Айчүрөк Иманалиева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «АЛА ЖИПТИ АТТАП ЖОЛДОШУМДУН БАШЫН ЫЛДЫЙ КЫЛБАДЫМ»

Бир жылдары роза гүлүнө, тоо булагына суктанган Айчүрөк Иманалиева «сахнада 30 жылдай жүрүп, ак эмгек, маңдай терим менен бизнес ачканыма аз эле болду» дейт. Кыргыз эстрадасынын примадоннасы учурда сыркоолоп жүргөн убагы экен. Ырчы айым менен ал-абал сурашып, өткөн-кеткен тууралуу маектештик.

– Айчүрөк эже, куш келипсиз! 30 жылдан бери сахнада жүргөн ырчы катары айтсаңыз, сахнанын түйшүгү оңой эмес болсо керек, өзгөчө аял кишиге... Үй-бүлө очогун өчүрбөй чыгармачылык менен эриш-аркак алып кетүү кыйынбы?
– Албетте, эгер сен сахна адамы болсоң, эл көзүндө жүрсөң бул милдет эки эсе оорлошот. Таалай байкеңер менен баш кошконубузга 23 жылдын жүзү болду. Анын 18дей жылын гастролдо жүрүү менен өткөрдүк. Биздин убактагы ырчылар тынбай гастролго чыкчу экенбиз. Кышында суук клубдарга концерт коюп, айрым жерлерде мейманкана болбогондуктан, кыш экенине карабай автобуста кийимдерибизди жамынып түнөгөн учурларыбыз болду. Ал эми жайдын ысыгында элдин көптүгүнөн көл-шал болуп тердеп, денебиз кийимдерибизге жабышып, балдарыбыз көйнөк, ич кийимдерин сыгып кайра күнгө жайып кургаткан күндөрдү өткөрдүк. Менимче, биздин үй-бүлөбүздү ошондой сапардагы күндөр абдан бекемдеди окшойт.
Ар бир адамдын өзүнө таандык мүнөзү болот. Таалайдын да мүнөзү бар, меникине караганда ачуусу чукул, мүнөзү татаал десем жаңылышпайм. Аял катары, балдарынын атасынын жанындагы бактылуу күлкүсүн уккусу келген эне катары үй-бүлөлүк маселелерди эки кадам артка чегинип, жолду жолдошума бошотуп берүүгө эрким жетет. Үй-бүлөнүн бекем болушу аял кишиден көбүрөөк көз каранды деп ойлойм.

– Учурда көпчүлүк ырчылар эски ырларды ремейк кылып ырдап жүрүшөт. Ырларыңызды ырдайм десе жаш ырчыларга бересизби?
– Ооба, менин ырларымды көп эле жаш ырчылар ырдап жүрүшөт. Ырчынын ар бир ыры өзүнүн баласындай эле болуп калат. Эгер ал ыр сенин аткарууң менен хит болуп, элдин терең катмарына сиңсе ого бетер кастарлап турасың. Ошондон улам да ырчылар арасында ыр талашуу чыры кээде болуп турса керек. Мисалы, мен «Жар-жарды» 18 жыл мурун ырдап чыккам. Көп жакшылыктарда, тойлордо аткарып жүрүп билинбей эле үйлөнө турган түгөйлөрдүн гимнине айланып кетти. Азыркы учурда тапшырык берип, өзүмө гана таандык болчу «Жар-жар» жаздырдым.

– Жакында Роза Рымбаева менен да дуэт жаздыруу пландарым бар деп калдыңыз эле?
– Ооба, легендарлуу казак ырчысы Роза Рымбаева эже экөөбүз дуэт ырдайлы деп турган чагыбыз. Жаңы ырдын үстүнөн музыкант Рамис Алиев иштеп жатат. Буюрган күнү эки элдин эрке кызы күйөрмандарыбызга ыр майрам тартуулайбыз.

– Кеп нугун социалдык тармактарда сиз тууралуу айтылып жаткан пикирлерге бурсак. Көпчүлүк сизди Анжеликанын жолдошу менен араздашканына күнөөлөп жатканын байкасаңыз керек?
– Чынын айтсам, ал адам тууралуу айткым келбейт. Биздин үйдө анын атын атоого тыюу салынган. Анжелика менен апасынын жомогу дагы канча убакыт айтылат, ким билет? «Көп баскан аяк бок басат» дейт. Аркаларын жабыш үчүн менин атымды кошо ала жүргөндөрүнөн аябай чарчадым. Ким суудан кургак чыгып жатканын эл жакшы түшүнүп калды го дейм. Мен аларды унутканыма көп болгон. Мага, үй-бүлөмө тынчтык гана керек. Бул аялдын кичинекей өспүрүм күйөрмандары мени каргап социалдык тармактардан жазышат. Ак менен караны ажырата элек жаш өспүрүм кыздардын аң-сезимине терс таасири тийип жатканын, алардын да убалы бар экенин түшүнүшсө жакшы болмок. Мен ошол социалдык тармактардан жазган аккаунттарды жана Анжеликанын эл көрбөгөн сүрөттөрү кайсы IP-даректен жүктөлүп, таратылып жатканын таап берүүнү өтүнүп укук коргоо кызматкерлерине кайрылдым. Бүгүнбү, эртеңби же кийинки жылыбы, Кудай буюрган күнү ал адамдар табылчу күн да келет. Ал эми Анжеликага ал сүрөттөрдү жүктөгөн адамды табуу эмес, анын баарын мага оодаруу жеңилирээк окшойт. Кайсы ызы-чуулуу окуясы болбосун, жебени дайыма мен тарапка буруп коёт.
Өткөндө эле Урмат жалгыз үйгө келди, ооруп жатат элем, киргизе албадым. Коридордо жолдошум менен сүйлөшүп, кечирим сурап кетти. Мага да телефон чалып кечирим сурады. Мен үй-бүлөнүн барк-баасын, ыйыктыгын жакшы билем. Үй-бүлөнү бузуу шаарды бузган менен барабар деп коёт. Мен ушул маегим менен Анжелика темасына чекит коюп, биротоло жапкым келет. Баарын Кудайга гана койдум.

– Эл көзүндөгү кыздардын сулуулугуна кызыккан, көз арткан, сөз айткан мырзалар көп болот эмеспи. Ошондой азгырыктардан кантип өтүш керек деп ойлойсуз?
– Ооба, биз да жаш болуп жигит жандап көргөнбүз. Жаштык кездин өзү сулуулук, жаш кезде көз арткандар да, сөз айткандар да көп болот. Менимче, андай азгырыктарга арбалбай өтүп кетүү ар бир кыздын өзүнүн дээринен болот. Табиятың башка болсо, миң азгырык, миң башка нерсе болсун, кыз киши ага тартылбайт, өзүнүн жолун уланта берет. Менин Кудайга ыраазы болгонум, табиятымдан акча-байлыкка, бийликке сугалак болбогонум. Өз күчүмө гана ишенип, жолумдан жолуккан азгырыктарды ээрчибедим. Ар бир эле кыз бала бирөөнү сүйөт, бирөөдөн көңүлү калат, өткөөл куракта сүйүүлөргө жолугат, анан өмүрлүк жарын табат. Эстүү аял турмушка чыккандан кийин балдарынын келечегине кам көрөт. Бул жаатта менин жүзүм ачык. Ала жипти аттап жолдошумдун башын ылдый кылбадым. Жаштыгымды көңүл ачууга эмес, кыргыз байрагын чет мамлекеттерде көтөрүп, эл аралык сынактарга катышууга арнадым.

– Чет өлкөлөрдө өткөн сынак-фестивалдарда калыс катары катышып калчу элеңиз...
– Таланттуу жаш ырчыларыбыз менен Орусиядагы Абакан, Уфа, Санкт-Петербург шаарларында, Чехия жана башка мамлекеттерде өткөн эл аралык сынактарга катышып келип жүрөбүз. Мен бул нерсени өкмөт карайт, баалайт деп ойлоп жүрө бериптирмин. Көрсө, андай нерселер көмүскөдө калып кетет экен. 4 жылдын ичинде 8 эл аралык сынактан Гран-при жана 1-орундарды алып келиптирбиз. Бирок билинбей эле калды окшойт. Каражатты да өзүбүз таап, жаныбызды үрөп катышабыз. Биздин максат – чыныгы таланттуу жаштарды эл аралык деңгээлге алып чыгуу.

– Сиздин үй-бүлөңүздү каржылаганга жолдошуңуздун айлыгы жетеби?
– Жолдошум 4 жылдан бери маалымат агенттиктердин биринде иштейт. Бизде сенин тапканың, менин тапканым деп бөлүнүү жок. Ким канча таап жатканы деле билинбейт, анткени анын баары балдарыбыздын келечеги үчүн жумшалып жатпайбы. Бирибиз аз, бирибиз көп тапканда деле, көп тапканыбыз үстөмдүк кылып же аз тапканыбыз чүнчүп кеткен эмеспиз. Акча, байлык, бийлик колдун кири деп бекеринен айтылбаган чыгар, татынакай балдарың, сүйүктүү жолдошуң турганда ал өзү эле экинчи планга жылып кетет.

