Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Бакыт Байсариев, шоумен: «ЖУБАЙЫМ АЛИЯ МЕНЕН АЖЫРАШТЫМ. МЕНИН ОРДУМДА КАЙСЫ ЭРКЕК БОЛБОСУН ОШОНУ КЫЛМАК»

№804 30-март -5-апрель, 2018-ж.


Кыргыз журтуна чыгыш бийи менен таанылган Бакыт Байсариев учурда алпаруучулук, тамадалык кесипти аркалап келет. Кээде Казакстанга да чакыруу менен барып турат. Былтыр апрель айында Бакыт Алия аттуу кызга үйлөнүп, заманбап тоюн өткөрүшкөн. Тилекке каршы, жыл айланбай экөө эки ажырым жолго түшүштү. SUPER.KG порталында конокто болгон Бакыт окурмандарды кызыктырган суроолорго жооп берип, түз эфирден соң «Супер-Инфо» гезитине да маек курду.

– Бакыт, Египетке ата-энеңиз менен барып эс алып келдиңиз. Ошол тууралуу айтып бериңизчи?
– Атам азыр 72 жашка чыкты, апам 63тө. Өмүрлөрүндө биринчи жолу чет өлкөгө чыгышты. Апам Инстаграмды колдонот да, дайым «ай, карачы, бул биякта жүрөт экен, тиги жакта жүрөт экен» дей берчү. Аларга сюрприз болсун деп акыркы күнгө чейин барарыбызды айткан эмесмин. «Эс аласыңарбы?» десем, «Воронцовкага баралыбы?» дешет. «Алысыраакка баргыңар келбейби?» десем, «Ысык-Көлгө же Жалал-Абадга курортко баралы» дешет. Бир күн калганда гана Египетке барарыбызды угуздум. Ата-энеме эс алган аябай жакты. «Баары бекерби?» деп аябай таң калышты. Атам болсо «Мен эми пенсиямды чогултам, сен жетпей калган акчаны бересиң. Эмки жылы Түркияга барабыз» деп пландап жүрөт.

– Өз атаңыз менен катышып турасызбы?
– Катташпайм. «Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы» деген сөз бар го. Ал кишини мен 28 жашымда тапкам. Анда-санда эле, майрамдарда чалышпасак тыгыз байланышпайбыз. Азыр мени өстүргөн атам бар, ал апамды жакшы караганы, сыйлап-урматтаганы үчүн ыраазымын.

– Сиз чыгыш бийин таштагандан кийин курсак байладыңызбы же үйлөнгөндөн кийинби?
– Көпчүлүк эркектер үйлөнгөндөн кийин жумуштан түз үйүнө келет, аялы жасап берген тамакты калтырбай жейт. Жебесең да уруш угасың (күлүп). Ачуу болсо да сонун болуптур деп жеп томпоюп жатып алат. Ал сиңбей, анан семиребиз да. Мен мурун бийлеп жүргөндө күнүнө жок дегенде 4 саат, көп дегенде 8 саатка чейин бийлечүмүн. Кийин гана өзүмдү таштап салдым окшойт.

– Сизди бийчи катары билебиз. Аялыңызга бийлеп берген учур болду беле?
– Мас болгондо эле бийлеп бербесем, бийлеген эмесмин (күлүп). Бирок тойлордо 2000-жылдан баштап 8 жыл бийледим. Ден соолукка байланыштуу кийин бийди таштоого туура келди.

– Мен Бакыт Байсариевдин «ичип алып, ар кимге жармаштырып...» деген видеосу тууралуу билгим келет. Тамадалар ичип алып той башкарышабы? Эл көзүндө жүрүү оорбу?
– Тойдон силер ичпейсиңерби? Тойго конок болсоң айласыз ичесиң да. Ал таякемдин тою болчу, мен эс алганы баргам. Тойго Улук Сапаров тамадалык кылган. Ал иним болгондуктан мага элдин аягында сөз берди. Мен байкуш сүйлөсөм айылдан келген туугандарым укпайт. Анан байкемдин досторуна баргам, ошол жерден бир байке менен түшүнбөстүктөр болуп кетти. Болбосо мен иш учурунда ичпейм. Баштан-аяк кызматты бүтүрүп, анан каалаганымды кылам.
Видео тууралуу айтсам, башкача тема менен интернетке киргизип койсо эле элге ошондой түшүнүк менен тарап кетет экен да.
Элдин алдында жүрүү, албетте, оор. Жөнөкөй адам каалаганын кылса билинбейт. Мен, мисалы, кагазды ыргытып койсом да Бакыт Байсариев айлана-чөйрөнү булгап жатат деп айтып чыгышат. Ошондуктан элге үлгү болууга аракет кылам.

– Сизди тойлорду кымбат алып барат деп уктум. Үйлөнүү тойду канчага алып барасыз?
– Бекерден баштап 1000 долларга чейин. Канчага алып барарым кишинин санынан, датадан көз каранды. Мисалы, 2018-жылы 18.08.18, 18.10.18, 08.08.18 деген «крутой» даталар кымбат болот.

– Жашоодо эмнеге өкүнөсүз, эмнеге кубанасыз?
– Баарына, жашаганыма, ичкен-жегениме, тапканыма, дос-тууганым барына кубанам. Өкүнгөнүм, ушунун баарын аркы дүйнөгө алып кете албайсың, баары калат.


ТҮЗ ЭФИРДЕН СОҢ...
– Бакыт, чет өлкөлүк жылдыздар кыргыздын тойлоруна көп келет экен. Аларды көбүнчө кимдер чакырат?
– Кыргызстан өнүкпөй жатат дегенибиз менен, эл аябай бай. Мен көбүнчө бизнесмендердин тоюн алып барам. Бони Эм, Рэй Хортон, Сосо Павлиашвили сыяктуу атактуу чет өлкөлүк жылдыздар 5000-10 000 долларга чейин тойго келип ырдап кетишет. Аларды «Дордой» базарында иштегендер деле оңой чакырып коюшат.

– Эң эсиңде калган той кайсы болду?
– Бир жолу той алып барып жаткам, экинчи антракт болгондо күйөө баланы таппай калдык. Ата-энеси «элге билдирбей өзүң абалдан чыгып бер» дешти. Эмне кылмак элем, күйөө баланы катыштырбай тост айттырып, эптеп тойду аягына чыгаргам.

– Эми элдин кызыгуусун арттырган жеке жашооң тууралуу маектешели. Акыркы кезде жубайың Алия экөөңөр таарынышып жүрөт экенсиңер... Көп болдубу?
– Тилекке каршы, жубайым экөөбүз ажырашып кеттик. 3 ай болуп калды.

– Баш кошконуңарга көп өтпөй эле бул кадамга барганга жүйөлүү себеп болгон го?
– Ооба, менин ордумда кайсы эркек болбосун ажырашмак. Башка жол жок болчу.

– «Менин ордумда ар бир эркек муну кылмак» деп жатасың. Балким, сенден да катачылык кеткендир?..
– Ооба, эркек сөзсүз ушул жолду тандамак. Бизде деле таарынышып, табышкан учурлар болгон. Миң таарынышканда деле бул жолго барбаш керек болчу. Алия, менимче, жаштык кылып, ойлонбой иш жасап койду.

– Түгөйлөр таарынышып, табыша берет да. Балким, убакыт керектир?
– Артка жол жок, мен бул чечимди кабыл алганыма көп болду. Ата-энеме «ажырашам» десем, «дагы эмне болду?» дешти, «ушундай чечимге келдим, ошондой кылыш керек» деп гана айттым.

– Расмий түрдө ажыраштыңарбы?
– Биз никелешип жашап жүргөндө Алия кош бойлуу болуп калды. Күзүндө той өткөрөлү десек курсагы чыгып калган. Анан бир жолу бала төрөлгөндө жентек менен кошо үйлөнүү тоюбузду берели деп, былтыр апрелде баш кошконбуз. Бирок анда расмий никеге турган эмеспиз.

– Кызың азыр кайда, кабарлашып турасыңбы?
– Кызым таене, таятасы менен. Кабар ала элекмин. Калганын келечек көрсөтөт...

– Кандай жубай сага тең келет, татыктуу жубай болот деген чечимге келдиң?
– Мага мени, жумушумду жакшы түшүнгөн, ата-энемди сыйлаган, жылуу төшөгү, ысык тамагы менен тосуп алган сүйүктүү жубай керек, болду. Башка эч нерсени деле талап кылбайм.

– Кандай учурда үй-бүлө бекем болот?
– Эки адам бири-бирине ишенгенде, бири-бирин урматтап, сыйлаганда гана үй-бүлө бекем болот деп ойлойм.

– Жашоо – бумеранг, бирөөгө кылган нерсең айланып өзүңө кайтып келет деп коюшат. Ошого оюң кандай?
– Кошулам. Жашоо бумеранг экенин көрсөтүп жатат.

«Алия экөөбүз расмий түрдө никеге турган эмеспиз».


Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Бакыт Байсариев: "Жашоо ушундай экен, өз атам менен катташпайм"

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(89)
Super TV
28.03.2018. 19:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
142
Катталган:
14-11-2015
Соӊку аракети:
18-09-2018 12:37
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эркек кишинин чыгыш бийин бийлегени адамды свктандырбай эле кайра жийркентет,озгочо кыргыз жигитинин бмцлегени.
Super TV
30.03.2018. 09:31 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
22-03-2018
Соӊку аракети:
24-05-2018 18:10
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бийлегени жакты
Super TV
30.03.2018. 18:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
31-12-2011
Соӊку аракети:
13-07-2018 21:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Максат боорду эзесин да
Super TV
31.03.2018. 20:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
71
Катталган:
14-12-2013
Соӊку аракети:
18-09-2018 20:39
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kim okudu, nege ajirashiptir ekinchisi menen?
03.04.2018. 09:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
05-01-2018
Соӊку аракети:
23-05-2018 01:31
Жынысы:
Белгисиз
+18
Биринчи аялына кайт балдарын бар сени гуткон
03.04.2018. 09:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
03-04-2013
Соӊку аракети:
13-09-2018 09:58
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кудайым ынсап берсин сендей адамга.
Бироонун кайгысына бакыт куруу мумкун эместигин тушунгондурсун.Эми бар балдарына,аялына(биринчи)
Алиян дагы ынсап тилечу адам экен.Экоон сомтуроп дагы бироонун этегин кармап кетесинер.Байкуш наристе кызда эмне куноо?
03.04.2018. 09:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
214
Катталган:
24-01-2014
Соӊку аракети:
18-09-2018 17:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва шаары
+19
Алмаз аялынды бриллиант кылгычаң АРКАҢА СУУ КУЮПТУР ДА. Биринчи аялың менен жарашып алгыла,эгер турмушка чыга элек болсо. Балдары үчүн кечиргиле бири-биринерди.
aszyma түзөттү 2018-04-03 09:29:10
03.04.2018. 09:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
33
Катталган:
14-10-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 20:34
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ай Бакыт бактылуу эле болчу.
03.04.2018. 09:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
117
Катталган:
14-02-2016
Соӊку аракети:
12-09-2018 15:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыялдарда
+3
ХХХХХХХХ,биринчи интервью берип жамандап чыгат аялдарын.Жаш кыздын убалы кимге.Кечээ эле ушул суроттогу спортивкачан, бир поликлиникада жургон экен)))кичинекей кызды ээрчитип алып.Мурду асманды карайт тооба.Зазвездился жигит
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-03 10:09:56
03.04.2018. 09:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
05-07-2016
Соӊку аракети:
29-04-2018 12:55
Жынысы:
Белгисиз
+26
Анжеликага уйлонуп ал топ келесинер
03.04.2018. 10:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
653
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 14:11
Жынысы:
Белгисиз
+8
uitmor,табалабасанчы,бумеранг жонундогу созун окусан
03.04.2018. 15:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
181
Катталган:
27-01-2013
Соӊку аракети:
17-09-2018 21:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Токтогул
+8
Nanei,ушул сен Анжелика озун эле окшойсун э. Качан болсо эле Анжеликаны коргоп жатып каласын.
03.04.2018. 16:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
653
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 14:11
Жынысы:
Белгисиз
-1
ZANIA-92,жок Анжелика эмесмин
03.04.2018. 09:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1120
Катталган:
07-11-2016
Соӊку аракети:
18-09-2018 13:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+36
Наргиза турмушка чыга элек.Ат айлагып казыгын табат жарашып алгыла.Биринчиге жетпейт баарибир.Наргизага баа бергеним прессадан же сени же Алияны жамандаган жок.
03.04.2018. 09:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
80
Катталган:
08-04-2012
Соӊку аракети:
19-08-2018 18:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Astana
+11
meni_kut,Наргизага Бакыт кереги жок болуга кере к уже
03.04.2018. 09:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
28-02-2018
Соӊку аракети:
14-08-2018 12:26
Жынысы:
Белгисиз
+6
Анчалык эмне кылды аялын.ХХХХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-03 10:11:20
03.04.2018. 09:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
143
Катталган:
29-10-2013
Соӊку аракети:
18-09-2018 14:45
Жынысы:
Белгисиз
-1
Билбейм ай...Артист адам болуп атса анан...ушул эле куноолудой сезилип атат.Билбей эле куноологон да болбойт бирок.Жон коеюнчу...
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: