Архив
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал)№803 23-март -29-март, 2018-ж.
– Ал эмне дегениң?
Бул арада Бурул уктап калган Айназикти көтөрүп сыртка чыкты. – Сиз атка миниңиз,- Бурулду жөлөп-таяп атка мингизип колуна Айназикти карматты. – Мен азыр...- желим идиштеги бензинди көтөрүп үй тарапка жөнөдү. Анан дыкаттык менен үйдүн ар бир бурчуна бензин чачып чыкты да, босогодон үйдүн ичин бир карап алып ширеңке чагып, от коё берди. Үйдү дүрт этип жалын каптады. Атасынан калган там жалынга оролуп кала берди. Бурулдун жүрөгү зырп дей түштү. Ананчы, бул үйдү канча мээнет менен салышты эле, бул үй канча кубанычтын, канча кайгынын күбөсү болбоду беле?! Кышта жылуу, жайда салкын, аны салган адамдар сыяктуу эле жөпжөнөкөй, кең, тыкан салынган там болчу. Азамат чуркап келип атка минди да, апасынан Айназикти алып теминди. Эртерээк алыстап кетиш керек. Кызы болсо жылуу жуурканга оролуп, мемиреп эч нерсе сезбей уктап жатат. «Сени эч кимге бербейм. Сен менин бакытым болсоң, жашоом болсоң... Менин кызымсың. Кантип сени башкага берейин?» кызын бооруна кысып, кере-кере жыттап койду. Айназиктен күнөөсүздүктүн, тазалыктын жыты келип турду. Наристелер гана мындай жыттанат.
Бул аймакта жакын туугандары жок болгондуктан, алар райондогу мейманканага келип жатышкан болчу. Таң эрте ойгонуп эле Тимурду, апасын ээрчитип Азаматтыкына жөнөдү.
– Кызым!- чаңырып жиберди. Бир кезде сырты акталган жумурткадай тамдын ордуна үйүлгөн күл, жарым-жартылайы урап түшкөн кара дубалдар сербейип турду. Буркурап боздоп Азаматтын эжеси Ырыскан жүрөт. 3-4 аял аны жөлөп-таяп алышкан. – Кызым!- Айсулуу эми чындап коркуп кетти, ачуу үн көкүрөгүн жарып чыкты. Түз эле күл сапырылып жаткан, кара дубалдарды аралай чуркады. – Жуттуң, шуркуя! Жуттуң!- Ырыскан кыйкырды аны көрүп. Жанындагы аялдар кармап турбаганда ал Айсулууну өлтүрүп салуудан кайра тартмак эмес. Ал кечээ баарын уккан болчу. – Айназик, кызым!- Айсулуу бир кездеги бөлмөлөрдүн калган ордуларына барып кыйкыра берди. Кимдир бирөөлөр келип кармап, «сабыр кыл» деп жатышканын укту. Арыда болсо апасы жер чапкылап ыйлап жатты. Тимур гана элейип эмне кыларын билбей туруп калды. – Кызым! Кызы-ым...- Айсулуунун үнү бүтүп баратты.
– Ме, муну салып кой тиякка. Бүгүн анча-мынча карыздар чогулду,- деди кудуңдап. Булардын үйүнүн төркү бөлмөсүнүн полунда эки-үч тактай алынчу. Жашыруун жай кылып аны Улан өзү жасаган. Үстүнөн килем жаап койсо таптакыр билинбей калат. Ал жакта Улан кичинекей темир сандыкка акчасын катып жүрчү. Азыр апасынан алган акчаны да ошол жашыруун жайына катмакчы болуп, полдогу тактайларды акырын ала баштады. Бирок темир сандыгы ордунда жок болуп чыкты. Жүрөгү шуу дей түштү. Жол тандабас унаа алайын деген 10 миң доллардан ашык акчасы бар болчу эле. – Апа! Эмне, сандыкты алдыңыз беле?- үнү калтырап чыкты. – Жок, ботом! Эмне болду? – Ордунда жок! Үйгө бирөө келди беле? – И-ий! Мен кайдан билейин, дүкөндөн келдим мен. Ай, атаңдан сура, аялыңдан сура. Ызы-чуу түшүп эле жатып калышты. Атасы да, аялы да темир сандыктын кайда экенин айта алышкан жок. Улан башын мыкчып отуруп калды. Муну эч ким билчү эмес эле го. Эми кайдан табат?
– Жүрөгүм сезип жатат. Алар тирүү... – Кызым,- апасы бир нерсе сүйлөмөкчү болду эле аны токтотуп койду. – Жок дегенде үчөөнүн бирөөсүнүн бир нерсеси калат эле го. Эч кандай сөөк да жок. Кантип ушундай болсун?! Милицияга арыз жазып, текшертүү керек баарын. Балким, Азамат Айназикти алып качып кетүү үчүн атайын кылгандыр...
Алакандай кагазда «Камчыбек уулу Азамат, Тезекбаева Бурул ушул жылдын 26-декабрында кыргыз-казак чек ара бекетинен Казак мамлекетин көздөй чыгышкан» деп жазылыптыр. Айсулуу муну укканда жүрөгү кабынан чыгып кетейин деди. – Мен билгем! Мен билгем,- деп сүйлөнүп жатты ал.
– Тууган, Орусиянын кайсы аймагына кетип калсам?- деди азербайжан улутундагы айдоочуга. 2 күндүк жол жүрүүдө булар ынак боло түшүшкөн. – Эмне, барар жериң анык эмеспи? – Москвага барсамбы дегем, бирок айнып жатам. Отурукташа турчу жер тапкым келип жатат. – А эмнеге? – Жаңы жашоо баштасамбы дейм. Жаңы тууган күтөм. Мени эч ким тааныбаган жер керек. – Эмне, кылмыш кылдың беле? – Кылмышпы, кылмыш эмеспи, билбейм. Аялым экөөбүз кызыбызды талашып кеттик. А мен бергим келген жок. Анын жаңы күйөөсү буга кандай мамиле кылат, кызым кантип чоңоёт? Өгөй атасы урбайбы? Мындай суроолор менен жашай алмак эмесмин. Айтпай-дебей алып кетип калдым. Тиги жигит олурая карап койду. Саамга үндөбөй калды. Анан ойлонгондой: – Бирок балага апа керек да. – Түшүнөм, бирок ал жоопкерчиликсиз мамиле кылды. Баладан мурун өзүн ойлоп башка эркекке кетти. Балким, бул сүйүүдүр. Бирок ошондо да баладан мурун өз камын ойлоп, өзүнүн кумарына жеңдирип салган аялга баланы тапшыруу туура болот беле? – А сен жоопкерчиликтүүсүңбү? – Жоопкерчиликтүү болгонго аракет кылам. Бул дүйнөгө бир адам сени «ата» деп келдиби, болду, анда ата деген атка татыктуу бол! Ал дүйнөгө сага ишенип келди, анын жашоосун талкалаганга сенин акың жок! Сен ал үчүн жоопкерсиң. Ал сени ата деген күндөн тарта сен өзүңө өзүң ээ эмессиң. Сен каалаганыңды кыла албайсың. Башканы сүйүп калдым же кыйналып жатам деп кеткенге болбойт. Себеби сен бирөөгө атасың! А ата болуудан артык эмне бар? Мен аны коргоосуз калтыра алмак эмесмин... – Башкача адам экенсиң. Ар бир ата сендей жоопкерчиликтүү болсо, баласын сендей жакшы көрсө тирүүлөй жетим жүргөндөр аз болмок. – Мени издеп башташса, таап алышабы деп корком. – Сен Ямалга кетип кал. Эч ким таппайт! Ал жерде баары эле бири-бирине окшош. Кимдин-ким экени айырмаланбайт. Жергиликтүү эл менен сиңишип кетесиң. Документтериңди жаңы жасатып ал. – Ямалың каяк? – Ямал – Ненец аймагы. Орусиянын эң суук делген бөлүгү...
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Башка сандарда:
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:
|
Саламатсызбы! Макаланын астында "Башка сандарда" деп жазылып турат.