МЫРЗАЛАРГА ШПАРГАЛКА: ТӨШӨК ОЮНУНДАГЫ 7 «ТОЛКУНДУ» КАРМА

«Эске алыңыз, айымдар эч убакта маанайы жок жүрүшпөйт. Болгону мырзалар алардын маанайын кантип көтөрүүнү, төшөк «толкунун» кармоону билишпейт» деген америкалык сексолог жана үй-бүлөлүк психотерапевт Лори Уотсон өз изилдөөлөрүнө таянып мырзаларга бир нече кеңеш берген. Таанышып коюңуз, ашыкча болбойт.

1. ТӨШӨК ОЮНУНА ЧЕЙИНКИ КЫРДААЛДЫ ЖӨНГӨ САЛЫҢЫЗ.
Эркектерге ырахат тартуулоо кыйын эмес, алар үчүн жакшы төшөк оюну жетиштүү. Ал эми аялдарга ырахат тартуулоодо көп нюанстар бар, алардын каалоосу мамилеге, кырдаалга жараша болот. Баам салып көрсөңүз, чындыгында жылуу мамиле жасаган, көңүл бурган мырзалар аялзатына жагары талашсыз. Сиздин «кана, болбойсуңбу, даярсыңбы?» деп талап коё сүйлөгөнүңүз, орой мамилеңиз анын маанайын ого бетер түшүрөт. Андыктан чарчаган, көңүлү суз өнөктөшүңүздү дароо төшөккө чакырбай, алгач маанайын көтөрүүнү колго алыңыз. Мындай учурда шам жагып, шарап ачып өтө романтик болуунун да кереги жок. Болгону жылуу мамиле, көңүл буруу жетиштүү. Мисалы, ысык чай демдеп бериңиз же болбосо ал душка түшсө сүлгүсүн, халатын камдасаңыз болот.

2. АЛГАЧКЫ КАДАМДЫ ТАШТООДОН ТАРТЫНБАҢЫЗ. «Аялым унчукпайт го, мени менен болууну каалабай жатабы же башканы таап алган окшойт?» деп көпчүлүк мырзалар тынчсызданышат. Минтип жөнү жок тынчсыздануунун кереги жок. Айымдардын физиологиясы башкача экенин эске алыңыз. Алсак, эркек бир көз кысуудан, жеңил сылап-сыйпалоодон эле дүүлүксө, айымдар интимдик фантазиясын иштетүүгө, анын толкунуна түшүүгө убакыт талап кылышат. Эркек дүүлүгүп, анан өнөктөшүн өпкүлөп, сыйпалоого киришсе, айымдар, тескерисинче, өпкүлөп, эркелетүүдөн дүүлүгүшөт. Эгер аялыңыз сиздин жөнү жок тынчсызданганыңызды сезип калса анын интимдик каалоосу баштапкыдан да кечеңдейт же болбосо жоголуп кетиши мүмкүн. Андыктан өнөктөшүңүздүн муздактыгын өз эсебиңизге алып, төшөк оюнуна чакырууга кадам таштаңыз.

3. ШАШПАҢЫЗ. Көпчүлүк эркектер «төшөктө мага жаккан нерсе өнөктөшүмө да жагат» деп ойлоп, дароо интимдик зона тарапка кол салууга өтүшөт. Бирок бул кылганыңыз туура эмес. Муну сексолог мындайча түшүндүргөн: конокко барганда сиз дароо негизги тамакка кол салбайсыз, туурабы? Алгач нан, салаттардан жейсиз, чай, суусундук ичесиз дегендей. Төшөктө да ушул эрежени сактасаңыз туура болот. 2 жолу өөп, 1 жолу мамагыңды кармап өз ишине киришкен шашма эркектер, буга кошо чала-була чечилген ич кийимдер аялдардын кыжырын гана келтирбестен сексуалдык каалоосун жоготот. Ошондуктан кумарга батуу учурунда ашыкпай өзүңүздү токтоо кармап, алгач анын денесин изилдеп, бир сыйра «саякатка» чыгып келиңиз. Алкымынан, ийининен назик өпкүлөңүз, жамбаш, сооруларынан сылаңыз, бир топко чейин эркелетип, жагымдуу сөздөрүңүздү арнап, өпкүлөп "оюнга" даярдаңыз.

4. БИОРИТМДИ САКТАҢЫЗ. Төшөктө уятка калуу эркек үчүн өлүмгө тете. Кумарга батуу учурунда «өнөктөшүмдү чала өлгөн жылан абалында калтырбайын» деп эрекциясына өзгөчө ыклас коюшат. Кокусунан «марага» биринчи жетип келсеңиз «туура эмес кылдым» деп өзүңүздү күнөөлөбөңүз. Андан көрө «сенин сексуалдуулугуңдан улам "марага" жеттим" деп ыраазычылыгыңызды билдирип, өпкүлөп, анын да "марага" жетип келишине жардам көрсөтүңүз. Эгер "марага" чогуу жетүүнү кааласаңыздар кумар оюндарын ойноо, эркелетүү, өпкүлөө сунушталат.

5. ЭРОТИКАЛЫК ТАСМАЛАРГА ИШЕНБЕҢИЗ. Брюс Ли катышкан тасмаларды көрүп эле жүрөсүз. Чындыгында анын уруш ыкмалары укмуштуудай көрүнөт. Бирок чыныгы жашоодо аны дал өзүндөй кылып кайталоого мүмкүн эмес. Анын сыңарындай реалдуу жашоодогу төшөк оюну менен тасмадагыны салыштырууга болбойт. Анан да «биздики окшошпой жатат» деп капа болбоңуз. Эң жакшысы каалооңузга баш ийип, өз сезимдериңизге ишенип, техникаларды сактасаңыз кумардын туу чокусуна чыгарыңыз талашсыз.

6. ДАРОО УКТАП КАЛБАҢЫЗ. Төшөк оюнунан кийин дароо уктап калган эркектерди көпчүлүк айымдар жактырышпайт. Мындай учурда аял өзүн адам катары эмес, жөн гана кумар тартуулоочу объект катары эсептеп, кордолгондой абалда сезишет. Окумуштуулардын изилдөөлөрүндө жуптардын 82 пайызы кумардан кийинки эркелетүүдөн ырахат алышарын айтышкан. Андыктан 5 мүнөт убактыңызды өнөктөшүңүзгө бөлүп, назик сөздөрдү арнап, кучактап, ыраазычылык билдирүүнү унутпаңыз.

7. САГЫНЫЧ МАМИЛЕНИ БЕКЕМДЭЭРИН УНУТПАҢЫЗ. Окумуштуулар "өнөктөштөрдүн кечке чогуу жүрүүсү бири-биринен тажоого алып келет. Ал эми 2-3 күнгө, жумалап бири-биринен алыстоосу, тескерисинче, мамилени бекемдейт. Өнөктөшүн сагынган кезде аялда тестостерон гормону көбөйөт" дешет. Андыктан командировкалардын төшөк мамилесине пайдасы зор деп айтууга болот. Болгону алыста жүргөнүңүздө өнөктөшүңүзгө сүйүү каттарын жөнөтүүнү унутпаңыз.



ЭРОЖАҢЫЛЫКТАР

ЯПОНДОР РОБОТ-ӨНӨКТӨШ ЖАСАШТЫ
Кыргыздар 2-3 аял алууну талкууга алып жатышса, япониялык окумуштуулар жасалма интеллектке ээ жаңы эркек робот жасашкандыгын РЕН ТВ каналы жарыялады. Бул роботтун өзгөчөлүгү – ал адам кейпине окшош, колу кездеме сыяктуу материалдан жасалып, ийилчээк. Ал төшөктө өнөктөш болуп, кадимкидей өбүшөт, кучактайт, массаж жасоого жөндөмдүү. Төшөк оюну учурунда кадимкидей тердейт. Өнөктөшүнүн реакциясына карата жыныс мүчөсүнүн өлчөмүн өзгөртө алат. Жаратуучулар бул роботтун баасын 1700 АКШ долларына бааланары жана 2020-жылдан баштап мындай роботтор масштабдуу түрдө чыгарыла тургандыгын айтышат.

ЭРКЕК ҮЧҮН 45 ЖАШТАН КИЙИН КУМАРГА БАТУУ КООПТУУБУ?
Немис сексологдор ассоциациясы медицина кызматкерлери менен биргеликте «кайсы куракта төшөк оюну менен алектенүү кооптуу?» деген темада изилдөө жүргүзүштү. Аталган изилдөөгө 1000ден ашык адам катышкан. Жыйынтыгында изилдөөчүлөр эркектер үчүн 45, ал эми айымдар үчүн 47 жаштан кийин төшөк оюнунда кооптуу деген тыянак чыгарышкан. Алар муну эркек менен аялдын сексуалдык активдүүлүгүнө импотенциянын жана жүрөк-кан тамыр системинин иштеши таасир берерин жана төшөк оюнунда келтирилген күчтөн улам жүрөктүн кагышы жогорулаарын айтышкан.

ИДЕАЛДУУ КЫЗ ТАППАЙ РОБОТКО ҮЙЛӨНДҮ
Бишкек жана Ошту «Акылдуу шаарга» айландырууну максат кылган "Huawei" компаниясынын мурунку кызматкери, 31 жаштагы инженер Чжен Цзяцзя идеалдуу кыз таппагандыгынан улам өзү жасаган Ин Ин аталышындагы роботко 2017-жылы үйлөндү. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы жазып чыккан. Маалыматка караганда, инженер Ин Инди 2016-жылы жасаган. Анысы бир нече сөздү билет, тамгаларды, сандарды ажырата алат. Эки жаштын расмий түрдө катталгандыгы тууралуу маалымат жок, бирок үйлөнүү салтанаты болгондугун жакындары тастыкташкан. Ага робот-келинчек кара костюм-юбка, башына кызыл жоолук салынып келген. Цзяцзя үй жумуштарынын бир нечесин ага өткөрүп берүү максатында келинчегинин үстүнөн дагы иштээрин айткан.


Астра Айдарова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (83)
Umaraidai
2018-03-13 21:13:51
Бирди торосом да,кумарга баткан эмесмин,эмне экенин да билбеймин((((
+6
Dasi.001
2018-04-22 00:39:01
Umaraidai,аракет кылыш керек та жата бербей
+7
Baiaman997
2018-03-25 20:31:58
Супер инфо ,булжактыда унутпай,маалыматтарлан киргизип турунуздар,эробекетке
+5
admin_media
2018-03-26 09:35:25
Baiaman997,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
+4
omurbekkutibaev77
2018-03-26 22:48:33
Анда бизге да келип калат
+2
Kanybek121195
2018-03-28 13:51:26
Жок болуп кеттинерго көптөн бери көрүнбөй Супер инфо. Жазып тургула тез тезден
+4
Shabi
2018-05-17 02:53:19
Идеалдуу кыз таппай, озу идеалдуу робот кыз жазап алганы кызык экен
+2
Sabette
2018-06-01 12:43:28
Барып барып аялдар эркек робот эркектер аял робот жасап жашап калат окшойбуз шумдугуң кургур!!!
+3
lmurata
2018-06-20 16:13:46
Куйоомо ушундай нерселерди айткандан уялам.... Ал менден биринчи оз ишин бутуруп артын карап уктап калат((( бул тема менин оюмду билип койгондой...кантип куйоомо жеткирсем болот?!
+5
chyragym
2018-09-03 18:07:35
lmurata,Окутуп кой, ушул теманы, озу тушунуп калат
0
Fanatic
2018-06-22 13:38:01
Нээгизинен бут баарын туура эле жазыптыр бирок, бир нерсесине кошула албайм. Биз мисалы кундо жоолугушуп кундо чоогу журбосок башкача болуп кетебиз тажабайбыз кундо жолугабыз тажабайбыз на оборот мамилебиз кайра кучот коку бир кун жоолукбай калсак жоолукканга аракет кылып созсуз жолугабыз секс болбосо да жоон гана жолугуп бирбиризди ооп жыттап анан кетебиз.
+3
MegamozG_91
2018-08-02 14:33:03
Негизи туура жазылыптыр.вперед назад менен иш окшобойт экен.Ишке ашырып кордум.Тан аткандан эле мамилени жылуулап жумушта отуруп СМС жазып короче пахтаны дын кылып койуп,кечинде денесине саякаттап правила бузбай так аткардым маара биздики
+4
mazya9292
2018-12-17 08:53:31
админ дагы жаны эробекет жазгылачы
+2
admin_portal
2018-12-17 10:25:49
mazya9292, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
+2
usonabdulaev
2019-02-14 01:54:39
жакшы жазылыптыр
0
pero5184
2019-03-09 11:09:37
Ооба эркектер аялдарды эле күнөөлөй беришет да
+1
saidullaevajazgul
2019-03-21 12:44:21
Робот еле куйоо сатып алыш керек болуп калдыго.)))
+3
usonabdulaev
2019-07-09 11:03:01
жакшы
+1
d07
2020-04-01 12:19:09
Эркектерге конкурент чыга баштаптыр. Эми закон природы бузула баштады
0
№ 795, 26-январь -1-февраль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан