МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал)
(Башы өткөн сандарда)
– Алардан кабар барбы?- дагы деле тажабай Айсулуу бул суроону милиция кызматкерине берди.
– Жок.
– Анын эжесин суракка алдыңарбы?
– Ал билбейт. Аларды өлдү деп, куран окутканын сен деле укпадың беле.
– Бирок алар тирүү экен го?.. Казакстанга өтүптүр дешти го.
– Болду, андан ары из жок. Табылбай жатат. Балким, Казакстанда жүрөт. Издеп жатабыз.
– Кана издегениң? Издесең табылат эле го?
– Ай, чоң кыз, бул жер сен кыйкырып чыр сала турган жер эмес. Издеп жатабыз. Бардык жактарга кат жөнөткөнбүз. Бир илинчек чыкса эле табабыз. Күткүн. Башка эч нерсе дей албайм.
Айсулуу көңүлсүз сыртка бет алды. А тиги милиция кызматкери компьютеринде карта ойногонун улантып кала берди. Жок, булардан үмүт кылууга болбойт! Өзү барышы керек. Азаматтын эжесиникине жөнөдү.
ххх
– Ырыскан эже,- дарбазаны каккылады.
– Ким?
– Мен Айсулуу.
Ырыскан шашпай басып келип дарбазаны ачты. Бир кезде андан айбыгып турчу келини көзүнө тик карап туруптур.
– Мага айтыңыз, алар каякта?
– Билбейм. Аман болушса эле болду деп тиленип жатам.
– Жок, сиз билесиз?
– Билесиңби, сенин абийириңди төгүп, бетиңди тытып салгым келип жатат. Өзүмдү араң кармап турам. Адамдык уят-сыйыт деген барбы сенде? Мен аларды өлүп калды деп буркурап-боздоп куран окутуп, зыйнатын өткөргөнүмдү билесиң да. Уктуң да. Мен өлдү деп эле ойлодум. Азыр да алардын тирүү экенине толук ишене албай турам. Балким, бирөө аларды өлтүрүп, үйдү кошо өрттөп, алардын документи менен чек арадан өтүп кеткендир? Каяктан билем? Адамдын өлүү же тирүүсүн билбеген азап экен. Сен аны кайдан түшүнмөк элең? Кара жолтой десе!
– Менин кызым...- Айсулуу бир нерсени айтмакчы болду. Бирок көз жашка муунуп сүйлөй албай туруп калды.
– Эми керек болдубу кызың?
– Азамат анын атасы эмес, түшүнсөңүздөр. Ал баланы мага берсе жакшы болмок. Сиз ага айтыңыз.
– Жарыбаган неме экенсиң. Жападан-жалгыз инимди, апамды өлдү деп арамзаланып чуу сала тургандай киши көрүнүп турамбы сага? Эгер алар аман болушса деле баарын сага айтып коёт дейсиңби? Айназик сени менен жүргөнчө, Азаматымдын колунда жүрсө менин санаам тынч. Андай ата боло ала турган жигиттер чанда. «Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы» дейт. Эми болсо көзүмө көрүнбөй жогол! Дагы бир жолу келчү болсоң, тиги кабанаак итти агытып, талатып салам. Жогол!
Дарбаза карс эте Айсулуунун маңдайында жабылды. Кыз ыйлап кала берди.
ххх
Тимурдун айласы кетти. Акча түгөнүп баратат. Айсулуу экөө Азамат жашаган райондун борборунда канча күндөн бери мейманканада жатышат. Кетүү керек болчу.
– Айсулуу, биз кетишибиз керек. Канча күндөн бери жүрөбүз? Же эч кандай жыйынтык жок.
– Айназик байкуш эмне болуп жатты экен? Ачкабы, токпу?
– Айсулуу!
– Кантип кетебиз, айтчы? Кантип?
– Экөөбүз ушул жерде тура берсек эле табылабы? Күнүгө тиги милициянын бөлүмүнө шылкыйып бара бергенден пайда чыгабы?
– Табуу керек!
– Жайлоону аралап кеткен мал болсо бир жөн, бир коктудан табат элек. А бул адам да. Алар из жашырышты. Азыр, балким, таптакыр башка ат менен жүрөт. Кайдан билебиз? Ориентирлерди жөнөттүк деп жатпайбы милиция деле. Табылганда кабарлашат да. Кетели, Айсулуу!
– Сенде таптакыр аталык сезим жок экен,- Айсулуу нааразы болуп сүйлөдү.
– Эмнени баштаганы жатасың? Мен сага бардыгын ачык айттым го. Акыры кетишибиз керекпи?
– Эгер Азамат Айназикти жоготуп жиберсе, ал аны ошол түнү эле таап алмак. Ооба, ал ошентмек. Ал Айназик дегенде жанын деле берет.
– Анда эмне ошол Азаматың менен калган жоксуң, а? Мен сенден сурап жатам.
Айсулуу үндөбөдү. Тимур болсо кийимдерин жыйнай баштады. Кыз Тимур дагы кетип калат деп коркуп кетти.
– Ачууланбачы,- жигиттин колунан алып сүйлөдү Айсулуу.
– Билесиң го, сени жакшы көрөм. Мен айлам кетип эмне кыларымды билбей калдым. Сен мени түшүнүшүң керек.
– Биз өз алдыбызча сураштыралы. Жарыяларды берели. Милиция өз алдынча иштесин. Бирок минтип эле отура берген кантип болсун? Акча түгөндү, иштешибиз керек.
– Кайра Москвага кетебизби?
– Ооба. Башка эмне кылабыз? Бул жакта жумуш жок. Акча болгондо Казакстанга барып дагы бир сыйра сураштырабыз.
– Алар табылбайт, сен ошентип эле чечип койдуң.
– Айсулуу, калам десең кал. Мен кеттим.
– Мен да кетем. Сен жок кайда бармак элем? Үйгө атам киргизбейт. Айназик болсо жок. Мен талаада калдым,- Айсулуу ыйлап жиберди.
ххх
– Бул жакка салыштырмалуу Кыргызстан жыпжылуу турбайбы. Ушунча да суук болобу, айланайын!- балконго бир азга чыгып, кайра үйгө кирген Бурул сүйлөндү. Ал бул шаарга көнө албай жатат. Ноябрьскке келгенден тарта көп кабаттуу үйдөн сыртка чыкпай тажап кетет. Же тааныш бирөө-жарым жок. Айласы кеткенде ушинтип балконго бир аз туруп анан кирет. Азамат болсо бейкапар кызы менен ойноп отурат. Аны карап аз да болсо көңүлү тоё түшөт Бурулдун. Атасы менен кызы бири-биринен ажыраса азаптын-азабы болмок. Азыр жок дегенде экөө бирге. Азыраак чыдап койсо, кийинчерээк Кыргызстандын башка бир бурчуна барышат да, жашай беришет. Кар жаасын, из басылсын...
– Эжеңе кабар жетти болду бекен? Тиги ким деген неме эле?
– Рустам. Баягы азербайжан айдоочуну айтасызбы? Ооба, ал бардыгы жакшы экенин айтып коёт.
"4-5 жылдын аралыгында барарыбызды эжеме айт, санаа тартпасын" деп билдир дегем.
– Мм... Жетсе эле болду кабар,- Бурул үшкүрүнүп алды.
– Апа, баары жакшы болот. Баары ордуна келет. Азыр сен бир аз кыйналып жатасың, бирок көнүп кетебиз.
– Сен кызың деп, мен сен деп жүрүп ушуга келдик. Бала дегенде баарын кылууга аргасызбыз да. Жаман эмес, уулум, жаман эмес. Менин үшкүргөнүмдөн өзүңчө кыжалат болбо. Андан көрө жумуш издеп жатасыңбы?
– Ооба. Бир дүкөнгө жүк түшүргүч керек экен. Ошол жакка барсамбы деп жатам.
– Канча акчаң калды.
– Азыраак... 2 миң доллардай.
– Сен мынча көп акчаны кайдан тапканыңды акыры бир күн мага айтышың керек.
– Азыр деле айтам, апа. Уландыкынан уурдадым. Анын мектепте окуган кичине баласы атасынын акча каткан жерин классташтарына мактанып айтып баратканын уккам. Жөн гана кулагым чалган, оюма эч нерсе келген эмес. Бирок жашоо өзгөрүп кетпедиби... Мен бизге акча керек экенин түшүндүм. Уурдашым керек болду. 10 миң доллардан ашык акча бар экен. Бул жакка келгенибиз, документ жасатканыбыздан артканы ошол 2 миң доллар...
– Туура эмес жолго барыптырсың.
– Башка аргам жок эле, апа...
– Үйдү да өрттөбөй эле койсок болмок беле деп ойлоп кетем.
– Анда бизди тез эле кармап алышмак. Баары алаксып, өлдү деп ойлоп жатышканда Кыргызстандан чыгып кеткенибиз жакшы болду. Үйдү курабыз, апа. Дүнүйөнү да жыябыз. Кам санабаңыз.
Бурул канчалык Азаматка билгизбегенге аракет кылганы менен, көкүрөгүндө толтура түпөйүл ойлорунун айрымдарын сыртка чыгарып жиберип жатат. Бирок уулу үчүн баарына түткөнгө аргасыз. Ал Азаматтын табиятын билет. Жигитти азыр толук кандуу жашоо менен жашатып жаткан бул кичинекей кыз. Андан ажырады дегенче баягы түнт, мүнөзү табышмак болгон, көздөрү муңга толгон түшүнүксүз адам болуп калат. А андай болушун эне каалабайт. Мейли, ал Азаматынын кызы болбосун, Айназиктин атасы баягы Айсулуу менен келген жигит болсун, кеп анда эмес. Башкысы, Айназик Азаматты өзгөртүп койду, анын жашоосун түркүн түскө боёп салды. Азыр Азаматта максат бар, жашоосунун мааниси бар. Мунун баарын булдуруктап сүйлөп, улам атасынын моюнуна асыла калып ойноп жаткан көздөрү күнөөсүз наристе жаратты. Анан кантип бул кичинекей, тулку бою сүйүүгө толуп турган, сүйүү жыттанган, бакыт жыттанган наристени жакшы көрбөй койсун? Элжиреп кетти Бурул. Небересин бооруна тартып бекем кучактап өөп койду.
«Сени берген Кудайга рахмат» деди өзүнчө...
(Уландысы кийинки санда)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Азаматта эле болгону жакшы мамалактын
Айсулу кочодо калсан экеен какшап....
Ата кызын жакшы коргон кандай соонун аа? Менида атам раматылык кечке эркелетет эле. Азыр кызымы атасы ошентет. Бирде бир жарым ай уйдо журуп учуп барсак аэропортон тосуп алып колтуктарынан бери опкон. Тан калгам жолдошума ушунчалык баласак турбайбы деп. Атага кыз жакын болотго. Атама менда жакын элем.
Менин божомолум туура эле чыкты Уландын акчасын Азамат уурдаптыр.Бир жагынан жиним келсе бир жагынан кызы учун ушу долго барганына боорум ооруп кетти
Men da oilop jatym ele Azamat urdagan boluw kerek antpese kaisy akcha mn kachmak dep jatkam tuura chykty oilorum emi kuno birok kyzy uchun bawka arga jok bolchu da baikuw ai Kudai ozu kechirsin seni tigi Aisuluu degen wurku9 kyzyn korugo zaar bolso eken omuru otkucho tabylbai izin suutup ketse eken Azamat