Жогорку Кеңеш юстиция министри кызматына АЙНУР АБДЫЛДАЕВАнын, өкмөттүк аппараттын башчысы кызматына МУРАТ МУКАМБЕТОВдун талапкерлигин жактырды.
Футбол боюнча Кыргыз курама командасы ФИФАнын апрель айында жарыяланган рейтингинде Кыргыз тарыхындагы эң жогорку көрсөткүчкө жетип, 75-орунду ээледи. Март айында 115-орунда турган.
2018-жылдын 1-январына карата КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮНҮН жарандарынын саны 6 миллион 258,7 миң адамга жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
АЖЫЛЫК ЗЫЯРАТКА төлөмдөрдү кабыл алуу 13-апрелде аягына чыгат. Бул жылы ар бир орун 2890 долларга бааланган. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы башчысы БОЛСУНБЕК КАЗАКОВ МАКСИМ БАКИЕВге таандык болгон «Идеал Хаус» компаниясынын VIP коттедждер шаарчасын реалдуу баасынан арзан саткан деп шектелип, камакка алынды.
Улуттук энергохолдингдин башчысы АЙБЕК КАЛИЕВ Бишкек ЖЭБиндеги авария жана аны жаңылоо маселесине байланыштуу жумуштан алынды. Жетекчилик милдетти буга чейин орун басарлык кызматты аркалап келген Эрали Козубаев аткарууда.
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун жашоочулары «МАКМАЛ» АЛТЫН КЕНИНИН ишмердүүлүгүнө каршы митингге чыгышып, жаңы курулган «Джи Эл Макмал Девелопинг» алтын ылгоочу имаратты өрттөп салышты. Бул окуяга байланыштуу кылмыш иши козголду.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.