Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

БАГА АЛБАСАҢ БАЛА ЖАРАТПА

№807 20-апрель -26-апрель, 2018-ж.


“8 баланын ата-энеси жардамга муктаж”, “10 балалуу үй-бүлө нанга акча сурайт”. Байкасам, акыркы кездери ушул өңдүү кабарлар, кайрылуулар, жардам суроолор коомубузда арбын болуп кетти. Ушундан улам бала деген үй-бүлөнүн бактысы эмес эле маселе жараткан жанбы деген ойго кептелет экенсиң.

Ооба, билем, турмуш түйшүктүү, жашоо жеңил эмес. Бирок ага бала күнөөлүү болбосо керек? Макул, үй-бүлөнүн бала багууга чындап шарты жок дейли. Балким, көпчүлүк актанган кокустук болуп, максатсыз жерден наристе пайда болуп калгандыр. Пландалбай биринчи, экинчи, мейли, үчүнчү бала жарыкка келсин, бирок 2983-бала жаралганча деле жетишпеген турмуштун ээси кокустук деген сөздү бетке кармай бергени канчалык туура?
Ушул беш сүйлөмдү окуп жатып “ар бир бала өз ырыскысы менен төрөлөт” деген сөздү эстегендирсиз. Макул, болуптур. Анда баланын ырыскысы кантип ченелет? Эмнеге ырыскы деген сөз бирөөнүн эскирген кийими, кайрымдуу жарандын он тыйыны же күндө ичкен катыгы жок сары чай болушу керек? Ал башка балдар сыяктуу эле түрлөп кийинип, момпосуй жеп, селкинчек тээп бейкапар ойноо укугуна ээ болуп жарыкка келгендир.
Аял-күйөөнүн “кокустугунун” айынан бала да кадам таштаган күндөрүнөн баштап турмуш деп тырмышып, ата-энеси түртө албай жаткан, көпчүлүк учурда түртүүгө аракет да кылбаган арабаны чогуу түртүшүп, бардар балалыктын кереметин жон териси менен сезбей, жакшы жашоого сырттан көз салган көрүүчүсү катары чоңоюп кетет. Ошентип кийиминин жоктугунан мектепке барбай калган бала чоңоюп кара жумуштун, ашып барса миграциянын курмандыгы болот. Анан? Билимден алыс, турмуштун түрткүндүсүндө өсүп калган адамдын келечеги кыйын. Кайра эле ата-энесинин үзүл-кесил тагдырын кайталай берет. “Эмнеге сиздин турмуш жокчулукта өтсө, ал жетишсиздик сизден башка дагы беш же он адамда кайталанышы керек?” деп суроо берер киши жок. Моюнга албаганыбыз менен, ырыскы деген нерсе "асмандан түшсө" да, ата-эненин жоопкерчилиги, эмгеги же каалоосунан да көз каранды экендигин сезүү керек.
Баса, бардар үй-бүлөлөргө салыштырмалуу бала багууга мүмкүнчүлүгү азыраак үй-бүлөлөр көбүрөөк балалуу болушарын байкасаңыз керек. Ошондой эле кедей мамлекеттерде төрөлүү бай өлкөлөргө салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп. Буга элдин сабаттуулугу, эртеңки күндү ойлоп, пландап иш кылуусу себеп болгондой. А биздечи? Бизде кандай? Шарт, мүмкүнчүлүк, ден соолук сыяктуу факторлор арткы орунга жылып, “бойго бүттү, демек, төрөш керек” деген себеп менен эле балдар жарыкка келип кала берет. Жадакалса аялдар арасында түйүлдүк дээрлик 3 айга жеткенче кош бойлуу экенин билбей жүрө бергендерин угуп калам. Жөн эле, максатсыз, келечеги туман болсо да бала келе берет, чоңоё берет. Тилекке каршы, биздин чындык ушундай. “Кечиресиз, эгер баланын жашаганга жери жок болсо, эмнеге көбөйүп жатасыз? Коопсуз секс дегенди билбейсизби же болочок наристенин тагдырына ушунча кайдыгерсизби?” деп сурагың келет.
Кана, кайсы ата-эне чүрпөсүнүн начар шартта өсүүсүн каалайт? Кимдин баласы башканын тамагына тамшанып, бирөөнүн оозун карап өсүшүн тилейт? Ким жокчулуктан санаа тартып, ойго батып, өзүнө оору ашырып алган бала тарбиялагысы келет? Ким баласынын кайыр сурашын каалайт? Унчукпайсыңар. Демек, бир же бир нече адамдын жашоосуна жоопкерчилик алып жатканда терең ойлонуп, эчкиге жараша ышкырганыбыз туурадыр. Бүгүнкү караңгылык менен көңүлкоштук эртеңки жетишпеген турмуштун түйшүгүн тарткан коомго жетелеп барбасын.
Балдар айла жоктун айынан эмес, пландалып, күтүлүп келип, эркелеп чоңойсун. Дубалы урап турган үй да ушул тилекке кошулмак.


Алтынай Тынышова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(134)
24.04.2018. 11:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
255
Катталган:
06-04-2011
Соӊку аракети:
21-09-2018 17:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
+9
кошулбайм, эртенки кунубуз кандай болот билбейбиз, кайра жокчулук коргон адам тушунуктуурок болот
24.04.2018. 11:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
414
Катталган:
20-04-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 15:53
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эң туура 100% кошулам. Эгер шарты жок болсо колунда жок майып же күйөөсү ичсе үйү жок болсо баланы жаратпай эле койгон туура. Сактаныш керек. Сөзсүз эле боюнда болуп калса төрөш керек же аборт кылыш керек эмес алдын алыш керек. Жарала турган бала да бактылуу балалыкта эркелеп чонойгонго акысы бар.
24.04.2018. 11:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
703
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
14-09-2018 13:16
Жынысы:
Белгисиз
+5
"Бойго бүттү демек төрөш керек"-Ооба төрөш кк бойго бүткөн баланы эч качан алдырбаш кк,андан мурда бойго бүткөндөн сактаныш керек 2ни төрөдүңбү спираль салдырып сактан .Акча жок дейбиз ал шылтоо гана ,ар бир бала ырыскысы мн дейбиз бирок биз балага бактылуу балалык бере албай жатпайбызбы.Аялды көп төрөтсөңөр баарын камсыз кылышыңар кк эркектер, кыргыздын санын көбөйтөм деп эле баланы да кыйнап аялды да ден соолуктан ажыратпай.Энеден мурда атанын жоопкерчилиги жогору болуш кк бул жерде,
24.04.2018. 14:47 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
207
Катталган:
31-03-2018
Соӊку аракети:
09-08-2018 19:33
Жынысы:
Белгисиз
+9
Nevestkaa, илгери энелерибиз тороп жатканда баары жок даяр беле?!! Бешик, желбешик, ходонок, манеж, коляска ж.б.?!! Илгери боз уйдо азыркыдай шарт болгон беле оз озунчо комната, упчу, памперс, светильник?!!

Ушул шарттардын бири да жок эле энелерибиз тороп, чонойтуп эле келишкен, уй жумушуна да жетишип, бала да карап....

Башканы кой, дурустап кечки тамак жасоо оор келет силерге, жаш бала менен болсонор...

Кайнаталар кечки тамак ичуу учун нянка болууна аргасыз
Chagylgan1 түзөттү 2018-04-24 14:48:26
24.04.2018. 15:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
162
Катталган:
26-03-2014
Соӊку аракети:
18-09-2018 21:38
Жынысы:
Белгисиз
-4
Chagylgan1, илгерки энелер менен азыркылар дем алган абаны, ичкен тамакты, ден- соолуктарын салыштырып коргонсузбу?
24.04.2018. 17:11 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
207
Катталган:
31-03-2018
Соӊку аракети:
09-08-2018 19:33
Жынысы:
Белгисиз
+5
Shokoladka94, илгери энелер кечке чучук жеп коюп жамбаштап жаткан бекен?!!

24.04.2018. 16:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
703
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
14-09-2018 13:16
Жынысы:
Белгисиз
-6
Chagylgan1,ал маалда эне бала бир жашаган .Бала эненин мээримине тоюп жашаган а азырчы үйлөнүп эле аялыңды ээрчитип жөнөйсүн иштегени.Азыр бала мээримге эмес эненинсүтүнө тойбой калууда.Илгеркилер дейсин илгеркилер илгеркилер эрктүү айбаттуу болгон .Ал убакта өкмөт ар бир балага пособ.берген медиц.бекер болгон а азырчы учетко турганда башташат акча акча дешип.Бизге шарттын евросу кк эмес үңкүрдөй үй болсо,күйөөсү камсыздап турса төрөп эле жата бермекпиз.Же жалганбы айткылачы?Жаман көрбөгүлө мени
24.04.2018. 17:18 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
207
Катталган:
31-03-2018
Соӊку аракети:
09-08-2018 19:33
Жынысы:
Белгисиз
+8
Nevestkaa, Мисалы Туголбай Сыдыкбеков агабыздын апасы 17ни торогон экен... Ал убакта кайдагы Окмот, алардан кабар ала турган?!! Ал убакта медицина онукпой, эл кызамык болобу башкасы болобу, боо боо тушуп олуп калчу экен... Колунда болбогону учун да кундо кымыз, кундо эт жеп жыргап жашачу деген ойду унут.

Сен азыр ошолордой болуп иштеп, торой аласынбы ошолордой жашасан?!! Эмнеге озунор жалкоо, болуп бара жатканынарды тан албайсынар?!!
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-24 17:28:47
24.04.2018. 17:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 21:36
Жынысы:
Белгисиз
-4
Chagylgan1, эртеден кечке эшектей иштеп тынбай илгеркидей жашоонун несине суктанасынар? Байкуш чон энелерибиз жашоо эмне экенин деле билбей. тороп иштеп тороп иштеп эле отуп кетишкен.
24.04.2018. 17:23 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
207
Катталган:
31-03-2018
Соӊку аракети:
09-08-2018 19:33
Жынысы:
Белгисиз
+6
Nevestkaa, илгерки жашоо менен азыркы жашоону салыштырса, силер бейишке келип калгандай эле болосунар. Торой турган болсон медиктердин козомолундосун, акча берсен да... Калган шарттарды айтпай эле коеюн.

Сен мисалы, илгеркилердей болуп жашай аласынбы ошолор жашаган шартта, колундан келеби ошончо бала да тороп, ошончо туйшукко да чыдап?!!

Илгерки энелерге бугункудой шарт болсо, эн аз торогону 10ду торосо керек эле, алды 25-30ду...
24.04.2018. 17:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
703
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
14-09-2018 13:16
Жынысы:
Белгисиз
+1
Chagylgan1,жашайт элем итөрөйт элем эгер ошол жашоодо жашасам кайда бармакмын.Мен такыр эле төрөбөгүлө дебейм ,болгону бага ала турган болуп төрөш кк.
24.04.2018. 20:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
25-03-2015
Соӊку аракети:
21-09-2018 21:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кара-балта.
-3
Chagylgan1,Сөз бала бага албанган ,шарты жоктор жөндүү болуп жатат гоо.
24.04.2018. 11:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
718
Катталган:
17-04-2013
Соӊку аракети:
21-09-2018 19:50
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
+11
Ата-бабабыз жегени нан таппай калган заманда да балалуу болушкан урпак калтыралы деп. Азыркы жашоо анын алдында кыйла жогору. Иштеген тиштейт деген заман. Иш жок деген жалкоолордун же азга канаат кылбагандардын шылтоосу. Бизде иш болбосо тажик өзбектер бизге келип иштемек эмес.
24.04.2018. 11:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
703
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
14-09-2018 13:16
Жынысы:
Белгисиз
-6
Dalil,ата бабаларыбызда жашоо бирдей болгон,азыркыларың 4тыйын кармаса адам тааныбай калган заман.Балдарым жакшы кийинсе экен жакшы билим алса экен дейт экенсин болбосо балам кемсиним калат деп бири бирине атаңдашкан заман .Көп балалуу болгон албетте жакшы,бирок азыркыга 3-4бала жетиштүү.Менин оюмча.
24.04.2018. 12:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
718
Катталган:
17-04-2013
Соӊку аракети:
21-09-2018 19:50
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
+8
Nevestkaa, ошол 4 тыйын кармап адам карабай калган кишини карап жашасаң албетте кемсинип жашайсын. Бизден да жакыр жашагандар бар. Биз ошолду карап азыркы жашоого шүгүр кылсак, жүрөктө бактылуулук орнойт. Биз курсагыбыз ток үстүбүз бүтүн, түндө уйкубуз тынч. Кээ бир өлкөлөрдө ошонун бири да жок биздей болуп жашоо алар үчүн бейиштей. Байлыкка көпкөндөр деңгээлин байлык менен ченешет. Аларга көңүл буруп баш оорутуп отуруунун кереги жок
24.04.2018. 13:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
703
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
14-09-2018 13:16
Жынысы:
Белгисиз
-7
Dalil,бирөөгө айтыш оңой бирок ошого амал кылган адам аз.Өзүңөн байларды эмес сенден кедейлерге карап жаша делет бирок ага амал кылбайбыз.Туура айтасыз башка өлкөлөр тынч да уктай алышпайт,бирок биздин өлкөдө тынчтык өкүм сүргөнү мн жашоо өтө кыйын айылдарда иш жок жокчулук айла жок балдарды таштап мигрант болуп кетесин балдардын жаркын келечеги үчүн бардык кыйынчылыка чыдап дегендей.Алыбай алына жараша мен каршы эмесмин көп балалуу болушка бирок бала бактылуу болуш кк.Ошол элееее
24.04.2018. 13:44 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
697
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
03-08-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
+8
Nevestkaa, ошол тилегинди туура айталбай ар созунон чалынып жатасын го...

Илгери ата-бабабызда жашоо бирдей болгон деп эмне жомок айтасын?!! Байдын баласы тордо устукан кажып отурганда, кедейдин балдары жамаачы кийим, жыртык чарык менен кой, мал козоп талаада жургон, жарым кесим нанга зар болуп...

Бирок андай болгону менен Кыргыз элинин таланттуу акындары, токмолору, жазуучулары кедей-кембагалдардын уйунон чыккан, мисалы Токтогул, Барпы, А.Осмонов, Т.Сыдыкбеков ж.б.ж.б.
fantomas түзөттү 2018-04-24 13:48:50
24.04.2018. 15:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
703
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
14-09-2018 13:16
Жынысы:
Белгисиз
0
fantomas,сендей акылдуу ой жүгүртө албастырмын сөзүмө чалынып атканым көп төрөгөнгө да и аз балалуу болгонго да кирем.Ошол оюмду толук жеткире албадым окшойт.Бирок ,бирок көп бала төрөп жетиштүү мээримге бакытка бөлөнбөгөн балалыгы жетишпеген жашоо кыйынчылык мн өтсө категорический каршымын.Өзүмдүн башыман өткөн балдарыма ал жашоону каалабайм.
24.04.2018. 20:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
718
Катталган:
17-04-2013
Соӊку аракети:
21-09-2018 19:50
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
+4
Nevestkaa, эмнени мисал келтиресин жокчулукка? Базарга барсаң акчаң болсо баары бар. Иштейм десең иш да толтура. Болгону бизге ал айлык аз. Себеби ал айлык аз дейбиз. Жокчулук деп 1900-жж башын айтса болот же көзүбүз менен көргөн 1993-95-жж жокчулукту айтса болот. Бирок ал убакта апаларыбыз шарт жок дебей эле төрөшкөн. Сен жана мен жашаган шарт болгон эмес ал убакта. Автор жеке оюн айтыптыр. Бирок мен ага караманча каршымын. Пландаштыруу керек ооба балдардын арасын 2-3 жаш дегендей кылып.
24.04.2018. 22:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
414
Катталган:
20-04-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 15:53
Жынысы:
Белгисиз
-1
Nevestkaa,кудайга тообо кылдым деп ар бир күнүнө шүгүр кылып жаша
24.04.2018. 19:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
25-01-2018
Соӊку аракети:
17-09-2018 21:01
Жынысы:
Белгисиз
+5
Dalil,байлар кайра байлыгын ойлоп уктай албайт. А бизге кудай берген балдарыбызга ыраазы болуп. Бейпил тун откорбуз. Балдар бар уй базар,балдар жок уй мазар. Балдардын омурун тилейли
24.04.2018. 13:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1120
Катталган:
05-05-2013
Соӊку аракети:
21-09-2018 22:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
-7
Dalil,жегени нан таппай атса да калтырган урпактары кайыр сурап жүргөнү жакшыбы, бактылуу балалыкты башынан өткөрбөй. Же жокчулуктун айынан ууру, каракчыга айланып кеткен урпактардын бизге кереги барбы.
Балага бактылуу балалык тартуулай албаса да, эч болбосо кийими бүтүн, курсагын ток кылып, мээрим бере алса, тарбия бере алса төрөш керек. Мээримден, тарбиядан өксүгөн, жашынан жакшы кийбей, жакшы ичпей чоңойгон көөдөнү ач урпактардын коомго кереги барбы...
tynara81 түзөттү 2018-04-24 13:57:39
24.04.2018. 22:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
414
Катталган:
20-04-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 15:53
Жынысы:
Белгисиз
-2
tynara81, эң туура
24.04.2018. 11:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
159
Катталган:
18-03-2013
Соӊку аракети:
21-09-2018 19:44
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мумкунчулук шарт болсо балдарды торолгону жакшы. Бала толук кандуу уй-булоодо чоноюшу кк. Эртенки келечек азыркы торолгон чурполордун колунда. Келечек жаштардын колунда дейбиз, бирок келечек билимдуу ыймандуу жаштардын колунда болгону эртенки жыргалчылыгыбыз эмесби? Ал эми бактылуу балалыктын даамын билбей торолгондон баштап турмуштун жаргылчагында айланып жаткан чурполордун келечеги кандай болот? Улутубуздун уюткусун сактайлы десек уй-булоону пландаштыруубуз керек замандашым
24.04.2018. 13:44 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
697
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
03-08-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
+8
nargiz-sa, улутубуздун уюткусу жетиштуу жашоодо эмес, ТАРБИЯДА!!!
24.04.2018. 11:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
75
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
20-09-2018 23:39
Жынысы:
Белгисиз
-8
Автордун созуно кошулам жетишпестиктин айынан соо жаны ооруга айланат, бирок жери бар канча пландап аракет кылса да Кудай бербесе айла жок
24.04.2018. 11:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
12-07-2011
Соӊку аракети:
19-06-2018 19:30
Жынысы:
Белгисиз
-9
Эн туура айтылган создор Аллахтан ырыскы аракет сенден деп,баланы кобойтуштон алдын анын келечегин ойлош керек ар бир бала толук кандуу уй булодо чоноюшу балага бул эн фундамент.
24.04.2018. 11:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
06-02-2018
Соӊку аракети:
20-09-2018 16:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+7
Акылдуулар жаман копко а. Балага жетпей жургону канча бул жалганда. Авторго айтар кенешим адамдын барын бир козун менен ченебе екинчи козундуда ач! Алла таалам адамды ырыскысы менен жаратат. Жаны кийим депсин азыр жаны менен ескинин айырмасы жок киеберсе жараша берет. Сен айткан адамдар болушу мумкун алар сага окшоп кыска ойлогондор
24.04.2018. 23:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
14-04-2017
Соӊку аракети:
06-08-2018 19:58
Жынысы:
Белгисиз
+1
MNK.88,созуно кошулам
24.04.2018. 12:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
03-12-2009
Соӊку аракети:
20-09-2018 15:19
Жынысы:
Белгисиз
+8
Түшүнбөйсүң чындыгындакөп балалуу болуп кыйналып жашагандар деле бар, ошол эле кезде сапырса түгөнбөгөн акчасын чачып балалуу болот элем деп молдо бакшыга барып эко-секо салдырам деп жүргөнү мындан көп. Кыскасы сөз жок. Автордун айткандарынын бир азына кошулам ар бир бала татыкттуу балалык доорун сүрүшү керек. Бирок баардык нерсе жараткан Алла Тааланын колунда.
24.04.2018. 12:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
20-04-2017
Соӊку аракети:
08-05-2018 12:46
Жынысы:
Белгисиз
+9
Менин атамдын эжеси 10 бала төрөп памперс жок заманда баарын чоңойтту албетте кыйынчылык болот жашоодо бул жашоонун программасы бирок азыр баары үй жайлуу алды неберелүү болуп отурат мына ошол балдардын арасынан элге пайдасы тийген инсан чыкса албетте мен айтаар элем ал эжемдин эмгеги деп анан жакшы жашоодо жашаш керек керек деп жүрө берсек анда болбойт го өмүр деген кыска антип мынткенче өтүп кетет отур анан карыганда жалгыз соксойуп
24.04.2018. 12:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
159
Катталган:
18-03-2013
Соӊку аракети:
21-09-2018 19:44
Жынысы:
Белгисиз
-7
Afgan312,бирок ал убакта баласынын козун бироону каратышкан эмес да. Баарын ата-эне озу жайгарчу бул жерде баланы жаратып алып аны коз каранды кылып жаткандыгыбызда. Бала деле тушунот бироонун козун кароо кандай экенин, эркин оскон кандай экенин. Кичинесинен бироого коз каранды болгон бала келечекте озуно ишенимсиз чонойсо оз пайдубалын кантип курат. Ишенген ата-энеси бироонун тыйынына зар болуп отуруп, тушунугу кандай болот?
25.04.2018. 09:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
02-11-2012
Соӊку аракети:
21-09-2018 22:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
+4
nargiz-sa,Бардар жашоодо жашатам деп 1-2 балалуу болгон байлардын балдарынын түшүнүгү укмуш бекен? Атасынын байлыгына көпкөн көзүндө майы бар өзүмчүл баладан көрө, барды да, жокту да көргөн, көпчүлүктүн арасында чоңойгон баланын түшүнүгү кенен адамгерчилик сапаты бийик, мээнеткеч болушат. Балдарды бирөөнүн көзүн караткан өзүбүз, илгеркилердей колдо барына топук кылбай жокту шылтоо кылып балдарды таштай качабыз акча издеп. Балдарга шарт түзөбүз деген шылтоо,өзүңөргө шарт түзгөнү алыста жүрөсүңөр
24.04.2018. 12:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
03-02-2012
Соӊку аракети:
24-04-2018 12:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
-7
Бул жерде аборт деген соз жокко, белгилегени пландап балалуу болгула дептир. Туура айтылган создор. Аборттон эле эмес жыл сайын торой берсе ден соолук бузулат. Кыргызымдын ар бир уйундо бала уну жанырсын. Мамлекет мурункудай окууга, кийим кечеке, тамак ашка каралашса сонун болмок. Маршрутка менен жургондон уялышпай.
24.04.2018. 13:47 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
697
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
03-08-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
+6
saulem, илгери чон энелер жылына эле тороп келишкен, алды 20, арты 5-10 балалуу болуп...

Сенин айтканын сага окшогон азыркылардын шылтоосу, фигурам бузулат, ден-соолугум олот деп......
24.04.2018. 12:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
03-04-2012
Соӊку аракети:
17-09-2018 14:11
Жынысы:
Белгисиз
-6
Туп-туура айтылган соз
24.04.2018. 13:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
17-10-2017
Соӊку аракети:
20-09-2018 16:31
Жынысы:
Белгисиз
-3
Эн туура. Жетишпеген жашоодо балдарды да, озунду да кыйнап эмне кереги бар. Андан коро 3 бала болсо да татыктуу чонойтуп, калган омурунду озуно арнасан болбойбу
24.04.2018. 13:53 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
697
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
03-08-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
+6
Автордун айтканына мен кошулбаймын... Эми коп балалуу болуп, анан кайыр сурагандар миндин бири. Ошолорду бетине кармап алып эле "АЗ ТОРОГУЛО" деп Батыштын созун кайталап отурат...

Болбосо акчага муктаж болуп жардам сурагандар оор дартка чалдыгып дарыланууга акча жетпей кыйналгандар..

Эмне, илгери ата-бабаларыбызда бай-манаптар гана балалуу болчу беле, жарды-жалчы балалуу болбой?!! Илгери жашоо жомоктонудай беле 100-500 жыл илгери?!!
24.04.2018. 14:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1120
Катталган:
05-05-2013
Соӊку аракети:
21-09-2018 22:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
-5
fantomas, бага алгандар 20 ны төрөсүн. Бул жерде сөз ошол бага албай элден жардам сурагандар тууралуу болуп жатат. Мисалы, мен төрөгөн балдарым үчүн өзүм жооптумун да, туурабы. Эл багышка милдеттүү эмес. Канча баланы тарбиялап, эл катарына кошуп, бутунан тургуза алсам, ошончо бала төрөсөм жарашат.
24.04.2018. 14:10 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
697
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
03-08-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
+6
tynara81, авторун макаланын башында башканы айтып, ортолоп калганда башканы айтып жатат. Байларга караганда кедейлердин балдары коп, андай болбош керек дейт. Шарт, мумкунчулук тузуп анан балалуу болушсун дейт. А кандай шарт керек?!! А балким Англиядан нянка чакыртышыбыз керектир?!!

Эмне, олкодогу кедей-кембагалдардын балдарын тиги автор багып берип жатыптырбы?!! Же элдин баары балдарын бага албай тилемчилик кылып жатыптырбы?!!
24.04.2018. 22:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
414
Катталган:
20-04-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 15:53
Жынысы:
Белгисиз
-4
fantomas, илгерки мн азыркы жашоону салыштырып болбойт илгери жашоо башкача болчу ач калса интернетке чыгып менин күйөөм таштап кетип уйсуз калдым же болбосо күйөөм алкаш балдарына кошуп мени уруп үйдөн кууп чыкты мага үй бергиле мага нан бергиле деген эмес
25.04.2018. 00:36 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
697
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
03-08-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
+2
Baku88, ошондо эмнени айткын келип жатат?!! Катындар жеткен жалкоо, ажаан, сиркеси суу которбой калганын мойнуна алып жатасынбы?!!

PS: бул кеп бардык айымдар учун эмес, жогорудагы сапаттарга ээ болгон аялдар учун....
24.04.2018. 13:59 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
697
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
03-08-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
+7
Азыр эми акмак бийликтин айынан жаштардын кобу мигрант болуп, наристелер кыйналып, ата-эне мээримине зар осуп жатканы чындык. Бирок бул да убактылуу кыйынчылык чыгаар?!!

Мигранттарга кайрылаарым: зангыратып уй салам, кымбат машине алам деп талаада коп тентибей, чакан уй салып, ошого шугур кылып Мекенинерге кайткыла... Уул-кыздарынарга ата-эне мээримин ошол зангыраган уй бербейт!!!
24.04.2018. 18:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
703
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
14-09-2018 13:16
Жынысы:
Белгисиз
-2
fantomas,мына эми өзүңө келе баштадың.Төгөрөгүбүз төп келип турса аял болуп кантип эле төрөбөй коелу.Ушул убака чейин укпапмын кыргыз келиндер фигурам бузулат дегенин.Баары эле үй жай кылсам эле алтын топурактуу мекениме кайтсам дегенде эки көзү төрт,муну бир гана балдарын сагынып айласыздан алыста жүргөн мигранттар түшүнбөсө сага окшогондор түшүнбөйт.Балдарыбыздын бактына Кыргызстан гүлдөп өнүксө экен,чоңдорубуз ойлонсо экен.
24.04.2018. 19:41 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
697
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
03-08-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
+4
Nevestkaa, мен мигранттарды эртерээк Мекенге кайткыла, коп балалуу болгула дедим. Ал эми сага окшогондор тууш учун орустардай условия издеп журот, "условия кылып кой, анан торойм" деп шарт коюп... Же илгери энелер силерге окшоп шарт коюп торошчу бекен?!! Бугунку шарт илгери болгон бекен?!! Сага кандай шарт керек?!!

Кичине акылынар менен болгулачы, обу жок болбой! Менин жогоруда айтканым башка, сенин тушунгонун башка. Бактылуу болуу учун жашоо турмушун ойдогудай болушу шарт эмес
fantomas түзөттү 2018-04-24 19:42:24
24.04.2018. 20:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
703
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
14-09-2018 13:16
Жынысы:
Белгисиз
0
fantomas,фантомас мен кудайга шүгүр сен айткандай катар катар тууп койгонмун эми шарт түзүп атам шарт деле эмес үй жай дегендей.Сенин айланаңда жалаң эле аз балалуулар окшойт мынча кейип кепчип калдың.
24.04.2018. 20:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
718
Катталган:
17-04-2013
Соӊку аракети:
21-09-2018 19:50
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
+7
fantomas, туура мигранттардын көпчүлүгү жакыр жашоодо жашайт дегени болбойт. Көпчүлүгү жетиштүү эле турмушта жашайт. Б.а.балалуу болуп аны бакканы шарты бар жашоодо жашайт. Бирок ошол орустардын жашоо шартын көрүп ошолордой жашагысы келген жаштарыбыз көп. Менин оюмча балага бардык шартты түзүп бербей жашоонун оор жеңилине көндүрүү керек.
24.04.2018. 14:00 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
697
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
03-08-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
+10
Уул-кыздарынардын силердин жанынарда ойноп бактылуу балалык доорун сургон ар бир куну, алардын бактылуу кулкусу ошол зангыраган уй тартуулаган кубанычтан жогору турат...
24.04.2018. 14:05 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
697
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
03-08-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
+9
Эми турмушка шылтап аз балалуу болгондун эмнеси жакшы?!! Шарт десе эле ата-эне балдарына Европанын шартын тузуп берууго милдеттуу эмес го?!! Созсуз эле кымбат кийим-кече алып берип престиждуу бала-бакча же мектепке беруусу шарт эмес го?!! Болоор бала катардагы мектепти бутуп да озун корсото алат...

Эн башкысы балдарынардын курсагы ток, кийими бутун болуп эл катары билим алса, ата-эне мээримине болонсо, татыктуу тарбия коруп тушунуктуу, ыймандуу болуп чонойсо ошол эмеспи бакыт?!
24.04.2018. 14:15 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
697
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
03-08-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
+10
Эмнеге анда колунда бар байлар 10-15 балалуу болушпайт?!!

Кедей-кембагалдардын балдарын байлар же автор бакпаган сон акыл уйротуп эмне кылат?!! Ошол акылы озуно жетсе чон иш!!!

Жашоодо коп эле кором, жалгыз уулу бар уй-булолордун 90%тинде ата-эне жалгыз уулунун козун карап, ашкере эле эрке талтан кылып остуруп жатышканын... Силерче ошол туура тарбиябы?!! Бир омур жалгыз уулдун козун карагыча, кобуроок уулдуу болсо болбойбу, пландап жургучо?!
24.04.2018. 20:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
718
Катталган:
17-04-2013
Соӊку аракети:
21-09-2018 19:50
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
+4
fantomas, туура айтасын 100% кошулам сөздөрүңө.
24.04.2018. 14:19 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
697
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
03-08-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
+7
Мисалы автор шартына карап бир уул, бир кыздуу болду дейли. Арадан жыл отуп, уй-булонун материалдык абалы онолуп, кыргызча айтканда "бутка туруп" калганда аялдын (автордун) кайра балалуу болуу курагы отуп кеч болду дейли. Ошондо автор куйоосу менен бир уул, бир кызынын козун карап эрке кылып остуробу балдарын?!!

Кудай сактасын го, бирок автордун жалгыз уулу унаа айдап ДТПдан каза болуп калса, куйоосунун арманын ким орундай алат, куйоосунун тукуму уланбай токтоп калса?!
24.04.2018. 16:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
169
Катталган:
31-03-2009
Соӊку аракети:
18-09-2018 12:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бактылуулар калаасы.
-4
Шартка карап балалуу болуу керек деп ойлойм. 3-4 бала норма. Эгер жашоосу мыкты болсо 7-8 балалуу болгондо не жетсин.
24.04.2018. 16:08 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
697
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
03-08-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
+6
dobrajelatel, эми ошол 3-4 бала деген тушунук кайдан чыкты?!!

Мен 20-кылымдын башындагы, Кыргызстан СССРдин курамына киргенден кийинки статистикаларды, анан 1990-91-жж статистиканы карап корсом, Кыргызстанда жашаган эле озбек, уйгур ж.б.калктардын осуу темпи кыргыздардан жогору экен. Кыргызстанды коншу Озбекистан, Тажикистан менен салыштырсан да биз арттабыз казактар менен чогуу...

Ошол себептен 3-4 бала норма деген стереотипти жою керек... Колундан келеби, 5-7 балалуу бол.
fantomas түзөттү 2018-04-24 16:09:18
25.04.2018. 03:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
90
Катталган:
05-11-2014
Соӊку аракети:
29-08-2018 14:23
Жынысы:
Белгисиз
-1
fantomas,мисалы мен иштебей үйдө отурам уч балабыз бар ал эми жолдошумдун айлык маянасы бизге тамак аш баскан турганыбызга аран жетет. Айтарым момо жемиш туркун турдуу тамак мн бага албайбыз баары ченелуу баары олчонуу. Баса бир болмолуу батирде жашайбыз. Эми анализ жургуз мен дагы тортту торосом сенин оюнча жетоо болот экен кийим мейли бириникин бири кийип чоное берет. Только нан сут картошка чай канты менен анан макарон гана жеп журо беребизби айланайын автор сен мага эмне жардам берип
25.04.2018. 11:07 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
697
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
03-08-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
+2
sely, мен алды артынды карабай торой бергиле деп айтпадым. Шарт десе эле Европа менен Оруссия же Туркияны элестетпей, балдарынардын курсагы ток, кийими бутун, элдин балдары каиары билим ала турган шарты барлар торой берсин деп айттым... Ал эми сага кенешим, балдарындын кичуусу 3 жаш болгон болсо садикке бер да, башкалардай тытынып иште, швеяда болобу, башкада болобу, озунорго озунор жардам бербесенер ким жардам бермек эле?!@
25.04.2018. 04:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
414
Катталган:
20-04-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 15:53
Жынысы:
Белгисиз
0
fantomas, эгер бага алса шарты болсо хоть 10 ду торосун
24.04.2018. 16:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
197
Катталган:
14-11-2016
Соӊку аракети:
21-09-2018 20:29
Жынысы:
Белгисиз
-3
Автор туура айтып атат, "бага албасаң, бала жаратпа" деп...
24.04.2018. 16:16 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
697
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
03-08-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
+6
mirkaa5182, автор бир-эки тилемчини мисал кылып баштап, акыры келип баарыбызды эле аз балалуу болууга чакырып жатат. Кедейсинби, коп балалуу болууга балээ барбы деп. Автого койсо Европанын шартын тузуп бериш керек имиш!!!

Кыргызстанда калктын 5-10% эле колунда бар байлар. Калганы турмушу орто жана турмушу начарлар. Ошондо колунда жоктор балдарын бага албай тилемчи болуп кетиптирби баары?!! Кайра ошолордун балдары чоноюп, копчулук болуп иштеп, ата-энесине оор кундорун унуттуруп отурат
fantomas түзөттү 2018-04-24 16:17:43
25.04.2018. 10:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
30-05-2013
Соӊку аракети:
08-07-2018 15:51
Жынысы:
Белгисиз
-3
fantomas,Ошол чоноюп ата-энесине жардам бергенче элдин балдары ойногон ойунчукту ойной албай ,эл кийгенди кийе албай ,эл жегенди жей албай чунчуп чонойушат.Ошондуктан биздин жаштардын баары ачуусу тез ,кругозорлору начар болуп осушту.
25.04.2018. 11:10 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
697
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
03-08-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
+3
moskoy, чындыкты бурмалаба!!! Жаштардын ачуусу чукул, бираз зоокур болуп чонойгону тарбиядан, чойродон, уйдогу материалдык шарттан эмес... Болбосо байлардын балдары ак конул, жоош, колунда жоктордун балдары ызырынган псих болуп чоноюшу керек эле баары...

Колунда жоктордун балдары кымбат оюнчукка жетпесе да, эл катары оюнчук ойнойт, эл катары тамактанат. Кедей байга жетсин деген тушунук кайдан чыкты?!!
24.04.2018. 16:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
162
Катталган:
26-03-2014
Соӊку аракети:
18-09-2018 21:38
Жынысы:
Белгисиз
-7
Шартка караш керек. Бала , анын ден- соолугу оюнчук эмес го. Илгеркилер менен салыштыргандар тан калып жатам, озунорду салыштырып коргулочу ошол замандын адамдары менен
24.04.2018. 16:12 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
697
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
03-08-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
+7
Shokoladka94, илгеркилер эмне, баары май жутуп эт чайнап отуптурбу?!! Жууратка куну калып, нанга жетсе суйунуп деле балалуу болуп келишкен го?!!

Азыр тамакты турлоп жейсин, эти да, балыгы да, жашылча-жемиш баары бар, витаминдери менен...

Эптеп эле шылтоо табыш керек да. Болгондор болуп жатат 10-11 балалуу, же эмне, алардын организми илгерки организм бекен?!!
25.04.2018. 10:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
30-05-2013
Соӊку аракети:
08-07-2018 15:51
Жынысы:
Белгисиз
-1
fantomas,он бир балана он бир уй тургузуп он бир жогорку билим берип бага аласынбы.
25.04.2018. 11:15 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
697
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
03-08-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
+2
moskoy, Эми ата-эне 11 баласы болсо баарына уй салууга милдеттуу эмес. Ата-эне 2-3 баласын уйлоп, уй салып болуп койсо, улуулары кичуулорун оз камкордугуна алып кетет, уйдун улуулары уйлоп, уй салууга жардамдашып...

Илгери кыргыз эли кочуп конуп жургондо, уй дегенин бир боз уй болуучу. Эми там салат десе эле зангыратып 2-3 этаж уй салып бут условиясы менен кылып бериш керек деп отурсан, анда 1-2 эле балалуу бол сен...
24.04.2018. 16:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
13-01-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 22:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Франкфурт Майн Германия
-6
Эн туура!!! Мол жерде аборт кылыш керекпи презерватив жок деп ызылдаган кыргыздар, силерге дале жете элек, кыргызбай боюнча каласынар, башка соз жок!
24.04.2018. 17:31 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
697
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
03-08-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
+6
Zireshka248, Сойкулукту да, башканы да оор жашоого шылтап отура бергиле анда, анча болду, шарты туура келбегендер вообще эле балалуу болушпай эле коюшсун анда.....
25.04.2018. 02:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
13-01-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 22:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Франкфурт Майн Германия
0
fantomas, балалуу бол!!! Кааласан мага десе минди торо если хочешь, но багып бут баарын орду ордуна коюп келечекте жакшы тарбия берип жолуна сала алсан эгер!!! Мектепти толук бутпой эле Москвалап кетет, же башка!!!! Сени жаздырып койсо эле экен, колундан боктун иши келбеген бироосунда, тенелген менен пайда жок!!!
25.04.2018. 04:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
414
Катталган:
20-04-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 15:53
Жынысы:
Белгисиз
-2
Zireshka248, эң туура айттын отуруп алып сүйлөсө эми асмандан сүйлөйт эмнесин айтасың
элдин баары акылсыз бир эле ушул акылдуу
25.04.2018. 12:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
37
Катталган:
13-01-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 22:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Франкфурт Майн Германия
-4
Baku88,ну да, кимге эле болсо жармаша калат экен, акылдуунун да чеги болот!
25.04.2018. 17:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
414
Катталган:
20-04-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 15:53
Жынысы:
Белгисиз
-1
fantomas,шарт түзүп алып анан балалуу боло беришсин
24.04.2018. 17:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 21:36
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мага жакты чындык бар. Автор браво. Тагдыр ырыскы дейбиз. Бирок тагдыр жазылган боюнча озгортусуз калганда Куран китеп тушурулмок эмес. Абортко мен да КАРШЫМЫН ошол абортко чейинки нерселерди караштырып коруш керек. Авторду ойу ошол. Темасын жакшылап тушунбой, кыска акылынар менен авторду акылсыз дебей эле койгулачы.
24.04.2018. 19:37 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
697
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
03-08-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
+7
Linkin., ошондо автор экоон акылдуу, силер менен макул болбогондор акмак бекен?@! Балким тескерисидир?!!

Автор пландап балалуу болгула, кедей болсон коп баланын кереги жок дейт. Эмне, кедейлер жарды болгону учун 1-2 эле балалуу болсунбу?!!

Эмне, элдин баары укмуш шарты бар уй-булодо торолуптурбу?!! Ата-эне колунда жок болсо да балдарынын курсагы ток, кийими бутун кылып остурсо болду да, башкаларчылап балдарына кымбат смартфон алып бере албаса да...
25.04.2018. 10:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
30-05-2013
Соӊку аракети:
08-07-2018 15:51
Жынысы:
Белгисиз
-2
fantomas,сен башка планетадан кечээ келдинби,же коншу-колон менен катышпайсынбы.Кыргызстанда жашаган коп булоолу уйлого кирип жашоо шарты менен таанышып чыксан жакшы болмок .Канча баласы мектепке кийими жогунан баралбай жатканын смартфонду мындай кой чайга салар канты жок экенин коросун.
25.04.2018. 11:23 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
697
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
03-08-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
+2
moskoy, сенин коншу колондорун сага окшогон жалкоо болсо керек да...

Менин коншуларым эл катары, арасында турмушу жетиштуусу да, колунда жогу да бар. Колунда жоктору бош отурбай тытынып иштейт, озу кыйналса да балдарын элдин балдарынан кем кылбай багат. Кыргызстанда иши журушпой жатса Россиялап иштеп келет...

Баарын турмушка шылтап отура берсенер балалуу болбойсунар бул кетишинерде...
24.04.2018. 18:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
19-09-2014
Соӊку аракети:
10-05-2018 10:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош.
-9
Эн туура айтылган создор
24.04.2018. 18:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
20-05-2016
Соӊку аракети:
12-06-2018 12:32
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бага албасан балалуу болбой эле кой деп айтканга автордун ою анчалык далилдүү болгон жок.Сактанып абортко жеткирбе деп жатат...балким андан масштабдуурак көйгөйдү издейбиз.Тереңирээк ой жүгүртсөңөр балким башкалары деле калкып чыкмак.Бир үй-бүлөнү билем аябай кыйналып
эле жашашчу 7 баласы бар. Бири да кыйратып окуган жок, бирок балдары тың ынтымактуу бири бирне жөлөк болуп окуп чокуп чоң кызматтарда иштешет.Андыктан канча бала болбосун тегиз, туура тарбия берсе дейт элем.
24.04.2018. 18:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
20-05-2016
Соӊку аракети:
12-06-2018 12:32
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жыртык шым,жыртык байпак кийип эле чонойгонбуз көпчүлүгүбүз,бардар турмушта өскөң бала тескерисинче мээрезирек болуп калат. Барды жокту көрүп эле чоңойгон жакшы.
24.04.2018. 18:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
09-09-2014
Соӊку аракети:
13-06-2018 00:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия, Москва
-3
Ооба туура айтасын автор. Азыркы кыз келиндерибиз сактанганды билишпейт деп айтам. Сактанып алдын ала чара коруш керек. Торошуп эле кочого таштагандар, аборт кылгандар кобойду. Келиндерди торобо деген эч ким жок, болгону жашоо шартына караш керек. Уч жылда бир торосо деле болот. Анан подряд торобой. Сактанып дегендей. ФАП,Поликлиникаларда сактануучу нерселерди бекер эле берет.
24.04.2018. 19:47 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
697
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
03-08-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
+10
Chopi1990, ошол тороп анан баласын таштап жаткандар, аборт кылдырып жаткандар кобунесе никеси жок зына кылып журуп, анан боюна бутуп калган "кыз"-келиндердин жоругу.....

Анан турмушка чыгып-чыкпай жатып ажырашып кетип, баласын аборт кылдырып жаткандар...

Акылы толук, эне болуп, балларына эне мээримин берип келген аялдар оной менен абортко барышпайт... Кыйналып 9 ай которуп анан торогон баласын да таштабайт, мерез же кемакыл болбосо, уй-булолуу болсо...
24.04.2018. 18:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
09-09-2014
Соӊку аракети:
13-06-2018 00:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия, Москва
+3
Мен озум жокчулукта чонойгом,. Кичинекей наристелерге андай нерсени каалабайм.
24.04.2018. 20:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
28-03-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 18:43
Жынысы:
Белгисиз
-4
Макалага толугу менен кошулам! Менин оюмдагынын баарын жазыптыр.
27.04.2018. 22:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
17-10-2016
Соӊку аракети:
06-07-2018 23:57
Жынысы:
Белгисиз
-1
crazyloop,Туура айтасыз
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: