(Башталышы өткөн сандарда)
Бул убакытта Нурилянын ден соолугу толугу менен жакшы болду. Мыкты дарыгерлер, жаш организм өз ишин кылып айыгып кетти. Эми ал дагы өз жолун сызышы керек эле.
– Жамиля, мен кетүүнү чечтим.
– Кайда?
– Кыргызстанга кетем. Апамды ала кетем. Сен биздин жүгүбүздү жетишинче тарттың. Эми өз жашооң менен жашоого мезгил келди.
– Менин жашоом силер менен барктуу. Силерсиз мен эмне кылам?
– Бизсиз сен балдарың менен, Керем менен бактылуу жашайсың. Суранам, бул жолу эч кимди ойлобой, өзүң үчүн бактылуу болгонго аракет кыл.
Жамиля сиңдисин жакшы билчү. Ал бул жерде калбайм деп чечсе, демек, калбайт. Эмне деп айтсаң да макул болуп баш ийип бербейт. Аргасыз макул болду.
– Апамды кечир, Нуриля,- деди ал акырын гана.
– Экөөңдүн ортоңор жакшы эмес, мурункудай эмес экенин билем. Сен атамдын кызы эмес экениңди укканда аябай ачуум келген. Дүйнөдө биздин апабыздай жаман апа болобу деп ойлогом. Көрсө, адам жар башында калганда эч качан кылбайм деген нерсени да кылат экен. Бул дүйнөдө өмүрү кылбайм деген нерсеңди деле кыла алат экенсиң. Апамды мен актабайм. Өзүмдү да актабайм. Жөн гана менин мисалымда ойлонуп көр.
– Жамил, апамды мени биринчи жолу сүйрөп алып барып боюмдан алдырып салганда эле жек көрдүм. Жек көрдүм деп ойлогом. Бирок апаңды жек көрө албайт экенсиң. Апама өчөшүп оюма келген нерселердин баарын жасадым. Бирок келгенде, көзүн караганда мен анын баарын унутуп, тизесине башын койдум. Билесиңби, ошондо гана менин өрттөнүп жаткан жүрөгүм тынчып калды. Апамды мен аябай жакшы көрөм. Сен атабызды ушинтип жакшы көрчүсүң. Жүрөгүңдүн жарымы эле. А мен апамды... Андыктан мен баары бир апамды жакшы көрөм. Апамды алып Кыргызстанга кетем. Окуйм, иштейм, апамды алаканыма салып багам. Менин андан башка жакын адамым калбады. Эне болуу бактысынан да куру калдым. Сен бизден эч кам санаба.
Эже-сиңди кучакташып калышты. Ыйлашты. Сырларын айтышты. Жолго даяр болушту.
Кетер күнү түндө Жамиля апасынын бөлмөсүнө кирди. Уктабай жаткан экен.
– Келериңди күтүп жаткам.
– Кечир мени, апа, сени күнөөлөгөнүм үчүн. Атамдын өлүмүн да сенден көрдүм. Апа, мен...
– Эне балдарына эч качан кек сактай албайт,- деди Арзуу чарчаңкы гана. – Бирок азыр мен сенден кечирим сурайм. Мен алысты көрө албаган эне болдум. Мураттын өлүмүнөн кийин көп нерсеге акылым жете баштады. Кызыгы, ошол адам менин алгачкы да, чыныгы да сүйүүм экенин билдим. Муну билгенче канча каталарды кылдым? Сен менин катамды кайталаба. Сен мага караганда эстүүсүң. Эч бир нерсе сыр боюнча калбайт, муну да бил.
Жамиля селт эте түштү. Анын Алибектен боюнда бар экенин Нурилядан башка эч бир жан билбейт болчу. Апасы эмнени айтып жатат?
– Апа-а.
– Тез-тез кабарлашып тур,- деди ал жөн гана.
Ошентип алар жолго чыгышты. Жамиля алар кеткенден кийин чындап жалгызсырай баштады. Бир нерсе менен алек болушу керек эле.
– Сага эмне болгон?- деди Керем тынчсыздана ары-бери басып жаткан келинчегин карап.
– Мен окушум керек,- деди ал жөн гана.
– Сен? Эмнеге?
– Менин өз чөйрөм, өз жолум болуусун каалайм. Балдардын багуучусу бар. Үй кызматкерлери бар. Мен минтип отуруп эле карып кетемби?
– Хе-хе-хе, сен канчадасың?
– 24 жаштамын.
– Хм, а мен сенден эки эсе улуумун. Ошондуктан менин акылымды угасың деп ойлойм.
– Угам.
– Сен, менимче, доктур боло аласың.
– Чынбы?- жарк эте күлө караган Жамилясын көрүп жүрөгү мыкчыла түштү. Эмнегедир анын жакындоосунан бир коркуу сезими пайда болду. Эгерде ушунча сүйдүрүп туруп, кайра аны таштап кетсе эмне болот? Күн өткөн сайын сүйүүсү күчөп чырмалышып калганда ал мурункуларын эстеп басып кетсе эмне кылат? Балким, жолунан башка бирөөнү жолуктурса...
– Керем, чын эле менин окушума уруксат бересиңби?
Биринчи жолу дилгирлене тиктеп, жаркылдап турган аялына жок дей албады. Анткени баары бир аны чынжырлай албай турганын сезген эле.
– Алгач бала төрөлсүн. Кызыбызды бирге чыгар. Бул сөздү анан улантабыз.
Жамиля анын ийнине башын коё берди.
ххх
– Эмне болду?
– Эч нерсе.
Машинесин жолдун жээгине токтото салып, чуркап чыкты. Эч ким жок! Жолду жалдырап тиктеп тура берди. «Көрдүм мен аны. Жаңылыштык болуусу мүмкүн эмес». Машине айдап келе жатып да, тамак ичип жатып да ойлогону ушу болду. Үйдө чыдап отура албайт эле, жанагы караан көрүнгөн жерге барды. Бир маалда кайра көрүндү. Эми чуркап чыгып аркасынан түшүп жетип барып колдон алды.
– Жамиля!
Жок, адашыптыр! Алдында турган Нуриля эле. Узун бою, тал чыбыктай келишимдүү келбети, узун кара чачы баары Жамиляныкы эле. Бир гана сустайган муздак жүзү башка.
– Уу-ф!- деп жерге отура калды. Куса болгон экен. Бир аздан кийин Нуриля экөө чаканыраак кафеде отурушту.
– Унут аны...- деди Нуриля чечкиндүү. – Экөөңө тең пайдасы жок.
– Жамиля экөөң аябай окшош экенсиңер, мурун байкабаптырмын,- деди Алибек таптакыр башка нерсени сүйлөп.
– Жамиля Керемге турмушка чыкты!
– Эмне-е?
– Башка айласы жок болчу. Түшүнчү.
– Миң сан адамдар бар. Эмнеге ага? Эмнеге кайра ага кайрылды?
– Уулунун атасы, ал мурунку Керем эмес. Чындап Жамиляны сүйөт.
– Болду, башка сүйлөбө.
– Сүйлөйм. Керек болсо сен кыла албаган нерсени ал кылды.
Алибек оозун ачып тиктеп калды.
– Эки жолу тең колуңдан чыгарып жибердиң. Эгерде аны сүйсөң экинчи жолу колуңдан чыгарбайт болчусуң. Эч нерсеге карабай үйлөнөт элең. Жамиля сен үчүн канча кыйналды? Сен аны күнөөлөгөнгө акың жок. Эми мындан ары да тынчын алба. Бүттү баары.
– Сен эмнеге келдиң? Сени ага адвокат болуу үчүн жибердиби?- деди ызалуу Алибек. Нурилянын ар бир сөзү көкүрөгүн ачыштырып жатты.
– Кайсы бир күнү баары бир Жамиля экөөбүз чогуу болобуз. Ошону бир билип кой!
(Уландысы кийинки санда)