Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

БАГА АЛБАСАҢ БАЛА ЖАРАТПА

№807 20-апрель -26-апрель, 2018-ж.


“8 баланын ата-энеси жардамга муктаж”, “10 балалуу үй-бүлө нанга акча сурайт”. Байкасам, акыркы кездери ушул өңдүү кабарлар, кайрылуулар, жардам суроолор коомубузда арбын болуп кетти. Ушундан улам бала деген үй-бүлөнүн бактысы эмес эле маселе жараткан жанбы деген ойго кептелет экенсиң.

Ооба, билем, турмуш түйшүктүү, жашоо жеңил эмес. Бирок ага бала күнөөлүү болбосо керек? Макул, үй-бүлөнүн бала багууга чындап шарты жок дейли. Балким, көпчүлүк актанган кокустук болуп, максатсыз жерден наристе пайда болуп калгандыр. Пландалбай биринчи, экинчи, мейли, үчүнчү бала жарыкка келсин, бирок 2983-бала жаралганча деле жетишпеген турмуштун ээси кокустук деген сөздү бетке кармай бергени канчалык туура?
Ушул беш сүйлөмдү окуп жатып “ар бир бала өз ырыскысы менен төрөлөт” деген сөздү эстегендирсиз. Макул, болуптур. Анда баланын ырыскысы кантип ченелет? Эмнеге ырыскы деген сөз бирөөнүн эскирген кийими, кайрымдуу жарандын он тыйыны же күндө ичкен катыгы жок сары чай болушу керек? Ал башка балдар сыяктуу эле түрлөп кийинип, момпосуй жеп, селкинчек тээп бейкапар ойноо укугуна ээ болуп жарыкка келгендир.
Аял-күйөөнүн “кокустугунун” айынан бала да кадам таштаган күндөрүнөн баштап турмуш деп тырмышып, ата-энеси түртө албай жаткан, көпчүлүк учурда түртүүгө аракет да кылбаган арабаны чогуу түртүшүп, бардар балалыктын кереметин жон териси менен сезбей, жакшы жашоого сырттан көз салган көрүүчүсү катары чоңоюп кетет. Ошентип кийиминин жоктугунан мектепке барбай калган бала чоңоюп кара жумуштун, ашып барса миграциянын курмандыгы болот. Анан? Билимден алыс, турмуштун түрткүндүсүндө өсүп калган адамдын келечеги кыйын. Кайра эле ата-энесинин үзүл-кесил тагдырын кайталай берет. “Эмнеге сиздин турмуш жокчулукта өтсө, ал жетишсиздик сизден башка дагы беш же он адамда кайталанышы керек?” деп суроо берер киши жок. Моюнга албаганыбыз менен, ырыскы деген нерсе "асмандан түшсө" да, ата-эненин жоопкерчилиги, эмгеги же каалоосунан да көз каранды экендигин сезүү керек.
Баса, бардар үй-бүлөлөргө салыштырмалуу бала багууга мүмкүнчүлүгү азыраак үй-бүлөлөр көбүрөөк балалуу болушарын байкасаңыз керек. Ошондой эле кедей мамлекеттерде төрөлүү бай өлкөлөргө салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп. Буга элдин сабаттуулугу, эртеңки күндү ойлоп, пландап иш кылуусу себеп болгондой. А биздечи? Бизде кандай? Шарт, мүмкүнчүлүк, ден соолук сыяктуу факторлор арткы орунга жылып, “бойго бүттү, демек, төрөш керек” деген себеп менен эле балдар жарыкка келип кала берет. Жадакалса аялдар арасында түйүлдүк дээрлик 3 айга жеткенче кош бойлуу экенин билбей жүрө бергендерин угуп калам. Жөн эле, максатсыз, келечеги туман болсо да бала келе берет, чоңоё берет. Тилекке каршы, биздин чындык ушундай. “Кечиресиз, эгер баланын жашаганга жери жок болсо, эмнеге көбөйүп жатасыз? Коопсуз секс дегенди билбейсизби же болочок наристенин тагдырына ушунча кайдыгерсизби?” деп сурагың келет.
Кана, кайсы ата-эне чүрпөсүнүн начар шартта өсүүсүн каалайт? Кимдин баласы башканын тамагына тамшанып, бирөөнүн оозун карап өсүшүн тилейт? Ким жокчулуктан санаа тартып, ойго батып, өзүнө оору ашырып алган бала тарбиялагысы келет? Ким баласынын кайыр сурашын каалайт? Унчукпайсыңар. Демек, бир же бир нече адамдын жашоосуна жоопкерчилик алып жатканда терең ойлонуп, эчкиге жараша ышкырганыбыз туурадыр. Бүгүнкү караңгылык менен көңүлкоштук эртеңки жетишпеген турмуштун түйшүгүн тарткан коомго жетелеп барбасын.
Балдар айла жоктун айынан эмес, пландалып, күтүлүп келип, эркелеп чоңойсун. Дубалы урап турган үй да ушул тилекке кошулмак.


Алтынай Тынышова



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(134)
24.04.2018. 09:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
44
Катталган:
25-03-2015
Соӊку аракети:
11-09-2018 16:53
Жынысы:
Белгисиз
-4
Чыыыын эле .
24.04.2018. 10:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
258
Катталган:
13-05-2017
Соӊку аракети:
21-11-2018 14:24
Жынысы:
Белгисиз
-4
туура айтылган ачуу чындык
24.04.2018. 10:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
748
Катталган:
17-04-2013
Соӊку аракети:
20-11-2018 20:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
+10
Алтынай Тынышова бул оюңуз менен бага албасаң аборт кылыңыз дегени турасызбы? Ошол 10-8 балам бар деп кайыр сурагандарды көрсөң алар аракет кылып бешене тер менен акча тапкысы келбеген кишилер. Жада калса бир баласын да бага албай тиленип жүргөндөр бар. Менин кошунамдын 11 баласы бар. Баардык балдарын кара жумуш кылып эмгекчил болгону үйрөтүп жакшы эле турмушта жашап жатышат. Себеби алар жалкоолук менен оорушпайт. Бутка туруп бирок балалуу боло албай жүргөндөрдү көп көргөм. Бала бул бакыт.
24.04.2018. 10:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
17-08-2017
Соӊку аракети:
21-11-2018 15:16
Жынысы:
Белгисиз
+4
Dalil, Саламатсызбы сиз аборт кылдыртыш керекпи дейсиз балким абортко жеткирбей ойлошуш керек азыр коптогон каражаттар бар сактанса болот
24.04.2018. 13:32 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
697
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
03-08-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
+7
kenje-888, чон эле катын экенсин. Эми сенден сурайын. Бойго бутурбоочу каражаттар бар дейсин... Эркектердин канча пайызы оз аялдары менен кошулаарда презерватив кийууго макул?!! Эми утурумдук болсо мейли го, бирок бойго бутуу ыктымалы ар качан жогору болгондуктан узак узакубакыт, балким ар дайым презерватив кийууго макул канча эркек бар?!!

Эми аялдарга келсек, жатынына спираль салдыруу жакпаган, коно албаган, бойго бутурбоочу дарылардан конулу айланган аялдар кайда барат?!!
24.04.2018. 10:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
06-05-2016
Соӊку аракети:
05-10-2018 21:23
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эн бир туура жазыпсыз автор рахмат
24.04.2018. 10:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
141
Катталган:
15-02-2013
Соӊку аракети:
21-11-2018 14:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек Новосибирск
-3
Эээн туура жазылган мен кошулам.
24.04.2018. 10:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
748
Катталган:
17-04-2013
Соӊку аракети:
20-11-2018 20:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
+10
Байлыкты бакыт деп түшүнгөндөр акчалууларды көргөндө өздөрүн бактысыз сезе беришет. Карьера куруп, бутка туруп анан балалуу болом деп бир балалуу болуп анан сактанып жүргөн агаларым "белиңде күч барда балдарыңды көбөйтүп ал" деп кеңеш беришкен. Себеби ошол жалгыз баласы чоңоюп үйдө турбай калган. Кечинде экөө калышат эркелетээр баласы жок. Балалуу болгону аялынын же өзүнүн ден соолугу туура келбейт экен. Баланын бакыт экенин кеч сезгенин айтып өкүнүшөт. Баланын ырыскысын мээнет кылсаң
24.04.2018. 10:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
11-12-2013
Соӊку аракети:
20-09-2018 23:25
Жынысы:
Белгисиз
-9
Туура айтылган, бирок кыргыз келиндери 1-2 ни тороп эле токтотуп койсо, кайын-журту, тааныштары "дагы торобойсунбу!" деп акыл уйротуп башташат. Ал эми копту торогон келиндер кайын-журтунда "авторитет" болушуп, создору отумдуу болушат... Биздин менталитет ушундай... Европалыктарга тенелип болбойт...Алар 1 балалуу болуп, же балалуу болбой эле жашап отушот...
24.04.2018. 10:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
748
Катталган:
17-04-2013
Соӊку аракети:
20-11-2018 20:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
+3
sladkaja_konfetka, ошол сен суктанган Европада бирден эле бала төрөп чоңойгондо карабай таштап кеткендери толтура. Карыганда арабасын сүйрөп өз жанын багып жүргөн карыларын көргөндө биздин менталитет туура экенине ишенесин. Жакшы тарбия берсең карыганда үзүрүн көрөсүн. Акча деп эле эртеден кечке көчөдө иштеп, жаштыгында балага көп көңүл бөлбөсөң сага болгон мээрими да аз болуп карыганда азабын тартасын.
Dalil түзөттү 2018-04-24 10:37:43
24.04.2018. 10:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
67
Катталган:
11-12-2013
Соӊку аракети:
20-09-2018 23:25
Жынысы:
Белгисиз
-2
Dalil,мен Европага суктанган жокмун, бизде мындай, а Европада болсо ушундай деп эле оюмду жаздым...
24.04.2018. 17:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
23-10-2018 21:33
Жынысы:
Белгисиз
-3
Dalil, 10 баласы барлар деле КРда карылар уйундо толоо. Бардык кеп тарбияга такалат.
24.04.2018. 10:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
17-08-2017
Соӊку аракети:
21-11-2018 15:16
Жынысы:
Белгисиз
-2
Коп баланы камсыздаганга каражаттын болсо токтобой кобойо бергиле. Бул жерде аз камсыздалган уй булоолор жонундо соз болуп жатат
24.04.2018. 13:38 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
697
Катталган:
31-05-2016
Соӊку аракети:
03-08-2018 11:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бавария Мюнхен.
+7
kenje-888, уй-було аз камсыз болсо, анда балалуу болбой эле коюшсун. Ошону айта албай жатасынбы?!!

ХХХХХХХ ХХХХХХ

Андай болсо илгери, 100-300 жыл илгери эмне учун колунда бар бай-манаптар гана балалуу болбостон, кул-кун, жарды-жалчылар балалуу болушкан, ото ото жарды болсо да?!!
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-24 14:33:10
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 2 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 2) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21503;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: