КЫРГЫЗ СОМУНА 25 ЖЫЛ!

Кыргыз улуттук валютасынын 25 жылдыгына карата Улуттук банк 11-май күнү эл аралык конференция өткөрдү. Бул маанилүү иш-чарага өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков, өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, Швейцария мамлекетинин Улуттук банкынын башчысы Томас Йордан, Эл аралык валюталар фондунун башкаруучу-директорунун орун басары Тао Чжан, Орусиянын Борбордук банкынын кеңешинин мүчөсү С.Игнатьев жана башка КМШ өлкөлөрүнүн банктарынын, эл аралык уюмдардын, жергиликтүү коммерциялык банктардын өкүлдөрү катышты.

ТАРЫХТА ТАСТЫКТАЛГАН ТУРУКТУУЛУК
Арадан 25 жыл өттү. 2018-жылдын 11-майында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов сомдун 25 жылдыгына арналган эл аралык конференцияга келген Эл аралык валюта фондунун башкаруучу-директорунун орун басары Тао Чжан менен жолугушту. Жолугушууда Толкунбек Абдыгулов сомдун улуттук валюта катары ордун табуусунда Эл аралык валюта фондунун ролу чоң экенин белгилей кетти. Өз кезегинде Тао Чжан мырза Кыргыз өлкөсүндө каржы секторунун жана инфляциянын туруктуу сакталышында Улуттук банктын жетишкендиктерин баса белгиледи.

25 жыл ичинде кыргыз сому 4 ирет жаңыланды. Кыргыздын улут катары өнүгүүсүнө зор салым кошкон инсандардын сүрөттөрү, Кыргыз өлкөсүнүн тарыхый аймактары сомго чегерилиши келечек муун өзүнүн тарыхын күнүмдүк колдонуудагы акча аркылуу эстеп турса, чет мамлекеттен келген коноктор үчүн да баалуу маалымат болуп эсептелет. Кыргыз сому беделдүү эл аралык сынактарга катышып, эң кооз эле эмес, ишенимдүү да валюта катары таанылып келет. “Биздин сом башка валюталардай эле туруктуулугу, коопсуздугу жана банкноту менен бирдей турат. Банкноттор эң ишенимдүү жол менен жасалып, үч коопсуздук өлчөмү бар. 2017-жылы 2 миң сом сериясындагы биринчи банкнот жүргүртүүгө чыгарылган. Ал Кыргызстандын көз карандысыздыгынын, Улуттук банктын түптөлүшүнүн жана кыргыз сомунун 25 жылдыгына карата чыгарылган. Эстелик банкноту региондук мыкты банкнот номинациясында жеңишке жетти”,- деп билдирет Толкунбек Абдыгулов.
Тарыхта калган 25 жыл ичинде сом Борбор Азиядагы эң туруктуу валюта катары ордун сактап калды.

Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын президенти: «УЛУТТУК ВАЛЮТАНЫ КИРГИЗҮҮ – ТУУРА ЖАНА ӨЗ УБАГЫНДАГЫ ЧЕЧИМ БОЛГОН»

Конференцияда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 25 жыл аралыгында кыргыз валютасы глобалдуу экономикалык кризистерди басып өтүп, өз ордун таба алганын баса белгиледи:

– Бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекетинин социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо тармагында банк системасы маанилүү орунду ээлейт. Улуттук банк валюталык курстун туруктуулугун сактоодо жана инфляция маселелерин ийгиликтүү чечип келет. Эгемендүүлүк алган кезде Кыргызстан рыноктук реформаларга шайкеш өз алдынча акчаны көзөмөлдөөгө өткөн. 1993-жылдын 10-майында биздин өлкө Советтер Союзу кулагандан кийин биринчилерден болуп улуттук валюта – сомду колдонууга киргизди, бул туура жана өз учурундагы чечим болгон. 25 жылдын ичинде биздин улуттук валютабыз турукташуунун татаал жолун басып, ири экономикалык кризистердин сыноосунан бир канча жолу өттү. Акча-кредиттик көз карандысыздык инфляциянын өсүшүн ооздуктоого жана сомдун баасынын түшүп кетүүсүнө жол бербөөгө өбөлгө түздү, ал эми банк жана төлөм системалары өзүнүн туруктуулугун жана бекемдигин далилдешти.

Алдыда мындан да жооптуу мезгил. Эми Улуттук банк кыска мөөнөттүү максаттар менен катар узак мөөнөттүү экономикалык өсүшкө өбөлгө түзгөн саясатты жигердүү жүргүзүшү керек. Банк секторун өнүктүрүү жана анын өлкөнүн экономикасындагы ролун жогорулатуу, реалдуу тармакты насыялоо көлөмдөрүн көбөйтүү, инвесторлор жана акча салуучулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, алдыңкы технологияларды колдонуу менен төлөм системаларын өнүктүрүү талап кылынат.

Президент өз сөзүндө сом өз алдынча акча-кредиттик саясаттын негизги куралы гана эмес, эгемендүү мамлекеттин көз карандысыздыгынын символу болуп калганын, ал эми улуттук валюта эгемендүү Кыргызстандын турукташуусунда маанилүү роль ойногонун белгиледи. Мамлекет башчысы дагы бир маанилүү жагдайга токтолду. Тарыхый, техникалык жана башка көптөгөн критерийлерди эске алуу менен сомдун дизайнын жана сырткы көрүнүшүн мурдагы Союздагы мамлекеттердин арасынан мыктынын бири кылууга жетишкен дизайнерлерге, сүрөтчүлөргө, тарыхчыларга жана банкнотту иштеп чыккан адистерге ыраазычылык билдирди. Сөз соңунда өлкө башчысы банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, өлкөнүн өнүгүүсүнө арналган иштери ийгиликтүү болушун каалады.

Толкунбек Абдыгулов, Улуттук банктын төрагасы: «БАНК СИСТЕМАСЫ ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮ ЖОЛУНДА КЕЛЕ ЖАТАТ»

Улуттук банктын ишмердүүлүгү тууралуу төрага Толкунбек Абдыгулов маалымат берди:

– Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын милдети – улуттук валютаны чыгаруу, анын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн жана акча каражаты катары таасирин камсыздоо. Сом жүгүртүүгө чыкканда биздин мамлекетте ийкемдүү алмашуу курсунун режими кабыл алынган. Улуттук банк бүгүнкү күнгө чейин эркин рыноктук алмашуу курсун түзүүдө ошол принципти карманып келет. Бүгүнкү күндө 25 жылдык тажрыйба менен ишенимдүү түрдө биздин мамлекет үчүн ийкемдүү алмашуу курсунун режими эң эффективдүү режим десек болот. Анткени бул режим бир канча кризистерди басып өтүүдө жана өз убагында ички-тышкы факторлорго ыңгайлашууда жардам берди. Банк системасы бир канча кризисти башынан өткөрсө да туруктуу өнүгүү жолунда келе жатат.

Төрага конференцияга келген конокторго кыргыз сомунун калың элге жайылтылышы, андагы кыйынчылыктар, инфляция жана кантип туруктуу валютага айланганы тууралуу да кеңири маалымат берди.

Томас Йордан, Швейцариянын Улуттук банкынын башчысы: «КЫРГЫЗ ЭЛИ УЛУТТУК ВАЛЮТАСЫ МЕНЕН СЫЙМЫКТАНЫШЫ КЕРЕК»

Кыргыз өлкөсүнүн беделдүү финансылык өнөктөшү Швейцария мамлекетинин Борбордук банкынын башчысы Томас Йордан улуттук валютанын 25 жылдыгы менен куттуктап өттү:

– Постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан биринчилерден болуп улуттук валютасын кабыл алуу менен коңшу мамлекеттерге үлгү болуп берген. Кыргыз эли улуттук валютасы менен сыймыктанышы керек. Сомду жүгүртүүгө киргизүү – бир чети көрөгөчтүк десек болот, ошол эле учурда бийликтен чечкиндүүлүктү, кайраттуулукту талап кылган чечим болгон. Ошол учурда көпчүлүк бул валютанын өз ордун таба алышынан күмөн санашкан. Бирок сом бийик инфляцияны жана капитал маселелерин жеңип, өз ордун тапты.

Сомдун 25 жылдык мааракеси Швейцария банкы үчүн да маанилүү. Бул жылдар аралыгында эки мамлекет ортосунда байланыш түзүп, тыгыз иштешкен өнөктөш өлкөлөргө айландык. Эки өлкөнүн Улуттук банктарынын жемиштүү кызматташуусун да белгилеп кетким келет.

Улуттук валютанын 25 жылдыгына арналган эл аралык конференцияда чет элдик беделдүү финансисттер Кыргызстандын рыногундагы сомдун туруктуулугуна баа беришти. Мындан сырткары мамлекеттер аралык борбордук банктардын мындан аркы кызматташуусу, криптовалюта темалары да талкууга алынды.


Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 811, 18-май -24-май, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан