Гүлшайыр Садыбакасова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «АЙЫЛДА САДЫБАКАСТЫН ШАЙТАН КЫЗЫ АТКА КОНГОМ»

– Гүлшайыр эже, балалыгыңыз тууралуу айтып бериңизчи, кайсы жерде жарыкка келгенсиз?
– Мен 1953-жылы 10-декабрда Кызыл-Кыя шаарында жарыкка келгем. Апамдын тун баласы болгондугумданбы, айтор, кош бойлуу кезинде бир топ кыйналыптыр. Туздалган балыкка талгак болуп, атам Кызыл-Кыядан дайыма туздуу сельдь сатып келип турганын айтчу. Кичинекей кезимде өтө жоош болуптурмун. Апам Салия Өмүрзакова мугалим болуп иштечү. Бешикке бөлөп коюп мектепке барып келгиче ыйлачу эмес экенмин. Апамдын айтуусунда, мектепке баргандан тарта шоктугум башталган.

– Үй-бүлөдө канча бир туугансыз?
– Эки кыз удаа төрөлгөндүктөн, атам Садыбакас мага эркектердин ишин, сиңдим Гүлайга аялзатына тиешелүү иштерди тапшырчу. Атам талапты катуу койгон, тапшырманы жоопкерчилик менен аткарууну биринчи орунга койгон инсан эле. Эгерде атамдын айткан тапшырмасы аткарылбаса, катуу жазалачу. Ошондуктан бардык ишти так аткарууга аракеттенчүмүн. Атамдын чынчылдыгы, катуулугу, бетке сүйлөгөндүгү, апамдын мээримдүүлүгү, жумшактыгы, көтөрүмдүүлүгү, сабырдуулугу мени тырышчаактыкка, бышык болууга, эмгекти сүйүүгө, жашоодо ак менен каранын бар экендигин талдоого, күрөшүүгө, чыдамкайлыкка тарбиялады.
Бала кезимде «Чапаев», «Павлик Морозов», «Жаш гвардия» сыяктуу кинолорду көрүп чоңойдум. Балким, ошондон улам мүнөзүм эркек балдардыкына окшоп калгандыр. Туура эмес мамилени, жалган сөздөрдү, адилетсиздикти, эки жүздүүлүктү көтөрө албай, кээде мектепте балдар-кыздарды сабап койчумун. Азыр, албетте, сабабайм дечи, бирок эки жүздүүлүгүн билип калсам түз эле бетине айтып салмай бетке чабарлыгым бар. «Хоп» деп туруп котур ташын коюнуна каткандарды кечире албайм. Акыркы 15 жылда гана бир топ токтолдум окшойт.

– Мүнөзүңүз эркек балдардыкына окшош болсо, атаңызга жакын өссөңүз керек.
– Атама да апама да жакын элем. Алар мен окуган Стрельников мектебинде мугалим болуп эмгектенип, ошол эле учурда апам мектептин китепканасында иштечү. Апам кечинде күнүгө үйгө китеп алып келип «китепти көп оку, кийин өзүңө пайдасы тиет» деп айта берчү. Ошентип бала кезимде көптөгөн китептерди окудум. Токтогулдун, Алыкулдун ырларын сүйүп окуп, жаттачубуз.
Ата-энем менин кылган аракеттериме кадимкидей сүйүнүшчү. Мен да жөн турбай апамдын бутуна бут, колуна кол болуп өстүм. Биринчи классымдан эле базарга аралашып, үйдөгү тоок, үндүк, жумуртка, алма, жүзүм, шабдаалы, картошка, cарымсакты Кызыл-Кыя, Фергана, Маргалаң шаарларында сатып, каражат иштеп табууга үйрөндүм. Тапкан кирешем үй-бүлөбүздүн кем-карчына жумшалчу. Бала кездеги жашоонун ыргагынан калбаган тырышчаактыгымдын аркасында көп нерсеге жеттим. Өзүмдүн аракетим менен жогорку окуу жайга тапшырып, аны ийгиликтүү бүтүрдүм. Ини-сиңдилеримдин жогорку билимдүү болушуна салым кошуп, алар турмушка чыкканда, үйлөнгөндө чыгымдарын көтөрүп, ата-энеме аябай эле жардам бердим. Апам акыркы 15 жылдык өмүрүн мени менен жашап өткөрдү. Мени бүгүнкү күндөгү коомдогу ордума, кыргыз элинин кадырлоосуна, сый-урматына жеткирген атам менен апама чексиз ыраазымын.

– Ата-энеңиз экөө тең мугалим болсо, музыкага жакындыгыңыз кимден өттү?
– Биздин үйдө жекшемби күнү чоң майрам болчу. Атам Садыбакас комуз, апам темир комуз ойноп, артынан ырдап, чилдирманда (урма аспап) ойногондо биз тура калып бийлечүбүз. Апамдын чилдирманда ойногонун сыймыктануу, сагынуу менен эстейм. Ошол кездеги атам, апамдын аткарган чыгармалары мени жана бир туугандарымды музыка дүйнөсүнө жетелеп келди. Апамдын чилдирманда ойногону менин эстрадалык урма аспапты тандашыма түрткү болгон экен.

– Бала кез сүйүүсүз болбойт го...
– Биринчи жолу 9-класста Абиш деген классташымдан кат келсе, ызаланып үйгө чейин ыйлап баргам. Апам мени тынчтандырып, акыл-кебин айтып, менин чоңоюп келе жатканымды, окууну бүткөн соң күйөөгө чыгарымды, бала-чакалуу болорумду аябай түшүндүргөн. Ошондон кийин ыйлабай эле, кат келсе ошол балага сүйлөбөй койчумун. Ыраматылык Акбарали деген классташым орой тийише коём деп менден таяк жеп, ооруканага түшүп калган. Ошондон кийин жигиттерден келчү каттар да азайган.

– Мектепте активист белеңиз?
– Мектепте маданий сектордун жетекчиси болчумун. Ошол кезде эле мектептеги концерттик программаларды түзүп, таланттуу балдарды, агай-эжекелерди ырдатып, чуркап эле жүрчүмүн. Мени айыл аксакалдары жактырчу эмес. Себеби биз окуган мектепте 60-70-жылдары элдик каада-салт менен тарбиялоо күчтүү болуп, ата-энелер салт-санааны, үрп-адатты бекем кармачу. Мен ага баш ийбей, шаардан көрүп келгендеримди жасай коём деп далай жазаланып, сөз укчумун. Кыз бала болгонум менен, кыздар жасаган иштерден качып, эркек балдардын жасаган жумуштарына бара берчүмүн. Велосипед, мотоцикл, машина, трактор айдап, чал-кемпирлердин жакасын карматчумун. Айыл аксакалдары «кызыңды тый» деп атама айта берип, далай сабатышкан. Ошентип «Садыбакастын шайтан кызы» деген атка конгом.
Бир жолу 7-класста окуп жүргөндө тамеки отургузуу маалы башталып, бир машина толо окуучулар, 4-5 агай-эжей болуп айылдан 10 километр алыстыкта жайгашкан тамеки талаасына бардык. Айдоочу бизди түшүрүп коюп кайра кетип калды. Бир убакта Датка эжеке санын чаап эле сүйлөнүп калды. Көрсө, өзүбүз талаага келип, отургуза турган 4 ящик тамекинин көчөтү мектепте кала бериптир. Талаада суу сугарып жүргөн сугатчынын велосипединен башка транспорт жок эле. Түгөлбай агай «кана, велосипед менен ким барып, көчөттү алып келет?» деп балдарга кайрылды. Балдар башын жерге салып унчугушпайт. «Мен барам» дедим. Балдардын макул болбогонунун жөнү бар эле. Айылга кире бериште жолдун эки жагында эски мүрзөлөр жайгашкан, жаш балдар аны аралап өткөндөн коркчубуз. Мен да мүрзөгө жакындаган сайын жүрөгүм түрсүлдөп корко баштадым. «Кудай, өзүң сакта» деп улам келме келтирип жатып араң өттүм. Мектепке барып 4 ящик көчөттү алып кайра жөнөдүм. Ошондо Датка эжеке кубанганынан «сен Гаврошсуң» деди. Мен өзүмчө компоюп калдым. Агай-эжекелерим, улуу муундагы жердештерибиз азыр деле «кандайсың, Гаврош?» деп күлүп калышат.


Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
aidinaernur
2018-02-20 09:39:00
Аябай уй булосун сыйлайм.
Жездемди кичинесинен апасы эмизип караган экен. Бир туугандай мамиле кылышат.
Тойлорунда катышып.
Эсимде жездем балдарына суннот той кылганда Салия эжеке тойду ачып берген.
Суйлогон создоруно толкунданып козумо жаш алган элем. Билимдуу аял болгон. Салия эжекенин жайы жаннат топурагы торко болсун.
+14
Istina1000
2018-02-20 12:48:03
Гулшайыр эже, ийгилик каалайбыз. Канчалаган таланттуу кыз-келиндерди элге тааныттыныз, Алла ыраазы болсун!!!
+4
Asyl10
2018-02-20 17:30:09
Айрым эркектерге караганда Гульшайыр эжебиз кыйын инсан. Ишинизге ийгилик, омурунуз узун болсун, тарсылдап эле журо бериниз. Сайкалды да жакшы тарбиялагансыз. Мыкты инсансыз
+6
elling_2010
2018-02-20 19:49:57
Сыйлайм ушул эжени.
+3
kanu
2018-02-21 00:02:46
Сыйлайм
0
agata777
2018-02-21 00:19:34
Гулшайыр эжени сыйлайм.Ушул эжедей президент болгондо Кыргызстан эчак онолмок.Ийгилик эже омурунуз узун болсун.
+4
Dembele84
2018-02-21 01:32:21
Кучтуу аял
+2
gulzam
2018-02-22 14:25:56
Мыкты эже сөзү өзү ордунда Айчурок эжем ушул адамдан үлгү алса болот мен минтим эле мен антим эле деп ар кимге нааразы болбойт кичинесинен колуна келип чоңоюп турмушка өзү узаткан Кенже эже деле эмне кылды унчукпай эле жүрөт Айчурок эжеде ушундай болсо чачын жулмак Анжелика дагы өзү кеткен
+2
milashka_moia
2018-02-23 11:21:25
Гулшайыр эжени уй булоосун аябай сыйлайм. Эже омурунуз узун, ден соолугунуз бекем болсун. Сайкал да аябай жонокой, жакшы кыз. Бул да болсо эженин тарбиясы. Ар дайым Аллахым озу колдосун сизди эжеке.
0
sarter-9301
2018-02-23 22:31:04
Гулшайыр эженин суйлогогун карап отурсан да ошол жылдарга барып келгендей боллсун адам. Денсоолугунуз бекем болсун. Биз сиз менен сыймыктанабыз эже.
+1
Nanei
2018-02-25 19:37:31
Кооз соз суйлогон жагынан мастер. Башка созум жок.
0
№ 798, 16-22-февраль 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан