(Башы өткөн сандарда)
Айсулууну үйгө чыгарып келишти. Ымыркайды апасы жана Назик гана көтөрүп жатат. Айбек менен Азамат моюндарын созуп улам карап коюшат. Бирок Азамат дилинде кызды ушунчалык колуна алгысы келип жатты. Ошол мүнөттү күткөнү күткөн.
Назик баланы алып отурган. Азаматтын аны телмирип тиктеп жатканын көрүп жылмайып койду.
– Ме, аласыңбы?- деди анан Азаматты чакырып.
– Болобу?
– Сен мунун атасысың да.
Шап эте ордунан тура калып, жакындап келди да, ымыркайды өтө аярлык менен алды. Жигит Назикке караганда эптүү кармайт экен. Бул дароо байкалды. Бадырайган эки алаканына ымыркайды ыңгайлуу кылып жайгаштырды. Кыз ойгоо болчу. Азаматтын колуна келгенде кичинекей болгон оозун ачып эстеп койду. Дүк-дүк... Наристени биринчи көргөндө да Азаматтын жүрөгү ушинтип жай согуп калган. Дал ошондой абал. Көкүрөгү улам бошоп баратат. Ыйлап жибербеш керек. Бирок көкүрөктө пайда болгон кандайдыр белгисиз сезим тоголоктошуп келип бир дем болуп тамагына буулуп туруп калды. Эриндерин бекем кымтып алкымына келген ал демди чыгарбаганга аракеттенип жатты. Аны чыгарса эле ыйлап жиберчүдөй. Канчалык өзүн кармаганы менен, баары бир көзүнө жаш толуп анысы уялтып жүзүнөн ылдый агып кетти. Башка учур болсо жашын аарчып жибермек. Азыр колунда ымыркай турат. Ал баарынан кымбат. Азаматтын уялткан, намыстанткан, арданткан сезимдеринен алда канча бийик турат. Жигит муну дароо эле түшүндү. Жашын аарчыган жок.
– Апей, атасы кантет?- Назик күлүп жиберди.
– Көзүм ачышып кетти,- Азамат актангандай көздөрүн ирмегилеп койду. Анткен сайын тып-тып этип жаш кулайт.
– Оо-уу, бул атасынын эле кызы болот окшойт. Сенден сонун ата чыгат, буюрса,- Назик өзүнчө ыраазы болуп койду. Ашканада булардын сүйлөшүүсүн Айсулуу угуп жаткан. Ал да кубангандай жылмайып койду. Азаматтын чүрпөгө болгон сүйүүсүн ал дароо эле байкаган. Ага чын дилинен ыраазы болгон.
ххх
ххх
Азаматты Айназик заматта өзгөртүп салды. Мурда анын көздөрү белгисиздикти эле тиктеп тургандай боштукка толо болсо, азыр жигиттин көздөрүндө бакыт мелт-калт болуп толуп турат. Ууртунда дайыма жылмаюу. Эртели кеч кызды колуна алып, терметип уктаткандан эч тажабайт. 1 ай өткөн соң ымыркай да көзгө толумдуу боло түштү. Азамат улам анын моюнунан кере-кере жыттап, жытына тойбогон соң бекем-бекем кучактап жибергиси келет. Ал дегеле бир дагы адамды мынчалык жакшы көргөн эмес. Айсулуу кээде Азаматты карап таң калат.
«Бул чындап эле ушунча жакшы көрүп жатабы, бала мунуку эмес го?» дейт ага ички үнү. Бирок Азаматты көргөн киши анын ымыркайга болгон сүйүүсү чексиз экенин дароо эле байкамак. Анын сүйүүсүнө ишенбей коюу мүмкүн эмес эле. Бул болушунча ачык көрүнгөн, жасалмалуулугу жок, таптаза сүйүү болчу.
ххх
– Чоң апага барасыңбы, ыя? Барасыңбы, барасың, ээ? Ал сени ушундай күтүп жатат. Ии, сага жылуу кийим түйүп коюптур. Жүн байпак дагы. Сени эле күтүп жатат. Барасыңбы, качан кетели? Эртең кетелиби же бүгүн кетелиби? Кебетеңден сенин, кебетеңден. Кимдин кызысың, айтчы, кимдин кызысың? Бүркөбөчү эми кабагыңды, койчу ай, коркуп кеттим,- Азамат Айназикти колуна алып, ага карап сүйлөнүп, эркелетип жатты. Кыз болсо кичинекей билинер-билинбес болуп турган каштарын жыйрып кабагын түйүп алган. Анын көз карашы керемет эле...
– Айылга кетелиби?- Айсулуу олуттуу карады. Ал жанатан сөздөрдү угуп ойлоно түштү.
– Ооба, таята, таенеси көрсүн, чоң апасы көрсүн. Макул болсоң 15терине билет алалы.
– Барбай эле койсокчу?
– Барыш керек, жаз келе жатат, айылда уйлар тууйт. Кызым айран, сүт ичет, тай минет. Ээ, дыгы-дык, дыгы-дык деп тай минесиңби?- кайра кызын эркелетип кирди.
– Кайра келебизби?
– Жок, келбейбиз. Айназиктин айылда чоңойгону жакшы. Кыргыздар менен, атасынын үйүндө чоңойгону жакшы да...
Айсулуу үндөбөй калды. Макул болбогонго аргасы жок эле.
ххх
– Эми жакшы баргыла,- Назик ыйлап жиберчүдөй сүйлөдү. Ал Айбек экөө Айсулуу менен Азаматты аэропортко узатып келишкен.
– Силерге рахмат! Жоголуп кетпей байланышып тургула.
– Сөзсүз да,- коштошуп жатышты. Бир убакта Назик Айсулууну билегинен тартып, жигиттерден оолактады:
– Мен азыр сага чоң энедей туюлушум мүмкүн. Бирок сага айтарым, Азаматты таарынтпа, ал чынында ушундай мыкты адам экен. Баркына жет. Сенин бир аз кыялың чарт-чурт болуп турат, сабырдуу бол. Кызыңа өз атасы да Азаматтай ата болуп бере албайт. Кайнененин колуна баратасың, чыдап жаша...
– Сен чын эле чоң энемдей сүйлөдүң.
– Айка, уктуңбу айткандарымды. Жакшы келин болгонго аракет кыл. Мындай жигитти таппайсың.
– Ой, болуптур, уктум,- Айсулуу курбусунун жүзүнөн өөп коштошту.
ххх
Учак Бишкекке түш оой келип конду.
– Биз дароо эле айылга кетебиз. Бишкекте туугандар деле жок. Анын үстүнө апам да күтүп жатат.
– Бир аз эс алып алсак болмок.
– Айылга заматта эле барабыз, ашып кетсе 5 сааттык жол.
– Тамактанып алалыбы жок дегенде.
– Ооба, тамактанабыз.
Айсулуу таарынган кишидей кабак бүркөп калды. Эмнеге экенин өзү да түшүнбөйт. Бирок жинденип жатты. Аңгыча Азамат ары жактан унаа айдатып келди. Айдоочу менен айылга чейин жеткире турган болуп сүйлөшүптүр. Айсулуу унаага отуруп жатып, оор үшкүрүнүп алды. Терезеден сыртты тиктеди. Чочуп кетти. Бет маңдайында Тимур бир жигит менен сүйлөшүп өздөрүнчө кобурашып баратышыптыр. Жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй лакылдап согуп баштады. Ошолбу, жок, ал эмес экен. Жөн гана окшош тура. Көп ойлогонго ошентип окшош көрүнүп кетти окшойт да. Ооба, сыртынан эч билгизбегени менен, Айсулуу баары бир Тимурду күтүп жүрөт.
"Ал билбей жүрөт да. Балким, кызын көрсө жибип кетмек. Кайтып кел деп ыйлап да жибермектир" деп ойлонуп коёт. Бирок бул ойлорун башка ойлору жеңет.
"Койчу талаага таштап туруп кетип калды го. Чоочун эле адам жардам кылды, өз кызындай кабыл алды. Менин кызым деп жоопкерчилигин алып, үй-бүлө кылды. Жакшылыкты да билиш керек. Азамат менен жашашым керек. Ал болбогондо..."
(Уландысы кийинки санда)