МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Ал кандай болуп калды экен? Азыр 2 жашка чыкмак, - Айсулуу улутуна сүйлөдү. Тимур үндөгөн жок. Жумуштан чарчап келгенге маанайы суз болчу. Анын үстүнө акыркы күндөрү ал бул сөздөрдөн тажап баратат.
– Ал сага куюп койгондой окшош эле.
– Айсулуу! Эми ушинте бергенден бир нерсе чыгабы? Турсаң Айназик, отурсаң Айназик!..
– Мен энемин, Тимур. Кантип кызымды эстебейм?
– Эсте, каршылык жок. Бирок эми чеги менен да.
– Ал табылбай жатат. Мен санаадан өлөйүн деп калдым.
– Уф! Эми ачык айтканда, ал табылбай калса же табылган күндө да, атасы менен калса сен эмне кыласың?
– Антип айтпа! Сенсиң анын атасы.
– Айназик табылбаса биз жашашыбыз керек да андан ары. Табылат деп үмүт кылалы, издей берели. Бирок эми кечке Айназик деп ыйлап-сыктап отура берген болбойт го. Сен кечке санаа тартып отуруп, карачы, боюңдан да түшүп калды... Кичине өзүбүздү колго алышыбыз керек да.
– Сен таш боорсуң, Тимур!
– Таптакыр айтканды укпайт экенсиң.
– Айназик деп бир да санаа тарткан жоксуң, аны эстесем дароо сиркең суу көтөрбөй ачууланып чыгасың. Таш боорсуң.
– Сен да таш боорсуң, эгер ошончолук уккуң келсе. Эмнеге таштайсың кызды? Эмнеге? Сен кызыңды жоготтум деп жатасың, тиякта бир аял энесинин, инисинин көзү тирүүбү-жокпу билбей жүрөт. Ишенчээк бир адамга тийип алып анын жашоосун да талкаладың. Мунун баарына сен күнөөлүүсүң, эгер билсең!
– Мен сен деп келгенимди унутуп салдың.
– Келбей эле койсоң болмок. Эмнеге келдиң? Жашообуз тозок болмой болду. Экөөбүзгө каргыш тийди чынында.
– Акмаксың сен!
– Жаагыңды жаап кал! Өзүмдү араң кармап турам!- столду тарс уруп ордунан тура калды Тимур. Айсулуу үндөбөй калды. Анын сүйүүсү өткөн күздөн калган жалбырак сымал турмуштун шамалына ушаланып баратты.


ххх


– Назик, эшик тыкылдап жатат. Карап койчу?- Айбек ашканадан үн салды. Каалганын көзөнөгүнөн Назик ыйлап көздөрү шишиген Айсулууну көрдү. Келе элегине көп болгон. Акыркы окуялардан кийин экөөнүн ортолору алыстап кеткен болчу. Бирок ачпай коюуга арга жок эле. Каалганы ачты. Айсулуу араң турган экен, Назиктин моюнунан кучактап эле кеп-сөзгө келбей ыйлап баштады.
– Тынччылыкпы, Айка? Эмне болду?
– Мен кимге барарымды билбей калдым. Ичиме бук толуп батпай кетти. Жок дегенде сен кубалаба, Назик.
– Эмнеге кубалайм? Кирчи бас. Эмне, Тимур бир нерсе дедиби?
– Эх, Назик! Эмне мынча жашоо татаал, айтчы?- Назик эми гана Айсулуунун мас экенин билди. Аны жетелеп ашканага алып кирди.
– Эй, эмне ыйлап, Тимуруң бир нерсе дедиби?- Айбек чочуп кетти.
– Сен жөн турчу,- Назик аны кагып койду.
– Айка, Айка... Мен сага кандай сонун күйөө таап бердим эле? Азыр Азамат болгондо...
– Эй, сен жөн турчу. Тур, жумушка кеткени жатпадың беле? Кет,- Назик Айбектин сөздөрү үчүн ыңгайсыз болуп кетти.
– Ооба, кетсинчи, Назик! Биз бүгүн чер жазыша сүйлөшөлүчү. Армандарыбызды айтышалы.
А эркектер жок болушсун!
– Биротоло жок бололубу?- Айбек кайсарланып жооп берди. Ал өзүнөн-өзү эле ачууланып жатты.
– Эй, кетчи тур! Эмне эле болуп жатасың?
– Сен курбуңа күйсөң, мен досума күйүп жатам. Анын эмнеси бар экен?- Айбек сүйлөнүп ашканадан чыгып кетти.
– Билесиңби, Назик, мен жалгыз калдым. Жапжалгыз. Атам менен
1 жылдан өттү таптакыр сүйлөшө элекмин. Кечирим сурасам да болбойт. "Сендей кызым жок" дейт. Ушундай болмок беле? Таптакыр түшүнбөйм. Менин деле бактым үчүн күрөшкөнгө акым бар да, туурабы? Мен бактылуу болгонго аракет кылдым. Эмне, ошон үчүн күнөөлүүмүнбү?- бышактап ыйлап баштады Айсулуу.
– Айка, өзүңө кел. Көп эле ыйлай бербе. Көптөн бери көрүшпөй сагынышып калган окшойбуз. Эреркеп калыптырбыз экөөбүз тең. Шашпай сүйлөшүп отуралы.
– Ошентеличи. Айымдарды айымдар гана түшүнөт. Ичкенге бир нерсе барбы?
– Мен ичпейм го билесиң.
– Ушинтип айтарыңды билгем. Билгем да, ала келгем,- дайыма көтөрүп жүрүүчү кара сумкасынан шарапты сууруп чыкты. Аз өтпөй бокалдарга жарым-жартылай шарап куюлду.
– Сен дале мени жаман көрүп жүрөсүңбү?- Айсулуу күнөөлүүдөй Назикке карады.
– Эмнеге жаман көрмөк элем?
– Тимурга кеткениме, Азаматты алдаганыма. Сен жиндендиң, түшүнөм. Бирок, Назик, мен болгону бакыт издедим. Бактым, сүйүүм Тимур окшойт дедим. Көзүмдөн анын карааны учуп туруп алды. Менде башка жол жок болчу.
Билесиңби, мени бир да адам аяп койгон жок. Баары эле Азаматты айтышат. Бирок мен аны сүйө албай койдум. Ага карата таптакыр сезим жок болчу, түшүнсөң. Өмүр бою кантип жашайт элем, айтчы? Ооба, ал аябай жакшы киши, мага толтура жакшылык кылды. Бирок жүрөгүмдү козгой албай койду. Сүйдүрө албай койду.
– Эмичи, сүйгөнүң менен, Тимуруң менен бактылуусуңбу?
– Жок, ошол силер аяп жаткан Азамат баарын бузду. Кызымды жөн эле берип койсо болбойт беле? Мына 1 жылдан ашып баратат, таптакыр дайынсыз. Айназигим болгондо биз бактылуу үй-бүлө болмокпуз. Азамат менин жашоомду талкалап салды. Ал билет го кыз аныкы эмес экенин. Ал атайын өч алуу үчүн ушундай кылды. Жөн эле берип койсо болбойт беле?
– Балким, ал чындап эле Айназикти жакшы көрөттүр. Ансыз жашоосун элестете албай калгандыр.
– Азаматпы? Мына, аны менен 1 жылдай жашап ким экенин мен билем. Аны айылда баары "зөөкүр" дешет. Түшүнүп жатасыңбы, зөөкүр. Ал чындап эле ошондой. Айылда аброю да жок. Өзү менен өзү болуп эптеп жүрөт.
– Зөөкүр деп жатасың, сага бир жолу кол көтөрдүбү же кыйкырып уруштубу?
– Жок.
– Анда эмнеси зөөкүр?
– Эми жинди да. Эл ошентип айтат.
– Мисалы, мына, сени Тимур чааптыр. Көзүң көгөрүп жүрөт, аны эптеп косметика менен жашырыптырсың. Эми айтсаң, сага бир да жолу кол көтөрбөгөн Азамат жиндиби же көзүңдү көгөрткөн Тимурбу?
Саамга ойлонуп туруп калды Айсулуу. Бокалдагы шарапты бир дем менен жутуп жиберип «Мен... Мен жиндимин» деди ыйлап жиберчүдөй.
– Мен жөн гана бактылуу болгум келди. Тимурга жетсем эле бакытка жеткен болом, кызыбызды экөөбүз эркелетип, сонун кылып чоңойтобуз деп ойлодум. Ооба, Азаматка чыккынчылык кылдым. Эми жол таппай калдым... Эмне кылам? Жапжалгызмын. Турмуш ушунчалык татаал экен. Мен жөн эле кыялдар менен жашай бериптирмин. Алым кетип калды.
– Билесиңби, Айсулуу, сага катуу тийиши мүмкүн, бирок Айназиктин Азамат менен жүргөнүн ылайыктуу көрөм. Ал кызын кандай жакшы көрөрүн мен билем. Аны менен Айназик коопсуз чоңоёт.
– Кайсы бир күнү ал кармалат. Мен аны түрмөнүн түбүндө чиритем.
– А мен табылбай калсын деп тилейм.
– Билесиңби, Назик, сен жана мени жаман көрүп, Азаматты аяп жаткан башка адамдар силер чийинден чыккандан корккон адамдарсыңар. Силер коомчулук көрсөтүп берип койгон же атадан балага өтүп келе жаткан кандайдыр бир эрежелер менен гана жашайсыңар. Бактыңарды сынап көргүңөр келбейт. Мен сыяктуу адамдар силердин көзүңөргө желмогуз көрүнөт. Бирок мен болгону бакыт издеген адаммын. Ооба, чийинден чыгып кетем. Силер болсо бактыңарды сынагыңар келбей эле коркуп камалып отура бересиңер. Бакыт издегендерди көрө албайсыңар...
– Бирөөнүн көңүлүн калтырып, чыккынчылык кылып, көзүнө чөп салып туруп, анан ушунун баарын "мен бакытты издеп жатам" деп актанганы турасыңбы? Айка, бирөөнү бактысыз кылуу менен бакытка жеткенге болобу? Балким, тескерисинче болуп жүрбөсүн. Башканы бактылуу кылуу менен бактылуу болууга болоттур.
Айсулуу ордунан тура калды. Чыдабай кетти. Шарапты алды да, эшикти карс жаап чыгып кетти...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
bekos2012
2018-04-17 09:02:56
Биринчи
-2
televizor
2018-04-17 09:09:23
мен биринчииии))
-2
Edelveis929317
2018-04-17 09:21:51
Самара Каримованы да карабай биринчи ушул эки сериалды окуйм го)))
+3
KOCMOC
2018-04-17 09:27:14
Эч качан бироонун коз жашына бакыт кура албайсын деген ушул!
+3
saipi
2018-04-17 10:20:58
Акылың менен да Жүрөгүң менен да суйсоң кандай сонун ээ)))
+2
ady-88
2018-04-17 10:50:28
Аааа Айсулуу копту коросунго дагы
+3
Nurmuhammed2016
2018-04-17 11:26:20
Чындыкты уккусу келбейико
+2
saulem
2018-04-17 12:54:48
Сураныч коп коп жазгылачы,тойбой калган баладай эле болуп жаланып калабыз.
0
Dina.janym
2018-04-17 14:21:48
Ыым, чындык ушундай ачуу болот, уккуң келет, бирок ишенгиң келбейт... (((
+1
originalkgz96
2018-04-17 15:37:29
Азамат красавчик
+1
Shokoladka94
2018-04-17 15:40:22
Ээхх мээси жок катын
+1
00Mira77
2018-04-18 11:34:39
Shokoladka94,айтпаныз даана жинди экен
0
№ 806, 13-апрель -19-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан