– Айназик, сен бүгүн бакчага барбай эле кой.
– Эмнеге?
– Бүгүн биз чоң апаңды ооруканадан алып келебиз.
– Уйа-а!- кыз быйтыйган колдорун көккө көтөрдү. Чоң апасын сагынган экен. Чуркап барып шкафтан өзүнүн кийимдерин сууруду. Атасы кызын кийинте баштады.
– Чоң апаңды сагынгансың го?
– Ии.
– Чоң апаң келсе, биз чогуу Кыргызстанга кетебиз.
– Ал каякта?
– Албы? Ал алыста, самолёт менен барабыз.
– Мм...
– Анан ал жактан мама келиши мүмкүн,- атасы эмнегедир муңдуу сүйлөп жаткандай. А кыз болсо кичинекей муштумундай жүрөгү менен ал өзү эңсеп көргүсү келип жаткан мамасы тууралуу сөздөр чоң апасына да, атасына да катуу тиерин сезип, унчукпай койду.
– Кандай болгон күндө да, кызым, мен сени жакшы көрөм.
– Мен да сени жакшы көйөм,- кыз атасынын моюнуна асылды. Азамат болсо кызын жыттап-жыттап алды. Азыр эле көкүрөгүнөн ушу бакыт алып келген канатсыз периштени бирөө тартып алып кетчүдөй бекем кучактады. Апасынын «кетели» деген сөзүнөн кийин ал бушайман болуп жүрөт. Кайтып баруу Айназикти кайтарып берүү дегенди эле түшүндүрүп турат. Бирок кызын тарттырып жиберсе өзү кантер экен? Ал таптакыр элестете албай койду. Кантип уктайт, кантип күн өткөрөт? Жашоосунун баары эле ушул кызга байланып калыптыр го. Анын сүйлөгөнү, күлгөнү, эркелегени бойтойгон сүйкүмдүү турпаты Азаматтын жүрөгүнүн, мээсинин ар бир бурчун ээлеп алыптыр. Эми ошонун баары жок болуп кетсе эмне калат? Боштук. Тынчтыгы кулакты жеген боштук гана калганы жатат.
Кетпей койсочу, кызын алып дүйнөнүн дагы бир бөлүгүн көздөй сызып кетсечи? Апасы... Түшүнүп турат. Апасы жерин сагынды, элин сагынды, кыздарын сагынды. Ал мындан ары чыдай албайт. Апасынын көздөрүнөн бөтөн жерде үзүлүп кетип, сөөгүм алыста калып калабы деген коркунуч дапдаана эле көрүнүп турат.
– Ата, а-та,- кызы жеңинен тартканда чочуп кетти. Ойго батып кеткен экен.
– Оу, кызым?
– Мен мамага байбайм,- кыз кандайдыр бир чечкиндүүлүк менен айтты. Атасынын кыжалат болуп жатканын сезип, жүгүн жеңилдетмекчи болгон окшойт.
ххх
– Чоң апа, кандай? Биз сени алып кетебиз,- деди ал Бурулду кучактап жатып.
– Ий, балакетиңди алайын,- чоң апасы элжиреп койду.
– Анан самолёт менен кетебиз.
– Каякка?
– Унутуп калдым. Ата, каякка байат элек?
– Кыргызстанга, кызым.
– Ии, ошо жакка.
Бурул жылмайып койду. Бирок ичинен үшкүрүп алды.
ххх
Кечки тамакта бул үчөө абдан бактылуу болуп отурушту. Айназик өзгөчө кубанып алган. Көптөн бери ага чоң апасынын күлкүсү, эркелеткени жетишпей жүргөн экен. Анан калса чоң апасы барда үй ээнсиребейт тура.
Тээ түн бир оокумга чейин Айназик уктабай жүрүп, качан гана көздөрү жабышып үргүлөп баштаганда атасы керебетине алып барып жаткырды. Наристе уктаганча Бурул сөз баштай албай отурган. Кызын уктатып ашканага идиштерди жууп коюу үчүн кирген уулун карап:
– Балким, силер барбай эле коёрсуңар?
– Эмнеге?
– Ал жактан Айназикти алып кетишсе сен кантер экенсиң?
– Мүмкүн, чогуу эле барбай коёбуз, ыя, апа?
– Мен сөөгүм бөтөн жерде калбаса экен дейм. Атаңдын жанынан эле жай таап...
– Эмне деп жатасың, апа?
– Өлүм улук, балам. Кайсы күнү ажал тооруп алдымдан чыгарын билбейм. Бирок өз жеримде көмүлгүм келет. Анын үстүнө минтип оорукчан болуп калдым. Кызың да жаш. Сен кыйналып каласың. Мен кетейин айылга. Силер калгыла.
– Жок, апа, кетсек чогуу кетебиз. Анын үстүнө өмүр бою качып жүрө бермек белек?
– Кызың бир аз чоңоё түшсө жакшы болмок. Азыр бул 4 жашка чыккан немени эч ким укпай эле алып кетип калабы деп корком. Бул бир аз чоңойсо, кимдин-ким экенин билип калса, экөөңөр ажырамак эмессиңер да.
– Эми деле ажырабайбыз, апа. Кам санабаңыз. Баарыбыз эле Кыргызстанга барабыз. Балким, сен туулган жериңе жетсең жакшы болуп кететтирсиң. Мен ушул жолду эле көрүп жатам. Биз акыры бармакпыз. Барышыбыз керек.
– Чынын айтканда, менин ичер суум түгөнгөнү калды окшойт. Эптеп жетип кыздарымды көрүп, анан атаңдын жанынан жай тапсам...
– Ушунун баары менин айымдан болду,- Азамат жашып кетти.
– Жок, өзүңдү күнөөлөбө. Ажал, оору деген айттырбай келет.
– Сен мен деп санаа тартып жүрүп ооруп калдың. Кыздарыңды сагынып жүрүп кыйналдың.
– Балам, бул турмуш. Турмушта күрөшүү керек, өйдө-ылдый деген болот. Анан калса ар бир ата-эне баласы үчүн жашайт. Мен сен деп, сен кызым деп, айтор, баарыбыз бала үчүн жашап келатабыз. Балага сүйүү берген, баладан сүйүү алган да чоң бакыт. Баары жакшы болот...- экөө бири-бирин кубаттап жооткотуп жатышты. Алдыда болсо белгисиздик болчу. Эмне күтүп турат болду экен?
ххх
Көп деле убакыт өткөн жок. Бир кезде өз мекенинен таптакыр изин суутуп кеткен үчөө кайра туулган жерин көздөй сапар тартышты. Адегенде Москвага чейин поезд менен жетип алышты. Ал жерден билет алып самолёт менен Кыргызстанды көздөй учушту.
Айназик мынчалык алыска саякаттап көргөн эмес. Ага баары кызык болуп жатты.
– Оо,- таң кала иллюминатордон булуттарды карады.
– Сонун бекен?
– Мм.
Көздөрүн тостойтуп алып, булуттарга суктанып бараткан кызын көрүп элжиреп кетти Азамат. Бекем бооруна кысты. Акыркы убакта ушинтип көп кучактачу болду. Жүрөгү түпөйүл болуп кызын жоготуп алчудай эле санааркап жүрөт.
– Сени жакшы көрөм, кызым,- деди анан төбөсүнөн өөп.
– Мен дагы. Чоң апамды да жакшы көйөм,- эч нерседен капарсыз эле. Башкысы, чоң апасы, атасы жанында... Башкалардын кереги жок болчу. Бирок мына ушул күнөөсүз кызды да алдыда толтура сыноо күтүп турат. Анын таза жүрөгү али жамандыкты сезе элек.
– Сен бул мамалактын жомогун унута элексиңби?
– Жо-ок...
– Кана, айтып берчи?
– Койчу, кечке айта бейемби?
– Бир эле жолу.
– Уфф... Бул дүкөндө туйчу. Аны эч ким алчу эмес. Бий күнү муну сен алайын десең ал жок болуп кетиптий. Үйгө келсең бул эшикте отуйуптуй. Бул мамалак сени, анан мени өзү издеп келген.
– Аз-замат! Сонун кызсың да. Бул жомокту унутпай жүр, ээ?
– Эмнеге?
– Жөн эле. Эгер сен жоголуп кетчү болсоң мамалак сени издеп табат. Сөзсүз.
– Макул,- кыз мамалагын кучактап койду...
(Уландысы кийинки санда)