– Оо, Кудай, болуп калса экен!- бир нече күндөн бери көңүлү айланып жүргөн Айсулуу колундагы тест жыйынтык чыгарып бергенче чебелектеп кетти. Ары-бери максатсыз эле баса берди. Анан бир убакта корккон кишидей терезеге коюлган тестти тиктеди. Эки сызык...
– Ура-а!- кубанычында чек жок болчу. Тимур экөө расмий баш кошкондон тарта боюна бүтпөй, бүтсө да улам түшүп кала берип санаасы санга бөлүнүп жүргөн. Чын-чынына келгенде Тимур экөөнү акыркы ирет да боюнда болуп калганы ажыраштырбай алып калган. Экөөнүн үй-бүлөсүн ушул бала күтүү сактап келе жаткандай. Алар ушинтип балага зар болуп, кетирген күнөөлөрдүн азабын тартуу, кечиримин алуу аракетинде жүрүшкөндөй. Бирок экөөнү ажыраштырбай алып калган ал чүрпө да көп өтпөй түшүп калган эле. Эми мунусу аман-эсен төрөлсө экен.
“Тимур сүйүнөт” деп ойлоду дароо эле колундагы тестти тиктеп. Кечинде ал жумуштан келгенде ага сүйүнчүлөй турганын элестетип алды.
ххх
– Муну көрдүңбү?
– Эмне экен?
– Тест.
– Анан?
– Ошол, боюмда бар.
– Сонун болгон тура,- Тимур чындап эле кубанып кетти. «Эми өзүңдү жакшылап кара, сарсанаа болбо, антпесе...» сөзүнүн аягына чыккан жок. Санаадан дагы боюңдан түшөт дегенди айткысы келгенин экөө тең эле түшүнүп турду. Айсулуу үнсүз башын ийкеди. Көз алдына баягы учур тартылды. Анда да ушинтип кубанып келип тестти көрсөткөн, кош бойлуу экенин айткан. Бирок анда Тимур так секирип качпады беле? Изин суутуп кеткен. Балким, ошондо да ушинтип кубанып койсо, жоопкерчиликти ала алса баары башкача болмоктур. Эми өткөн өттү, кеткен кетти. Санаага алдырбашы керек. Бирок анткенде да, тирүүлөй эле айрылган кызын кантип унутат? Аны эстебеген бир да күнү болгон эмес.
– Айназигим кантип калды экен?- капыстан эле ушинтип сүйлөп жиберди.
– Уф, Айка, кайра баштадыңбы?- Тимур нааразы болуп кетти.
– ...
– Айка, суранам, өзүңдү жебе. Курсактагыны да ойло. Айназикти издеп жатышат. Ал табылат. Эртели-кеч табылат. Бирок азыр өзүңдү карачы. Дагы боюңдан түшүп калбасын.
– Ал азыр 4кө чыгып калды.
Тимур үндөбөй койду. Бул сөздү бүтүрүүнүн эң оңой жолу болчу.
ххх
– Ай, Майрамбек, бирөө келди окшойт. Сыртка чыкчы,- Ырыскан күйөөсүн ойготту. Чала-чарпыт кийинип алып эле сыртка жөнөдү күйөөсү. Ким болду экен мындай түндө?
– Ким?- авалап үрүп жаткан итти тынчтандырып кыйкырды Майрамбек.
– Менмин, жезде.
– Мениң ким?
– Мен Азамат.
– Азамат?!- көздөрү чакчая түштү. Дарбазаны шапа-шуп ача калды. Унаанын жарыгы тийди көзүнө. Бет маңдайында бою узун бирөө турат. Келбети чын эле Азаматтыкындай.
– Эй,- бет маңдайдагы жигиттин жүзүнө үңүлө карады. Ооба, ошол. Азаматты кучактап калды. Дайынсыз жоголгон кайнисин көрүп кубанып кетти. Тамагы буулуп чыкты.
– Мен эжеңди чакырайын. А апам кайда?
– Машинада.
– Азыр. Ай, Ырыскан, Ырыска-ан,- үнү каргылданып чыкты Майрамбектин.
– Ой, эмне?- шашкалактап чочуп чыга калды.
– Келишти. Азаматтар келишти, апамдар...
– Ыя?- кадамын тездетти.
– Азамат? Биздин Азаматпы?- басып келе жатып буту да чалыштап кетти.
– Кандайсыз, эже?- жигит анын жолун утурлай жөнөдү. Короонун ичине киргенде эшиктеги электр лампасынын жарыгы Азаматты даана көрсөттү.
– Сен...- ээгин кемшейтип ыйлап жиберди. Оозун алаканы менен жаап же кыйкыра албай, же буркурап ыйлап жибере албай ордунда туруп калды. Мына, алардын караанын көрүүгө зар болуп жүрчү эмес беле. "Кантти экен? Тирүүбү, сообу?" деп күн сайын келген ойлордун жообун таппай, бир боор бир тууганын, балдары үчүн сабылып түшкөн энесин эстеп эртели-кеч амандыгын тилегенден башка арга таппай жүрчү эмес беле. Көрдү акыры аларды. Тирүү көрдү.
– Азамат, байкушум,- инисинин моюнунан бекем кучактап, жүзүнөн туш келди өпкүлөй берди.
– Апам кана?- деди бир убакта эсине келгендей.
– Машинада отурат. Жүрүңүз.
– Ай,- ый аралаш үндү укту Ырыскан. Бурул чыдабай ыйлап да кыйкырып жаткан болчу. Ал унаадан басып түшө албай күтүп жаткан эле. Кызынын үнүн укканда чыдабай ыйлап, кыйкырып баштаган экен.
– Апа-а!- унаанын эшигин ачып жиберип эле апасынын көкүрөгүнө кулады.
– Алтыным, кызым,- алы кеткен колдору менен кызынын чачын сылап, өпкүлөп ыйлай берди. Ийинин солкулдатып апасын бекем кучактап алып ыйлап жаткан эжесин көрүп Азамат кирерге жер таппай, өзүн күнөөлүү сезип кетти. Апасы менен эжеси ушунча жылдан берки букту, сагынычты тарката алышпай кучакташкан бойдон боздой беришти.
– Кагылып кетейиним, кагылып кетейиним,- эне кайра-кайра эле ушул сөздү кайталап 3 баланын энеси болгон кызын кичинекей наристе сымал эркелетип, жыттагылап жатты.
Чоң энесинин жанында отурган Айназик болсо көздөрүн алайтып коркуп отурду. Эмнеге чоң энеси да, атасы да ыйлап жатат? А бул чоң апасынын көкүрөгүнө башын жөлөп алып буркурап жаткан ким?
ххх
– Байкушум десе, баса албай да калыптырсың да, ээ?- Ырыскан эми апасын карап жалооруду.
– Жакшы элемин кызым,- деди апасы. Бул учурда Азамат башын жерге салып отурду. Көкүрөгү өрттөнүп жатты. Бирок анда башка жол бар беле? Билбейт. Бирок ошол кезде сыртка, башка мамлекетке чыгып кетүү эң туура жол болуп сезилген. Азырчы? Эми убакытты артка кайтарууга болбойт. Бирок оорудан улам баса албай калган апасы, апасын аяп тиктеген эжесин карап алып бардык балээге өзүн гана күнөөлүү деп сезип жатат.
– Биз эртең элди чакырып, түлөө өткөрөлү,- Ырыскандын бул сөзүнөн безге сайгандай чочуду жигит.
– Жок, кереги жок, кызым. Биздин келгенибизди эч ким билбей эле турсун.
– Эмнеге?
– Келгенибизди билишсе Айназикти...- Бурул сөзүнүн аягына чыга албай калды.
– А ал Орусияга кетиптир. Ошо жакта тигиниси менен жашап жатат. Айназиктин эми ага кереги жок. Кам санабагыла. Бирок силер издөөгө жарыялангансыңар.
Азамат туңгуюкка кептелгенин сезди. Кантер экен?
– Биздин келгенибиз баары бир билинет. Бирок мен Айназикти бербейм. Акыр-аягына чейин күрөшөм,- деди Азамат чечкиндүү.
ххх
Баарынан да бул жаңылык бир кезде Азаматтан токмок жеген Уланды катуу чочутту. Жоготкон акчасын ал Азамат эле кымырып кетти деп ойлоп жүргөн. Райондук милицияга да арыз жазган болчу. Ал акчасын азыр эле кайтарып алчудай милиция бөлүмүнө зуу койду.
– Ал келди,- кирип-кирбей жатып аптыга сүйлөдү.
– Ким?- милиция кызматкери таң кала.
– Азамат, баягы жоголду деген. Аялынын кызын алып качкан неме...
– Ыя де, качан? Анын аялынын номуру... Эй, Максат, тиги аялдын Орусиядагы номурун тапчы. Айсулуу беле? Баягы кызын издеткен,- кимдир бирөөгө кыйкырды.
ххх