МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Алло, алло, Айсулуу?..

– Ооба.

– Сиз мени уктуңузбу, келишиңиз керек.

– Ал кайдан табылды?

– Азамат, кызыңызды алып кеткен адам айылга келиптир. Биз аны бүгүн барып кармайбыз. Сиз келишиңиз керек.

– Кызым жакшы элеби?

– Сиз келишиңиз керек. Жакынкы күндөрдө,- телефонду коюп салышты. Айсулуу дароо эле Тимурдун телефон номурун терди.

– Тимур?

– Оу, тынччылыкпы? Үнүң башкача го.

– Айназик...- ыйлап жиберди.

– Ал табылыптыр. Биз Кыргызстанга барышыбыз керек.


ХХХ


– Үйү кайсы эле?- ар кайсы үйдү унаанын ичинен элейип карап келе жатып сурады милиция кызматкери. Унаанын арткы орундугунда Улан отурат.

– Тиги,- деди жашыл чатырлуу чакан үйдү көрсөтүп.

– Кой союп жатышкан го.

"Түлөө өткөрөт" деп жатышкан.

– Дароо кирип эле кармайбыз, макулбу,- рулдагы шакиртине сүйлөдү сержант. Тигиниси башын ийкеди. Улан да өзүнчө калтырап кетти. Унаа токтоору менен үчөө түшүп эле ачык турган дарбазадан кирип барышты.

– Ассаламу алейкум, үй ээси ким?- кыр мурут сержант бой көтөрө сүйлөдү. Эшикте 3-4 киши кой союп жатышкан.

– Мен,- Майрамбек милиция кызматкерлерин чочуп карады.

– Камчыбек уулу Азамат сизге ким болот?

– Кайним.

– Биз аны менен сүйлөшүүбүз керек.

– Ал жок да.

– Кандайча жок?

– Кетти ал кайра.

– Омей, кайда кетти?- Улан сөзгө аралашып кетти.

– Каякка кетмек эле, Өзбекстанга кетти. Ошол жакта жашайт да.

– Үйдү карап чыкчы,- сержант ачуулана шеригине сүйлөдү. Анысы лепилдеп үйдү карай жөнөдү.

– Ай, жок дейм, омей. Кетти.

– Сиз анын издөөдө экенин билчүсүз да. Эмне кабарлап койгон жоксуз?

– Кабарлашкан турбайбы,- Майрамбек Уланды жек көрө карады.

– Жок үйдө. Оорукчан апасы бар экен.

– Аа, ал апасы экөө кетпеди беле?

– Эми, командир, жөн эле койбойсузбу? Ал киши ооруп тил ооздон калыптыр. Кыйнабаңыз. Таптакыр сүйлөй албайт.

Сержант ишенген жок. Үйгө кирмекчи болду. Короодо көп эле киши турган, алардын баары эле Азамат жаңы эле кызын салып жездесинин унаасын айдап чыгып кеткенин көрүшкөн. Бирок бири да үндөгөн жок. Аяштыбы же саткынчы болууну каалашкан жокпу, белгисиз болчу. Майрамбек болсо кырдаалды дароо түшүндү. Кайниси районго кеткен, аны "биротоло ошондон ары кет" деп айтат. Азыр кайненесине бул кызыл шапкечендерди жакындатпашы керек.

– Ай, байкеси, кайненем ооруп калган. Сүйлөй албайт дедим го,- үнүн атайын бийик чыгарып сүйлөдү.

– Ал баары бир суроолорго жооп бере албайт. Карыган кишини кыйнабагыла! Сүйлөй албай калыптыр. Сүйлөй албайт дейм,- үнүн бек чыгарып сүйлөй берди. Чындап эле төркү үйгө кирген милиция төшөктө жаткан Бурулду көрдү. Ал жаңы эле айылдагы кемпирлер менен кобурашып отурган, бирок күйөө баласынын амалын түшүндүбү, дароо сөзүн токтотту.

– Эмне сүйлөй албай калса да суракка аласыңарбы?- Ырыскан жинденип тура калды. Отурган 5-6 кемпирдин бири да "бул азыр эле сүйлөп жаткан" деп айткан жок. Тескерисинче, «кой, айланайын, сүйлөй албаса өзү. Койгула эми, адамгерчиликтүү болгула» деп бөлмөдөн чыгарып салышты экөөнү.

– Анда сиз суракка барасыз,- сержанттын итатайы тутулду.

– Мейли барайын, районго барабызбы? Жүргүлө,- Майрамбек шашкалактады. Азамат келип калышы мүмкүн эле. Ага чейин кызыл шапкечендерди үйдөн алыстатуу керек.

– Басыңыз,- арткы орундукка жаңсады. Майрамбек шыпылдап отура калды. Унаа ордунан козголуп айылдын көчөсүнө чыкты. Майрамбек телефонун сууруп чыгып, досуна СМС жазып баштады. «Кайним унаамды айдап районго кеткен. Аны тап да, кач деп айт. Тез.» Кат дарегине жетти. Аны өчүрүп салды телефонунан.


ХХХ


Азамат эмне кыларын билбей калды. Качпаш керек. Кечээ эле ушинтип чечпеди беле. Бирок азыр качпай койсо, кармалып берсе кызы кантет? Энеси кантет? Туңгуюкка кептелди. Жок дегенде коңшу районго чыга туруу керек. Анан... Анан ыңгайлуу учурда апасын алат да кайра кетет. Азыр кармалууга болбойт. Кызынан ажырап калам деген коркунуч аны дагы эле качууга аргасыз кылды.

– Биз кайда, ата?

– Бизби? Биз... Мен сени чо-оң базарга алып барам. Ал жактан сага толтура кийим алып берем. Таттууларды.

– А чоң апамчы?- кыз чочуп кетти.

– Аны алып кетебиз, кайра келип.

– Жок, азый ала кетели,- кыз кадимкидей чебелектеди. Анын абалын көрүп Азаматтын каңырыгы түтөдү. Бул күнөөсүз периштени чоң энесинен, атасынан ажыратып кетишсе эмне болот? Башка бүлөгө көнөбү ушул? Эрксизден атасынын көздөрүнөн жаштар чыгып кетти. Айласыздык аны басынтып жиберди көрүнөт. Атасынын ыйлаганын биринчи жолу көрдү Айназик. Аяды. Моюнунан быйтыйган колдору менен кучактап алды...

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Beka9393
2018-05-22 09:20:31
Мен биринчи
+1
ady-88
2018-05-22 09:21:39
Биринчилер корунбойтго
0
Mutpilim71
2018-05-22 09:24:20
Биринчи- деп койчу беле.
0
akus
2018-05-22 10:13:27
Дагы уландысы барбы супер?
+2
Kanykei_95
2018-05-22 11:15:35
аябайле ааз
0
vip.aidan96
2018-05-22 12:01:06
Көбүүрөөк жазыңыздарчыыы
0
Aima94
2018-05-22 20:24:56
Мда
0
Jeki95
2018-05-22 22:16:46
Байкуш Азамат... кыйналды бир жагынан апасы, бир жагынан кызы.
+1
joodar1202
2018-05-23 00:08:12
Ото еле аз кунуно ушунчадан жазса. Мындайда жылда Бир чыгарма бутотко. Кобурактан жазгыла
+1
originalkgz96
2018-05-23 02:23:08
Эхх
0
erjigit-e.15
2018-05-27 16:00:08
Буттубк
0
№ 811, 18-май -24-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан