(Башы өткөн сандарда)
– Бул кара көз айнек канча сом?- кызын көтөрүп алган Азамат кымгуут түшкөн базардын кире беришинде түркүн көз айнекти катар тизип алган сатуучудан сурады.
– 600 сом.
– Мага да очки,- Айназик кичинекей көз айнекти көрсөттү.
– Ал 200 сом.
– Бериңизчи,- акчасын сунду. Атасы менен кызы кара көз айнектерди көздөрүнө тагып, бири-бирин карап жылмайып алышты. Андан ары өтүп кийим алышмак, бирок Азамат классташтары Аман менен Эркинди көрүп калды. Базар аралап жүрүшкөн экен. Жүрөгү опколжуй түштү. А тигил экөө болсо Азаматтын жанынан эч нерсе болбогондой тааныбай эле өтүп кетишти. Кара көз айнек, төрт эли болуп өскөн сакал аны таанылгыс кылып койгон окшойт. «Жалтактабай ээн-эркин эле жүрсөм болот окшойт. Таанышпайт деле турбайбы?» деди өзүнчө. Азыр барып телефон сатып алуусу керек. Апасына байланышып, качан алып кетерин такташуу кажет.
ХХХ
– Өзүңөр кандайсыңар? Кайда жүрөсүңөр?- Ырыскан чочуп сүйлөдү.
– Кам санабагыла. Бизде баары жакшы. Апам жакшыбы? Апама бериңизчи телефонду.
– Оу, балам. Балакетиңди алайын,- апасынын үнү каргылданып кетти. Ыйлап жиберди окшойт. Үшкүргөнүн укту. Азаматтын да тамагы буула түштү.
– Жакшысызбы?
– Жакшы, айланайын. Кызым кандай?
– Чоң апа, мен очки алдым,- Айназиктин кубанычтуу үнү угулду.
– Йе-ей, берекем десе, үнүңдөн сенин.
– Биз качан баралы, апа? Сени алып кетели.
– Жок, келбегиле. Кечээ Майрамбекти алып кетишкен, кечте араң коё беришиптир. Үйдү аңдып жатышат дейт ал. Атайын ошентип коё беришкен окшойт. Силер,- саамга токтоп калды.
– Силер менсиз эле кете бергиле.
– Чоң апа. Биз сага бүгүн байабыз,- Айназиктин үнүндө чоң апасына болгон сагыныч бар болчу.
– Садагаң болоюнум, садагаң. Азамат, балам кете бергиле. Жездеңдин унаасын шаарга айдап барып, ачкычын жанына катып кой. Ошол жактан иниси айдап кетет. А сен андан ары кете бер.
– Апа, бирок...
– Башка айла жок, балам. Келсең булар камачудай болуп жатышат.
– Мен...- Азамат ыйлап жиберди. Бирок мунусун апасына билгизбөө үчүн телефонду өзүнөн алыстатып, көз жашын аарчып өзүн токтотту.
– Чоң апа, атам болсо ыйлап жатат. Кечинде да ыйлаган,- Айназик муңайым сүйлөдү.
– Атаңа ыйлаба деп айт. Баары жакшы болот... Азамат, балам, кыжалат болбо. Баары акыры өз нугуна түшөт. Сен бул жакта камалып жатканыңдан көрө, алыста аман-соо жүрсөңөр менин санаам тынч болот. Мага кабатыр болбо. Мен сага ыраазымын, балам. Сен мыкты адамсың. Атаңа окшош мыкты атасың. Билесиңби, чынында мен сени менен сыймыктанам. Мен адамгерчиликтүү Азамат деген жигитке жакшы тарбия бериптирмин. Сени жакшы көрөм, алтыным.
Азамат сүйлөй албай калды. Көз жаш, туңгуюк, белгисиздик, айласыздык аны муунтуп жатты. Ал кадимкидей шолоктоп ыйлай берди. Айназик аны кайра быйтыйган колдору менен кучактады. Шуу эттире кызынын төбөсүнөн жыттап алды Азамат.
– Апа, мен сизди жакшы көрөм. Сен сарсанаа болбо. Мен бир айласын табам.
ХХХ
– А сен мамалак тууралуу жомокту унуткан жоксуңбу?
– Жо-ок...
– Аны мага айтып бересиңби?
– Мм,- кыз башын ийкеди. Ал атасынын көңүлүн көтөргүсү келди окшойт. Мамалак тууралуу жомокту божурап берилүү менен айтып баштады.
– Мамалак гүл саткан магазинде туйчу. Ал жакта кө-өп мамалактай бай болчу. Кызыл, йозовый, жашыл. Элдин баайы ошолойду алып кетишти. А бул койичневый эле. Некйасивый деп аны албай коюшкан. Көйсө, бул Айназикке келмек экен. Аны Айназиктин атасы сатып алайын деп байса, жок болуп калыптый. Анан Айназиктин атасы ыйлаптый...
– Ыя де,- Азамат күлүп жиберди.
– Ооба. «Ой, койичневый мамалак кайда-а?» деп ыйлап үйүнө келатса, бул мамалак качеляда отуйган экен. Ал өзү Айназикти издеп келиптий. Айназик аны кучактап жакшы көйүптүй.
– Оо, кызым, азамат да!
– Жок, мен Айназикмин. Сен Азаматсың,- кыз кыткылыктап күлүп койду. Атасынын дүйнөсү түгөл боло түштү.
ХХХ
– Чын эле кетип калган эмеспи?- түн жамынып унаада отурган милиционер үн катты.
– Келет. Кетпей эле жүрөт ушул жакта. Уланга ошентип айтышыптыр,- сержант тамекинин түтүнүн үйлөп жатып сүйлөдү.
– Тиги Орусиядагы аялына айтпай турсак болмок экен. Шашып коюптурбуз.
– Жок, ал келиш керек болчу да. Арыз жазган ошол, анын үстүнө үйүндө жүрөт десе дароо барып кармап калсак деп ойлонуп калдым.
– Эми таппай калсак, тигиниси Москвадан келип алса ызы-чуу болобуз го.
– Сарсанаа болбо, бул жолу кармайбыз. Облуска, шаарга ориентация бердик го. Кармалат баары бир.
ХХХ
Сыртынан билгизбегени менен, Тимур кызды кантип кабыл аларын билбей жатты. Кыз табылды деген кабар деле анын жүрөгүн козгогон жок. Ал анын канынан жаралган наристе го... Бирок эмнеге мынча чоочун? Ооба, кыз ага чоочун экен. Ал биринчи жолу мындан 3 жыл мурун Азаматтын колунда турган кичинекей кызды карап чоочун экенин сезген. Керек болсо Айсулуу да кыз үчүн чоочун адамдай туюлган. Азыр эми аны алып келүү канчалык туура? Аны кантип жакшы көрүү керек? Же кызына болгон сезим аны көргөндө кайдан-жайдан пайда болуп көкүрөгүнө уюйбу? Анда ошол 3 жыл мурун көргөндө эмнеге ал кыз ага жакын туюлган эмес? Эмнеге чоочун эле? Башка бүлөдө чоңойгон кыз эми аны атасы катары кабыл алабы? Ага эркелеп моюнуна жабышабы? Башына келген түмөн ойлор аны чарчатып жиберди.
– Уф-ф,- учакта баратып чалкалай жата кетти.
– Кам санаба, баары жакшы болот,- катар отурган Айсулуу аны колунан алды.
– Биз эми чыныгы бактылуу үй-бүлө болобуз. Кызыбыз, сен, мен, анан дагы бир чүрпө болот...
– Ал бизди тааныбайт дагы. Кантер экен?
– Тааныйт. Акыры тааныйт. Биз аны жакшы көрө беребиз, мээримге бөлөйбүз. Баары өз ордуна келет. Сени ата дейт, мени апа деп калат.
– А Азаматчы?
– Тимур, Азамат мага кандай азап бергенин сен билесиң го? Ал... Кыз биздики, биз алып кетебиз. Азамат болсо мыйзам боюнча жооп берет.
ХХХ
Ушул эле учурда Бишкектеги мейманканалардын биринин балконунда уйкусу качкан Азамат Кыргызстан менен, апасы менен айылы менен ичинен дагы бир ирет коштошуп, дагы бир жолу качуудан башка арга таппай, чечим кабыл ала албай турду. А бөлмөдө болсо Айназик күрөң мамалагын кучактап таттуу уйкуда жатты...