– Маегиңизге рахмат, ден соолукта болуңуз!

«Жашоонун маңызы балдарда, биз келечегибизди балдардан көрөбүз».
«Кызым Аэлита музыкалык мектепте билим алууда, каалоосу болсо ырчы катары таптайын деген оюм бар».


Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (108)
Ne.vajno
2018-02-07 12:33:01
Бул эже озун аябай эле мактап алыптыр го . Вообще жакпайт кийинуу стили жаш кыздарга тенелип мини юпка кийип алат. Корунушу эле ХХХХХХХХХХХХХХ. Анжелика болсо молодец сулуу аракетчил. экоонун тарыхын биз корбогондон кийин билбейбиз ар ким озунун куноосу учун алланын алдыда жооп береер кун келет.
-6
al79mi
2018-02-07 13:19:47
Не кылган менен кучтуу айым. Сыйлайм. Айчурок эже эстрада ырчыларынын башаты. Убагында далай концерти аншлаг менен отчу. Бар болунуз!
+5
pikooo93
2018-02-07 16:20:57
Айчурок эжени баалайм.Бирок Анжелика менен чырдашпай эле койсо болмок.Бул деген эми шоу бизнес
+1
gulum_78
2018-02-07 21:05:20
Ушу ырчынын уну деле акылы деле жок экен бироону каралашты эле билет.
-8
only_progress
2018-02-08 00:47:30
Анжеликанын арызы эмне болуптур?
+1
mela
2018-02-08 13:36:36
only_progress,Калп эле куйоосун ошентип коркутуп коюптур!!!
+5
Aitik
2018-02-11 07:53:56
mela,
+1
Aitik
2018-02-11 07:54:10
mela,
+1
Dina.janym
2018-02-08 13:58:00
Ё моё ана сага, Анжелика сен аман эле болчу чырагым..
+3
AKCAHAT
2018-02-08 15:51:40
Супер Инфо билебиз Анжелика жооп берет силер чыгарбай эле койгулачы. Тажатты уже булар.
+4
love.me.again
2018-02-09 00:27:50
Айчуроктун Азамат . Ушунча чыдап келди. Берки ХХХХХХХХ ХХХХ кылып коюп . Ушунчалык ХХХХХХХХХХХ Айчурок эже оорубаныз . Эл билет Ким кандай экенин
0
Nurperi95
2018-02-09 04:18:48
Ушул экоонун обу жоктугу пиары. Андан коро жакшы артисттерден интервью албайсыздарбы. Админ атактуу актриса Шайыр Касымалиевадан интервью алыныздарчы кинолорго тартылып чыкпай калдыго аябай жакшы аялго улгулуу баарына.
-1
qwert
2018-02-09 11:53:44
Анжелика ХХХХХХХХ ХХХХХХХХ эч убакта суу ичкен арыка тукурбош керек эле да.
+1
merim
2018-02-11 18:21:19
Анжеликанын тырмагына тен келе алышппай геморройлор ар нерсе кылып корду.Анжелика,сен астыдасын эч кыжаалат болбо!Зависть-хуже пистолета бир билип койгула!Анжел сага баары суктанышат,алаам болушат.Так что,всегда вперед!
0
merim
2018-02-11 18:24:12
Мына силерге деп Дубайга кетип калдыго.Эс алганы Молодец Анжелика!!)))
0
Toktakunova22
2018-02-12 09:40:50
Аябай аппак болуп интервью бериптирго, ала жипти аттанадыгы учун экинчи куйосу менен жашап жатат да биринчиси озунон канча жашка улуу экенин унутканго.
+2
Biinura
2018-02-12 10:20:19
Toktakunova22,мен да жазайын деп жаза албадым.
+1
HanTegin
2018-02-12 12:34:27
Toktakunova22,ал куйоосу менен ажырашкандан кийин коп жылдан кийин чыккан экинчи куйоого. Билбей айтпагыла
0
Toktakunova22
2018-02-12 09:59:59
Озунун богу менен тен кызга асылды да калды, между прочим это ее школа, она же воспитывала, вырастила. Акылы бар болсо унчукпай эле уйундо отурмак,
+2
Manaschik
2018-02-12 17:20:01
Туура айтас созунузго кошулам.
+1
№ 796, 2-8-февраль 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан