Кыргыз эстрадасынын жылдыздары Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова жакында чакан мамлекеттердин санын бирге көбөйткөнү турушат. 20-март – Аселдин туулган күнүндө ырчы жигит сүйүктүүсүнүн колун сурап, колуна шакек салганы эсиңиздерде да. 8-апрелде кыз-жигиттин жакындары борбордогу кафелердин биринде чогулуп, Нурлан Аселге сөйкө салды.
«Сөйкө салуу салтында биз билбеген көп иштер бар экен. Алардын баарын апам өзү жайгарды. Болочок келинине сөйкөнү да апам тандаган. Ата-энелерибиз өзүнчө, жаштар өзүнчө отурдук. Болочок кайната, кайненемдин алдына келгенде кадимкидей сүрдөп, толкундандым»,- дейт Нурлан Насип.