МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал)
(Башы өткөн сандарда)
Тимурдун дайынын уккандан бери Айсулуунун көңүлү жайында эмес. Назиктин телефон номурун терди:
– Кандай, сулуу?
– Жакшы.
– Иштесиңби?
– Ооба.
– Назка, мага да жумуш чыгабы?
– Апей, сага эмне болду?
– Жумуш болсо иштеп келсемби деп ойлоп жатам.
– Айылга барганыңа эми араң 6 ай болду го. Койчу, иштебей эле кой. Биз эле жыргап жатат дейсиңби?
– Жок, бул жакта бош отургандан тажап кеттим. Балким, барып акча чогултуп келип айылга чачтарач же дүкөн ачсамбы деп ойлонуп жатам.
– Калп айтпа, сенин эмнеге бул жакка келгиң келип жатканын билем. Тимур үчүн келгени жатасың.
– Жок, ай!
– Айка, мен сени билем го. Чынында Тимуруң сени эстеп да койбоптур. Андан биротоло көңүлү калсын деп башка кызды ээрчитип жүргөнүн атайын айткам. Акылыңа келсең, ал сени жадакалса сурап да койгон жок.
"Айсулуу кайда" дегенге жарабады. Болбосо
боюңда бар экенин билчү. Ай, билбейм, адамдык касиети жок экен.
– Назка, мен ал үчүн барайын деген жокмун.
– Эгер туура эмес кетчү болсоң, кайрадан Азаматтай адам жолукпайт. Ушуну бир билип кой!
– Назка, эмне эле болуп жатасың?
– Жиним келип жатат сага.
– Мен барып иштейин деп жатам. Жакшы жашагым келет, ал үчүн акча керек.
– Жакшы жашоо үчүн сенде баары бар. Кызың, күйөөң...
– Менин иштегим келет. Үйдө отура берип чарчадым.
– Анда окууга тапшыр. Окуу жайды бүтүп, айылда мугалим же дарыгер болуп иште.
– Уф, сен мени түшүнбөйсүң. Кыскасы, жумуш караштыра жүр. Барып калышым мүмкүн.
ххх
Назиктен башка тааныштарынан да жумуш сураштырып чалып баштады. Өзгөлөргө Москвага баруунун чыныгы максатын жашырганы менен, өзү үчүн баары айкын болчу. Ал Тимурдун көзүнө тик карагысы келди. «Сенин кызың бар, эмнеге сурабайсың? Эмнеге менден бир да кабар алган жоксуң?»айтор, дагы толгон токой суроолорду бергиси келди. Бул үчүн адегенде Москвага жетүү керек.
Азыртадан Азаматтын тамырын тартып, көндүрүүгө аракет көрүп баштады.
– Азамат, балким, Москвага барып кайра иштеп келебиз?
– Айназикчи?- күйөөсү чочуп кетти.
– Эми ал бир аз торолуп калды, апам карап турат эле да. Иштеп келип дүкөн ачсакпы?
– Жай келсе короодогу чоң машина менен элдин чөбүн ташып баштайм. Акча болот. Насыя алып же мал сатып деле дүкөн ачсак болот, эгер иштетем десең. Москвага баруунун кажети жок.
– Насыя деген кооптуу нерсе да, жайында эки ай иштеп келсекчи?
– Жайында мен Москвага кетип калсам, жумуштун баары калат. Чөп жыйнаш керек, сарайды оңдош керек. Карачы, бир жыл жүрүп келгиче баары каралбай эскирип бүтүптүр.
– Үйдө бош отургандан көрө иштейин деп ойлонуп жатам. Дүкөн ачабызбы же дагы башка иш жасайбызбы? Айтор, сага жардамдашкым келип жатат. Айназик чоңоёт, балдар төрөлөт. Алар жакшы жашоодо жашашы керек да.
– Аның туура, аракет кылышыбыз керек,- Азаматтын бул сөзүнөн кийин Айсулуу жым дей түштү. «Муну көндүрүүгө болот» деди өзүнчө.
ххх
Айназик жөрмөлөгөндү үйрөнгөндөн кийин жаны тынбай калды. Бир туруп столдун астына кирет, бир туруп сыртка чыгып кетет. Жадакалса үйдөгү кара мышыкты да тажатып бүттү. Бүрүшүп уктап жаткан жеринен барып куйругунан тартып, качса калбай ээрчип, жеткен жеринен мыжыгып айласын кетирет. Бала экенин сезгендей кээде кара мышык да анын ою менен болуп көнүп берет.
Үйдүн ичинде жүрүп Азаматтын үнүн эшитчү болсо, тыпылдап босогону көздөй жөнөйт. Бир чыңырып алып колун өйдө көтөрүп күтүп турат. «Кел, мени көтөр, алып кет» дегени. Андайда Азамат да дароо жетип келет. Кылып жаткан жумушун азга болсо да таштап коюп, бир сыйра кызын көтөрүп жыттагылап анан апасына берет. Бирок Азаматтын колунан түшүшү өзүнчө машакат, кээде тырышып кичинекей колдору менен атасынын көйнөгүнө жабышып алганычы. Эч эле андан ажырагысы жок. Атасына жагалданып жаңы өскөн эки тишин көрсөтүп күлө бергени да бар.
Мунун баары Азаматтын кызына болгон мамилесинен болсо керек деп боолгойт Бурул. Айназикке атасы селкинчек, ойноткуч, кечке эзиле берген, кечке эркелете берген, көзгө сүйкүм көрүнгөн нерсенин баарын көрсөткөн, аны менен тажабай ойногон, көңүлү менен болгон адам. Анан кантип ал жакпасын? Уулуна караганда келини бир аз токтоодой. Ал деле үзүлүп түшүп жакшы көрөт кызын, бирок баары бир Азаматчалык эмес. Балким, атасына жакын өссүн деп ошентеби, белгисиз? Айтор, келини кээде башка дүйнөдө башка ойлор менен алышып жүргөндөй элес калтырат.
Негизинде Айсулуунун «Москвага кетсем» дегенде ак эткенден так этип жүргөнүн Бурул кайдан билсин. «Жок, Азаматты таштабайм. Кызыма мындай ата табылбайт. Болгону мен тиги акмактын көзүнө бир карагым келет» деп Айсулуу өзүн алдап жүрөт. Тимурду сагынганын, аны көргүсү келип жатканын ойлогусу келбейт. Бирок Тимурга ишенүүгө болобу? Сылаң короз, бир орунда турбай ойдолоктогон неме дагы талаага таштап кетсечи? Ошондуктан Азаматтан кол үзбөй туруу керек. Ооба, мунун баары Айсулуунун ойлору, болгону булардын баарын моюнуна алгысы келбейт. Жан дүйнөсү бул ойлорду жерип жатат, бирок кыздын кыялында Тимур дале ханзаада бойдон.
ххх
Айсулуу көптөн күткөн кабар акыры келди. Бир учурда Москвада чогуу иштеген Салтанат тигүү цехинен жумуш чыкканын кабарлады.
– Азамат, бир жумуш чыгып жатат. Айлыгы жакшы экен, эки ай иштеп келе калсам кантет? Айназиктин тушоо тоюн өткөрсөк акча керек болот.
– Бишкектеби?
– Жок, Москвада.
– Сен кетсең Айназик эмне болот?
– Айназикти апамдыкына таштап коём.
– Жок, болбойт.
– Эмнеге?
– Айлыгы жакшы экен да. Айназикти сен деле карап турсаң болот го?
– Барбай эле койчу!
–Камалып эле үйдө отургандан да тажап кеттим. Эки эле ай иштеп келет элем.
«Чын эле бала менен эле отурат, тажаса тажагандыр» деп ойлоду Азамат. Бирок сыр алдырган жок.
– Кой, бала кичинекей. Сен кетсең кыйналбайбы?
– Эмнеге кыйналат, сен турасың го? Анын үстүнө эки эле ай.
– Ай, билбейм.
– Барып келейинчи. Салтанат
«келем десең ал орунга эч кимди алдыртпай турайын» дейт.
– Айназикти ойлоп жатам.
– Айназикке сен болсоң эле болду го. Сен турбайсыңбы, кыйналбайт.
– Ойлонуп көр дагы. Барбай эле койгонуң жакшы болмок.
ххх
Азаматтын кемчилиги ушунда, ал адамдын көңүлүн кыя албайт. Айсулууга баары бир жок дей алмак эмес. Акыры көнүп берди. Айназик эми гана 8 айга толгондо, Айсулуу билет алып, Москвага учуп кетти. Апасын эстеп ыйлайт деп ойлогон Азамат. Жок, түнкүсүн эмчек сурап гана ыйлаганы болбосо, курсак тойгон маалда атасынан карыш жылбай жүрө берет экен. Айсулуу айткандай, атасы болсо эле болду окшойт бул кызга.
ххх
– Назик, салам?
– Салам, сен эмнеге Орусиянын номуру менен чалып жатасың?
– Мен Москвадамын. Назик, жолугалы?
– Эмнеге келдиң?- Назиктин үнүнөн жинденгени билинди.
– Бул жактан цехтен жумуш чыкты. Эки айга эле келдим, кайра кетем. Кызым атасы менен калды.
– Канча болду келгениңе?
– 4-5 күн болуп калды окшойт.
– Жумушка эле кел. Мен бош эмесмин...
(Уландысы кийинки санда)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
Уууф тиякта Алибек башы жок биякта Айсулуу башы жок. Журокту сыгып олтурдунор.
Aitun,
Башы жок учун Тимурга этегин ачкан да бала ашырып отуруп калган,Берки абийирин жаап койсо ыйлаган кундорун унутуп кайра барып этегин ачат бул шуркуя.Бар да ушундай катындар,эркектер баткактан чыгарсан баткакка тыгылат.
dinara7684,конечно ,Тимур чачын кургатчу эмесда,ошол учун кайрадан Тимага эле тарта берет.
Кээ бир адамдар мээси жок болот козу кор болуп. Чыгарма болсо да нервим чыгып кетти
nuriyaeljan,айтпа. Айсулууну окусам эле нервим кайнап жатат
Айсулууну таап чачын жулгум келди.
Айсулуудай ойлонгон кыздар коментарийлерди окуп жүргүлө
Даана тоок мээ экен го Айсулуу. Тигинин кочодо калтырып, кордосо анан тушуносун Азаматтын кадырын!
Айсулуу, Айсулуу тынч журбойт экенсин го
Жакшынакай жашай бербейби
Айсулуу жанымда болсо сабап койгум келет да
Бул чыгарма атайын ошондой кыздарга арналып жазылган да ойлонушсун деп. Тынч эле жашай берсе чыгарманын кызыгы жок да…
жинди кыз экен ошо Тимуру кайра таштап салса экен бир кун жыргатып коюп Алла аз болот буга озуно окшогон эркек керек экен
Eh, koldo bar altyndyn barky jok degen ushul da. Negizi adamga jakshylyk jakpait dep koet emespi. Ozubuz baikabagan menen biz da mynchalyk darajada bolboso da kimdir biroonun jakshylygyn chanyp ketkendirbiz
Эх Айсулуу тынч журбодунго... дагы эмнени баштаганы турасын ххх
Timur Jolukmak Turgai Juzuno Karabai Ketip Kalsa Eken degi ele Timur degen attyn ozun uksa omuru otku4o jiirkenip jek korup aga bolgon seziminen ulam jurogu muzdasa kana Azamattyn Kadyryn Tuwuno Turgan akybalga kelse kana Aisuluu Meerimsiz Enelik meerimi jok Enelerdin Kataryn toluktait tura uwundai Meerimi jok enelerge tan kalam ai bul jakta kanchalar balaga balanyn jytyna karanyna zar bolup jatywsa taw boor akmak ata eneler oz baldaryn onoi olton tawtap ketip jatat eh arman duino degen uwu da
Айсулуу "эне" деген атка татыксыз экен.
Тууп мээрим бере албай таштап кеткен үкү сымал аял дегим келди.