Бакыт Байсариев, шоумен: «ЖУБАЙЫМ АЛИЯ МЕНЕН АЖЫРАШТЫМ. МЕНИН ОРДУМДА КАЙСЫ ЭРКЕК БОЛБОСУН ОШОНУ КЫЛМАК»

Кыргыз журтуна чыгыш бийи менен таанылган Бакыт Байсариев учурда алпаруучулук, тамадалык кесипти аркалап келет. Кээде Казакстанга да чакыруу менен барып турат. Былтыр апрель айында Бакыт Алия аттуу кызга үйлөнүп, заманбап тоюн өткөрүшкөн. Тилекке каршы, жыл айланбай экөө эки ажырым жолго түшүштү. SUPER.KG порталында конокто болгон Бакыт окурмандарды кызыктырган суроолорго жооп берип, түз эфирден соң «Супер-Инфо» гезитине да маек курду.

– Бакыт, Египетке ата-энеңиз менен барып эс алып келдиңиз. Ошол тууралуу айтып бериңизчи?
– Атам азыр 72 жашка чыкты, апам 63тө. Өмүрлөрүндө биринчи жолу чет өлкөгө чыгышты. Апам Инстаграмды колдонот да, дайым «ай, карачы, бул биякта жүрөт экен, тиги жакта жүрөт экен» дей берчү. Аларга сюрприз болсун деп акыркы күнгө чейин барарыбызды айткан эмесмин. «Эс аласыңарбы?» десем, «Воронцовкага баралыбы?» дешет. «Алысыраакка баргыңар келбейби?» десем, «Ысык-Көлгө же Жалал-Абадга курортко баралы» дешет. Бир күн калганда гана Египетке барарыбызды угуздум. Ата-энеме эс алган аябай жакты. «Баары бекерби?» деп аябай таң калышты. Атам болсо «Мен эми пенсиямды чогултам, сен жетпей калган акчаны бересиң. Эмки жылы Түркияга барабыз» деп пландап жүрөт.

– Өз атаңыз менен катышып турасызбы?
– Катташпайм. «Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы» деген сөз бар го. Ал кишини мен 28 жашымда тапкам. Анда-санда эле, майрамдарда чалышпасак тыгыз байланышпайбыз. Азыр мени өстүргөн атам бар, ал апамды жакшы караганы, сыйлап-урматтаганы үчүн ыраазымын.

– Сиз чыгыш бийин таштагандан кийин курсак байладыңызбы же үйлөнгөндөн кийинби?
– Көпчүлүк эркектер үйлөнгөндөн кийин жумуштан түз үйүнө келет, аялы жасап берген тамакты калтырбай жейт. Жебесең да уруш угасың (күлүп). Ачуу болсо да сонун болуптур деп жеп томпоюп жатып алат. Ал сиңбей, анан семиребиз да. Мен мурун бийлеп жүргөндө күнүнө жок дегенде 4 саат, көп дегенде 8 саатка чейин бийлечүмүн. Кийин гана өзүмдү таштап салдым окшойт.

– Сизди бийчи катары билебиз. Аялыңызга бийлеп берген учур болду беле?
– Мас болгондо эле бийлеп бербесем, бийлеген эмесмин (күлүп). Бирок тойлордо 2000-жылдан баштап 8 жыл бийледим. Ден соолукка байланыштуу кийин бийди таштоого туура келди.

– Мен Бакыт Байсариевдин «ичип алып, ар кимге жармаштырып...» деген видеосу тууралуу билгим келет. Тамадалар ичип алып той башкарышабы? Эл көзүндө жүрүү оорбу?
– Тойдон силер ичпейсиңерби? Тойго конок болсоң айласыз ичесиң да. Ал таякемдин тою болчу, мен эс алганы баргам. Тойго Улук Сапаров тамадалык кылган. Ал иним болгондуктан мага элдин аягында сөз берди. Мен байкуш сүйлөсөм айылдан келген туугандарым укпайт. Анан байкемдин досторуна баргам, ошол жерден бир байке менен түшүнбөстүктөр болуп кетти. Болбосо мен иш учурунда ичпейм. Баштан-аяк кызматты бүтүрүп, анан каалаганымды кылам.
Видео тууралуу айтсам, башкача тема менен интернетке киргизип койсо эле элге ошондой түшүнүк менен тарап кетет экен да.
Элдин алдында жүрүү, албетте, оор. Жөнөкөй адам каалаганын кылса билинбейт. Мен, мисалы, кагазды ыргытып койсом да Бакыт Байсариев айлана-чөйрөнү булгап жатат деп айтып чыгышат. Ошондуктан элге үлгү болууга аракет кылам.

– Сизди тойлорду кымбат алып барат деп уктум. Үйлөнүү тойду канчага алып барасыз?
– Бекерден баштап 1000 долларга чейин. Канчага алып барарым кишинин санынан, датадан көз каранды. Мисалы, 2018-жылы 18.08.18, 18.10.18, 08.08.18 деген «крутой» даталар кымбат болот.

– Жашоодо эмнеге өкүнөсүз, эмнеге кубанасыз?
– Баарына, жашаганыма, ичкен-жегениме, тапканыма, дос-тууганым барына кубанам. Өкүнгөнүм, ушунун баарын аркы дүйнөгө алып кете албайсың, баары калат.


ТҮЗ ЭФИРДЕН СОҢ...
– Бакыт, чет өлкөлүк жылдыздар кыргыздын тойлоруна көп келет экен. Аларды көбүнчө кимдер чакырат?
– Кыргызстан өнүкпөй жатат дегенибиз менен, эл аябай бай. Мен көбүнчө бизнесмендердин тоюн алып барам. Бони Эм, Рэй Хортон, Сосо Павлиашвили сыяктуу атактуу чет өлкөлүк жылдыздар 5000-10 000 долларга чейин тойго келип ырдап кетишет. Аларды «Дордой» базарында иштегендер деле оңой чакырып коюшат.

– Эң эсиңде калган той кайсы болду?
– Бир жолу той алып барып жаткам, экинчи антракт болгондо күйөө баланы таппай калдык. Ата-энеси «элге билдирбей өзүң абалдан чыгып бер» дешти. Эмне кылмак элем, күйөө баланы катыштырбай тост айттырып, эптеп тойду аягына чыгаргам.

– Эми элдин кызыгуусун арттырган жеке жашооң тууралуу маектешели. Акыркы кезде жубайың Алия экөөңөр таарынышып жүрөт экенсиңер... Көп болдубу?
– Тилекке каршы, жубайым экөөбүз ажырашып кеттик. 3 ай болуп калды.

– Баш кошконуңарга көп өтпөй эле бул кадамга барганга жүйөлүү себеп болгон го?
– Ооба, менин ордумда кайсы эркек болбосун ажырашмак. Башка жол жок болчу.

– «Менин ордумда ар бир эркек муну кылмак» деп жатасың. Балким, сенден да катачылык кеткендир?..
– Ооба, эркек сөзсүз ушул жолду тандамак. Бизде деле таарынышып, табышкан учурлар болгон. Миң таарынышканда деле бул жолго барбаш керек болчу. Алия, менимче, жаштык кылып, ойлонбой иш жасап койду.

– Түгөйлөр таарынышып, табыша берет да. Балким, убакыт керектир?
– Артка жол жок, мен бул чечимди кабыл алганыма көп болду. Ата-энеме «ажырашам» десем, «дагы эмне болду?» дешти, «ушундай чечимге келдим, ошондой кылыш керек» деп гана айттым.

– Расмий түрдө ажыраштыңарбы?
– Биз никелешип жашап жүргөндө Алия кош бойлуу болуп калды. Күзүндө той өткөрөлү десек курсагы чыгып калган. Анан бир жолу бала төрөлгөндө жентек менен кошо үйлөнүү тоюбузду берели деп, былтыр апрелде баш кошконбуз. Бирок анда расмий никеге турган эмеспиз.

– Кызың азыр кайда, кабарлашып турасыңбы?
– Кызым таене, таятасы менен. Кабар ала элекмин. Калганын келечек көрсөтөт...

– Кандай жубай сага тең келет, татыктуу жубай болот деген чечимге келдиң?
– Мага мени, жумушумду жакшы түшүнгөн, ата-энемди сыйлаган, жылуу төшөгү, ысык тамагы менен тосуп алган сүйүктүү жубай керек, болду. Башка эч нерсени деле талап кылбайм.

– Кандай учурда үй-бүлө бекем болот?
– Эки адам бири-бирине ишенгенде, бири-бирин урматтап, сыйлаганда гана үй-бүлө бекем болот деп ойлойм.

– Жашоо – бумеранг, бирөөгө кылган нерсең айланып өзүңө кайтып келет деп коюшат. Ошого оюң кандай?
– Кошулам. Жашоо бумеранг экенин көрсөтүп жатат.

«Алия экөөбүз расмий түрдө никеге турган эмеспиз».


Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Бакыт Байсариев: "Жашоо ушундай экен, өз атам менен катташпайм"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (84)
altyw95jan
2018-04-05 18:58:02
Адамдар бактылуу болгонду каалайсынар да бактылуулук эмне экенин билбейсинер!! соз ээсин табат..
+2
belka
2018-04-05 22:22:47
Супер Изат Айдаркулова,Жамайка деген төкмө кыздарыбыз жөнүндө да жазгылачы.
+3
admin_media
2018-04-06 11:02:01
belka,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
+2
munira-tilen
2018-04-08 10:00:48
belka, аларын да ажырашкан жыргап журот дейсинби
+1
belka
2018-04-05 22:23:25
Чойшуңдаган 5-7 ырчыларды окуй берип жадап кеттик чындыгында.
+1
Inanna
2018-04-06 00:14:05
Алып берген сулуулук салонун иштетип жатабы жокпу гезиттен окуп алгыла деди эле го бирок маегинде жооп жок(((
0
altyn7776
2018-04-06 11:59:23
Артис менен таксистен тунул деп бекер айтпайт элибиз. Азыркы артистерибиз коруп жатасынар го, бир жыл жашап жашабай ажырашып кетуудо. Айланганы уй було курасынарбы, баланын убалына калып...
+1
Meryem77
2018-04-06 13:33:40
Ушулардан көрө үлгү ала турчу инсандарды чыгаргылачы ажырашып жарашты дей бербей
Анжеликада тажатты
+1
magistr
2018-04-06 16:36:55
Эмне ушу турмуштарын жар салышат жакшы соз укчудай болуп. Бут эле негативный билдуурулор. Нервтерин коротуп.
0
wwwonline
2018-04-06 18:51:21
85-jylky deibi? Men bul kishini 40tarda dep oilogom, oshondoi korunot. Kyrgyzdyn erkekteri kachan ele jambashtaryn kyimyldatyp sexualnyi biy biylechu ele, esinerge kelsener erkekterin bedelin tushurboi, fuu jiyirkenichtuu.
-2
Akylaj85
2018-04-06 23:47:27
Жакшынакай аялы турса акчасына кызыктыда жаш катыны
0
Leili
2018-04-07 11:19:25
Биринчи жубайына барат го байыштай болуп
0
Aikey
2018-04-08 03:52:14
эмнеге ажырашканын так айтпаптыр, эми деле бат эле уйлонуп алат болуш керек.
-1
ebsedxilas
2018-04-09 07:57:13
сага ушул керек болчу кайн журтун сыйлаган аялынын кадырына жетпедин уят уят озун айтасын бала баккандыкы деп оа туура айтасын сенин балдарында сендей сени жаман корот себеп таштап кеткенсин биринчинин маззасин экинчи берсин жаззасин кудай тендеп койот уят эле болдунда кыскасы
0
cfif03748
2018-04-09 14:17:46
Ок.узун койнок.ыштан кийип бийлеген бийин менен.чарк айланатко жаныбар.сен айланып бийлесен менин башым айланып корбой койдум.бийин 1000$ тамадалыгын озуно буйрусун.
-2
Lapushka15
2018-04-10 00:47:31
Бироонун коз жашы менен эч качан бакыт курулбайт!
0
Merin
2018-04-11 17:04:11
была на свадьбе где он был тамадой, вообще не интересно ведет свадьбу.
0
№ 804, 30-март -5-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан