МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

ХХХ

Бурул адатынча уктаар алдында күбүрөнүп, балдарына, кичинекей неберелерине өмүр тилеп, бак тилеп Кудайга жалынып-жалбарып жатты. Азаматты ойлогон сайын жүрөгү сайгылашат. Өлкөдөн чыгып кетти бекен? Жалгыз, жанындагы жаш баласы менен жүдөдү го? Айназик кантти экен? Жылуу кийинип жүрөбү? Сан ойлордун курчоосунда шыпты тиктейт. Алсыз. Оору айласын кетирип турат. Сол ныптасы кыймылсыз. Бирок... Бирок азыр ушул абалында "Азамат бир нерсе болуптур" десинчи, жанын оозуна тиштеп, жөлөп-таярга эч ким жок болсо да, колу менен жер тытып жетип барууга даяр. Уулуна келчү азаптын баарын өзүнө алып, баласына эч бир залал тийгизбей коргоп калууга бар дарманын жумшайт. Азапка батканына да кайыл. Башкысы, баласы аман болсо болду.
А өзүчү? Көрсө, энелер эч качан өздөрү үчүн жашабайт тура. Балам деп жалынып, балам деп ооруп, балам деп санааркап жүрүп бүтүндөй бир өмүрүн балдарына арнап салат экен. Мээрими түгөнбөйт. Өмүрүнүн акыркы ирмеминде да, ажал менен бет келишип отуруп да баласынын караанын издейт, баласы үчүн санаага батат, мээримин берет, баласына жалынат. Эне... Эненин жүрөгү. Эбегейсиз мээрим баткан, эбегейсиз санаа тарткан, күчтүү да, назик да, чыдамкай да жүрөк. Анын ар бир түрсүлдөп соккону бала деп согот. Акыркы согушу да бала дейт. Ал бала деп жашайт, бала деп өлөт. Өңү серт, үнү чыйылдак, семиз-арык, дудук, дүлөй деп чанбаган, айтор, бар болгону үчүн, аман болгону үчүн сүйө алган, сенден кемчилик көрбөй мээримин төгө алган, жууса кеткис күнөөңдү да кечире алган энеден башка жан жок тура, көрсө?!

Эненин жүрөгү тыз дей түштү. Уктап жатканын же ойгоо экенин өзү айырмалай албай калды. Көп жыл мурун каза тапкан жолдошу Камчы куду жаш кезиндегидей жасанып маңдайына келип калбаспы. Бул кайдан? Мен кайдамын? Жүрөгү опколжуй түштү.

"Кетели" деди Камчы жылмайып. Үнү жагымдуу.

– Азамат?..

– Баары жакшы болот. Сен мени менен жүр.

– Жок! Азамат кантет?- түш экенин түшүнгөндөй көзүн ачууга аракет кылды. Бирок көздөрүн ачканда да караңгылыктан башка эч нерсе көрүнбөдү. Төшөгүндө чебелектегенинен аркы бөлмөдөгү Ырыскан ойгонуп кетти.

– Апа?! Эмне болду? Бир жериң ооруп жатабы?

– Азамат, Азамат...- үнү араң чыкты Бурулдун.


ХХХ


Азамат уктап жаткан. Телефонунун шыңгырынан ойгонду. Эжеси Ырыскан экен.

– Азамат, келишиң керек.

– Эмне болду, эже?

– Апам...- бышактап ыйлап жиберди,- ал ооруп жатат. Катуу ооруп жатат.

– Барып калам,- Азамат шашкалактап калды.


ХХХ


Тасмадай сызылган узак жолдо кызыл түстөгү Ауди алып учуп баратты. Рулдагы Азамат алдын телмире тиктеп башына келген түркүн ойлордун учуна жете албай убара.

Ал эмнегедир апасын жоготуп алам деп ойлобоптур. Апасы түбөлүк жашачудай эле жүргөн экен. Дилинде эжесинин “келишиң керек” деген сөзүнүн аркасында, "апам үзүлгөнү жатат" деген сөздүн турганын ал түшүнүп эле турат. Бирок кабыл алгысы келбей жатты. Андай ойлорду алыс кууду. Андай ойлордон коркуп жатты. Көкүрөгү бошойт. Көзүнөн жаш сызылды.

Айназик атасын муңайыңкы карап койду. Ал акыркы күндөрдө атасынын ыйлаганын көп байкачу болду. Бирок унчуккан жок.


ХХХ


Короого унаа жулунуп кирип токтоду.

– Жакшы элеби апам?- унаадан түшүп-түшпөй жатып үйдөн чыга калган жездесинен сурады.

– Сен кир,- деди Майрамбек көздөрүн ала качып.

– Айназик, бас, чоң апаңа кирели,- кыз мамалагын колтуктап шаша-буша жөнөдү.

Үйдө бир нече айылдаш кемпирлер отурушуптур. “Кир, кирегой” дешти алар төркү бөлмөнү көрсөтүп.

Апасы көзүн жумуп, оор дем алып жаткан экен.

– Апа?!- үнү каргылданып кетти. Азамат тизелеп отура калып апасынын колунан алды. Тээ баятан бери акыркы күчүн жыйнап отурган окшобойбу.

– Азамат,- деп үнүн бек чыгарып белин түздөдү.

– Аа, балакетиңди алайын, келдиңби?

– Ооба, апа.

– Кап, убара болуп... Айназигим да...- оор дем алып алды.

– Баары жакшы болот, апа. Биз сени алып кетебиз,- Азамат бышактап жиберди.

– Ыйлаба,- дем алганы дагы жанагындан оорлогондой.

– Балакетиңди алайын,- Азаматтын колун өзүнө тартып, шуу жыттады.

– Балакетиңди алайын,- бул ирет үнү араң эле чыкты.

– Апа, Апа-а?- бул жолу Бурул жооп берген жок. Эрдин бекем кымтып, катуу бир дем чыгарды. Бирок кайра дем тарткан жок.

–Апа-а!- Азаматтын күйүткө толгон үнү баарын чочутту. Кемпирлер үшкүрүп калышты. Өмүрдө көп жоготууну көргөн немелер жигиттин үнүнөн эле Бурулдун түбөлүк уктаганын айттырбай билишти. Үй ызы-чууга толуп калды. Атасынын боорунан кучактаган Айназик атасы эмнеге мынча боздоп жатканын аңдай албай коркуп турду. Чоң апасы эрдин бек кымтып уктап жатты. Ойгонбой уктап жатты.


ХХХ


Жигиттин көкүрөгү ачышып жатты. “Байкуш апам, ай... Байкуш апам, ай” деп эле сыздай берди. Көкүрөктөн чыкканы ошол эки ооз сөз болгону менен, жигиттин жүрөгү арманга чыланып турду. Жүрөгү канап турду.

“Өмүр бою азабымды тарттың. Сага бир жакшылык көрсөтсөм эмне?! Мен деп санаага батып, мен деп мекениңден качып... Азап бербей, сый көрсөтсөм эмне?! Мына, баары жакшы болот, анан апамды тигинтем, анан апамды кийинтем. Анан апама алтын алып берем. Анан апама баарын жасап берем. Анан, анан... Байкуш апам, ай! Азабыма чыдап, жакшылык көрөр күнүңө жетпей кеттиң. Эми мен кантем? Кантем сен жок? Сага көрсөтсөм деп кыялданган жакшылыктын бирин көрсөтө албай калганымды сезип-билип кантип жашайм? Байкушум, ай, байкуш апам, ай”...


ХХХ


Дарбазадан кирип келе жаткан милиция кызматкерлерин көрүп Майрамбек жиндене ордунан тура калды. Боз үй түбүндө өкүрүп отурган Азаматтын жанында эле. Жинденип баягы сержанттын алдын торой чыкты.

– Эмне керек?

"Кетти" дебедиң беле? Кармашыбыз керек!

– Көрбөй жатасыңбы? Энесин жоготуп өксүп турат. Энең барбы сенин? Кыргызсыңбы сен?- жини келип үнүн бек чыгарды.

Тигил эки кызыл шапкечен ыңгайсыз болуп унчукпай туруп калышты.

– Бизге ошентип буйрук беришти.

– Кармайсыңар! Бүгүн эмес, сөөк коюлсун. Адамдыктан кетпегиле.

– Тигил жакта кичине кыздын өз ата-энеси келе жатышат. Эртең келип калышса керек.

– Эй, бир элбиз го. Энесин көмгөнчө эмне болуп баратасыңар?

Унчукпай калышты. Айтарга сөз таппай дарбазадан ыңгайсыз болуп чыгып кетишти.

– Сөөк коюлчу күнү акмалап туруш керек!

– Ооба. Тиги келин менен күйөөсүн да сөөк коюлганча кармап туралы. Кийин деле чечишип алышар.

Экөө өздөрүнчө кобураша баратышты.


ХХХ


Айылдын четиндеги мүрзөгө Камчынын жанына коюлмак. Азамат апасы жаткан табыттын аркасында баратты. Мүрзөнү көздөй чубалган адамдарды утурлап райондон келчү жолдон милициянын унаасы келе жатыптыр. Жол жээкке токтоп калды. Унаанын тушунан өтүп бара жатып, анда арткы орундукта башын жерге салып отурган Айсулууну Азамат жазбай тааныды. Жүрөгү мыкчыла түштү. Апасы менен кошо жакшы жашоого болгон үмүтү да жоголуп бараткандай...


 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
shermamat
2018-06-05 09:14:13
Мынча кооп жазгансынар окуп буто албайсын рахмаат кооп кооптон жазганынарга
+8
Asel33
2018-06-05 09:37:29
Ыйлап, ыйлап алдым го.
+4
Akniet_kg96
2018-06-05 10:31:43
журокту эздиго байкуш
+3
Muslim1990
2018-06-05 10:43:34
Буттубу ошондо.
-1
barakcha
2018-06-05 10:55:01
Желмогуз Айсулуу...
+3
Jeki95
2018-06-05 11:56:46
Ээх тагдыр... ушунун баарына Айсулуу беле ошол куноолу. Жакшынакай куйоосун сыйлап жашай берсе болмок. Кыз болуп тийбегенден кийин. Эшшееекк!!!
+11
Baiana2017
2018-06-05 15:01:51
Эми Азамат камалат окшойт
0
Shokoladka94
2018-06-05 22:48:31
Иий жүрөктү эзди го
0
originalkgz96
2018-06-06 00:39:30
Айсулуунун акылсыздыгынын айынан
0
Miss.erkewka95
2018-06-07 02:01:43
"Жанын оозуна тиштеп, жөлөп-таярга эч ким жок болсо да, колу менен жер тытып жетип барууга даяр" ушул бир сүйлөм, жүрөктүн түпкүрүнө жетип барып жайгашты! Аябай башкача кабыл алдым!
0
№ 813, 1-июнь -7-июнь, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан