Кылмышка шектүүнүн апасы: «УУЛУМ КОРГОНОМ ДЕП КИШИ ӨЛТҮРҮП АЛГАН. АЛ ШАРТТУУ ЖАЗА АЛСА ТУУРА БОЛМОК»

Өткөн жылы Кара-Балта шаарында таксист жүргүнчүсүн өлтүрүп алган факт катталган. Таксисттин жактоочулары "ал өз өмүрүнө кол салган адамдан коргонду" деп далилдешүүдө. Ал эми экинчи тарап кылмышкердин адам өлтүрүү беренеси менен жоопко тартылышын талап кылышууда.

СОТ ЧЕЧИМИНЕ 2 ТАРАП ТЕҢ МАКУЛ ЭМЕС
2017-жылдын 31-январь күнү Чүй облусунун Кара-Балта шаарында Алмазбек Сапарбеков аттуу 24 жаштагы таксист 53 жаштагы кардарын бычактап өлтүрүп койгон. Алгач бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө учурунда ал 99-беренеге (аргасыз коргонуунун чегинен чыгып, же болбосо кылмыш жасаган адамды кармоо үчүн зарыл болгон чаралардын чегинен чыгып киши өлтүрүү) өзгөртүлгөн. Тергөө аяктаганда иш сотко жетип, Жайыл райондук соту кылмышка шектүүгө 99-берененин негизинде 3 жылга шарттуу түрдө жаза ыйгарган. Бирок маркум Алманбет Назаркуловдун жакындары Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз жазып, облустук сот ишти кайра тергөөгө жиберген.

«БЫЧАК УУЛУМДУН ЖААК СӨӨГҮНӨ КИРИП ТОКТОП КАЛГАН»
Кылмышка шектелип кармалган таксисттин апасы Гүлайым Мамытова абакта баласынын ден соолугу начарлап жатканын айтып, коргоном деп кардарын өлтүрүп алган уулунун шарттуу түрдө жаза алышын суранып жаткандыгын айтат:
– Балам таксист болуп иштеп жүрчү. Ал күнү болжол менен кечки саат 8-9дар чамасында бейтааныш киши аны Ден соолук деген дачага жеткирип коюусун суранат. Уулум кардар айткан жерине жеткирип, үйүнүн алдына токтотоюн десе, «кайрылып кел, анан түшөм» дейт. Кайрылып келип токтогондо эле кардары сол колу менен баламды кучактап, оң колу менен бычак шилтеп жибериптир. Бычак уулумдун жаагынын сөөгүнө кирип токтоп калган. Андан кийин экөө кармаша кетишет. Балам кардарынын колунан бычакты жулуп алып, өзүн унаасынан түшүрүп салмак болот. Балам коопсуздук курун тагып отурган экен, курду чечейин десе, ал киши кур таккычтын үстүнө отуруп алыптыр.
Уулум «кармашып жатып мага бычак саяйын деп жатканын көрдүм. Өзүмдү коргоп жатып кантип ал кишиге бычак сайылып калганын билбей калдым» дейт. Бычак кардарынын жүрөгүнө жакын жерге 2 жолу сайылыптыр. Анан ал киши кармаша албай отуруп калыптыр. Ал учурда уулум коопсуздук курун чечип, унаадан чуркап чыгып үйлөрдү каккылап жардам сураптыр. Эч ким чыкпаганынан кайра унаага келип сигнал басып жатса, кардары өзү эшикти ачып чыгып качып кетиптир. Анан балам да качыптыр. Чоң жолго чыгып, май куючу жайга барып ал жерде иштегендерге айтса, алар өздөрүнчө урушуп жатышкан экен, балама көңүл бурушпаптыр. Кайра жолго чыгып, МАИ кызматкерлеринен жардам сураса, алар “жардам бере албайбыз, Ички иштер бөлүмүнө кайрыл” дешиптир. Анан уулум аймактык тескөөчүгө телефон чалып айтыптыр. Ал экөө РИИБге барып, нөөмөтчүгө окуяны айтышкан. РИИБдин кызматкерлери баламдын абалын көрүп, “ооруканага барып, тамагыңды тиктирип келе бер. Анан арыз жазасың” дешкен. Кийин “сени менен кармашкан киши каза болуп калыптыр” деп милиция кызматкерлери баламды ооруканадан кармап кетиптир. Ошондо гана балам мага телефон чалып чакырыптыр. Барсам, өңү бопбоз, моюну таңылган, бүт жагы кан болуп отуруптур. Жаман болуп ыйладым.
Жайыл райондук соту уулума 3 жылга шарттуу түрдө жаза чегерген. Бирок жабырлануучу тарап сот чечимине макул болбой апелляциялык арыз менен облустук сотко кайрылды. Ошентип облустук сот, Жогорку соттун чечими менен иш кайра тергөөгө жөнөтүлдү.

«АКЧАБЫЗДЫ АЛЫП ТУРУП СӨГҮП КУУП ЧЫГЫШТЫ»
– Каза болгон адам Суусамырдын Тунук деген айылынан болот экен. Көз көрсөтүп Суусамырга барып, күйөө балам менен жолдошум топурак салып келишти. Маркумдун бир туугандары «Кара ашына карызга семиз байтал алып сойдук, аны бооз бээ кылып кайтарышыбыз керек. Ошону алып келгиле. Калган чыгашаны да бересиңер. Бүтпөгөн иш барбы, бүтүрөбүз. Тосмо арыз жазып беребиз» дешти. Кыркылыгында жылкыны жүктөп, бир кой союп бышырып алып, 50 миң сом көтөрүп, азык-түлүк, кийит алып бардык. Баарын алгандан кийин бизди тилдеп-сөгүп туруп тосмо арыз жазып бербей коюшту. Улуу агасы Абдысамат Назаркулов «Тосмо арыз күтпөгүлө. Мен силер менен аягына чейин соттошом» деди. Анда эмнеге бергенибизди алышты, билбейм.
Бычак каза болгон кишиники болуп чыкты. Өлгөн жеринен дагы бир бычагы табылды. Уулум жанына бычак алып жүрчү эмес.
Туугандары “Алманбет мурда унаасын саткан болчу. Ошол күнү унаасын алган кишиден 100 миң сом алмак. Сенин балаңакчаны көрүп өлтүрдү” деп жатышат. Бирок унааны алган адам ошондо эле акчасын берген экен. Муну унааны сатып алган киши айтты.
Каза болгон киши мурда 3 ирет соттолуп, түрмөдө отуруптур. Окуя болгон убакта да ал үй камагында жүргөн экен. Соттук-медициналык экспертизадан анын баңги экендиги да аныкталды.
Жайыл районундагы бир соттук процесстен кийин анын туугандары элдешүүгө кафеге чакырышып, «Үйүбүздү салып бүтүргөнгө 10 миң доллар керек. Ошону берсеңер, кечиребиз» дешти. Биз акча бербейбиз деп жатабыз.
Балам 1 жыл 2 айдан бери абакта жатат. Бөйрөгү ооруп, гайморити кармап калды. Бул илдет кулагын да сезгентип, кулагы ооруп ириң ага баштады. Абалын көрүп ыйлап жатам. Балама шарттуу түрдө жаза берсе ыраазы болмокпуз.

«АКЧА БЕРИШСЕ КЕЧИРЕБИЗБИ, БЕЛГИСИЗ»
Маркумдун агасы Абдысамат Назаркуловго байланышсак, ал буларды айтып берди:
– 31-январда иним мурда саткан унаасынын акчасын алуу үчүн Кара-Балтага келгенин уктум. Унааны алган адамдын үйүнүн документтери инимде болуп, документти берип 100 миң сом алмак экен. Бирок сатып алгандар шыр эле акчасын бергенбиз деп да жатышат.
Соттук процесстерде таксист айрым суроолорго «унутуп калдым» деп жооп берип жатты. «Бир жолу бычак сайгандан кийин эле эмнеге качып кеткен жоксуң?» деген суроого «Коопсуздук курумдан улам чыга албай калдым» дейт. Саат кечки тогузда патрулдук милиция кызматкерлери жок жерден кур тагышабы айдоочулар? Бычак жегенден кийин инимди чуркап кетти деп жатат. Врачтар «чуркай албайт болчу, шыр эле өлөт» дешти. Анткени бычак 2 жолу тең жүрөккө сайылган. Бычак инимдики экени далилденген жок.
Инимдин арак ичпегенине 10 жыл болду. Баңгизатын колдонсо, көрмөкпүз. Таксисттин жакындары тиешелүү жактар менен сүйлөшүп коюшкандыгы соттук процесстерде эле билинип жатты. Криминалисттер "инимди бир киши эмес, бир нече киши өлтүргөн" деп айтышты.
Таксисттин ата-энеси бизге бир нече ирет келгени чын. Дасторкон жасап, кой союп, жылкы, 50 миң сом бергени да чын.
12-майда болгон соттук процессте таксисттин чоң энеси апамдын бутуна жыгылып, тизесин кучактап ыйлап «эмне десеңер баарына макулбуз» дешкен экен. Атасы болсо карындашымды кучактап ыйлаптыр. Сот отуруму бүткөндө анын атасы 60 миң сом сунуп, кафеге чакырды. Акчасын албай, кафеге барбай «Биз апама үй салып жатканбыз. 10 миң доллар алып келгиле, үйдү бүтүрүп алалы. Акчаны алгандан кийин тосмо арыз жазып беребиз» дедик. Ошондо акчаны беришсе кечирмекпиз.
Иним мурун бир жолу жалган жалаа менен соттолгон. Бирөөнүн малын багып иштеп, ал акчасын төлөбөй койгондо атын минип кетип, "мал уурулук" менен соттолгон. Биз азыр инимди өлтүргөндү "киши өлтүрүү" беренеси менен соттолуп, жазасын алсын деп талап кылып жатабыз. Азыр биз айткан акчаны алып келсе, кечиребизби, белгисиз.

«ИШ КАЙРЫЛЫП КЕЛЕ ЭЛЕК»
Биз окуя тууралуу кенен маалымат алуу үчүн кайрылганыбызда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Назира Имангазиева төмөнкүлөрдү билдирди:
– Жогорку Сот ишти кайра тергөөгө кайтарды деп уктук. Бирок иш азырынча Чүй ОИИББине да, Жайыл РИИБине да келе элек. Иштин кайтарылышы айрым учурда 2 айдай убакытты талап кылат. Кылмыш иши колубузда жок болгондуктан азырынча ал иш боюнча маалымат бере албайбыз.


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Таксист кардарына бычак сайып өлтүрүп койгонбу?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (37)
meni_kut
2018-04-04 08:40:23
Акыйкаттык учун курошкуло. а тиги олгондун жузу жок туугандары уялсанар боло,ак эмгегигер мн кургула ата эненерге уйду.Кандай жер которуп журот ушундай адамдарды
+4
sema1993
2018-04-04 10:55:29
Чындыгында маркум жактын туугандары ыйманынырды бекемдегиле.Кудайым силерге акча байлык эмес ыйман берсин.Бироону сыздатып ыйлатып алган акчасы эртенки куну бир жеринерден чыгат.Озунордун ырыскынар мн жашагыла.Бироодон доомат кылбай.Каргышына калбасанар экен!!!
Берки тарапка сабыр берсин Кудайым.Сабыр кылыныздар.
+5
tynara81
2018-04-04 14:55:12
Ушу комменттарийлердин баарына кошулам. Ушуларды окуса экен өлгөн кишинин туугандары.
+3
meduza123
2018-04-04 19:13:05
Таксист болуп иштегендер этият болгула. Жумушунар кооптуу таксисти олтургондор кобойду. Маркум зоокур экен. Туугандарыда уялышпай 10мин доллар дешкендерин бети таптакыр жок немелер экен. 10 колун оозуна салып еще буттарында кошо салып алышыптыр тообо.
+2
tmttmt
2018-04-04 20:41:37
менин инимида бычакташты экөлөп
тааныбаган көрбөгөн бирө
түшүнөм мындай абалда кайра өлүм төшөгүндө жаткан иними күнөлү кылып туугандары бетен алат
ак ийилет бирок сынбайт сабыр тилейм айдоочунун жакындарына анткени биздин баштан өтүп атат
апам бир тыйын албай тосмо арыз жазып берди адамгерчиликтү кылып жаш балдар келечеги бар деп адамдын напсисине карайт экенда


+2
al79mi
2018-04-05 12:03:18
Туугандарында уят деген калбаптыр. Жошоо бумеранг экенин унутпагыла. Кайрылып келет баары. Ошол 10000 доллар деле жакшылык алып келбейт силерге.
0
Elga
2018-04-05 14:21:42
Ременди МАИ учун тагынат деп ойлойт окшойт.ХХХХХХХХХХ ушу болсо акча сурайт да
0
Snejana
2018-04-05 21:51:44
Таксистерди Кудай сактасын. Алар дагы оокат кылалы деп журот да. Маркумдун туугандары кыжырды келтирди. Эх, ушундай адамдарды дагы жер эне которуп журот.
+1
Snejana
2018-04-05 21:52:31
Мен дагы коопсуздук курун озум учун тагынам. Маи учун эмес.
+1
aminali
2018-04-06 18:29:50
Коопсуздук кур дайыма тагыныш керек,Маи дебей.Турмодон чыгып кетсе экен(эххх абайласак да абайлабасак да закон кучтуу экен,озун коргобосо олмок).
+1
jikitai
2018-04-06 22:20:09
Эгер чын эле соттоткулары келсе акча сурабай эле соттотмок. Бирок абайлап ачкыла алкымынарды.Аллах тендеп коет баарын
+1
Akylaj85
2018-04-07 02:14:04
Билбей калса эмне кылмак ким өлтүргөнүн.өлтүрүп туруп билгениңди кыл деп койгондор бар.
+1
stervella415
2018-04-07 16:53:14
Таксистке ишенем...акталып чыксын.тиги жак бутпогон уйун инисинин олумунун аркасынан бутуруп алган атышабы уят...
+1
Altynmerim
2018-04-07 17:21:01
ТАЗА мал экенго олгон адамдын артынан акча жешип айбандар. Кудай жазасын берип жаткандыр ининердин
+1
Melisysakov68
2018-04-09 23:18:31
Кудай айааай таксист болуп иштоо деле кыйын, ушундай шумшуктордон кудай сактап,курундай дооматтан алыс бололу
0
№ 804, 30-март -5-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан