Мамлекеттик каттоо кызматы автоунааларды кайра каттоо үчүн айдоочуларга 3 айлык жеңилдетилген мөөнөт берүүдө. Ушул жылдын 2-апрелинен 1-июлуна чейин автоунааны ишеним кат менен айдап жүргөндөргө унаасын өзүнүн наамына арзан баада каттатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин жетекчисинин орун басары Усеин Касымалиевдин билдиришинче, автоунааны кайра каттоонун баасы учурда 2500 сомдон 5 миң сомго чейин болсо, алдыдагы 3 ай ичинде 300 сомдон 1000 сомго чейин түшүрүлөт. “Баа автоунаалардын чыгарылган жылына, кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша эсептелет. Бүгүнкү күндө каттоо күбөлүгү үчүн 800 сомдон, мамлекеттик номур үчүн 950 сомдон төлөнсө, жеңилдетилген шартта кайра каттоо кампаниясы учурунда бул акча төлөнбөйт. Мисалы, азыркы учурда автоунааны кайра каттоодогу төлөм 1500 сом болсо, эми 10 эсе арзандап, 150 сомду түзөт. Ал эми банктык жана компьютердик кызматтар үчүн мурдагыдай эле 300 сом төлөнөт. Жыйынтыгында жалпы сумма 450 сом болот”,- деди Касымалиев. Ошондой эле кайра каттоодо автоунаанын пайдаланылып жаткан мамлекеттик номуру менен техникалык паспортун өзгөртпөй койсо да болот.
НЕГИЗГИ СУРООЛОРГО ЖООПТОР
КАЙРА КАТТОО ҮЧҮН ЖЕҢИЛДЕТИЛГЕН МӨӨНӨТ КАНЧАГА СОЗУЛАТ?
Жеңилдетилген мөөнөт 2-апрелден баштап 3 айга созулат. Тагыраагы, 2-апрелден 1-июлга чейин.
КАНДАЙ ДОКУМЕНТТЕР КЕРЕК?
Бул үчүн автоунаанын техникалык паспорту, ишеним кат, автоунаа жана анын мамлекеттик номуру талап кылынат. Кайрадан каттатууга автоунаанын ээси жана сатып алган жаран сөзсүз түрдө паспорту менен келиши шарт.
1-ЖОЛУ ӨЗҮНӨ КАТТАТЫП ЖАТКАНДАРГА ДА ЖЕҢИЛДИК БАРБЫ?
Автоунааны биринчи жолу каттатып жаткандарга жеңилдик берилбейт.
УБАКТЫЛУУ ЖАШАП ЖАТКАН ЖЕРГЕ КАТТАТСА БОЛОБУ?
Көбүнчө айдоочулардын каттоосу айылда болот. Бирок өздөрү шаарда жашайт. Мындай учурда өзү кайда катталган болсо, автоунаасы да ошол аймакка каттатылышы керек. Эгер шаарда убактылуу жашап, шаарга каттатууну кааласа, ижарага жашап жаткан үйдүн ээсин алып барып каттап алса болот.
КАЙСЫ МЕКЕМЕГЕ КАЙРЫЛУУ КЕРЕК?
Автоунааны кайра каттатуу үчүн Мамлекеттик каттоо кызматынын каттоо жана текшерүү бөлүмүнө кайрылуу зарыл. Аталган бөлүм республика боюнча 24 аймакта иш алып барууда.
1 АВТОУНААНЫ КАНЧА СОМГО КАЙРА КАТТАТСА БОЛОТ?
Мисалы, учурда 2002-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын көлөмү 1300 сантиметр куб болгон Хонда Фит үлгүсүндөгү автоунааны кайра каттоонун баасы 1000 сом. Жеңилдетилген шартта кайра каттоо үчүн баа 10 эсе арзандаса, баа 100 сомду түзүп калат. Эгер жаңы техникалык паспорт жана номер алынбаса, буга компьютердик кызмат үчүн 300 сом, кошулуп жалпы 500 сомдун тегерегинде болот.
ИШЕНИМ КАТ ЖАЗЫП БЕРГЕН АДАМ КАЗА БОЛУП КАЛСА ЖЕ АНЫ ИЗДЕП ТАБУУГА БОЛБОСО КАНДАЙ БОЛОТ?
Бул учурда маркумдун туугандары мүлктү мураскер катары өзүнө өткөрүп алуу керек. Андан ары мураскер сатып алуучу менен Мамлекеттик каттоо кызматына барып сатып алуучуга каттап берсе болот.
Эгер ишеним кат жазып берген адамды табууга мүмкүн болбосо автоунаага 8 жыл ачык ээлик кылганыңыздан кийин соттун чечими менен өзүңүзгө расмий каттатып алсаңыз болот.
600 МИҢДЕН АШЫК АЙДООЧУ АВТОУНААСЫН ИШЕНИМ КАТ МЕНЕН АЙДАЙТ
Жогорудагы жеңилдик өкмөттүн “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруунун алкагында берилип жатат. “Акылдуу шаар” долбоору ишке кирсе, көчөлөргө орнотулган видеокамералар эреже бузган айдоочуларды каттоого ала баштайт. Бул учурда айып төлөө жөнүндө билдирме автоунаанын техпаспорттогу ээсине барып, унаанын учурдагы ээси кабарсыз калат. Мындай иш-аракеттер ыңгайсыздыктарды жаратып, “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашырууну артка тартары анык. Расмий маалыматтар боюнча, учурда өлкөдө 1 миллиондон ашуун автоунаа бар. Анын жарымынан көбүн айдоочулар ишеним кагазы менен айдап жүрүшөт.
Окурман, сиз укуктук жактан коргоого муктажсызбы? Анда биздин «Адистин кеңеши» рубрикабыз кызматыңызда. Сиздин тынчыңызды алган суроолорго тажрыйбалуу адистер жооп беришет. Кат жазыңыз, кеңеш сураңыз! Суроолорду (0312) 32 33 26 номери, 0557756319 WhatsApp номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.
Бектур Токтоноев
koom@super.kg