АМИР АСКАРОВ КАЙРАТ КЫРГЫЗДЫ СЫНДАДЫ

Ырчы, аранжировкачы Амир Аскаров дагы талкууга жем таштады. Бул ирет Кайрат Кыргыз деген псевдоним менен өзгөчө стилде чыккан эстрада ырчысы Кайрат Салмакеевди кескин сындап чыкты. «Ассалому алейкум, улуу-урматтуу Эл артисти Кайрат Кыргыз байке. Сиз мени орой сындаганым үчүн кечириңиз, бирок мен үчүн кыргыз деген сөз эркекчилик дегенди элестетет. Андай нерсени мен сиздин сахнадагы образыңыздан (балким, сахнадагы эле эмес) байкай алган жокмун. Сизди бүт өлкө карап турат. Мисалы, жаш балдар, өспүрүмдөр жана улуулар. Менимче, сиз элге чыныгы кыргыз баатырдын образын көрсөтүшүңүз керек же кыргыз атын булгабаганыңыз оң. Ата, ага, кала берсе, эркек катары ойлонуп көрүңүз.
P.S.: Сиздин Эл артисти экениңизди билген эмесмин!» деп жазды ал интернеттеги өздүк баракчасына. Анын бул билдирүүсүн жектегени да, колдогону да болуп жатат.
Эске салсак, Амир буга чейин Дайыр Исмадияровду да «үнү жок» деп сындаган болчу. Кайрат Кыргыз Инстаграм баракчасында өзү тууралуу «Кыргыз Республикасынын Эл артисти» деп жазган. "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисинин ээси Кайрат Салмакеев бул боюнча комментарий бере элек.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (81)
AKCAHAT
2018-02-01 09:40:11
Амир озу эле эркектин ишин жасап аткандай, немелердей эле ар кимдин артынан андып соз суйлоп журот. Элдин козунчо айткан ХХХХХХХХ))) Амир кыйын тын чыкма сен дагы ырчысынбы, Кайрат Кыргыз бир ыры мн хит болду сенчи? Амир деп ушактан улам атынле укпасак качан карасан соз мн тааныласын кыйын кыргыз болсон ишин мн онорун мн чыкчы, ХХХХ
+3
sabyr86
2018-02-01 12:07:57
Кайраттын үнү жакшы экен,бирок стили жаккан жок ХХХХХХХ ХХХХХХХ болбой озгортсун.Амир деген ким болсо чындыкты айтыптыр молодец.
0
admin_media
2018-02-01 12:18:05
sabyr86, кимдир бирөөнү мазактоого тыюу салынат! Эскертүү!
0
Zeuskg
2018-02-01 12:48:57
Туура еле сындаптыр башка ат таап алсын кыргыздан башка
+1
portugalia
2018-02-01 14:00:06
Туура эле сындаптыр молодец
+3
portugalia
2018-02-01 14:05:09
Менимче жакында эле пайда болдубу бул ырчы?Ыры менен эмес чачы менен таанылды окшойт
+1
Bak.taalai
2018-02-02 02:41:25
Туура Амирди колдойм сындашка оз ойун айтканга адам акылуу. Дайырды уну жок болсо айтты Кайраттын ХХХХХХХ айтты. Ага неге чычалашат кааласа Амирди деле сындай беришсин
-1
Shura87
2018-02-02 20:36:29
кыггызга бекеринен чыбык бербептир бирин к.... бирин чуку деп
+5
sherzatik
2018-02-03 02:31:03
Shura87,эң туура сөз
+1
92nuraaly
2018-02-03 01:35:46
Кайрат ыры жана стили менен ХХХХХХ,такыр жаккан жок мага да. Жакшына болуп телевизордон музыка угуп жатсан чыга калат, ХХХХХ. Чон эле киши экен Кайрат ХХХХХ деп чыкса болгудай.
0
sherzatik
2018-02-03 02:43:17
Кыргыз деп кимиң эмне кылып койдуң?келжиреп сүйлөй бересиңерби.Бүткөн ишке сынчы көп болбогула.Амирдин кандай наамы бар сиңирип койгудай. Кайратка аш салып берип атасыңарбы. Кыргыздын атын булгаган бөтөн жердеги кыргыз дөөпараздар маң курттар жана жогорку кеңештеги депутат сөөрөйлөр көзүңөргө көрүнбөй калдыбы?АШАнын кылыктары эсиңерден чыгып калдыбы?Казакстан менен россияга өтө чоң уят кылганы эсиңердеби?Кайрат жакпаса жаагыңды жап!сенин оозуңдан нан талашып жатабы?ал да сендей кудайдын пендеси!
0
milashka.98
2018-02-03 10:11:38
Кайрат кыргыз алга
+2
Asylbek2802
2018-02-03 17:20:15
Эмкисинде дагы башкача чыкпаса болгону
0
Deniza88
2018-02-04 01:57:58
Амир красавчик
-1
surgeon777
2018-02-04 14:05:41
Кайрат Кыргыздын уну керемет,озу да жакшы адам экени жузунон корунуп турат.
Амир деген ким озу,мисалы мен тааныбайм,жашынып алып тээ кырдан бироолорго эле сын айтканын коробуз,сен негатив болсон Кайрат позитив тартуулап журот.Эркек болсон ар бир ырчынын бетине барып айт эркекче,артынан чукулабай,за счет других не пиарься досум и вообще не парься,алар оз иштерин кылып журот в отличие от некоторых "фунчез" мисалы сендейлерден...
+2
Kominam
2018-02-05 15:01:53
Тим эле - тарды баспай Кайраттай болуп алгылачы!
+1
xperia_kg
2018-02-06 00:56:57
Туура эле айтат, каалагандай журсун болгону Кыргыз дегендин ордуна башканы коюп алса. же КЫРГЫЗ-деген созго татыктуу болуш керек кыйшаландабай!
0
№ 795, 26-январь -1-февраль, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан