Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Айчүрөк Иманалиева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «АЛА ЖИПТИ АТТАП ЖОЛДОШУМДУН БАШЫН ЫЛДЫЙ КЫЛБАДЫМ»

№796 2-8-февраль 2018-жыл


Бир жылдары роза гүлүнө, тоо булагына суктанган Айчүрөк Иманалиева «сахнада 30 жылдай жүрүп, ак эмгек, маңдай терим менен бизнес ачканыма аз эле болду» дейт. Кыргыз эстрадасынын примадоннасы учурда сыркоолоп жүргөн убагы экен. Ырчы айым менен ал-абал сурашып, өткөн-кеткен тууралуу маектештик.

– Айчүрөк эже, куш келипсиз! 30 жылдан бери сахнада жүргөн ырчы катары айтсаңыз, сахнанын түйшүгү оңой эмес болсо керек, өзгөчө аял кишиге... Үй-бүлө очогун өчүрбөй чыгармачылык менен эриш-аркак алып кетүү кыйынбы?
– Албетте, эгер сен сахна адамы болсоң, эл көзүндө жүрсөң бул милдет эки эсе оорлошот. Таалай байкеңер менен баш кошконубузга 23 жылдын жүзү болду. Анын 18дей жылын гастролдо жүрүү менен өткөрдүк. Биздин убактагы ырчылар тынбай гастролго чыкчу экенбиз. Кышында суук клубдарга концерт коюп, айрым жерлерде мейманкана болбогондуктан, кыш экенине карабай автобуста кийимдерибизди жамынып түнөгөн учурларыбыз болду. Ал эми жайдын ысыгында элдин көптүгүнөн көл-шал болуп тердеп, денебиз кийимдерибизге жабышып, балдарыбыз көйнөк, ич кийимдерин сыгып кайра күнгө жайып кургаткан күндөрдү өткөрдүк. Менимче, биздин үй-бүлөбүздү ошондой сапардагы күндөр абдан бекемдеди окшойт.
Ар бир адамдын өзүнө таандык мүнөзү болот. Таалайдын да мүнөзү бар, меникине караганда ачуусу чукул, мүнөзү татаал десем жаңылышпайм. Аял катары, балдарынын атасынын жанындагы бактылуу күлкүсүн уккусу келген эне катары үй-бүлөлүк маселелерди эки кадам артка чегинип, жолду жолдошума бошотуп берүүгө эрким жетет. Үй-бүлөнүн бекем болушу аял кишиден көбүрөөк көз каранды деп ойлойм.

– Учурда көпчүлүк ырчылар эски ырларды ремейк кылып ырдап жүрүшөт. Ырларыңызды ырдайм десе жаш ырчыларга бересизби?
– Ооба, менин ырларымды көп эле жаш ырчылар ырдап жүрүшөт. Ырчынын ар бир ыры өзүнүн баласындай эле болуп калат. Эгер ал ыр сенин аткарууң менен хит болуп, элдин терең катмарына сиңсе ого бетер кастарлап турасың. Ошондон улам да ырчылар арасында ыр талашуу чыры кээде болуп турса керек. Мисалы, мен «Жар-жарды» 18 жыл мурун ырдап чыккам. Көп жакшылыктарда, тойлордо аткарып жүрүп билинбей эле үйлөнө турган түгөйлөрдүн гимнине айланып кетти. Азыркы учурда тапшырык берип, өзүмө гана таандык болчу «Жар-жар» жаздырдым.

– Жакында Роза Рымбаева менен да дуэт жаздыруу пландарым бар деп калдыңыз эле?
– Ооба, легендарлуу казак ырчысы Роза Рымбаева эже экөөбүз дуэт ырдайлы деп турган чагыбыз. Жаңы ырдын үстүнөн музыкант Рамис Алиев иштеп жатат. Буюрган күнү эки элдин эрке кызы күйөрмандарыбызга ыр майрам тартуулайбыз.

– Кеп нугун социалдык тармактарда сиз тууралуу айтылып жаткан пикирлерге бурсак. Көпчүлүк сизди Анжеликанын жолдошу менен араздашканына күнөөлөп жатканын байкасаңыз керек?
– Чынын айтсам, ал адам тууралуу айткым келбейт. Биздин үйдө анын атын атоого тыюу салынган. Анжелика менен апасынын жомогу дагы канча убакыт айтылат, ким билет? «Көп баскан аяк бок басат» дейт. Аркаларын жабыш үчүн менин атымды кошо ала жүргөндөрүнөн аябай чарчадым. Ким суудан кургак чыгып жатканын эл жакшы түшүнүп калды го дейм. Мен аларды унутканыма көп болгон. Мага, үй-бүлөмө тынчтык гана керек. Бул аялдын кичинекей өспүрүм күйөрмандары мени каргап социалдык тармактардан жазышат. Ак менен караны ажырата элек жаш өспүрүм кыздардын аң-сезимине терс таасири тийип жатканын, алардын да убалы бар экенин түшүнүшсө жакшы болмок. Мен ошол социалдык тармактардан жазган аккаунттарды жана Анжеликанын эл көрбөгөн сүрөттөрү кайсы IP-даректен жүктөлүп, таратылып жатканын таап берүүнү өтүнүп укук коргоо кызматкерлерине кайрылдым. Бүгүнбү, эртеңби же кийинки жылыбы, Кудай буюрган күнү ал адамдар табылчу күн да келет. Ал эми Анжеликага ал сүрөттөрдү жүктөгөн адамды табуу эмес, анын баарын мага оодаруу жеңилирээк окшойт. Кайсы ызы-чуулуу окуясы болбосун, жебени дайыма мен тарапка буруп коёт.
Өткөндө эле Урмат жалгыз үйгө келди, ооруп жатат элем, киргизе албадым. Коридордо жолдошум менен сүйлөшүп, кечирим сурап кетти. Мага да телефон чалып кечирим сурады. Мен үй-бүлөнүн барк-баасын, ыйыктыгын жакшы билем. Үй-бүлөнү бузуу шаарды бузган менен барабар деп коёт. Мен ушул маегим менен Анжелика темасына чекит коюп, биротоло жапкым келет. Баарын Кудайга гана койдум.

– Эл көзүндөгү кыздардын сулуулугуна кызыккан, көз арткан, сөз айткан мырзалар көп болот эмеспи. Ошондой азгырыктардан кантип өтүш керек деп ойлойсуз?
– Ооба, биз да жаш болуп жигит жандап көргөнбүз. Жаштык кездин өзү сулуулук, жаш кезде көз арткандар да, сөз айткандар да көп болот. Менимче, андай азгырыктарга арбалбай өтүп кетүү ар бир кыздын өзүнүн дээринен болот. Табиятың башка болсо, миң азгырык, миң башка нерсе болсун, кыз киши ага тартылбайт, өзүнүн жолун уланта берет. Менин Кудайга ыраазы болгонум, табиятымдан акча-байлыкка, бийликке сугалак болбогонум. Өз күчүмө гана ишенип, жолумдан жолуккан азгырыктарды ээрчибедим. Ар бир эле кыз бала бирөөнү сүйөт, бирөөдөн көңүлү калат, өткөөл куракта сүйүүлөргө жолугат, анан өмүрлүк жарын табат. Эстүү аял турмушка чыккандан кийин балдарынын келечегине кам көрөт. Бул жаатта менин жүзүм ачык. Ала жипти аттап жолдошумдун башын ылдый кылбадым. Жаштыгымды көңүл ачууга эмес, кыргыз байрагын чет мамлекеттерде көтөрүп, эл аралык сынактарга катышууга арнадым.

– Чет өлкөлөрдө өткөн сынак-фестивалдарда калыс катары катышып калчу элеңиз...
– Таланттуу жаш ырчыларыбыз менен Орусиядагы Абакан, Уфа, Санкт-Петербург шаарларында, Чехия жана башка мамлекеттерде өткөн эл аралык сынактарга катышып келип жүрөбүз. Мен бул нерсени өкмөт карайт, баалайт деп ойлоп жүрө бериптирмин. Көрсө, андай нерселер көмүскөдө калып кетет экен. 4 жылдын ичинде 8 эл аралык сынактан Гран-при жана 1-орундарды алып келиптирбиз. Бирок билинбей эле калды окшойт. Каражатты да өзүбүз таап, жаныбызды үрөп катышабыз. Биздин максат – чыныгы таланттуу жаштарды эл аралык деңгээлге алып чыгуу.

– Сиздин үй-бүлөңүздү каржылаганга жолдошуңуздун айлыгы жетеби?
– Жолдошум 4 жылдан бери маалымат агенттиктердин биринде иштейт. Бизде сенин тапканың, менин тапканым деп бөлүнүү жок. Ким канча таап жатканы деле билинбейт, анткени анын баары балдарыбыздын келечеги үчүн жумшалып жатпайбы. Бирибиз аз, бирибиз көп тапканда деле, көп тапканыбыз үстөмдүк кылып же аз тапканыбыз чүнчүп кеткен эмеспиз. Акча, байлык, бийлик колдун кири деп бекеринен айтылбаган чыгар, татынакай балдарың, сүйүктүү жолдошуң турганда ал өзү эле экинчи планга жылып кетет.

– Маегиңизге рахмат, ден соолукта болуңуз!

«Жашоонун маңызы балдарда, биз келечегибизди балдардан көрөбүз».
«Кызым Аэлита музыкалык мектепте билим алууда, каалоосу болсо ырчы катары таптайын деген оюм бар».


Лунара Бекиева
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  17 
Комментарийлер(108)
06.02.2018. 09:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
02-04-2017
Соӊку аракети:
16-11-2018 20:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Анжеликадан жооп кутуп калабыз
06.02.2018. 09:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
793
Катталган:
21-05-2016
Соӊку аракети:
16-11-2018 22:09
Жынысы:
Белгисиз
+10
Азаматсыз эжеке!Кыргыз элинин примадннасы.Ар дайым уй-булонуз менен бактылуу болунуз.Анжеликаны болсо эл билип бутту кандай аял экенин.Аллах анын журогуно ыйман берсин!
06.02.2018. 09:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
314
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
14-11-2018 22:21
Жынысы:
Белгисиз
-9
barakcha,мадонна и примадонна, это как город и пригород.
06.02.2018. 09:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
23-05-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 22:51
Жынысы:
Белгисиз
+9
Айчурок эже уй - булонуз мн бактылуу болунуз
06.02.2018. 09:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
633
Катталган:
01-02-2017
Соӊку аракети:
16-11-2018 21:01
Жынысы:
Белгисиз
+5
Анжеликага тенелбей эле койунуз.
06.02.2018. 09:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
21-03-2017
Соӊку аракети:
09-03-2018 03:01
Жынысы:
Белгисиз
+11
Айчурок эже сизге уй булолук бакыт жана ден соолук каалайм!Сиз күчтүү....таланттуу жана мээримдүү энесиз!!Баарын Кудайга коюнуз келме кезек деп коёт Кудайым өзү эле таразалап коёт Кудайдан корккон адам болсо антип жалаа жаап сизди кунооломок эмес деп ойлойм!!!
06.02.2018. 09:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
314
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
14-11-2018 22:21
Жынысы:
Белгисиз
-8
Asel1Aikol,Кудайдан корккон Адам айчуроктой болсо,коркпогондор кандай болду кен.???
07.02.2018. 09:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
21-03-2017
Соӊку аракети:
09-03-2018 03:01
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nanei,аны өзүңүз салыштырыныз мен жеке оюмду айттым
06.02.2018. 09:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
793
Катталган:
21-05-2016
Соӊку аракети:
16-11-2018 22:09
Жынысы:
Белгисиз
+16
Урмат кечирим сураса демек Анжеликанын кылыктары чын экен да!
08.02.2018. 10:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
13-11-2010
Соӊку аракети:
18-09-2018 15:27
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-1
barakcha, Ой откондо Анжеликасы Арген менден кечирим сурады десе мунусу Урмат сурады деп окшошкон кудай албагырлар
06.02.2018. 09:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
27-12-2010
Соӊку аракети:
04-04-2018 09:28
Жынысы:
Белгисиз
+11
Азаматсыз!Арбир созунуздун мааниси бар,баардыгы ордуна.Оорубаныз,бактылук болунуз.
06.02.2018. 09:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
314
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
14-11-2018 22:21
Жынысы:
Белгисиз
-15
Мен Айчурокко такыр ишенбейм, озун тимеле ай менен кунго тенеп алган, Анжеликаны чон кишилерге салып берип журчу деп айтышкандан кийин вообще ХХХХХХХХХХХ ХХХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-06 09:54:29
06.02.2018. 10:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
07-11-2016
Соӊку аракети:
01-11-2018 09:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+9
Nanei,Анжели́када куноо жок болсо азыр артынан Марат,Айбектер ээрчип журмок беле тооба уч баланын энеси чон катын болду,уйбулосун ,кыздарын карап журо бербейби
06.02.2018. 10:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
314
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
14-11-2018 22:21
Жынысы:
Белгисиз
-1
meni_kut,лично колунан кармадын беле жургонун???
06.02.2018. 11:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
793
Катталган:
21-05-2016
Соӊку аракети:
16-11-2018 22:09
Жынысы:
Белгисиз
+6
Nanei,шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт.Суроттор жетиштуу!
06.02.2018. 14:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
21-11-2017
Соӊку аракети:
17-08-2018 23:55
Жынысы:
Белгисиз
+6
Nanei,неге анча жан тарттын
07.02.2018. 21:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
125
Катталган:
21-08-2014
Соӊку аракети:
08-11-2018 17:33
Жынысы:
Белгисиз
0
Nanei, Алибекова менен да урушту деп журот беле?
06.02.2018. 09:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
27-12-2010
Соӊку аракети:
04-04-2018 09:28
Жынысы:
Белгисиз
-7
Анжеликанын интервьюсун окусан бирин бирин жамандап,жабыштырып кайра кийинки интервьюсунда башка жалганды айтат.такыр ишенбей калдык.Озу дагы жалганды айта берип адашып уже Эл билип калды.Анан позитивный болуш керек,сабырдуу болуш керек деп аркандай акылдуу создорду айтып кулуп жайлайт.Анже... озу арким менен ойноп Айчурокту салып берип коцду деп алдап журот.
perish түзөттү 2018-02-06 09:51:13
06.02.2018. 09:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
59
Катталган:
27-12-2010
Соӊку аракети:
04-04-2018 09:28
Жынысы:
Белгисиз
+17
Урматка чындык Эми жеткен го...
06.02.2018. 09:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
314
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
14-11-2018 22:21
Жынысы:
Белгисиз
-8
Акчага сугалак болгон эмесмин днптир ,ой тобооо,ой тобооооооо,ушул создорду кантип уялбай айтып жатасыз????? Эл билбесе дагы,биз билебиз но,ой тобооооооо.
06.02.2018. 10:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
544
Катталган:
09-04-2014
Соӊку аракети:
16-11-2018 20:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жолдошумдун айылы.
+13
Nanei,ХХХХХХ ХХХХХХХХ
Айчурок биз сиз мененбиз!!!
А Анжелика кандай жургонун эл билип бутту.
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-06 10:06:53
06.02.2018. 09:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
28-04-2017
Соӊку аракети:
15-11-2018 23:10
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ээ ырчыларга ишенбеш керек. Азыркы ырчылар болбой калды. Андан коро биринчи орунда уй-булоо куруп, бактылуу болуш керек. Ырчылардын куйоолору, коомдо ар дайым экинчи орунда болуп калган, "паланчанын куйоосу" деп. Ырчылардын куйоолоруно боорум ооруйт. Тфу, тфу кудай сактасын.
06.02.2018. 10:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
30-06-2016
Соӊку аракети:
09-04-2018 13:06
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aychurok eje aman ele bolunuzchu menin svadbamda jar-jar aytkanga avans alip alip Oshko krupniy toy chigip kaldi dep ketip kalganinizdi ech kechire albaym.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: