Мусилим) агам менен Алматыдан таанышканбыз. Кино жаратуучулар актёрдук чеберчилигимди жогорулатуу, Такеш агам менен репетиция кылуу үчүн Казакстанга 10 күнгө жиберишкен. Бара жатканда "жылдыз" оорусу менен ооруган киши мени теңине албаса керек деп ойлогом. Анын үстүнө баары эле «кыздардын жүрөгүн жеген жылдыз» дешкен да. Анан эмне болгон киши деп койгом. Баргандан кийин репетиция кылып акырындан жүрөгү таза, жакшы адам экенин билдим. 10 күндүн ичинде ар кайсы жерлерге алып барды. Тасмага тартуу иштери башталганда бири-бирибизге жакын болуп, азыр агам болуп калды.

– Сиз Азамат тууралуу эмне дейсиз?
Т.:
– Азаматты интернеттен кыздарга тийишкен роликтен көрүп харизмасы күчтүү, таланттуу экенине көзүм жеткен. Анда азыркыдан да кичинекей болчу. Биринчи жолукканыбызда мүнөзү ачык, ичинде чоң күч бар экенин билдим. Дайыма элди күлдүрүп, пародия жаратып жүрөт. «Апамды издеп» тасмасын Лос-Анжелес шаарында тартып, ишибиз бүткөндө кетейин деп жыйналып жатсак Азамат баарыбызды туурап боорубузду эзген. КВНде ойноп Москва, Алматыга барып жүргөнүнүн өзү чоң жетишкендик.

– Саламатсыңарбы? Тауекел, сен бир интервьюңда «ашыгымды жоготуп алдым» дегенсиң. Эгер ошол убакытка барууга мүмкүн болсо эмнени өзгөртмөксүң?
Т.:
– Өткөн ишти кайрып келе албайсың. Бирок мүмкүн болсо кетирген катамды оңдоп, үй-бүлө куруп калмакмын. Эми өткөн ишке өкүнгөнгө болбойт.
– Таукел мырза, кыздардын кайсы сапатын баалайсыз жана болочок жубайыңызды кандай элестетесиз?
Т.:
– Юморду түшүнгөн тамашакөй кыздар жагат. Ал эми бол
– Тауекел мырза, кыздардын кайсы сапатын баалайсыз очок жубайым кандай болот билбейм. Албетте, окуган, тарбиясы жакшы кыз болушу керек. Ал эми калган сапаттарын айтпай турайын, болбосо кыздар таарынып калат.

– Азамат, сага кандай кыздар жагат?
А.: – Мага боло берет, узун-кыска, толук же арык. Эң башкысы, ички дүйнөсү таза болсо болду. Тийишкен кыздар көп. Бирок деген нерсеси бар да. Бардыгынын жашы 12де, кичинекей кыздар жазышат.

– Азамат, Тауекел агаң менен Мальдив аралындагы эс алууңар алгачкысы болсо керек. Дагы кайсы өлкөлөргө чогуу баргансыңар? Негизи эле эс алууга убакытты, каражатты кантип табасыңар?
А.:
– Тауекел менен биринчи жолу Мальдив аралына барып келдим. Андан бери башка жакка чогуу бара элекпиз. Швейцарияга барып келели деген оюбуз бар. Менде дайыма убакыт бар, ата-энем уруксат берет, мектептен дагы уруксат беришет. Ал эми каражатты Казакстандагы жетекчилер чечет.
Т.: – Азаматтын жарнамалык роликтерге тартылып, жардам көрсөткөндүгү үчүн «Кинопарк» компаниясынын жетекчиси Мальдив аралына алып барган. Эс алуубуз керемет болду. Буюрса, Швейцария, Японияга баралы деген оюбуз бар. Мен ойлойм, саякаттын баары алдыда.

– Социалдык тармактардагы баракчаларыңар силерге кошумча каражат алып келеби? Стабилдүү каражат булагы боло алабы, мисалы, Инстаграмдагы баракчаңар?
А.:
– Ооба, бир аз, бир аз кошумча каражат алып келет.
Т.: – Каражат табуу үчүн жакшы булак. Бирок канча каражат табарымды айтпай эле коёюн. Жарнамалап бер дегендер аябай көп. Арасында чоң байгелерди утуш кылгандар болот. Бир жолу утушту жарнама кыла коём деп катуу өкүнүп калгам. Анткени ал жарнама жалган болуп, убада кылган байгелерин тартуулабай койгон. Азыр ошол нерселерден кооптонуп калгам. Социалдык тармактагы баракчалардан каражат табуунун да ушундай кемчиликтери болот .

– Актёрдук кесипти өзүңөр үчүн олуттуу кесип деп эсептейсиңерби?
Т.:
– Мен үчүн олуттуу эле кесип. Анткени адистигим боюнча машина куруучумун. Бирок кеңседе отуруп иштегенимди такыр элестете албайм. Мен эл көрүп, саякаттаганды жактырам. Актёрдук кесибим бул каалоомо жол ачып берип жатат.
А.: – Мен үчүн хобби.

– Тауекел, микрофон кармап ырдап да жүрдүң эле. Репертуарыңды жаңы ырлар менен толуктайын деген пландарың барбы?
Т.:
– 2 жылдай болуп калды ыр жаздырбай, клип тарттырбай калдым. Учурда актёрдук менен алекмин жана телеканалдарда алпаруучу болуп жүрөм. Ырчылыкты улантуу үчүн убакыт, даярдык керек. Ошондуктан вокалдан сабак алып жатам. 5-10 жылдан кийин ыр жаздырып калышым мүмкүн. Бирок өзүм үчүн.

– Тауекел, сен бир нече элдин маданиятын, жаратылышын көрдүң. Кайсы өлкө эмнеси менен сени арбап алды?
Т.:
– Ар бир элдин өзүнүн өзгөчөлүгү бар. Кыргыз өлкөсүн айтсам, көп нерсебиз окшош, чектеш жайгашкан мамлекетпиз. Мисалы, Индияга барганда кишинин саны көп болгону менен, калкы кедей жашаганына күбө болдум. Ошондой жашоону көргөндө ичерге тамагым, киерге кийимим бар деп шүгүр кылып калат экенсиң. Ал эми АКШ бардык өлкөдөн 10-15 жыл алдыда келе жатат. Ал жактан көп нерсени үйрөнсө болот. Ошондон улам АКШга басым жасап жатам.

– Спорттун кайсы түрү менен машыгасыңар?
Т.:
– Спорттун көп түрү менен алектенем. Казак артисттеринен куралган футбол командасында ойнойм. Өткөн жылы Москва шаарына мелдешке барып 16 команданын ичинен чемпион болуп келдик. Тажрыйбалуу эле оюнчумун десем болот. Кичине кезимде футболчу болом деген тилегим толук орундалбаса да жарым-жартылай ишке ашты. Мындан тышкары кышында сноуборд, лыжа тебем. Теннис ойнойм, фитнес менен алектенем.
А.: – Мен үчүн футбол жана да футбол.
Т.: –Бул виртуалдык да, чыныгы футбол да ойногондон тажабайт (күлүп).

– Тасма талаасындагы Тауекел, алпаруучу Тауекел, жарнамалык роликтеги Тауекел. Сага булардын кайсынысы жакын?
Т.:
– Жарнама болобу, тасма болобу айырмасы жок, баары бирдей. Анткени мунун баары эмгек.

– Азамат, сен чын эле кинодогудай акылдуусуңбу?
А.:
– Анча деле акылдуу эмесмин. Тасмадагыдай акылдуу болуш кыйын. Көпчүлүгү тасмадагыдай эсеп чыгара аласыңбы, «мынчага мынчаны кошсоң канча?» дешип тамашалай беришет. «5ке» окуйм. Бирок тасмадагыдай акылдуу эмесмин.

"Апамды издеп" тасмасынан.
"Маекке чакырганыңыздарга ыраазычылык билдиребиз. Окурмандарыңар көбөйө берсин".


Бактыгүл Момбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Азамат Уланов: "Тауекел бир тууган агамдай эле болуп калды"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
Aikan1966
2018-01-30 11:43:55
Ийгилик жарата беришинерди каалайбыз.Азаматсынар.
+2
Eli.91
2018-01-30 12:04:54
Кинолору аябай соонун чыгыптыр,мага жакты,кинодон коруп эле Тауекелди ото жонокой Адам экенин билгем,соонун интервью болуптур,ар дайым бирге ынтымакта журо бергиле?омурунорду Кудайым узуун кылган болсун,бактылуу болгула,Исламкой жана да жонокой болуп журо бергиле?бирок бир нерсени да унутбагыла?Баарыбыз Аллахка кайтуучуларданбыз,ошондой экен тиги дуйнонуда унутбагыла?тиги жакта жашоо учунда кичине болсода кам коруп койсонор жакшы болмок?анткени биз Пайгамбарыбыз Мухаммад С.А.В.дин уммотубуз.
+7
Nur96fat0000
2018-01-30 16:09:04
Азаматтар
+1
belka
2018-01-30 16:12:35
Мынчалык ашыкча сулуу адамдар кайдан жаралат...
+8
Janum84
2018-01-30 19:02:51
belka, кудай жаратат,кудайдан башка жаратуучу бар бекен эмне?.
+11
Nazi_92
2018-01-30 19:30:54
Апамды издеп фильми чыкканбы кайдан корсо болот?
+3
admin_media
2018-01-31 12:30:47
Nazi_92,
Саламатсызбы! Жакында порталыбыздын Кинозал бөлүмүнө жүктөлөт.
+2
jumka0505
2018-01-30 22:07:38
Ииий Жаным десе , кечээ брат или брак киносун коруп алып , ушуну эле карап отургум келди , ой суйдумго ичимен. Сулуулукту , акылды да ченебей бериптир го бул жигитке . Ушундай бою узуун , сулуу , акылдуу жигитке тийбесем да ушундай уул торогум бар - озумдун куйоомдон эле. Экоонор биригип бир кино тартсанар соонун болмок. Симпатяки
+8
Asyl10
2018-02-05 15:38:39
jumka0505, Туура айтасын Таукел донор болсо, миллиондогон кыздар торомок ага окшош баланы
0
Nazaraliva9595
2018-01-31 00:20:50
Ишиңерге ийгилик. Мага аябай жактыңар
+2
Ne.vajno
2018-01-31 04:44:46
Красавчик экен . Азаматка ийгилик молодец.
+1
Erlan_92
2018-01-31 10:05:13
Бул бала эч чонойбодуго 5 6 класста баладай корунот
+4
Daniyar02
2018-02-01 08:19:55
Аза красава
+2
TAYNAYA
2018-02-02 18:11:00
Мына красавчикти корсом эле бактылуу боло беремго)))
+3
TAYNAYA
2018-02-02 18:12:00
Сумеркидеги Эдвардка окшоп кетет экен ))
+1
salman-dastan
2018-02-03 11:09:59
Азаматчик))) 18ге чыгып калыптырсын,мынча кичинекейсин?)))
ушундай кичинекей,эркетай болуп эле журоберчи.дагы коп коп ийгиликти багындыра бер.сен менен сыймыктанабыз.
+1
nurhan2702
2018-02-04 19:56:16
Ийгилик каалайм экоонорго. Тилеген максаттарынарга жеткиле. Тауекелди 2014 - жылы казакча сериалдан коруп жактыргам
0
Asyl10
2018-02-05 15:36:03
Таукелдин улыбкасы эле жыгытат го адамды :-)Керемет, Керемет адам
0
№ 795, 26-январь -1-февраль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан