МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)


Азамат менен аны карай басып келе жаткан төртөөнүн ортосундагы аралык улам жакындай берди. Бирок Айсулуу дале кызын көздөй мелтиреп, ашыкпастан гана басып келе жатты. «Эмнеге айтпай-дебей келип калды? Бул жанындагы киши ким? Эмнеге Айназикти көрүүгө ашыкпайт?» суроолор көп болчу.– Кандайсыздар?- алгач кайненеси менен учурашты бет келгенде.
– И-ий, жаным десе,- Айсулуу эми жанданды окшойт, Азаматтын колунан кызды алмакчы болуп жакындады. Бирок кызы чочуркаган көз караш менен карап алып, атасынын моюнуна жабышты. Бекем кучактап алып чоочундарды карабай койду.
Азаматтын учурашканына кайненеси баш ийкемиш болду. Айсулуу болсо көздөрүн ала качат. Таптакыр түшүнүксүз жагдай түзүлдү.
Айсулуу келерин алдын ала айтса, Азамат кызын татынакай кылып кийинтип алып, шаардан тосуп ала турган болуп кыялданып жүргөн. Муну кантип түшүнүүгө болот? Үн-сөзсүз, жадакалса учурашпайт. Апасынан сүрдөп жатабы? А бул саламды эптеп алик алган өзүнчө керсейген жигит ким? Ортодогу өлүү тынчтык эмнени түшүндүрөт?
– Жүрүңүздөр үйгө,- Азамат оңтойсуз абалда сүйлөдү. Айсулуу болсо Айназиктин чочуркаган, Азаматтын түшүнбөгөн көз карашынан жерге кирип кетейин деп турду.
– Жок, балам, үйгө кирбейбиз,- кайненеси суук кабар угузчудай үшкүрүнүп алды. Кашы чийилген, жашы өтсө да өзүн карап жүргөн тыкан аял эле. Курч көздөрү эмнегедир бул ирет муңдуу.
– Азамат, балам, мени да, бул шуркуяны да кечире көр,- бул сөздү угуп Азамат чочуп кетти. «Бул эмне дегени?» деди ичинен. Көтөрүп турган кызын бекем бооруна кысты.
– Үйгө келишиптир кечээ. Кайнатаң аталыгынан кечип кууп чыкты. Эне түтпөйт экен,- ыйлап баштады кайненеси.
– Эне түтпөйт тура. «Апа» деп жалдыраганынан сенин алдыңа келип отурам. Чындыкты уктум. Айсулуу башкадан боозуп, бирок сага тийип төрөгөн тура! Кечээ келип кызымдын атасына кайра тийдим деп...- кемшеңдеп андан аркы сүйлөгөнү түшүнүксүз болуп кетти.
Тимурду тиктеди Азамат. Тамагы кургап калган. Азыр ал эмне дешти да, эмне кылышты да ойлоно албай калды. Тээ жүрөгүнүн түпкүрүндө кандайдыр бир белгисиз сезим түш болуп калса экен деп тиленип жаткандай жүрөгү бул суук кабарды кабыл алгысы келбей турду. Саамга катып турду да, анан үйүн көздөй бурулуп басып жөнөдү.
– Азамат,- Айсулуу кыйкырды.
– Айназикти бер!
Жигит үн-сөзсүз басып кете берди. Колундагы Айназик кыйкырган апасын көрүп чочуп кетти. Азаматтын улам басыгы катуулап, шашкан кишидей үйдүн эшигин ачты да, кирип ичтен бекитип алды. Анан түз эле ашканага кирди, андан чыгып уктоочу бөлмөгө, конок бөлмөгө. Максатсыз эле баса берди. Эшикти кимдир бирөө булкту.
– Азамат, ооба, мен акмакмын. Мени кечир. Бирок баары бир экөөбүз жашай албайт болчубуз. Эртели-кеч чындык чыкмак. Анын үстүнө бала өз атасында болгону жакшы.
Азамат эми өзүн кармай албай кетти. Жаактары бошоп, көзүнөн жаш сызылып, оозу кемшейе түштү. Айназиктин чыныгы атасы эмес экенин ал мынчалык курч сезе элек экен, көрсө. Азыр колунан кызы өзүнүн чыныгы атасына кетерин ойлоп ыйлап жиберди.
«Бербейм» деп адегенде ичинен кайталады.
– Бербе-ейм!- ый аралаш кыйкырды эшик тарапты карап. Оор дем алып баштады. Салаа-салаа жаш кетти жүзүнөн. Дүйнөсү тарый түштү.
– Азамат, мыйзам боюнча, сен беришиң керек. Ал кыз сага эч ким эмес. Анын атасы менмин!-Тимурдун үнү чыкты.
– Азыр, кызым,- конок бөлмөгө көтөрүп кирди. Айназиктин көздөрү алайып калыптыр. Бир нерсени туюп жаткандай. Азамат анын маңдайынан өөп жерге отургузду да телевизорду жандырды. «Сен отуруп тур, ээ?» деп бөлмөнүн эшигин жаап чыкты да, сырткы эшикти ачып эле аны карап элейип калгандардын арасынан Тимурду бет талаштыра муштап жиберди.
– Сенби атасы? Сенби?! Кайда элең сен?- көмөлөнүп түшкөн Тимурду баса калды.
– Азамат, тийбе!- Айсулуу жабышты. Колу менен силкип түртүп жиберип ордунан турду.
– Менин кызым, уктуңарбы! Жоголгула! Менин кызым,- өзүн бекем кармаганга аракет кылса да, үнү катуу чыккан сайын тамагы буулуп көзүнө жаш келди. А Тимурдун болсо жүрөгү оозуна тыгыла түшкөн адегенде, бирок ызаланып кетти окшойт, Азаматты карап сөгүнүп атырылды.
Ортого Айсулуунун апасы, жеңеси түшө калды.
"Менин кызым" дейт, сен кайда элең ал төрөлгөндө? Эмнеге ал сени эмес, мени ата деп жатат? Эмнеге?- Азамат ачууланганда өтө сүрдүү болуп калат экен. Адатта жооштугунан эч ким тоготпойт. Айсулуу деле ошентчү. Бирок азыр анын кейпинен коркуп кетти. Ал Айназик үчүн эч нерседен кайра тартчудай эмес. «Бул баланы береби?» деп ойлоп кетти.
– Кызым менде болот! Түшүндүңөрбү, жоголгула. Сен да жогол! Ал сени тааныган да жок, көрдүңбү? Сен аны унутуп таштап 4 ай жүрдүң. Эми ал сага керек болуп калдыбы? Бар, ойношуңа бар! Кызыма жолобогула,- жигиттин өктөм-өктөм сүйлөгөнү баарынын жүрөгүн үшүттү.
Аны карап айласын таппай калгандарды жекире тиктеп алып кайрадан үйүнүн эшигин ачып кирип кетмекчи болуп жатканда капыстан Бурулдун үнү угулду: «Ыя, кокуй, эмне болуп кетти, Кудагый?»
– Кечире көр, кудагый! Аргам калбаганынан келдим. Неберени алып кетели деп келдик. Айсулуу башка адамга турмушка чыгып...
Бурулдун көздөрү чакчайып, дендароо болуп туруп калды. Келини болсо көзүн ала качымыш болот.
– Турмушка чыгып кетсе биротоло кетсин анда. Неберемдин тырмагын карматпайм. Бети жок! Кантип келдиң? Кайсы бетиң менен келдиң? Сенби күйөөсү? Ок, талаада калгырлар! Кайсы бетиңер менен ушинтип келдиңер? Ыя, кудагый, айтсаңыз болбойбу? Тарбия көргөн эмеспи. Уятына чыдабай ошондон ары жок болмок башка киши болсо...
– Кыз Азаматтан эмес экен, кудагый. Айназик анын кызы эмес экен. Айсулуу төрөргө жакын турмушка чыгыптыр уулуңузга...
– Апа, буларды укпа, кир үйгө. А силер жоголгула!
– Азамат, бул сенин балаң эмес да. Бала өз ата-энесинде өскөнү жакшы. Эртеби-кечпи баары бир чындык чыгат,- Айсулуу безилдеп жиберди.
– Жогол!
Баары бир мыйзам боюнча, мен баланы алып кетем! Мени аргасыз кылып жатасың? Милиция чакырайынбы?
Азамат суроону жоопсуз калтырып эшикти жаап алды. Түз эле барып конок бөлмөдө телевизордун пульту менен алышып отурган кызын көтөрүп ыйлап жиберди. Бурул болсо ары-бери басып «шерменде, шуркуя» дей берди. Ал мындай бурулушка даяр эмес экен. Кызын жерге коюп, бир нерсе эсине түшкөндөй кайра сыртка атып чыкты... Айсулуу милицияга чалып жаткан окшойт, колунда телефон.
– Айсулуу,- Азамат өтүнүч менен сүйлөдү.
– Мен сага жамандык кылган эмесмин. Мен сени да, Айназикти да жакшы көргөм. Азыр мен Айназиксиз жашай албайм. Ошон үчүн суранам, аны мага бер. Сен кет! Бактылуу бол! Суранам, Айназик менде болсун,- ал эптеп гана Айназиктен ажырабоонун амалын издеп жатты.
– Сен аны каалаган убагыңда көрүп турасың?
– Жок! Мен кантип? Суранам,- Азамат азыр Айназикке чоочун эле киши болуп калганын, ага эч ким деле эмес экенин сезип көз жашын кармай албай жатты.
– Мен аны алып кетишим керек... Сот менен болобу, башка жол мененби, мен кызды алып кетем. Мени кечир.
– Анда жок дегенде эртеңкиге чейин менде болсун. Мен аны менен коштошуп алайын
– Жок!- Айсулуу так кесе айтты.
– Эй, кыз, эртең келебиз, бас! Азамат, эртең биз саат 10дорго келебиз, сен коштошсоң коштошуп ал,- Айсулуунун апасы бурулуп басып кетти.


ххх


Бурул үн-сөзсүз гана отургучта отуруптур. Мелтиреп бир чекитти тиктейт.
– Эмне, кыз чындап эле сеники эмеспи?
– Меники, апа! Менин кызым!
– Тиги жигитке окшош тура. Чын, куюп койгондой окшош экен.
– Апа, бул менин кызым.
– Сен эми ушул кызсыз жашай албайсың, мен сени билем.
– Апа, сен, мен, Айназик. Биз кетишибиз керек! Эжемдер эч нерсе билбесин. Аларга баарын жайгарган соң айтабыз. Мен баарын ойлонуп койдум...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
lovemam
2018-03-20 14:44:13
Азамат молодец балдары туруп башкаларды карайт эркектер Айсулуу кок мээ
+4
Jan_balam2018
2018-03-20 15:48:31
Ой кокмээ Айсулуу.байкуш Азамат
+3
Shokoladka94
2018-03-20 16:30:06
Ээхх ушу Айсулууга Тимурун кошуп сабап-кубалап жибергим келди го
+3
stervella415
2018-03-20 18:27:27
Ыйлап аран окуп буттум..эххх азамат ((((
+4
Jeki95
2018-03-20 19:31:02
Айсулуу акмак экен. Жашоодо ушуга окшош мисалдар ото эле коп.
+4
aza-seketim
2018-03-20 20:04:46
Айсулуу ХХХХХХХХХХХх
+3
Saidochka
2018-03-20 20:49:55
Айсулуу эшшеееек!
+3
Djka
2018-03-20 22:45:47
Azamat kyzyn alyp tigi wurku9 mn janyndagy Timur degen itke da kyzynyn karaanyn da korugo zar kylyp korsotpoi koiso eken myndailarga jakwylyktyn ozu da jarawpait Azamatka kylgan jakwylygy aitkan rahmaty uwul bele kochodo kalgyr eki kanchykty ten soiup salsa meesi jok akmak wurku9 Aisuluu degen atka tatyktuu bolsochu jee atyn almawtyruu kerek eken Aisuluu emei ele Talpakgul dep tura emes koiyouluptur da aty bawynda ele
+2
Akniet_kg96
2018-03-21 00:17:44
байкуш азаматка жаман болдуго ыйладым журогум ооруп кети азаматка эми кыздын алып качкан учун сотолуп кететко дейм
+2
ulua
2018-03-21 01:17:02
Ыйладыым Азамаат((((Айсулуу талаада калгыр
+2
love.me.again
2018-03-21 02:55:15
Азамат жаным ... Суйуп калдым ушундай уйуно кызына берилген балдар жагат мага . Эххх кудай Насип кылсын ушундай Бир сырдуу балага баласак адамдар Насип кылсын.
+3
Baku88
2018-03-21 03:38:37
Авторго таазим аябай таасирдүү жазылган прям журоко жетип көздөн жаш агызды. Кино көргөндөй эле болдум. Анан дагы кечке переживать этип жүрдүм бүгүн. Кийинки санында эмне болоор экен? Азаматты көп эле кыйнабай кызын калтырып анан тиги шуркуясын Тимуруна кошуп Москвага кетирип ошондон ары жоготуп салып анан бутур. Баарынан да Азамат Айназиктен ажырабасын. Менин баламды бирөө талашып жаткансып ичим тызылдап жүрөгүм ооруп жүрдүм
+1
Nurmuhammed2016
2018-03-21 07:41:32
эххххх турмуш мынча татаал, ташбоор болбосо.
0
naziman
2018-03-22 10:01:16
Айсулууга соз жок экен.Тимурга барганда эле экоо омур бою бир жашачудай болот.Кыйынчылыктан чыгарган Азамат эмес беле.Эми ара жолдо калат
+1
nurhan2702
2018-03-23 16:30:35
naziman,мен да ошону айтайын дегем
0
Djka
2018-04-04 16:09:21
naziman,Talaada Kalsyn it kuwtarga jem bolup al talpakgulgo jakwylyk jarawmak bele bir tawtagan ekinchi jolu da tawtait chala bolot aga
0
Kiossaki
2018-03-25 11:45:55
Марат Жанбараков- сизге рахмат
0
№ 802, 16-март -22-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан