Алиша Диа, актриса, ырчы: «ЖОЛДОШУМ ЭКӨӨБҮЗ 11 КҮН ЧОГУУ ЖАШАП, АЖЫРАШЫП КЕТТИК»

Актриса, ырчы Алиша Диа былтыр күзүндө Бакыт аттуу мырзага турмушка чыккан эле. Түгөйлөрдүн үй-бүлөлүк турмушу бир нече күнгө гана созулганын айтат актриса.

– Алиман, сени ырчылыкка караганда актрисалык кесипте көбүрөөк байкап жүрөбүз, чыгармачылыктын башка тармагында да өзүңдү сынап көрбөйсүңбү?
– Туура айтасыз, ырчылыкка караганда акыркы жылдары актрисалыкка көбүрөөк ооп жүрөм. Өзүңүздөр билгендей, мен карьерамды ырчылыктан баштагам, жан дүйнөм ырга жакын. Чыгармачылыкта жүргөндө анын түрдүү нугуна азгырылып, тасмага сунуштар түшүп, анын артынан дагы кинолорго тартылып ырчылык өнөрүм экинчи планга жылып кеткендей болду. Ыр – менин жан дүйнөмдү азыктандырган баалуулуктардын бири. Мен жумуш кылсам, көчөдө сейилдеп жүрсөм да такай музыка угам. Эми чыгармачылыгымда көбүрөөк орунду ырчылыкка берейин деп жатам. Анткени кинодо эркиндик чектелүү, бирөөнүн жазган сценарийи менен роль аткарасың, жан дүйнөңдө болуп жаткан бурганакты чыгара албайсың. Ал эми ырда каалагандай текст жазып, жашооңду, ошол учурдагы түрдүү абалыңды чагылдырсаң болот.

– Акыркы жылдары коммерциялык негиздеги тасмаларда тартылып жүрөсүң, келечекте олуттуу тасмаларда да роль жараткың келеби?
– Албетте, эл аралык сынактарга катышып, глобалдык маселени көтөргөн салмактуу роль аткаргым келет. Азырынча андай кинолорго сунуш түшө элек. Чынында буга чейин көп коммерциялык багытты көздөгөн тасмаларда тартылдым. Азыр деле киного тартылууга чакырышууда. Бирок, ачык айтканда, жеңил-желпи кинолорго тартыла бергенден чарчадым. Анан да азыр «эу», «даң-даң-даң» деген аң-сезимди бузган кинолор козу карындай жайнап кетпедиби. Ушундай бир күндүк тасмалар менен биздин келечек муун өсүп келе жатат. Анан, албетте, эстетикалык ырахат тартуулаган кинолордо роль аткарууну эңсеп каласың. Бир дублду 30-40 жолу чарчабай аткарып, берилген ролдун майын чыгарып аткаргың келет, бирок сапаттуу кинолор аз болуп жатпайбы. Ошентсе да «Шаардык келин Шарапат» тасмасындагы ролум тууралуу элден жакшы пикирлерди угуп жатам.

– Негизги каражат тапчу булагың кайсы?
– Интернет баракчамда шампундарды, кийимдерди саткан дүкөндөрдү жарнамалап жүрөм. Айрымдар бартердик негизде, кээ бирлери накталай төлөм сунушташат. Мен өнөктөштүккө абдан жакшымын. Жарнама – каражат тапчу булактарымдын бири. Мындан сырткары киного тартылам, өзүм «Алиша Диа» деген кийимдер коллекциясын чыгарам. Бул коллекция Кыргыз өлкөсүндө эмес, чет өлкөлөрдө сатылат. Биз дүңүнөн сатчу рынокко эми чыктык, акырындан ишибиз алдыга жылып келе жатат.

– Чачыңды дайым сары түстө көрөбүз, башка түскө деле боёп көрдүң беле?
– Чачымды кезинде кара түскө, күрөң түскө да боёп жүргөм. Бирок жарашкан жок. Тааныштарым да «кара түс сени улуу көрсөтүп коёт экен» деп айтышты. Көнүп калган эле сары чачым менен жүрөм азыр.

– Кеп нугун жеке жашооңо бурсак. Сен турмушка чыккандан көп өтпөй эле «жолдошу менен ажырашып кетиптир» деген кептер тараган. Мындай сөздөрдүн чындыгы барбы?
– Бул тууралуу айтардан мурун калп-чынын, уккан-билгенин аралаштырып жеке жашоом тууралуу имиштерди жазып жаткандарга таң калдым. Адамдын жеке жашоосун талкуулоодо ал нерсе чынбы, калппы, маанилүү деле болбой калган окшойт. Мен буга чейин жеке жашоом тууралуу эч кимге комментарий берген эмесмин. «Жолдошу артынан чуркап жарашканга аракет кылып жүрүптүр» деген сөздөр калп. Биз бир жолу ажыраштык, болду, ошону менен эч кимибиз артка кайрылган жокпуз.

– 8 жыл сүйлөшүп жүрүп баш коштуңар эле, ажырашуу деле оңой болбосо керек?
– Жашоодо ачуу менен таттуу чогуу жүрөт тура. Тагдыр экен, жолдошум экөөбүз 11 күн гана чогуу жашап, ажырашып кеттик. Жарым жылдан бери чогуу жашабайбыз. Баарыбыз эле үйлөнүп же турмушка чыгып жатканда ажырашып кетем деп максат койбойбуз да, түбөлүккө деп ойлойбуз. Бирок турмушта ар кандай күтүүсүздүктөр болот экен. Айрыкча биздин менталитетте тегерегиңдеги адамдар түгөйлөрдүн жашоосуна кийлигишип, ажырашуу түгөйлөрдөн көз каранды болбой калат экен. Жолдошум тууралуу жаман сөз айткым келбейт, ак көңүл, жакшы адам. Бири-бирибизге араздашуу, таарыныч сезими жок. Биз бардык таарынычтарды артка таштап эки айрым жолго түштүк. Азыр мамилебиз жакшы, дос катары сүйлөшүп турабыз.

– Ажырашкандан кийин көпчүлүк айымдар өзүн таштап коюшат, сен мындай кырдаалдан кантип өттүң?
– Албетте, жашоодогу мындай соккудан кийин ар бир эле айым депрессияга түшсө керек. Бирок мен табиятымдан түз, чечкиндүү жүргөндү жакшы көрөм. Мүнөзүңөр дал келишпей, жашооңор болбой калдыбы, болду, андан ары жашооңду улап кет. Алсыздыгымды көрсөтүп, жаш төккөндү жаман көрөм. Айымдар ажырашууну жашоосунун акыркы күнүндөй элестетишет. Жок! Жер жүзүндө 7 миллиард адам бар, биринчисинде болбой калса, экинчиси болот. Депрессия деле оор же жеңил өткөрүү даражасына бөлүнөт. Мисалы, айрым түгөйлөр 15 жыл жашап ажырашса алардын депрессиясы оор болсо керек. Ал эми мен 11 күн жашадым, өзүм деле 11 күндө эмне болуп кеткенин түшүнбөй калдым окшойт. Кээде «мен турмушка негизи чыктым беле?» деп ойлонуп кетем. Бир жарым жума бул өзүңдү толук кандуу жубай сезүүгө аябай аз убакыт. Менде азыр такыр турмушка чыкпагандай, бойдок жүргөндөй эле сезим боло берет. Аялдын жашоосундагы негизги жетишкендик – турмушка чыгып, бала төрөө дегенге кошулбайм. Аял да инсан катары өсүп-өнүгүшү керек. Мени курбуларым, жакшы музыка, кызыктуу китептер, өзүмдүн жумушум депрессияга түшүргөн жок.

– Өзүңдүн мисалыңда жаш түгөйлөргө кандай кеңеш бересиң?
– Үйлөнөбүз деп жаткан түгөйлөргө айтарым, кыз-жигиттик мамилени 2-3 жылдан ашырбаш керек экен. Биз мурунку жолдошум экөөбүз 8 жыл сүйлөштүк. Бул аралыкта баштагыдай буркан-шаркан сезимдер жок калды. Сезимдер соолуп, мамиле башка деңгээлге өтүп жаткан учур болот экен. Ошондуктан олуттуу мамиле куруп жаткан түгөйлөр көп создуктурбай үйлөнүшкөнү туура экен.

– Маегиңе чоң рахмат! Бактылуу бол!

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (57)
Pandora
2018-02-27 23:55:41
Аз эле суйлошуп турмуш кургандар "бири бирибизди жакшы билбей тушунбостук болду"-десе,коп суйлошкондор "бир-бирине болгон кызыгы кетип калса"-анда кандай жашоо? Ар киминдин жашоон оз колунарда,жашоонорду жамокко да,тозоко жа айланткан.
Башында эле не то болчу жигит "8 жылдан бери суйлошуп журобуз,4 жолу колун сурап,аран кондурдум"-дегенде эле,кумон кеткен эле.Бекер эле расход,жигиттенда анын ата энесине жаман болду окшойт.
+6
gul3ina
2018-02-28 09:00:23
Эркекке окшош уну да жоон
+3
nokia96
2018-02-28 10:27:23
Ажырашуу ойунчук болуп калдыго тооба орустар көбүрөөк жашап анан ажырашат
+8
mela
2018-02-28 11:25:45
Күйөөсү "баары бир жетем"-деген максат койсо керек . жетти анан таштады....
+4
Jango
2018-02-28 11:26:17
Аялдын бул турмушта эн башкысы балалуу болуу дегенге кошулбасан анда сенин менталитетин такыр башка экен сага соз жок антип башка суйлобо сени коруп башка кыздар да ушул ойду ойлойт супер мындай турмуштарды темага чыгарбай эле койгулачы силер да жаштарга улгу боло турган темаларды чыгаргыла 11кун жашап ажырашканды чыгарбай силер да кыргыздын салтына жараша темаларды чыгаргыла кыргыз эли ыйык эл
+8
Aidaraly
2018-02-28 18:21:11
Кыздын чырагы кырк дейт коздуу мончок жерде калбайт бактын ачылсын
+5
Nazaraliva9595
2018-02-28 18:28:37
Алардын жашоосуна кошо аралашып жашабаган кийин бир нерсе деш кыйын. Сизди түшүнгөн инсанга жолугуп, бактылуу болуң.
+1
Komrad
2018-03-01 20:30:56
2-3 жыл тууралуу абдан туура айтыптыр
0
Kuba-savai87
2018-03-03 12:16:43
Сенин "шаардык келин шарапат" деген кинон Эмилдин бир дан дан дан деген созуно жетпейт эркекче айтканда. Кордум сенин кинонду. Вообще болбойт ээ. Кийинки санда Эмилден жооп куто бер эми
+5
Taalaibek.
2018-03-03 12:33:32
11 жолу...
+3
Boldukan86
2018-03-03 12:34:06
Ушул ажырашып алып жолдошум жакшы адам жолугуп турабыз суйлошуп турабыз дегендерге тушунбоймун. Ортодо бала болсо деле бир жон. Бала болбосо нике болбосо байланыштырган эчнерсе жок биротоло жок кылып салгылада. Жаман болсо жаман деп эле айтып. Жолдошум деп тим эле жолдошунар эмес эми озун айткандай досун.
+8
azamat.janyshov
2018-03-05 09:16:25
Мага окшош экенсин мен болсо 25кун чогу жашагам
0
netsa
2018-03-05 10:54:13
Озуно бакыт каалайм бирок аткарган кинолорун бир коргонго татыбай турган тажатма. Шарапатынды коруп иренжидим.
+1
Akylai_aktan
2018-03-05 23:21:57
Уф Шарапат деген киносу конулду айлантатко,жон эле койбопсунар , кичине тарбия бере турган кино тарткылачы.Куйоосу мн тенме тен урушканын коруп , кошуна туугандар кыргыздын эркектерин кандай ойлоп калат.Аларды корсонор дадаси деп турушат
+1
Abdynur
2018-03-13 01:00:28
Akylai_aktan,Да Да туура айтасын
0
Abdynur
2018-03-13 01:01:00
Астагифируллох Куда катится люди
+1
№ 799, 23-февраль -1-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан