БАГА АЛБАСАҢ БАЛА ЖАРАТПА

“8 баланын ата-энеси жардамга муктаж”, “10 балалуу үй-бүлө нанга акча сурайт”. Байкасам, акыркы кездери ушул өңдүү кабарлар, кайрылуулар, жардам суроолор коомубузда арбын болуп кетти. Ушундан улам бала деген үй-бүлөнүн бактысы эмес эле маселе жараткан жанбы деген ойго кептелет экенсиң.

Ооба, билем, турмуш түйшүктүү, жашоо жеңил эмес. Бирок ага бала күнөөлүү болбосо керек? Макул, үй-бүлөнүн бала багууга чындап шарты жок дейли. Балким, көпчүлүк актанган кокустук болуп, максатсыз жерден наристе пайда болуп калгандыр. Пландалбай биринчи, экинчи, мейли, үчүнчү бала жарыкка келсин, бирок 2983-бала жаралганча деле жетишпеген турмуштун ээси кокустук деген сөздү бетке кармай бергени канчалык туура?
Ушул беш сүйлөмдү окуп жатып “ар бир бала өз ырыскысы менен төрөлөт” деген сөздү эстегендирсиз. Макул, болуптур. Анда баланын ырыскысы кантип ченелет? Эмнеге ырыскы деген сөз бирөөнүн эскирген кийими, кайрымдуу жарандын он тыйыны же күндө ичкен катыгы жок сары чай болушу керек? Ал башка балдар сыяктуу эле түрлөп кийинип, момпосуй жеп, селкинчек тээп бейкапар ойноо укугуна ээ болуп жарыкка келгендир.
Аял-күйөөнүн “кокустугунун” айынан бала да кадам таштаган күндөрүнөн баштап турмуш деп тырмышып, ата-энеси түртө албай жаткан, көпчүлүк учурда түртүүгө аракет да кылбаган арабаны чогуу түртүшүп, бардар балалыктын кереметин жон териси менен сезбей, жакшы жашоого сырттан көз салган көрүүчүсү катары чоңоюп кетет. Ошентип кийиминин жоктугунан мектепке барбай калган бала чоңоюп кара жумуштун, ашып барса миграциянын курмандыгы болот. Анан? Билимден алыс, турмуштун түрткүндүсүндө өсүп калган адамдын келечеги кыйын. Кайра эле ата-энесинин үзүл-кесил тагдырын кайталай берет. “Эмнеге сиздин турмуш жокчулукта өтсө, ал жетишсиздик сизден башка дагы беш же он адамда кайталанышы керек?” деп суроо берер киши жок. Моюнга албаганыбыз менен, ырыскы деген нерсе "асмандан түшсө" да, ата-эненин жоопкерчилиги, эмгеги же каалоосунан да көз каранды экендигин сезүү керек.
Баса, бардар үй-бүлөлөргө салыштырмалуу бала багууга мүмкүнчүлүгү азыраак үй-бүлөлөр көбүрөөк балалуу болушарын байкасаңыз керек. Ошондой эле кедей мамлекеттерде төрөлүү бай өлкөлөргө салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп. Буга элдин сабаттуулугу, эртеңки күндү ойлоп, пландап иш кылуусу себеп болгондой. А биздечи? Бизде кандай? Шарт, мүмкүнчүлүк, ден соолук сыяктуу факторлор арткы орунга жылып, “бойго бүттү, демек, төрөш керек” деген себеп менен эле балдар жарыкка келип кала берет. Жадакалса аялдар арасында түйүлдүк дээрлик 3 айга жеткенче кош бойлуу экенин билбей жүрө бергендерин угуп калам. Жөн эле, максатсыз, келечеги туман болсо да бала келе берет, чоңоё берет. Тилекке каршы, биздин чындык ушундай. “Кечиресиз, эгер баланын жашаганга жери жок болсо, эмнеге көбөйүп жатасыз? Коопсуз секс дегенди билбейсизби же болочок наристенин тагдырына ушунча кайдыгерсизби?” деп сурагың келет.
Кана, кайсы ата-эне чүрпөсүнүн начар шартта өсүүсүн каалайт? Кимдин баласы башканын тамагына тамшанып, бирөөнүн оозун карап өсүшүн тилейт? Ким жокчулуктан санаа тартып, ойго батып, өзүнө оору ашырып алган бала тарбиялагысы келет? Ким баласынын кайыр сурашын каалайт? Унчукпайсыңар. Демек, бир же бир нече адамдын жашоосуна жоопкерчилик алып жатканда терең ойлонуп, эчкиге жараша ышкырганыбыз туурадыр. Бүгүнкү караңгылык менен көңүлкоштук эртеңки жетишпеген турмуштун түйшүгүн тарткан коомго жетелеп барбасын.
Балдар айла жоктун айынан эмес, пландалып, күтүлүп келип, эркелеп чоңойсун. Дубалы урап турган үй да ушул тилекке кошулмак.


Алтынай Тынышова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (134)
Meerman
2018-04-25 15:22:33
baarynar talashyp ketipsiner avtor aithanyn jakshy tushunbopsunor avtordun aitkany baarynarga tiesheluu emes baiagy joopkerchiligi jok ertekter nar go erkek bashy .n bir ui bulonu bafa alvai kyzdardy tonop akcha uurdap 1000som ichun biroogo bychak saiyp bala bagam dep erkekter azyr slabyi bolup kaldy bir soz kotoro albai mushrashat bychaktai erkek aial ekenine karabait. siler murdagy 10 15ti torotup bakkan erkekterdi suiloboi ele koigula alar ausldardy tonogon emes bychaktagan emes
-2
Alfiya
2018-04-25 18:25:44
Айланайындар азыркы заман менен илгерки заманды салыштырып болобу и ошондой эле адамдарды дагы.... Авторго кошулам ар бир бала жакшы жашоого татыктуу Жана укуктуу, ата-эне аны тартып алууга акысы жок. Балага хотя бы бесплатный болгон мээриминди бере албасан анда алды артыны карабай балалуу болгондун кереги жок.
+2
aidilgir
2018-04-25 19:55:00
Туптуура. Бага албаса бала жаратпаш керек. Жардам сурагандардын баарында 7 8 балалуулар.
0
Kamaliddin
2018-04-25 20:46:12
Байлардын жашоосун,балдарын зор кедейлердикин начар кылып корсотуптур. Кыйын адамдардын омур баянын окусан кедей уй булодон чыккан. Баары бар болсо дагы болбойт, турмуштун кадырын билбей чоноюп калат.
+2
Siren90
2018-04-25 21:54:17
Бетке айткандын заары жок, ачуу чындык, чычалоонун кереги жок деп ойлойм бул жерде
0
Chagylgan2
2018-04-26 05:06:00
Элибизде "Балалуу уй базар, баласыз уй мазар" деген накыл кеп бар. Коп балалуу болуп, алардын бакытына ортоктош болуп, карыганда ошолордун убайын корууго эмне жетсин... Коп бала торотуп, остуруу, жакшы тарбия берип адам катарына кошуу чон туйшук. Бирок эртен эле уул-кыздарын эр жетип чоноюп, ишеничинди актап, сага жаман соз тийгизбей жакшы уул-кыздардан болуп оссо, катар катар неберелуу кылса, ошол оор туйшугундун акыбети кайтанына суйунуп отуруп каласын...
+3
Chagylgan2
2018-04-26 05:10:02
Баарын эле шарт дейсин, силер айткан шарт башка. Анда журо бергиле орус ж.б.туурап 1-2 балалуу болуп... Шарт дегенин уйдо куйоосу менен аялы эриш-аркак болуп шартка карап иштеп, балдарынын курсагын ток, кийимин бутун кылып бага алса, эл катары окута алса, ошол шарт жетиштуу го...

Ким бироолор шарт десе особняк уйду тушунот, кымбат оюнчук, кымбат кийим, престиждуу бала-бакча, мектепти тушунот. Анча болду, Америка, Оруссиядан нянка жалдап келип койгула балдарынарга!!!
+1
Chagylgan2
2018-04-26 05:33:35
Анан калса канча балалуу болгон менен да тарбия бере албасан бекер... 10 бала эмес, 1-2 балалуу болуп, ошолорго туура тарбия бере албай, эрке талтан кылып остуруп отургандар толтура.

Колундан келеби, баары-жокту турмушка шылтап озунду алдап жургондо озуно эле зыян. Алдасан бизди эмес, озунору алдайсынар. Чон уй салам, машине алам деп тытынып журуп жаш да отот кетет. Тарбия берууго келгенде телефондон колунар бошобойт. Анан эле жашоо куноолуу, шарт жок дейсинер..
+1
ayka91
2018-04-26 14:31:23
Мдааа. Менин жолдошум уйдун улуусу. 8бир тууган. Мен 3бир тууганмын. коп балалуу болгум келет. ден соолук жол бербейт. Анан жолдошум дагы макул эмес, конулу калган экен коп бир тууган болгондон. Же жыргатып кийинген жокпуз,же курсак тое тамак жебедик,же окуган жокпуз талаа иштерине эрте аралашдык дейт. Ошондуктан баланын санына эмес сапатына караш керек дейт.
+3
Targarien
2018-04-26 15:05:18
Менин да бир женем бар 5 ти тууду Тууба десе мен туубасам ооруп калам дептир Эми алтынчысы боюнда Келгенине 7 жыл болду Кыйратып кызмат кылбайт боюмда бар деп шылтоо кылып иш кылбайт. Лапшыйып барсан жакшы тосуп албайт. Тайнем оорукчан. Аны караштын ордуна балдарын карматып коюп кетип калат. Эн кичине келини начар чыкты.
0
AvEsT_88941417
2018-04-26 20:42:54
Ар Бир адамдын Оз ою,ага жараша чындыгы бар. Кеп бай же кедей эмес,алардын алган тарбиясы. Мен деле жыртык,эски кийип чонойгом бирок жашоо шартым шугур,ысырап кылбай ал Апамдын акчаны уномдоп колдоно билгени. Азыр баары эле тытынып мигрант болуп жургондор,балдарын таштап коюп,алар баарын жайгаштырган кезде Ден соолугу болбой же 40ка чамалап калышат. Анан Эл эмне дейт уят деп торобой калышат. Кудайга шугур эки балам бар мен деле коп балалуу болгум келет,бирок Уй салалы деп чет жактабыз.
+2
Peri93.93
2018-04-28 09:01:53
Аллах Таалам кайсы нерсени жаратды баарын себеби менен жаратат,коп балалуу болдум деп эле элден жардам сураган жарабайт,ОЗУ ынтылып жашаш керек?илгери апаларыбыз аталарыбыз эн аз дегенде 10 торогон экен,алар бироодон жардам сурабай эле балдары учун кун тунду билишбей иштеп бешене тэри менен балдарын чонойткон?аталарыбыз корунгон кыз келинди коруп коздору бозоргон эмес?азыркы эркектер 80%ойнош ойнойт?семяны унутуп коюшат?ойношуна тапканын ташыйт баласы 1 нерсе алып бер десе наалып кирет ыраа кор
0
Peri93.93
2018-04-28 09:13:23
Корбойт?Бай уйбулодо чонойгон бала озумчул болуп чонойот,ысырап эмне адал эмне экенин билбей чонойот?мээримге муктаж болуп чонойот,мерезге айланат?аа жыртык наски жыртык шым кийип чонойгон балдар мээримдуу ысырап кылбаган акыл калчап иш кылган инсан болот?афтор сен ал нерселерди айтып Аллахтын алдында куноокор болбо?анткени сен сактанган убагында балким 1 уруктан наристе жаралмак ошол наристеге бул дуйного келишине жол бербесен жооб керчилиги ото кучтуу экенин унутба?Аллахтын алдында жообберишти
-2
al79mi
2018-04-28 14:27:59
Толугу менен кошулам авторго. Коп бала албетте жакшы бирок турмуш шартка да караш керек. Баланы да озунду да кыйнабагыдай болуп. Фактысы жок эле илгерки заманга салыштырып анан Алла таала бергени дей бербесенер. Албетте Аллах улук, анын окумуно эч ким каршы чыга албайт, бирок сактансан сактайм дейт. Илгерки менен азыркы замандын асман менен жердей айрымасы бар.Медицина онуккон заман азыр.
+1
Aizat_1991
2018-04-29 21:21:01
Саламатсыздарбы комментчилер ар ким оз оюн жазыптыр мен да кошо кетейин оз оюмду. Эми бул жер устундо ашып эле кетсе 100 жыл жашайбыз максат бул дуйно эмес акырет болуш керек. Байлык жокчулук оору кырсык жоготуу ж.б. бул пенденин башына тушкон сыноо. Бирок бир жерден автордун оюна кошулам жокчулукту бетке кармап жата беруу бул шылтоо жана жалкоолук деп билем азыр Аллага мин мертебе шугурлор болсун илим алуу мурункудан мин эсе женил издениш керек ниет жана аракетке жараша баары болот иншаАллах
+1
№ 807, 20-апрель -26-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан