«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)


Кызы минтип жаткан соң кайындарынын да оозу жабылды. Бирок кайнатасы Алибекти мындай чыгарып катуу эскертти. «Эгерде менин кызымдын көзүнөн бир тамчы жаш акса, ал сенин каның болот деп эсепте. Сени бул шаарда жашагыс кылам». Кайнатасы тамашалай турган адамдардан эмес эле. Анысынан деле корккон жок. Болгону алаканына араң баткан кызы менен убара. Аны көргөн өз энеси да жеңил дем алды. «Маркум атасы да ушундай баласаак болчу. Акылдуу келиним муну эми бала менен байлай турганына көзү жеткен экен. Эми баары өз нугуна түшө турган болду».
Жашоо кайсы бир учурда адамдар менен шакаба чегип жаткандай. Кайсы бир учурда кабыл алган чечимибизди дүйнөдөгү эң улуу чечим катары түшүнөбүз. Аттиң, туура деп ойлогон кадамдар ар дайым туура чыкса кана...


ххх


Нурилянын абалы жакшырып калды. Жандандыруу бөлүмүнөн чыгарып, палатага которушту. Жамиля ары-бери чуркап жүрүп атасы эмнегедир телефон чалбай жатканын ойлоду. Түндө үйүнө эс алганы кеткен боюнча кабарлашпады. Үйүнө чалса да эч ким жооп берген жок. Ошондо гана атасынын аялы илимий конференцияга Москвага кеткенин эстеди. Жүрөгү түпөйүл болуп чыкты.
– Апа, сен Нурилянын жанында бол. Эмреден көзүңдү алба. Мен атамдын үйүнө барып келбесем болбойт.
– Эмнеге?
– Телефонун албай жатат.
– Уктап жаткандыр.
– Билбейм. Сен бул жерде бол.
Эмре болбой апасын ээрчип алды. Үйүнө жакындаган сайын жүрөгү бат-баттан согуп калды. Эмнегедир алтынчы туюму менен уулун ал үйгө киргизгиси келбеди. Сыртка балдар ойноочу жерге таштап, өзү үйгө бет алды. Эмнегедир эшик ачык экен. Атасы жан талашып эшикке чуркап, бирок үлгүрбөй босогодо кулаптыр.
– Аа-аа!
Жамилянын ачуу кыйкырыгынан теребел селт дей түштү.
– Ата-аа!.. Атаке, ач көзүңдү. Мен жаныңдамын. Атасынын жансыз денесин кучактап боздоп ыйлап жатты. Жыты, кийген кийими, ак аралаган чачтары мурункудай. Болгону бакырайган көздөрү жумулуу. Дүйнөнүн бүтүн жакшылыгын ичине батырып алгандай мээримдүү көздөрү ачылбай жатты.
– Жок, мүмкүн эмес. Сен мени таштабайсың. Сен мени эч таштабайсың, ата...- деп зар какшап жатты. Аялы илимий конференцияга кеткен. Балким, жанында болсо дарысын бере салып жанын алып калмак беле? Жүрөгү ооруп жүргөн, бирок кыздарына айткан эмес эле. Акыркы окуялар анын ансыз да алсыз жүрөгүнө оор келген көрүнөт.


ххх


Жамиля телефонун албай жатканынан улам кабатыр болгон Алибек анын үйүнө жөнөдү. Эл көп экен. Бири кирип, бири чыгып жүрүшөт.
– Эмне болду?- деди үрөйү учкан ал айылдаштарынын бирин көрүп.
– Мурат байке кайтыш болду. «Жүрөгү токтоп калыптыр» дешти.
Кирип барып Жамиляны курчап отурган аялдарды көрдү. Эч кимди көзүнө илбей жанына барып кучактай берди.
– Жамиля!
Эмнегедир ал боюн ала качты. Кантсе да айылдаштары көп жүрөт, сөз болбосун деди окшойт. Жүзүнө да тиктебеди. Бир гана колун кысып койду. «Сен кете бер, көп сөз болот» деди ал акырын шыбырап. Алибек кете албады. Зыйнатынын башында туруп, эмне керек болсо баарын жасады. Сөөктү айылга алып кетип коюшту. Эки аялы тең кара кийип башында болушту. Дүйнөдөн бир Мурат деген адам өттү. Жакшылык гана жасаганды билген ак ниет бир адам эле.
Атасынан кийин Жамиля бүк түшүп калды. Бирок антип жатып алганга да шарты жок эле. Өмүрү үчүн күрөшкөн бир тууганы, нес болгон апасы, бул нерсенин баарынан жүрөгү түшкөн уулу бар болчу. Жетилигинен кийин шаарга кетиши керек эле, анткени Нуриляга атасы кайтыш болгонун айтыша элек болчу. Тегеректегилерди чакырып куран окутту. Алибек дагы эле шаарга кете элек экенин ошондо байкады. Эми чындап жини келди. Чет жакка чакырып катуу айтты.
– Сенин жардамың ушулбу?
– Кайсы?
– Элдин сөз кылганы эле экөөбүз. "Аялы, баласы бар адам эски сүйгөнүнүн атасынын өлүмүндө кызмат кылып жүрөт" деп жатышат. Сен жок дегенде мени ойло.
– Жамиля, мен сени таштап кете албадым. Арзуу жеңе «бир жумадан кийин кетет» деп айткандыктан чогуу кетели деп күтүп жаттым.
– Сени менен кетемби?
– Ооба.
– Алибек, мага сен эле жетпей жаттың эле. Кет, суранам, азыр сенден башка маселем толтура. Азыр машинаңа түш да, кет.
Жамиля айтканынан кайтпасын түшүнгөн Алибек аргасыз кетти.


ххх


Өйдө-ылдый, жакшы-жаман күндөр өтүп жатты. Жамиля үчүн эң оор күндөр эле. Нуриляны ооруканадан чыгарып келди. Эмре апасын жанынан чыгаргысы жок. Апасы Мураттын өлүмүнөн кийин таптакыр сүйлөбөй түнт тартып кетти. Үйдө буларды таштап чыгыш оор болсо да жумушка кайра чыкпаса болчудай эмес. Бул арада жумуштан чыгып калганын да билди. Эмне кылуу керек? Жашоосунун баш-аягын таппай жатканда Данияр байкеси телефон чалып калды.
– Жамиля, жеңең сени үйгө чакырып жатат. Чай ичип кетсин дейт.
– Мен...
– Жок деген сөздү кабыл албайм. Бир аз достор бар, жакын санаалаштар эле болот. Алибек да келет,- деп коюп койду.
– Үйдө биз менен отура берип жинди болуп кетпе, сен барып кел. Акыры биздин үйдүн жалгыз мотиватору сенсиң. Эмреден кам санаба, апам карап турат,- деди Нуриля алсыз. Апасы да кубаттап калды. Акыры бара турган болду. Даниярдын босогосун аттап бара жатып Алибектин үнүн угуп калды. Келет деп айтканы чын. Бирок...
– Ай, баатыр, кел,- деп алдынан тосуп чыккан Данияр да жарым сөздөн токтоду. Эмне дээрин билбей калды. Алибек Диана жана кызы менен келген эле. Ал окуя мындай болгон. Бир жакка уулу даярданып жатканын байкаган энеси акырын кеп баштап калды.
– Мындай жерге келинчегин да ала барат. Диана да барсын.
– Апа-а!
– Эмне, ботом? Сенин аялыңбы?
– Ал жерге эркектер чогулат.
– Эркектер чогулса, мен акырын чыгып кете берем. Кызыбыз төрөлгөнү эч кайда чыкпадык. Зериктим,- деди келинчеги да. Катуу жерден кармалды. Бирок бул жерге Жамиляны кошо чакырат деп эч ойлогон эмес.
– Мүйүз чыкса барчы, эй,- деп койгон эле. Так алдынан Жамиля чыгат деп эч ойлобогон эле. Көздөрү тостоюп кетти.
– Кандайсың?- деди Жамиля титиреп кеткен үнүн басмакка. Диана да дароо тааныды. Көз ирмем гана тиктеше калышты.
– Кана, коноктор, киргиле,- деп жиберди Данияр башка эч нерсе оюна келбей.
Бака-шака түшүп жаткан бул үй үчөө үчүн тозок эле. Жамиля туруп басып кетип калайын дейт, бирок элдин ансыз да бурулуп турган көңүлүн бургусу келбеди.
Диана болсо ызасын ичине жутуп бир нерсе болсо бакырып тура калчудай абалда. Алибектин абалы экөөнөн тең оор. Тердеп-тепчип айтылган сөздөр деле кулагына кирбеди...


(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
KOCMOC
2018-03-20 09:04:06
Дагы күтүү... Эртерээк бүтпөдү ушул сериал.
+5
Aitun
2018-03-20 09:50:53
Керем кайда журот... Алибек менен Жамилянын былжырагандарына кыжырым келет...
+16
stervella415
2018-03-20 18:06:15
Алибек эркек эмес экен...бесит...керем нердесииииин)))))
+4
Asylbek2802
2018-03-21 14:50:11
stervella415,Алибекда Жамийланын даамын татып калды койо бериши кыйынго эми
+1
simone
2018-03-20 18:46:56
Даниярдын кылганы Туура эмес го же акыры эки кундош жолугушуш керек беле?!
+2
Uma931596
2018-03-20 20:56:38
Алибек жакпай калды ээк эй, эркектей болбойбу, аялы менен кызын таштабай!
+5
Djka
2018-03-20 22:17:58
Uwu jamil9 ozu dele ene go ozun ele ozumchul bolup oiloboi bawkalardy dele oilop koiso bolmok da Alibek kelinchegin suiup kyzyna bailanyp uibulosuno kaitsa eken uwu men kiiinki kundoru Jamil9ny jaktyrbai jurom Murattyn da Ahmedtin da olusun kaalabait elem jamil9 kaidan chykkan neme ozu degi ee uwul olso bolmok eken andan koro owo mn butmok tynchyrak bul chygarma
+2
Dimonbek
2018-03-21 01:21:23
Чын эле кызыксыз болуп кетти чыгарма. Автор сүйүүнү даңазалайм деп окурманды жийиркентип аларын билбесе керек.
+3
Asylbek2802
2018-03-21 14:48:45
Окуугандай да болбойтам көп көп чыгарып койгулачы админ мазза кылып окуйн
+1
only_progress
2018-03-21 17:41:36
Бул жагы фантастика болуп кетиптир го тим эле
0
gulnur.narmatova
2018-03-21 20:53:12
Уфф качан бутот кызыксыз болуп баратат
0
nurhan2702
2018-03-23 11:04:25
Жамилянын апасы деле "кой барба, Алибектин уй - булосу бар, аларга жолтоо болбо" - деп койсо болбойбу
0
Kiossaki
2018-03-25 11:21:25
Баардык сюжет илеалдуу боло берсе болбойт го ☺ бул- жашоо..
0
№ 802, 16-март -22-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан