(Башы өткөн сандарда)
Айсулуу түш көрүп жатты. Кызы колунда, жанында бирөө басып баратат. Ал бир туруп Азамат болуп көрүнөт, бир туруп Тимур боло калат. Улам уурданып карайт. Жок, Тимур экен. «Бул качан келген?» дейт өзүнчө. «Келбеди беле, кечирим сурады эле го» дейт ички үнү. Өзүнчө кубанып алган.
«Азамат кайда?» бул суроодон өзү чочуп кетти. Дал ушул учурда колунда кызы жок болуп кеткенин байкады. «Эй!» деп чочуп кыйкырды. Алысыраакта Азаматтын карааны көрүндү. Ал Айназикти көтөрүп баратыптыр.
– Тимур, тигинден баланы ал,- деп кыйкырды. Кыйкырды да, чочуп ойгонду. «Тимур, Тимур...»- деп жатыптыр. Азамат укмаксан болуп койду.
– Биз айылга жакындап калдык. Кийимдериңди оңдоп-түзөп аласыңбы?- деди жылмайып.
ххх
Бурул улам терезеден сыртты тиктеп коёт. Көкүрөгү кубанычка толо. Ананчы, анын көкүрөк күчүгү болгон уулу Азамат үйлөнүп, келинчеги, кичине кызы менен келе жатпайбы. Бурул ушул Азамат үчүн көп санаа чекчү. 2 кыздан кийин төрөлгөн уулду жолдошу Камчы экөө көпкө күтүшкөн.
Эркек бала деп ак эткенден так этип жүргөн Камчы Азамат төрөлгөндө өзүн коёрго жер таппай калганын айылдагы теңтуштары азыркыга чейин айтып жүрүшөт. Көчөдөн уккан экен уулдуу болгонун, бир отура калып, бир тура калып, бирде барып жол боюнда агып жаткан сууга бетин жууп, жүз аарчысы менен бетин аарчып болуп эле кайра улам жүзүн сууга чайкап, күлмүңдөп өзүнө батпай кеткен дешет.
Эки кызын алып, аз өтпөй районго жөнөгөн. Досунун машинесинде бара жатып, улам Кудайга жалбарып, шүгүрчүлүк келтирип барган. Уулун көрө элек жатып, жанынан артык көрүп алган. Ооба, ал Азаматты ашыкча жакшы көрүп коюптур. Кээде Бурул ушуну ойлоп да кыжалат боло берет.
Азамат там-туң баскан күндөн тарта атасы Камчынын жанынан калган жок. Атасы кайда болбосун жанында жүрчү. Тойтоюп атка учкашып жүрдү адегенде, шайы оогондо ат үстүндө эле уктайт. Атасы аны түшүп кетпесин деп жоолук менен өзүнүн белине байлап алат. Кийин атасы унаа алып, жүргүнчү ташып үйгө токтобой калганда Азамат деле күн-түн дебей жанында жүрө берчү. Ал кезде божурап оозу тынбай көп сүйлөчү. Анан бир күнү эле Камчы ооруп төшөккө жатып калды. Адегенде көп деле элес алган эмес. Бирок улам барган сайын алы куруп, өң-алеттен кетип калды. Боорунан жабыркаптыр. Байкабай жүрө берген экен. Жарым жылда кадимкидей соолуп калды.
Ошол көз жумар күнү алда нени сезгендей, күн сайын суроо-сопкутсуз эле дары жыттанган атасынын моюнун кучактап жатчу Азаматты ал уктап калганда башка төшөккө жаткыртып койгон. Кокус түндө кыйналсам баланын жүрөгү түшпөсүн десе керек да. Айтор, таң ата Камчы бул жарыкчылык менен коштошуп кетти.
– Азамат ыйлайт го,- деп кейиген болчу ал үзүлүп баратып. Анын баары Бурулдун эсинде. Уулу менен атасынын ортосунда өзгөчө бекем байланыш болгон экен. Атасы туура эле боолголоптур, араң эле 6 жашка чыккан, өлүм менен өмүрдүн айырмасын анча аңдай элек болгонуна карабай Азамат "атаң өлдү" дегенде бөтөнчө сыздап ыйлады. Кыштын күнү болчу. Чыкыроон суукка карабай атасы жаткан боз үйдүн жанында эртеден-кечке чырылдап турду.
Атасын боз үйдөн алып чыгып бейитти көздөй жөнөшкөндө табытты көтөрүп бараткандардын алдын тороп «атамды алып кетпегиле» деп аларга жинденип, суукка тоңуп кыпкызыл болуп калган кичине муштумдары менен койгулап же атасын тирилтер айла таппай «ата, ата-а» деп боздогону айылдын ичин тегиз каптап, күнөөсүз, жасалмасыз ачуу ыйы баарынын айласын кетирген, баарын ыйлаткан. Бирок баары бир атасын алып кетишти. Көмүлдү.
Андан кийин Азамат бир чекитти тиктеп эле сүйлөбөй калды. Эч кимге эч нерсе айтпай эле бүлкүлдөп ыйлайт. Анын али жамандык көрө элек жүрөгүнө атасынын ажалы өтө эле катуу тийиптир. Дээрлик жарым жылдай оозунан бир да сөз чыккан жок. Бурулдун айласы кеткен ошондо. Баланы эмне мынча өзүнө жакын кылат деп маркум күйөөсүнө да нааразы болгон. Кийинчерээк Азамат өзүнөн-өзү кайра сүйлөп калды. Бирок эми божурап сүйлөй берген, көп күлгөн балакай Азамат эмес, кичине турпатына, көк көздөрүнө жоготуунун, айрылуунун кайгысын батырып алган, көз карашы муңдуу, анда-санда гана суроого жооп берип койгон Азамат болуп калды. Анын көп сүйлөбөстүгүнөн, түнттүгүнөн айылдагы оозуна алы жетпегендер жинди, зөөкүр деп атап башташты. Эл жетеленме болот экен. Бирөө бирөөнү сөөмөйү менен көрсөтүп жинди деп койсо калганы да кошулуп сөөмөй менен көрсөтө берет тура.
Бурул үшкүрүнүп койду. Элге айла барбы? Анан кайра туруп кубанып кетти. Ким эмнени айтса да, жинди дешсе да ал өз уулунун мыкты адам экенин билет го. Эмнеге кейийт? Эми минтип уулу үйлөндү. Адегенде анын Москвага барышына каршы болгон эле. Бирок Азаматтан улуу кызы болбой эле күйөөсүнө кошуп жөнөтүп жиберген.
Ырас эле жибериптир, ошол жактан үйлөндү деп калат Бурул, ортончу кызы Ырысканга ыраазы боло.
– Келишти, апа,- ойго батып кеткен Бурулду кызы Ырыскандын үнү чоочутту.
– И-ий, балакетиңди алайын, чыныга суу куюп, күл сала калчы, айлантып чачып коёюн,- Бурул шашкалактап чыкты.
– Туруп тур, кирбей тур,- деди ал үйдөн чыга берип унаанын жарыгынан үрүл-бүрүл элестерди көрүп. Анан кимдир бирөө суна калган чыныдагы сууну көтөрүп жөнөдү.
Мына, өзүнүн Азаматы колуна быйтыйган наристе көтөрүп турат.
– Ылдый бол, башыңдан суу айлантайын. Үйгө кирип кет, анан учурашабыз,- суу айлантылган соң Азамат кирип кетти.
– Келегой,- уялыңкы турган Айсулуунун башынан да суу тегеретти.
– Кел, сен дагы,- айдоочу да аргасыз башын ийди. «Энелер баары бирдей болот» деди айдоочу өз апасын эстеп...
ххх
Айсулуу үйгө баш бакканда эле Азаматка түспөлдөшүп кеткен, сары келин: «Мен сенин кайнежең болом, атым Ырыскан. Кел, таанышып алалы. Төркү үйгө жүргүлө. Салт экен, көшөгөгө киргиле адегенде»,- деп колтуктап көшөгө киргизди.
Аздан соң Азаматтын апасы чыныны сыртка көмкөрүп коюп, толкунданып кирип келди.
– Өмүрлүү-таалайлуу бол! Агарып-көгөр, кут алып келген келин бологой, алтыным,- ак жоолукту Айсулууга салып жатып сүйлөндү. Мына, Тимур менен ушундай күндү элестетип жүргөн. Бирок башына ак жоолукту Тимурдун апасы салган жок. Кыздын жүрөгү «тыз» дей түштү.
ххх
– Ий, Азаматымдын эле өзү. Ой, кандай анан? Атаңдын эле өзүсүң го. Ыя, атасы эле го бул кыз... Садагаң болоюнум, аман бол,- Айназикти Бурул колуна алып эркелетип жатты.
– А мен чоң энең болом. Ой, эмне кабак бүркөйбүз? Бүркөбө кабакты, корктум, корктум. Жаным десе, жаным...
Бурул да, Ырыскан да Айназикти эркелетип бүтө албай жатышты. Кубанычтарында чек жок эле. Келин болсо тыпылдап чай куюп жүрөт. Үйгө урук-тууган чогулуп, келин көргөндөр келип, айтор, бапырап эле жатып калышты. Мындайда күн сайын көзгө кадимкидей эле көрүнгөн электр шамы да майрам жаратып, башкача жалт-жулт этип калат экен.
ххх
(Уландысы кийинки санда)