МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)


ххх

– Эй, казак, болду эми эс алалы,- орус айдоочу баш чайкады. А сакалы түктүйө 4 эли болуп өскөн тиги казактын токтой турчу түрү жок. Бир ишке берилип алганда тим эле марага бараткан жоргодой эле эти кызып иштегиси келип калат. Балким, жетекчилер да аны ушунусу үчүн жакшы көрсө керек. Анын бул азык-түлүк саткан ишканага жүк түшүргүч болуп киргенине 6 айдан ашты. Адегенде сатыла турган азык-түлүктү унаага жүктөшөт, кийин аны дүкөндөргө таркатышат. Бул аралыкта тиги казактан ашып кетсе 4-5 эле сөз чыгат. Сүйлөгөнгө караганда ага иштеген көбүрөөк жагат окшойт. Орус айдоочу мунун мүнөзүн көп жактыра бербейт, бирок иштегени үчүн жанында ээрчитип жүрүүгө аргасыз. «Оңбогон казак деги чарчаганды билбейт» деп өзүнчө сүйлөнөт орус. Азаматты башына үймөлөктөшө берген толтура санаадан мына ушул кара жумуш аз да болсо алаксытат. Ооба, Азамат документтерин улуту казак кылып жасатып алган. Азаматтын азыркы аты Сапар. Сакалы түктүйө өскөн, көк көздүү жигитти азыр айылдашы көрсө деле таанымак эмес. А бирок өң-келбети өзгөрө түшкөнү менен, Азаматтын мүнөзү баягыдай эле. Эл арасында түнт, ал эми үйүнө барганда кызы менен жашынмак ойногон, аны эркелеткенден тажабаган бала кыял болуп калат.
Айназик болсо азыр эки сөздү кошуп сүйлөп калды. Сербейип бирин-экин болгон суюк чачы өсүп, башкача көрүнүп калган. Көзгө сүйкүмдүү. Качан болбосун капкара тоголок көздөрү бир нерсе издеп турат. Ашыкча тентек, бир нерсени чукуп, тешип же тиштеп турат. Азамат жумушта кезде Бурулдун кайтарып жүрүп шайы оойт. Бурул бир нерсеге алаксый түшүп эле заматта небересин таппай калат. Бул убакта ал коңшу бөлмөдө кийим салуучу шкафка кирип кеткен болот же өсүп турган карападагы гүлдүн жалбырагын жулуп, аны жеп баштайт. Эч болбоду дегенде ашканада кыямга колун малып, шимирип жаткан жеринен табылат. Анан түштөн кийин көзү сүзүлүп уйкусу келип, чоң энесинин алдына келип кыйшайып жатып калат. Ошондо да анын чачынан кармалап же топчусун тарткылап алаксып отуруп кыйладан кийин гана бышылдап уйкуга кетет. Уйкудан туруп эле көзүн ушалап атасын издейт. Адатта ал бул убакта жумушунан келип ашканада тамактанып отурган болот. Ыйлап-сыктап ызы-чуу салбай эле, тыпылдап атасына чуркап барат да, көнгөн адатындай атасы колуна алары менен анын ийинине башын жөлөп бир нерсени ойлонгон кишидей мелтиреп тура берет. Мына азыр да ошентип ойлонгондой түр көрсөтүп турат.
– Эмне болду, кызым? Уйкуң ачылбай жатабы?
– Мм...
– Жытыңдан десе. Тамак жейсиңби?
– Жо... Каса жей,- Айназиктин сөздөрүндө көп учурда сөздүн акыркы тамгасы айтылбай кала берет.
– Кашасын берип коюңузчу, апа,- Азамат апасы сунган кеседеги Айназиктин боткосун бир сыйра аралаштырып, анан кызын жанына отургузуп ага бере баштады. Үйдө болгон кезде Азамат Айназикти өзү тамактандырат, өзү жуунтат, өзү уктатат. Кызыгы, күндүзгү тентек Айназиктен дайын жок болуп калат. Атасы келгенден кийин ал атасын эле айланчыктап жүрө берет. Ал кайда басса чогуу басып, эмнени кармаса кошо кармап, отурса чогуу отуруп, аны менен гана ойногон, анын ар бир сөзүн уккан элпек болуп калат. Кыязы экөө тең бири-бирин сагынышып калат окшойт. Бири-бирине эле имерилип калышат.
– Баса, мен бүгүн сага бир нерсе алып келгем,- Азамат ашканага Айназикти калтырып, кире бериште илинип турган күрмөсүнүн чөнтөгүнөн көлөмү бир жарым карыштай күрөң оюнчук мамалакты алып чыкты.
– Мына, кызым. Көрдүңбү сендей болгон сүйкүмдүү мамалак экен. Бул эми сенин жаныңа уктайт. Сонун бекен?
Айназик мамалакты кармалап турду да, анын эмне экендигине түшүнбөй жаткандай ары оодарып, бери оодарып карап көрүп таштап салды.
– Апей, жакпадыбы?
– Каса!- өктөм сүйлөдү Айназик боткосу салынган кесени көрсөтүп.
– Айназя, уксаң, бул мамалак сени менен жолугушууну канча күттү дейсиң,- чоң кишиге сүйлөгөндөй Азамат.
Боткодон кашыкка сузуп Айназикке берди. Мамалак кызга кызык эмес экен. Бейкапар гана боткосун жеп жатты.
– Жуу,- деди кыз оозун чормойтуп. Атасы суу берди. Ал бул мамалак кызына жагат деп ойлогон. Эмнегедир ыргытылып калган оюнчук үчүн кабатырланып кетти. Мамалак да бултуюп таарынгандай көрүнө түштү көзүнө.
– Уксаң, кызым, көрдүңбү, бул аябай сүйкүмдүү. Бул сага жолугам деп кубанып келген да бүгүн. А сен болсо...
– Күлкүлүүсүңөр. Чоң кишиге айткандай айтасың да,- Бурул жылмайып койду.
– Жок, апа, бул мамалактын окуясы укмуш болчу чын эле. Уксаңыз. Айназик, уксаң...
Кыз атасын карап калды.
– Айназик, сен түшүнгүдөй кылып айтайынбы? Мамалак гүл саткан дүкөндө турчу. Анын жанында толтура оюнчуктар отурушчу. Кыязы адамдар майрамдарда гүлгө кошуп оюнчуктарды беришчү окшойт. Анан адамдар дайыма эле күлгүн түстөгү коёнектерди, кызыл күчүк, жашыл-көк болгон мамалактарды эле алып кете беришчү. Күн сайын гүл саткан дүкөндүн жанынан өтүп бара жатып мен бул күрөң мамалакты айнектен көрчүмүн. Ал адегенде мага жылмайып тургандай көрүнгөн. Анан ал бир күнү жапжалгыз калды. Мен дүкөндүн жанынан өтүп бара жатканда ал мага кадимкидей ыйлагысы келип тургандай туюлду. Аны эч ким алып кетпей коюптур. Болбосо ал кандай сүйкүмдүү эле. Кийин дагы бир карасам, мамалактын жанына дагы толтура оюнчук алып келип тизип коюшту. Дагы бир жолу баары өтүп бүттү да, кайрадан мамалак жалгыз калды. Ал дагы ыйлайын деп турду...
Анан мен бул мамалакты сага алмакчы болдум. Жумуштан келе жатып ала кетейин дедим. Айнектин сыртынан ага кол булгап, "даяр тур, кечинде сен Айназик деген бөбөктү кубантуу үчүн барасың" деп койдум. Ал жылмайып жаткандай болду.
Ошону менен жумуштан кайтып келе жатып гүл саткан дүкөнгө кайрылып кирдим. Текчени карасам эле мамалак жок.
– А мамалак кайда?-чочуп кеттим.
– Кайсы мамалак?- гүл саткан аял менден да катуураак чочуду.
– Тиги жерде турган...
– Аа, аны бүгүн алып кетти. Өтпөй турду эле көптөн бери, бир жигит гүлгө кошуп алып кетти.
– Ка-ап, мен алайын дебедим беле?- көңүлсүз сыртка чыктым. Бир чети анын кимдир бирөөгө кереги бар болгонуна сүйүндүм, бир чети аны алып кетем деген убадамды аткара албай калганыма өкүнүп кеттим.
Ал тууралуу ойлонуп басып үйгө келип калыптырмын. Анан кирейин деп жатып эле балдар ойногон аянтчаны карасам, селкинчекте мамалак отурат. Ооба, баягы дүкөндөгү мамалак.
Кайдан келгенин билбейм. Балким, тиги жигит сүйгөнүнө белек кылса ал кабыл албай койгондур. Же кимдир бирөөгө анын кереги жок болчу. Бирок карасаң ал мени издеп келгендей биздин короодогу селкинчекке отуруп калганын. Мен жакшылап карап чыктым. Ооба, дал ошол дүкөндөгү мамалак. Ыйлайын деп калыптыр. Дал мен алып кете турган күнү ал жоголуп кетип, кайра менин жолумдан өзү табылды. Сүйүнгөнүмдү айтпа... Кызым, бул сени өзү издеп келген оюнчук. Өзгөчө. Баарыбызга эле жакшы көрүү үчүн көп нерселер берилет, мени апама беришкен, сени мага беришкен... А сага болсо мамалакты беришти. Ооба, бул оюнчук эле го. Бирок оюнчук болгону үчүн эле аны жакшы көрбөй коюш керекпи? Же болбосо, апам "мунун көзү көк" деп мени жакшы көрбөй койгонго болбойт да. А сени болсо... сени кантип жакшы көрбөй коюу мүмкүн? Мүмкүн эмес.
– Ботом, бул эмне деген окуя?- Бурул олурайып таң калгандай карап калды.
– Кызым экөөбүздө өзгөчө окуя болсунчу. Мен бул окуяны кечке анын кулагына куя берем. Атасы жана Айназикти таап келген мамалак тууралуу,- Азамат жылмайып койду. Ал эртели-кеч кызынан ажырап калышы мүмкүн экендигин сезип жатат. Кокус кызы андан алыстачу болсо атасын эстете турган өзгөчө окуя болушу керек деп ойлонгон Азамат. Бул анын сактыгы болчу...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
aszyma
2018-04-10 09:10:38
Бир жумада күтүп бир мүнөттө окуп койдумго. Неге аз???
+1
ady-88
2018-04-10 09:30:39
Бугунку чыгарма айсулуу тимуру жок эле мамалак эле жонундо болуптурда. Админ кичине кобуроок чыгаргылачы сураныч. Кыргызстанда го мейли гезит сатып окушат. А бизге окшогон мигранттар жалдырап ай караган текедей болуп кутобузда интернеттен качан чыгат экен жаны саны деп.
+11
gul3ina
2018-04-11 08:20:16
ady-88,Кыргызстанда гезитке 4-5 санын бир чыгарып жатат дейсизби?Сизге окшоп эле окуйбуз бир жума кутуп.
+2
ziash85
2018-04-10 09:54:48
Атанын мээрими эх......
+1
Aitun
2018-04-10 10:01:05
Ыйлагым келип кетти.
+1
Akniet_kg96
2018-04-10 11:09:42
байкуш ай Азамат
+2
Mamiev
2018-04-10 13:16:02
Маанисин кетирип тамак жеп мамалак эле малак дебей тарс этип боло турган жерин жазбайбы.Бир жума кутсо кызыксыз эле болуп калды бул жагы
-5
originalkgz96
2018-04-10 17:40:28
Эх
0
nurhan2702
2018-04-11 14:29:03
Байкуш Азамат!!!
0
Shokoladka94
2018-04-11 20:42:01
Баласы бар адам гана тушуно алат Азаматтын сезимдерин, кызыксыз деген адамдардын пикирлерин коруп мен ушундай ойго келдим
+1
joodar1202
2018-04-16 22:30:25
Жаны саны качан чыгат
0
admin_media
2018-04-17 09:32:09
joodar1202,
Саламатсызбы! Гезиттин жаңы саны жуманын шейшемби күндөрү порталга жарыяланат.
0
№ 805, 6-апрель -12-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан