МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Караңгы көчөдө ыткытып коюп теңселип басып баратты. Колундагы бөтөлкөнүн түбүндө бир жутумдай шарап калган. Бир убакта бараткан жеринен токтоду да, калган шарапты шимире жутуп, бөтөлкөнү жерге тарс эттире чаап салды.
– Болду эми! Бас, үйгө кеттик!- кайдан-жайдан Тимур пайда болду. Ага Назик телефон чалып чакырып койгон болчу.
– Коё бер, барбайм!
– Эмне эле болуп жатасың?- Тимур өктөм сүйлөдү. «Жаш бала болбочу. Мас дагы экенсиң, эртең шашпай сүйлөшөбүз. Азыр үйгө барып жатып эс ал» деп Тимур күчүнүн барынча өзүн кармап жатты.
– Үйдөн чабасың, урасың... Билем мен сени.
– Айка, келчи, адамча жашайлы. Сен күндө менин кулак мээмди жебе, дароо жаман сөз менен каргап баштаба, сабырдуу бол. Анан ошого жараша мен да оңолоюн. Азыр болсо бас.
– Сен оңолбойсуң!
– Уф, Айка! Сенин жашооңдогу бардык жаман нерселерге баары күнөөлүү. Мен, Азамат, Назик, атаң. Сенин гана күнөөң жок! Сонун болуп турсаң эле баарын биз кылып жатабыз. Чын, тажап кеттим.
– Тажасаң кет!
– Жанчый турган эле немесиң да,- Тимур такси тосту да түшүп кетип калды.


ххх

Башы чыңалып ооруп турду. Көзүн ачып чоочун үйдө жатканын билди. «Бул жакка кайдан келип калдым?» Жооп таба алчудай эмес.
– Айка, турдуңбу?- Назиктин үнүн тааныды. «Байкушум, мени ушул гана түшүнөт» деди ичинен.
– Мен кайдан келип калдым?
– Эстебей эле коёлучу. Экөөбүз бири-бирибизди таарынта турган көп сөздөрдү айтып салдык. Азыр жумушка кеткени жатам. Үйдү бекитип кетишим керек.
– Сен келгенче мен үйдө болуп турбаймынбы?
– Жок, азыр Айбек келет. Сени аны менен жалгыз калтыра албайм. Үйүңө кет,- Назиктин бул сөзүнөн бүткөн бою жыйрыла түштү. Үндөбөстөн туруп, чачын жыйнап коштошпой чыгып кетти.


ххх

Тимур жумуштан көңүлсүз келди. Акыркы күндөрдөгү үйдөгү уруш-талаш аны чарчатып жиберди. Бүгүн ал ажырашуу тууралуу ойлонуп келе жаткан. Ооба, кеч болуп кала электе алар өз бактыларын издеп башташы керек. Антпесе бири-бирин кыйнап, жеп салышчудай. Бирок босогону аттап кирип эле, ашканада тамак жасап жаткан Айсулууну көрдү. Ал эч нерсе болбогондой жашоосун улантып жатыптыр.
– Эмнеге келдиң?
– Кандай эмнеге келдиң? Үйгө келдим.
– Сен кет же мен кетейин. Экөөбүз жашай албайбыз. Ажырашышыбыз керек.
– Эмне, дагы бирөөнү жетим калтырасыңбы?
– ...
– Ооба, менин боюмда бар. Дагы таштап кетесиңби? Муну да башкага тийип төрөйүнбү?
Тимур шалдая жанындагы отургучка кулады. Эми кантип кетет? Башы маң эле.


ххх

Небересин бакчадан алып кетүүгө келген Бурул анын божурап орусча сүйлөп, бакчадагы тайпалаштары менен ойноп жатканын көрүп убакыт зымырап тездик менен өткөнүн чындап сезип турду. Кечээ эле кош алаканга батчудай чүрпө болчу, азыр кара, ууртунан эзели жылмаюу кетпеген сүйкүмдүү, жароокер, саамайын сеңселтип тыпылдап чуркап жүрө берген тентек кыз болуп калды.
– Чоң апа,- Бурулду көрүп кыйкырды Айназик. Чуркап келип чоң энесин бутунан кучактап калды.
– Жүр, кийинтейин,- кийинүүчү бөлмөгө жетеледи.
– Кана, бүгүн эмне кылдыңар?- деди Бурул Айназикке күрмөсүн кийгизип жатып.
– Ойнодук, уктадык анан ыйдадык. А сен эмне кылдың?
– Тамак жасадым, телевизор көрдүм, уктадым.
– Аа. Чоң апа, сен мага бабушкасың, ээ?
– Ии, бабушкамын.
– А мама кайда?
– Кайсы мама?
– Мына, кайасаң, баайын мама алып кетет. А мени бабушка? Менде мама кайда?
Бурулда жооп жок эле. Эртели-кеч Айназик бул суроону берерин билчү. Бирок эмне деп жооп бериш керек экенин билбей койгон. Жооп таппай койгон.
– Мама... Мама алыста. Африкада.
– Афйика?
– Ооба, баягы Айболит кетти эле го Африкага, кичинекейлерди дарылаш үчүн. Апаң кичинекей балдарды дарылап Айболитке жардамдашып жүрөт. Айназиктин капкара көздөрү тостоё түштү. Адегенде таң калды, анан ууртуна жылмаюу толо түштү. Демек, өзү айткандай, анда да мама бар экен да. Болгону ал кичинекейлер ыйлабасын деп Африкада жүргөн тура.
– Анан ал качан келет?
– Ал келсе Африкадагы балдар ыйлайт да. Алар ооруп жатышпайбы.
– А мен оойуп калсам, мама келеби?
– Сен ооруба, Айназик. Сен оорусаң атаң карайт, мен карайм... Африкадагы балдарда ата да, чоң апа да жок. Аларды мама карап турушу керек.
– Аа,- түшүнгөндөй үн катты Айназик. Бирок баары бир таарына түштү. Анын оюнда мама келиши керек эле.


ххх

– Ата, а сен Айболитти тааныйсыңбы?- сырттан кирип эле атасын көрө коюп, шашылып сүйлөдү.
– Ыя?
– Айболит тиги Афйикадагы. Мама Афйикада Айболит менен жүйөт. Балдайга укол сайып, сийоп бейип.
– Кайсы мама?
– Менин мамам.
Азамат Бурулду суроолуу тиктеди. Бурул болсо ийинин куушурду. Анын көз карашынан эле «мен башка жооп таппай койдум» деген ой окулуп турду. «Бүгүн кечте ага түшүндүрүүм керек» деди Азамат ичинен.
– Аа, ооба, тааныйм. Ал Африкада.
– А мама болсо...
– Кызым, азыр биринчи каша же, анан баарын кечинде сүйлөшөбүз, ээ?
– А сен маманы «кел» дейсиңби? Ал мени садиктен алып кетсинчи, ыя, ата?- жооптон кача албай калды Азамат.
– Кызым, сен мени жакшы көрөсүңбү?- Азамат тизелеп отура калып, кызынын топусун чечип жатып сүйлөдү.
– Ооба.
– Мен да сени жакшы көрөм. Билесиңби, мындай болгон. Сен дагы мурда Африкада болчусуң. Анан бул жакка мен сени алып кетип калгам. Анткени мен сени аябай жакшы көрөм. Сен жок мен ыйламакмын. Сен мага керек болчусуң. Мама болсо Африкада калды. Ал балдарды дарылаш керек да. Сен мага таарынбайсыңбы?
– А мама «Айназикти мен жакшы көйөм. Мен алып калам» деген жокпу?
– Ооба, ошентти. Бирок мен сени алып кетип калдым. Мен сени алдагым келбейт. Мамаң сени аябай жакшы көрчү. Бирок мен сен жок кантет элем? Мен ооруп калмакмын, ыйламакмын.
– Мама да ыйлады го...- Айназик ыйлап жиберчүдөй.
– Кызым, эгер сен маманы көргүң келсе экөөбүз бир күнү барып келебиз. Бирок ага чейин сен эч кимге айтпа, макулбу. Мама бар экенин да эч кимге айтпа?
– Машага дагыбы?
– Ии...
– Илонагачы?
– Эч кимге, кызым. Сен эч кимге айтпа. Бул экөөбүздүн ортобузда сыр болсун. Мамага сюрприз жасайбыз. Экөөбүз бир күнү мамага барабыз. Сен кааласаң ошондо аны менен калсаң болот.
– Эмне дейт?- Бурул чочуп кетти.
– Анан эмне дейм, апа? Балким, чын эле мамасы менен калам десечи?
– Ооба, мен мама менен калам...- Айназиктин үнүндө сүйүнүч бар эле.
– Атаңды таштап кетесиңби?
– Жок, атамды эйчитип жүйөм.
– Бирок...- Бурул «мамага кетсең, атаңды андан ары көрбөйсүң» деп айтайын деген, бирок Азамат аны токтотуп койду. Эртели-кеч ал күн келет. Айназик ким менен каларын өзү тандайт. Бул турмуш чындыгы болчу. Андан эч ким эч кайда качып кутула алмак эмес. Ал күндү күтүү гана керек.


ххх

Бурул үйдө жалгыз болчу. Азамат жумушта, Айназик бакчада. Бурул ашканада идиш жууп жаткан. Бир убакта анын көзү караңгылап кетти. Артка теңселе түшүп дубал таянып туруп калды. Башы айланат. Көп ойлоно бергенден го деп ойлоду өзүнчө. Боюн түздөмөкчү болду. Бирок башы «зың» этти да, буттарына ээ боло албай кулап түштү. Эсин жоготуп койду...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
dinikyz
2018-04-24 09:19:31
Биринчилер кайда калдыыы
0
shermamat
2018-04-24 09:24:09
Кооптон эле жазыныздарчы
0
shermamat
2018-04-24 09:25:11
Давлениясы которулуп кеткен го эмки жума эмне болоор экен эми
0
shermamat
2018-04-24 09:25:40
Ошондо мен экинчилер экенмин да
-1
k.anara
2018-04-24 09:26:11
Ии байкуш десе((
0
Ka4okrys
2018-04-24 09:27:38
Бул жагы ит болдуго
0
KOCMOC
2018-04-24 09:43:33
Апасына бир нерсе болсо эмне болот((
0
Dilbaranurdinova
2018-04-24 10:26:45
Биздагы ойлоно берип давлеенааа кооторулуп кетпесе болду
0
Vips-med
2018-04-24 13:25:34
Байкуш инсульт алды го эми
0
Miss.erkewka95
2018-04-30 11:07:30
Качан эртең болоот((( Чыдамым калбай баратат...
0
№ 807, 20-апрель -26-апрель, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан