«СҮЙҮҮМДҮН КАРААНЫ КӨРҮНӨ БАШТАДЫ ОКШОЙТ»
–Мен жазында төрөлгөндүктөн ушул мезгилди абдан жакшы көрөм. Ушул убакка чейин ар жылы жаздан сүйүү күтүп, издей берем. Сүйүүм азырынча келе элек, бирок карааны көрүнө баштады окшойт. Жаш кезде бир аз айбан чалыш болуп, тандаган түгөйүңдүн эч нерсесине карабайт экенсиң. Жаш өткөн сайын талаптар өзгөрүп, алды-артыңды карап калат турбайсыңбы. Азыр өзүм түзгөн идеалды күтүп жүрөм. Талапкер катары бирөөнү көрөйүн десең деле сөзсүз бир кемчилиги көрүнө берет экен. Биринин сүйлөгөнүн жактырбай калсам, экинчисинин тамак жегени, башкасынын буту жакпай кала берет. Идеалдуу адам жок дейт, бирок мен ойлогондой мырза бар экенине ишенем.
«КӨЗҮ МЕНЕН БАШКАРА АЛГАН МЫРЗАЛАР ЖАГАТ»
–Мага узун бойлуу, ак жуумал, арык да, толук да эмес, орточо мырзалар жагат. Ыраматылык атамдын көз карашынан эле эмне дегиси келип жатканын түшүнчүбүз. Эркектин сүрү ошончолук күчтүү болушу керек деп эсептейм. Колу тийбей, көзү менен түшүндүрүп же сөз менен башкара алган эркектерди баалайм. Андан тышкары ачык, шайыр, юморду түшүнүп, сыйлап, чыгармачылыгымды колдосо дейм. Анан акчасы көп болсо (күлүп). Эми ушундай мырзаны мага сыйкырчы келип эле «ме, ал» деп берип койсо...
«МЕНИ ДА БИРӨӨ БАКСА ДЕП КЫЯЛДАНАМ»
–Ушунча жылдан бери үйдө аял, сыртта эркек болуп жүрүп чарчадым. Апам менин колумда. Андан тышкары алыш-бериш, жек-жааттар менен катташуу да менин моюнумда. Жакшылык-жамандык болуп калып, акча таппай калганда ыйлагым келип кетет. Бир жолу унаам бузулуп калып, тетиги табылбай, табылса да кымбат болуп, каражатым жетпей жатса апам чалып бир таежебиздин каза болуп калганын, ага акча керек экенин айтып калды. Ошондо ызам менен «эми өлбөй турса болбойбу» деп жибериптирмин. Апам да «сени күтүп отурмак беле» деп күлөт. Ошондой мезгилдерде "табыш керек, чуркаш керек" деп жүргөндөн чарчап кетем. Баары бир аял кишиге күйөө керек тура. Той-топурга башкалар өмүрлүк жарлары, кайын-журту менен барса, мен соксоюп өзүм жүрөм, ошондо жалгыздык сезилет. Анан кээ бир учурларда «мени да бирөө бакса, мен болсо тиричилик кылыш керек экенин ойлонбой, үйдө кожойке болуп жыргап жатсам» деп кыялданам.
«АР БИР СӨЗДҮ ОКУП КӨЗҮМ ДА, ЖҮРӨГҮМ ДА ЫЙЛАП, ДЕПРЕССИЯГА КАБЫЛДЫМ»
–Куудулдук өнөр азыр элге мурдагыдай кабыл алынбай калды. Бүгүн эл кыска тамашаларды жакшы кабыл алып, мурдагыдай узун сатиралардын доору бүтө баштагандай. Куудулдукту эч ким талап кылбаса, ыңгайлуу жагына ыктап кеттим. Азыр басымды тамадалык менен алып баруучулукка коё баштадым. Актёрдук билими жок, бизге окшогон куудулдарды «жапайы артисттер» деп коюшат. Ошентип актриса болбосом да, журналист болбосом да өзүмдү ар тараптан сынап келе жатам. Мисалы, учурда теледе алып баруучу болуп иштөөдөмүн.
Кечээ жакында «Салам, Кыргызстан» деген долбоордогу кесиптешим Гүлжайна Атаканова экөөбүз эл тарабынан катуу сынга кабылганыбыз баарыңарга маалым. Адам сөзү менен таанылып, сөзүнөн жаңылат экен. Элди күлдүрүүнүн аракетинде бизге берилген ролго сүңгүп кирип, эфирде бир-эки туура эмес сөздөр айтылып кетти. Өзүм ушакты жаман көрөм, бирөөнүн кемчилигин же туура эмес иш кылып жатканын бетине эле айтып салам. Ал эми «кемчонтой» деген сөздү жадакалса колдонбойм. Ошол сөз оозумдан чыгып кеткенине өкүнөм. Мен Зарылбек (ред.: Чыпалак баатыр) менен Клараны (ред.: Алибекова) эфирден шылдыңдап эмес, тескерисинче жооп бере албай калган убагында багыт берип, колдоп жаттым. Кийин видеону монтаждап, суроого жооп берилип жаткандай кылып тууралап койдук. Бул эки адам тарабынан бизге жеке таарыныч же капачылык болгон жок. Окуяны көпчүлүк козутуп жиберди окшойт. Ошол убакта дарегиме бир далай терс сөздөрдү жазып жатышты. Ар бир сөздү окуп теригип, көзүм да, жүрөгүм да ыйлап, депрессияга кабылдым. Анан дагы ашыкча сөз сүйлөп албайын деп тилимди тишиме катып жүрүп, ошол учурдан өтүп кеттим.
Гүлжайна экөөбүз долбоордон кеткен жокпуз. Болгону ал гастролдоп, мен жакында бере турчу жеке концертиме даярданып жаткандыктан ортодо тыныгуу болуп калды. Бирок жаңы чыгарылыштарга сөзсүз чыгабыз.
"АТАМ МЕНИ ДАРЫГЕР БОЛСО ДЕП ТИЛЕЧҮ..."
– Өмүрүңүздө жасаган жиндилик?
– Эрте күйөөгө чыкканымды жиндилик деп баалайм.
– Өкүнүчүңүз?
– Атам мени дарыгер болсо деп тилечү. Бирок ага көнбөй, билим албай калганыма өкүнөм.
– Жашооңузда кубаныч болгондо кимге биринчи сүйүнчүлөйсүз?
– Жакшы жаңылык орун алганда дароо апама чалам. Менин биринчи эмоцияларыма апам күбө болот.
– Тагдырды колго жасап алса болот дегенге ишенесизби?
– Адамдын тагдырын мээси башкарат деп ойлойм. Ошондуктан жаман ойлордон алыс болуш керек.
– Сизди ишенчээк дешет...
– Ооба, Алина эжем өзүн айткандай, көкүл менен жаап алсам да маңдайымдагы «лох» деген жазуу көрүнүп калат.
– Дөөлөт бир келет дешет, сиздин базарыңыз жүрүп турган убак деп кайсы учурду эстей аласыз?
– «Молдо менен ырчыны эл бакканга милдеттүү» деген тамаша бар го, башка бизнесим деле жок. Кудайга шүгүр, сахнага келгенимден бери мени эл багып келе жатат.
Алтынай Тынышова
Адилет Бектуров
star@super.kg