«Кырсык каш-кабактын ортосунда». 34 жаштагы Жазгүл Өмүрбекова оюнда жамандык жок эмчектеги кызын көтөрүп дүкөнгө барып келүү үчүн чыккан. Тилекке каршы, үйүнө анын жансыз денеси алынып келинди. Ал эми наристеси болсо апасынан жана бир бутунан ажырап калды.
ДАРЫГЕРЛЕР НАРИСТЕНИН БИР БУТУН КЕСҮҮГӨ АРГАСЫЗ БОЛУШТУ
Ушул жылдын 9-февраль күнү Бишкек шаарынын Элебесов жана Витебск көчөлөрүнүн кесилишинде киши өмүрүн алып кеткен жол кырсыгы катталды. Анда катуу ылдамдыкта бара жаткан Мерседес үлгүсүндөгү кичиавтобус астындагы жөө жүргүнчүнү коё берүү үчүн токтогон Тойота үлгүсүндөгү унааны сүзүп, андан кийин башкарууну жоготуп жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөн өтүү үчүн даярданып жол боюнда кызын көтөрүп турган 34 жаштагы келинди сүзгөн. Жакын жердеги видеобайкоого түшүп калган видеодо кичиавтобустун жогорку ылдамдыкта бара жаткандыгы байкалып турат. Оор жаракат алган келин ооруканада каза болсо, дарыгерлер 1 жаш 8 айлык наристенин бир бутун кесип салууга аргасыз болушкан. Бишкек ШИИББинин билдиришинче, аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси (транспорт каражаттарынын кыймыл жана пайдалануу коопсуздугунун эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Ошондой эле тиешелүү соттук-медициналык, соттук-техникалык экспертизалар дайындалган. Ал эми кичиавтобустун айдоочусу тергөө аяктаганча камакка алынып, учурда тергөө иштери жүрүүдө.
«КЫЗЫМ МЕНИ ТААНЫБАЙ ЖАТАТ»
Азыр да нес абалынан чыга албай жүргөн маркумдун жолдошу Жыргалбек Чотонов артта калган бактылуу күндөрүн кайгыруу менен эстеп, каргашалуу күндү ойлогондо көзүнө жаш алып кетет:
– Жума күн болчу. Жума намазга чыгардын алдында тамактанып алайын деп жатканымда телефонума чалуу келди. «Жубайыңызды унаа сүзүп кетти, тез келгиле» деп чалышты. Ошол жакка жакын жерде иштейм, 5 мүнөткө жетпей барып калдым. Барсам «Тез жардам», милиция кызматкерлери бар экен. Мага кызымды да, жубайымды да көрсөтпөй коюшту. Келинчегим мага бир нерсе дегендей болду. Бирок мен нес абалда болгондугумдан эмне дегенин түшүнгөн жокмун. «Тез жардам» унаалары менен кызымды да, келинчегимди да ооруканага алып кетишти. Мен кызым менен кошо бардым. Барар менен кызыма операция жасап, жандандыруу бөлүмүнө жаткырышты. Алгачкы операциясында дарыгерлер кызымдын бутун кесишкен эмес болчу. Бирок жубайымды жерге берели деп Жалал-Абадга сөөктү алып баратсак ооруканадан телефон чалышып, «кызыңыздын бутун кеспесек болбойт. Жанын сактап калышыбыз керек» дешкенинен өмүрүн сактап калыш үчүн айла жок уруксат бердим. Кызым азыр эч нерсе түшүнө элек. Бир бутунан ажыраганын, апасынан айрылганын билбейт. 13-февралда палатага которулду. Абалы жакшырып, сүйлөп, ойноп калды. Башка балдарга аралашып эшикке чыгам деп жатат. Бирок мени тааныган жок, ата деп айт десем дагы айтпай жатат. Эмчектен чыга элек болчу, эмчек эмем деп апасын издеп ыйлап жатат.
«ЖУБАЙЫМДЫН КАЗА БОЛГОНУН МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕН УКТУМ»
– Жубайым кырсыктан 3 сааттан кийин эле каза болуптур. Туугандарым мага айтышпаптыр. Кийин милиция кызматкерлери келип айтышты. Аны 11-февралда өзү туулган Жалал-Абаддын Аксы районунун Ак-Суу айылына алып барып жерге бердик.
Биз баш кошкондон кийин 6 жыл балалуу боло албай жүрдүк. Орусияда иштечүбүз. Кыргызстанга келип дарыланып кеткенден кийин жубайым кош бойлуу болуп, кызым төрөлгөн. Бишкекте батирде жашап жатканбыз. Көп жыл балалуу боло албай жүрүп тапкан кызым эми минтип энеси, бир буту жок калды.
«АЙДООЧУ КАТААЛ ЖАЗА АЛЫШЫ КЕРЕК»
– Ошондон бери дагы эле өзүмө келе албай жүрөм. Үйдө жалгыз калгандан коркуп инилеримди чакырып алып жатам. Кеч киргенде эле жүрөгүм титиреп баштайт.
Үйгө барганда күнүгө кызым алдымдан тосуп, келинчегим тамагын даярдап күтүп алчу эле. Азыр үйгө барсам эч ким жок, аңырайган эле 2 бөлмө турат. Кырсыктан бир күн мурун кечинде жумуштан саат сегиздерде үйгө баргам. Ошол күнү апасы кызыма мине турган резина эшек оюнчук алып бериптир. Кызым аябай сүйүнүп, экөөбүз чогуу ойногон элек. Эртеси күнү жубайым жеңесине «жолдун ары жагындагы дүкөнгө барып кызым экөөбүз самса жеп келебиз» деп айткан экен. Минтип заматта каргашалуу окуя болуп кетпедиби. Азыр кызымды жакшылап айыктырып алуу гана максатым. Калганын кийин ойлоном. Айдоочу болсо бир адамдын өмүрүн алып, наристенин келечегин талкалагандыгы үчүн катаал жаза алышы керек.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg